̹½ÊÓƵ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУнун “Манас” боюнча басылмасы аймактардагы өнөктөштөргө жетүүдө

29&²Բú²õ±è;апреля&²Բú²õ±è;2024

2024-жылдын 23-24- апрелинде БААУнун китепканасы Президенттин кеңсеси менен биргеликте Нарын Мамлекеттик университетинде доктор Жеймс Пламтринин “Манас” эпосуна тиешелүү изилдөөлөргө жаңыча илимий сереп (1856-2018)” китебин тартуулашты.Ìý

23-апрель күнү китептиÌý тааныштыруу иш-чарасына Нарын Мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери, Квалификацияны жогорулатуу институтунун жана С. Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасынын өкүлдөрү катышышты. Иш-чараны НМУнун илим жана инвестицияларды тартуу боюнча проректоруÌý Нурдинов Максат Сарбагышевич ачып, өз сөзүндө гуманитардык изилдөөлөр боюнча жергиликтүү жана эл аралык окутуучулардын курамын кызматташууга чакырды. Доктор Пламтри санариптик гуманитардык илимдердердин методдоруна басым жасап, Манас боюнча өзүнүн илимий иши тууралуу айтып берди жана али изилдене элек текст корпустараны байÌý жергиликтүү архивдер жана китепканалар тууралуу талкуулады. Китептин котормочу жана Ìýавторлошу доктор Нургул Карыбекова санариптик гуманитардык илимдердин түзүлүшү жана долбоорлору тууралуу көз карашы менен, ошондой эле изилдөөчүлөрдүн биргелешип иш алып баруу тажрыйбасын бөлүштү. Катышуучулар кыргыз поэзиясын жана тарыхый материалдарды изилдөөдө заманбап усулдарды талкуулоо мүмкүнчүлүгүн жогору баалашты.Ìý

Кийинки күнү чет тилдер кафедрасынын студенттери жана мугалимдериÌý ошондой эле жергиликтүү мектептердин жана китепканалардын өкүлдөрүÌý үчүн “Гуманитардык илимдердеги санариптик усулдар” деген темада тренинг өткөрүлдү. Сессиянын жүрүшүндө ачык булактардагы ресурстарды көрсөтүү, тексттерди талдоо ыкмаларын демонстрациялоо, жеткиликтүүлүктүн жана басып чыгаруунун маселелерин талкуулоо менен окуу жайларга санариптик гуманитардык усулдардыÌý киргизүүнүн маанилүүлүгүн жана коомчулук менен мекемелер ортосундагы биргелешип иш алып баруунун баалуулугу баса белгиленди.Ìý

Китеп БААУ колдоосу менен басылып чыккан жана БААУнун санариптик репозиторийи аркылуу ачык жеткиликтүү: Ìý Ìý Ìý .Ìý

Ìý

<< Назад к списку