“Европа таануу” факультетинин декабрь айындагы иш-чаралары
11&²Բú²õ±è;декабря&²Բú²õ±è;2023

Европалык тилдер күнүн белгилөөнүн алкагында “Европа таануу” факультети баштапкы деңгээлдеги экинчи чет тилин иликтеп жаткан студенттер үчүн ExcellentÌýPerformanceÌýAward сынагын уюштурду. 45 катышуучу төмөнкү европалык тилдерде поэмаларды тартуулашты – француз, испан жана немис.
Факультеттин студенттеринен турган комиссия чыгууларды төмөнкү критерийлер боюнча баалады: айтуу жана ритм, актёрдук чеберчилик (жаңсоо, мимика, көркөмдүк), эстеп калуу сапаты жана чыгуунун дизайны (костюм, музыка).
Жеңүүчүлөрдүн ысымдарын атай кетели:
Француз тили
1-орун:ÌýКенчибаева Сати
2-орун:ÌýЛеена Ал-Азаб
3-орун:ÌýГизатулина Эвелина
Окутуучулардын сыйлыгы:ÌýФаросатшоева Адина
Немис тили
1-орун:ÌýРыбакова Камила
2-орун:ÌýСкакун Екатерина
3-орун:ÌýКазыбеков Айдар
Окутуучулардын сыйлыгы:ÌýТогузакова Назима-Бегим
Испан тили
1-орун:ÌýСарыкова Алтынай
2-орун:ÌýЖумабаева Аниса
3-орун:ÌýПиагай Наен
Окутуучулардын сыйлыгы:ÌýОсмонова Азем
Мындан тышкары атайын сыйлыктар да тапшырылды:
Гран-приÌýАскарбеков Нурдөөлөткө тапшырылды
Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү деп ÌýЫрысалиев Адилет табылды
Креативдүү өнөрү үчүнÌý Мирзожалолова Шахноза сыйлыкка арзыды
Биз поэма жаттап, слайд-шоу жана коштогон музыканы тандап, эл алдына чыгып сүйлөө сыяктуу талыкпаган чоң эмгек жасаган жеңүүчүлөрдүн баарын куттуктайбыз! Браво!
Ìý
Көп тилдүү студенттик изилдөөчүлүк конференция - “Европа таануу” факультетинин декабрь айында орун алган дагы бир иш-чарасы. Конференциянын темасы “Европалык маданий борборлор 2023-2024” болду. Европада 2023-2024-жылдын маданий борбору катары 3 шаар тандалып алынган: Грециядагы Элефсина, Венгриядагы Вешпрем жана Румыниядагы Тимишоара. Конференция үчүн студенттер англис жана немис тилдеринде чыгууларды даярдашкан. Алар академиялык коомчулукка Европадагы байлыктар менен маданий ар тараптуулукту белгилеген эстеликтерди жана аянттарды, соборлорду жана китепканаларды, сейил бактарды жана чарбалык жерлерди, университеттерди жана фестивалдарды, маданий иш-чараларды тартуулашты. Маданий иш-чаралар аталган шаарларды кайра жаратуу, туристтерди тартуу жана Европанын жашоочуларынын келечек муундары үчүн маанилүү иш жасоо максатында жасалды.
Конференциянын студент-катышуучулары болочок адистерди даярдоо жана өнүгүү үчүн маанилүү болгон өзүлөрүнүн изилдөөчүлүк иштерди жасоо жөндөмдүүлүктөрүн жана эксперттер менен байланышуу ыкмаларын көргөзүштү. Конференциянын ар бир катышуучусу сертификат менен сыйланды.
