БААУнун Жаңы муун академиясынын стипендиалдык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алуу ачылды
1&²Բú²õ±è;марта&²Բú²õ±è;2023
Ìý

Борбор Азиядагы Америкалык Университетинин Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынанÌý келген орто мектептердин 25 бүтүрүүчүсүн толук стипендия менен камсыздайт.
ЖМАнын стипендиялык программасы студенттин төмөнкү чыгымдарынÌý камтыйт:
- ЖМАда бир жылдык окуунун толук баасын
- Жатаканадагы жашоосун
- Ай сайын төлөнүүчү стипендиясын.
Стипендиялык программага документтерди кимдер тапшыра алат?
Талапкерлер төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:
- Тапшыруу учурунда Кыргызстанда жашоосу жана КРнын жараны болуусу керек.
- Англис тилин орто деңгээлде билиши керек.
- 2022/2023-окуу жылында орто мектептин/колледждин бүтүрүүчүсү болушу керек.
Ìý
ЖМАнын стипендиясына кантип тапшыруу керек?
I кадам: Стипендия алуу үчүн талап кылынган документтерди жана арыз формасын 2023-жылдын 13-майына чейин тапшыруу керек.
II кадам: Англис тилинин деңгээлин аныктоочу тест тапшыруу жана аңгемелешүүдөн өтүү керек.
Ìý
Анкетаны жана документтердин тизмесин биздин веб-сайттан тапсаңыздар болот
Ìý
МААНИЛҮҮ: Экинчи турга өткөн абитуриенттер гана тестирлөөгө жана аңгемелешүүгө чакырылат.
ЖМА менен кыялдарыңызды орундатууга бет алыңыз!