̹½ÊÓƵ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

“Эко & Бардык сүйүшкөндөрдүн күнү” дармаркасы

9&²Բú²õ±è;февраля&²Բú²õ±è;2024

БААУнун бардык студенттерин, кызматкерлерин жана окутуучуларын жаңы дармаркага катышууга чакырабыз!

Дармарка - бул белектердин жарманкеси болуп, анда сиз китептерди, оюнчуктарды, кооздуктарды, бут кийимдерди жана үй жасалгаларын алмаштыра аласыз. Башкача айтканда, бул сизге керек болбой калган, бирок башкаларга кереги тие турган буюмдарды алмаштыруу мүмкүнчүлүгү. Анын үстүнө алдыда бизди бир нече майрамдар күтүп турат эмеспи!

Сиздерди 13-февралда саат 11:00дөн 14:00гө чейин буюмдарыңыздар менен Форумдан күтөбүз!

Оюндар менен сынактар каралган майрамдык программа орун алат (белектер менен). Анын ичинде сүйүшкөндөр үчүн да! Мындан тышкары БААУнун клубдары менен китепканасынан 5 кызыктуу мастер-класс көрсөтүлүп, аукцион өткөрүлөт (сонун буюмдар ойнотулат!)

Иш-чарадан чогултулган каражаттар кайрымдуулук максаттарда жумшалат. Ал эми чогулган буюмдар сорттолуп, балдар үйүнө тапшырылат (кайсы балдар үйү экени так кийинчерээк кабарланат).

Саамалык “Жашыл БААУ” программасынын алкагында Жашыл клубдун колдоосу астында Жарандык активдүүлүк борбору тарабынан уюштурулат.

Иш-чаранын өнөктөштөрү оюндардын жана сынактардын жеңүүчүлөрүнө белектерди тапшырат. Өнөктөштөр:

  • EcoLife экотоварлар дүкөнү – үй-бүлө үчүн табигый косметика жана экологиялык товарлар дүкөнү (экотоварлардын 2 белек топтому)
  • @Shyxi.kg – басма жана сайма саюу кызматтарын көрсөткөн компания. Анын жардамы менен сиз өз кийимиңизди уникалдуу кыласыз (басмасы бар шоперлер)
  • @Naiznanku.kg – басма жана сайма саюу товарларынын дүң жана чекене сатуу дүкөнү (түгөйлөр үчүн худилерге/кең көйнөктөргө сертификат)

ÌýÌý УбактысыÌýÌýÌýÌýÌýÌýÌýÌý Иш-чара

ÌýÌý 11:00 - 12:05ÌýÌýÌýÌý ÌýÌý Дармарка

12:05-12:15ÌýÌýÌýÌýÌýÌýÌýÌýÌý ÌýÌý Ачылыш сөзү

-ÌýÌýÌýÌýÌýÌý Green ̹½ÊÓƵ программасынын координатору

-ÌýÌýÌýÌýÌýÌý Green Club`дан бет ачарÌýÌýÌý

Ìý

Жапондук клубдан, кол өнөрчүлүк клубунан жана БААУнун китепканасынан мастер-класстар

Ìý 12:15-12:30ÌýÌýÌýÌýÌýÌýÌý ÌýÌýÌý БЕЛЕКТЕР ойнотулган оюндар менен сынактар!ÌýÌýÌýÌýÌýÌý

12:30-12:40ÌýÌýÌýÌýÌýÌýÌýÌýÌý ÌýÌýÌý АукционÌýÌýÌý

12:40-12:45ÌýÌýÌýÌýÌýÌýÌýÌýÌý ÌýÌý Расмий бөлүктүн аягыÌýÌýÌýÌýÌý

12:45-14:00ÌýÌýÌýÌýÌýÌýÌýÌýÌý ÌýÌý ЖарманкеÌýÌý

Ìý

Буюмдарыңыздарды алмаштыруу үчүн Форумга 13-февраль саат 9:00дөн 11:00гө чейин алып келиңиздер. Сиздерге ыктыярчылар көмөк көрсөтүшөт. Бардык буюмдар жакшы абалда болуусу кажет (Жыртылбаган жана кирдебеген абалда!)

Дармаркада сиз өз буюмуңузду башка бирөөлөрдүн сизге жагып калган буюмдары менен предметтерине алмаштыра аласыз. Эгер сиз эч нерсе алып келе албасаңыз, бирок сизге кандайдыр-бир буюмдар жагып калса, анда аларды келишимдүү баада сатып алсаңыз болот.

Баарыңыздарды күтөбүз - буюм, белек, китептерди өз-ара алмаштыргыла. Майрамдык маанайда баарлашып, убакытты көңүлдүү жана пайдалуу өткөрөбүз деген үмүттөбүз. Келиңиздер!

! Жарманкеден калган буюмдарды балдар үйүнө өткөрүп беребиз!

Ìý

<< Назад к списку