̹½ÊÓƵ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУнун китепкана жамааты 89-Бүткүл дүйнөлүк китепкана жана маалымат конгрессине катышып келди

1&²Բú²õ±è;сентября&²Բú²õ±è;2025

Ìý

Ìý

Ìý

18-22- август күндөрү БААУнун китепкана кызматкерлери Бекбалаева Жылдыз, Кожоканова Толгонай жана Керимова Мадина Астана шаарында өткөрүлгөн 89-Бүткүл дүйнөлүк китепкана жана маалымат конгрессине катышышты. Жыл сайын өтүүчүÌý китепкана ассоциацияларынын жана мекемелеринин эл аралык федерациясы (IFLA) тарабынан уюштурулган , китепкана жана маалымат кызматтарын жогорку сапатта жүргүзүүнү жана маалыматка адилеттүү жетүүнү камсыз кылуу боюнча кесипкөйлүктү жогорулатууга арналган эң алдыңкы эл аралык конференция болуп саналат.Ìý

Быйылкы конгресс 114 өлкөнүн 1600дөн ашуун делегаттары үчүн, тармактык, тажрыйба алмашуу жана глобалдык кызматташуу үчүн уникалдуу платформа түздү.

IFLA 150дөн ашык өлкөнү камтып, китепканалардын, маалымат кызматтардын жана алардын колдонуучуларынын кызыкчылыктарын коргогон алдыңкы эл аралык уюм болуп саналат.

БААУнун китепкана жамааты көптөгөн сессияларга, семинарларга жана жолугушууларга активдүү катышып, китепкана жана маалымат чөйрөсүндөгү жаңы тренддер, инновациялык тажрыйбалар жана глобалдык маселелер боюнча баалуу түшүнүктөрдү алышты. Алардын катышуусу китепканалардын эл аралык коомчулугу мененÌý байланышын гана бекемдебестен, академиялык чөйрөгө татыктуу кызмат көрсөтүү үчүн китепканачылардын тажрыйбасын байытты.

Кожоканова Толгонай жана Керимова Мадина грантын алуучулары катары тандалып, конференцияга катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул престиждүү грант лидерлик потенциалын көрсөткөн, китепкана жана маалымат тармагын өнүктүрүүгө аракетин жумшаган адистерге ыйгарылат. Бул жетишкендикÌý БААУнун китепканасын эл аралык байланышын бекемдетип,ошондой эле Кыргызстандагы китепкана кызматынын ишин өнүктүрүүгө салым кошуп жатканын көрсөтөт.

Ìý

Ìý

<< Назад к списку