̹½ÊÓƵ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Аймактагы өнөктөштөр үчүн жасалма интеллект боюнча семинар

19&²Բú²õ±è;июня&²Բú²õ±è;2024

#библиотека#library#CTLT

Аймактагы өнөктөштөр үчүн жасалма интеллект боюнча семинар

Ìý

2024-жылдын 6-июнунда БААУнун китепканасы жана Окутуу, билим берүү жана технология борбору өлкөнүн бардыкÌý аймактарындагы университеттердин 50дөн ашык кызматкерлерине “Жасалма интеллект чөйрөсүндөгү маалыматтык сабаттуулук” аталышындагы тренинг өткөрүштү. Тренер Екатерина Комбарова жасалма интеллекттин негиздери, ChatGPT жана визуалдаштыруу куралдарын практикалык колдонуу тууралуу айтып берди. Мугалимдер, кызматкерлер, изилдөөчүлөр, китепканачылар, ошондой эле аспирантуранын жана магистратуранын студенттеринен турган семинардын катышуучулары практикалык көнүгүүлөр аркылуу жасалма интеллекттин жардамыÌý менен маалыматты иштетүүнүн татаал жактарын кызыгуу менен үйрөнүштү.

Семинар АКШнын Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан колдоого алынган “Жаркын келечек үчүн билим алуудагы теңчилик жана жеткиликтүүлүк” долбоорунун алкагында биргелешип иш алып барган университеттердин китепканаларынын тармагы үчүн өткөрүлдү.

Жасалма интеллект чөйрөсүндөгү сабаттуулук адамдарга жасалма интеллекттин куралдарын сын көз-караш менен баалоого жана аларды жоопкерчилик менен колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Жасалма интеллекттин негизин түшүнүү педагогдорго технологиялык куралдарды өз иштеринде ийгиликтүү колдонууга жана окутуунун, үйрөнүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.

2024-жылдын январь айында БААУнун китепканасы жана Билим берүү, окутуу жана технология борбору өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелери үчүн жасалма интеллект боюнча эки күндүк онлайн семинар өткөрүшкөн (/kg/auca_news/6002).

<< Назад к списку