̹½ÊÓƵ

̹½ÊÓƵ/ RESEARCH/ RESEARCH INSTITUTES/TEAMS/ Faculty research teams/ Analyzing Kyrgyz Narratives (AKYN)/ Transcriptions/ Talantaaly Bakchiev/ Transcription 1

Talantaaly Bakchiev - Transcription One

Ìý

T1

Talantaaly Bakchiev, 'Birth of Manas', recorded 31 October 2017

Audiovisual recording by Kamila Baimuratova [available

Transcription below by Alymkan Jeenbekova

(Note: this performance begins with a spoken introduction)

Ìý

Кечээ Хан Жакып оо дүйнө сапар тартканда аркада калган он уулу туш тарапка чачырап бири Канкайга, бири Алтайга, бири Урумга, бири Крымга, бири Кангайга, бири Кытайга качып, ошентип, Жакып ортончу уулуна буюрган экен. Алтайдан орун алган. Жети жыл өмүр сүрүп жашы өөдүлүп кырктан өтүп. Ошондо бай Жакыптын зары келип, Кудайга зарын айтып: жашым өтүп баратат уул көрбөй өтөмбү бу жалгандын өзүнөн? Көрүнгөндөн кеп уктум. Ар кимиси ар кандай айтат. Ушу Жакып бу дүйнөдөн куу баш болуп өтөбү? Жыйган тергени ким үчүн? Жыйган малы ким үчүн? - деп мына ошо жерден

Ìý

Ìý Ìý Миң күндөрдүн бири экен,
Ìý Ìý Кудайдын сүйгөн күнү экен,
Ìý Ìý Бейшембинин күнү экен,
Ìý Ìý Жуманын кадыр түнү экен,
5 Ìý Ошондо көргөн бүгүн жокпу?
Ìý Ìý Адам алдамчы экен ай дүйнө бок?
Ìý Ìý Адам бүгүн ой көргөн эртең жок,
Ìý Ìý Ушундай гана экең дүйнө шок, ээй.
Ìý Ìý Ошол кезде сурасаң,
10 Ìý Өзүң көргөн баягы,
Ìý Ìý Бакбергендин Чыйырды,
Ìý Ìý Бейшембинин күнүндө,
Ìý Ìý Жуманын кадыр түнүндө,
Ìý Ìý Он эки канат өргөөдө,
15 Ìý Он эки кабат төшөккө,
Ìý Ìý Жаткан экен жарыктык,
Ìý Ìý Оң жагында бай Жакып,
Ìý Ìý Ары-бери толгонуп,
Ìý Ìý Бейшембинин күнүндө,
20 Ìý Таң агарып сүргөндө,
Ìý Ìý Ошо кезде Чыйырды,
Ìý Ìý Чымындай жаны чыркырап,
Ìý Ìý Ыйлап турду буркурап,
Ìý Ìý Айланыйын байым деп,
25 Ìý «Азыр жатып түш көрдүм,
Ìý Ìý Оо жагымдуу бир иш көрдүм.
Ìý Ìý Түндө жатып түш көрдүм,
Ìý Ìý Түйшүккө салар иш көрдүм.
Ìý Ìý Таңга маал түш көрдүм,
30 Ìý Таңгала турган иш көрдүм.
Ìý Ìý Жана жатып түш көрдүм,
Ìý Ìý Жагарлык бир иш көрдүм
Ìý Ìý Айланыйын, байым» — деп,
Ìý Ìý Мына ошондо Чыйырды
35 Ìý Чымындай жаны чыркырап,
Ìý Ìý Ыйлап турду буркурап,
Ìý Ìý Бай Жакыпты ойготуп,
Ìý Ìý Козголсоң боло байым, — деп,
Ìý Ìý Койгун, тургун байым, — деп
40 Ìý Айта турган кебим бар
Ìý Ìý Азыр жатып түш көрдүм,
Ìý Ìý Адам көргүс иш көрдүм.
Ìý Ìý Деп ошентип Чыйырды,
Ìý Ìý Чымындай жаны чыркырап,
45 Ìý Муну айтып турганда,
Ìý Ìý Ошо кезде жарыктык,
Ìý Ìý Оң жагынан обдулуп,
Ìý Ìý Обун таппай уйкунун,
Ìý Ìý Сол жагына толгонуп.
50 Ìý Сообун таппай уйкунун,
Ìý Ìý Өзүң көргөн бай Жакып,
Ìý Ìý Кандай шумдук болду деп,
Ìý Ìý Ошондо Чыйырдыны караса,
Ìý Ìý Ошол кезде энекең,
55 Ìý Айтып турду Жакыпка,
Ìý Ìý Айланайын байым,— деп,
Ìý Ìý Укчуң айткан сөзүм деп,
Ìý Ìý Айланайын кудурет,
Ìý Ìý Жараткандын бергенин,
60 Ìý Жазбай айтып берейин,
Ìý Ìý Эмиң айтып кетейин,
Ìý Ìý Чымындай болгон чыркырап,
Ìý Ìý Өзүң көргөн энекең,
Ìý Ìý Айланайын кудурет,
65 Ìý Төрөң Манас көк жалдын,
Ìý Ìý Төрөлгөнүн айтайын,
Ìý Ìý Көзөл энең Чыйырды,
Ìý Ìý Көз жарганын айтайын.
Ìý Ìý Ошол кезде Чыйырды,
70 Ìý Бай Жакыпка муну айтат.
Ìý Ìý Ооо азыр жатып түш көрдүм,
Ìý Ìý Айланайын байым,— деп,
Ìý Ìý Ооо адамга жагар иш көрдүм,
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө,
75 Ìý Ооой менин атам Бакберген,
Ìý Ìý Бу дүйнөдөн өткөнү,
Ìý Ìý Жети жылдай болду эле.
Ìý Ìý Жети жылдан бери карай,
Ìý Ìý Атакемдин алдына,
80 Ìý Курмандык бир чалбадым,
Ìý Ìý Алдынан өтүп албадым,
Ìý Ìý Арбагына багыштап,
Ìý Ìý Ай-туякка чалбадым,
Ìý Ìý Айланайын кудурет,
85 Ìý Колдой көргүн бул ирет,
Ìý Ìý Менин атам Бакберген,
Ìý Ìý Оой өзү кудай жолунда,
Ìý Ìý Аса таяк колунда,
Ìý Ìý Оо кудай бетин салбай кал,
90 Ìý Оң колунда атамдын,
Ìý Ìý Бышкан кызыл алма бар,
Ìý Ìý Аман-эсен көз жар деп,
Ìý Ìý Мына ошондо атакем,
Ìý Ìý Ак алманы берди дейт,
95 Ìý Ошону менен карасам,
Ìý Ìý Кайда экени билинбей,
Ìý Ìý Караса көзгө илинбей,
Ìý Ìý Ооо жараткан кудурет,
Ìý Ìý Кайым болду көрдүңбү?
100 Ìý Айланайын байым, деп,
Ìý Ìý Өзүң көргөн Чыйырды,
Ìý Ìý Айтып турду байына,
Ìý Ìý Ооо айланайын байым,— деп,
Ìý Ìý Укчуң айткан сөзүм деп,
105 Ìý Оо атакемдин алдына,
Ìý Ìý Курман болуп кетейин.
Ìý Ìý Ооо ай туякка чалууга,
Ìý Ìý Ооо Көк-Аладан көптөн бар,
Ìý Ìý Оой Сары-Аладан сандан бар,
110 Ìý Ооо жылкылардан канча бар,
Ìý Ìý Ай туякка чалууга,
Ìý Ìý Атаганат дүнүйө,
Ìý Ìý Атакемдин арбакка,
Ìý Ìý Багыштап малды тарткың деп,
115 Ìý Мына ошентип айтканда,
Ìý Ìý Ошо кезде жарыктык,
Ìý Ìý Өзүң көргөн бай Жакып,
Ìý Ìý Ак дамбалчаң дардактап,
Ìý Ìý Ооо тура калды төшөктөн,
120 Ìý Ооо баң-баң-баң-баң-баң басып,
Ìý Ìý Багалегин чаң басып,
Ìý Ìý Он эки канат төргөөдөн,
Ìý Ìý Атакең чыкты көрдүңбү?
Ìý Ìý Акбалтаны чакырып,
125 Ìý Ооо Балта, Балта, Балта — деп,
Ìý Ìý Айланайын Акбалта,
Ìý Ìý Оой таң кашкайып сүргөн,— дейт,
Ìý Ìý Таң Чолпон жылдыз кирген,— дейт,
Ìý Ìý Ооо ошо кезде бай Жакып,
130 Ìý Акбалтаны чакырса,
Ìý Ìý Ошо кезде Акбалта,
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө,
Ìý Ìý Кандай шумдук болду? — деп,
Ìý Ìý Мына ошондо жарыктык,
135 Ìý Оой айланайын кудайым,
Ìý Ìý Жакын басып келген дейт,
Ìý Ìý Оой кудай урду байым,— деп,
Ìý Ìý Ооо кыр жагында кытай бар,
Ìý Ìý Кытай каптап келдиби?
140 Ìý Капталында калмак бар,
Ìý Ìý Каптап кирип келдиби?
Ìý Ìý Атаганат дүнүйө,
Ìý Ìý Оң жагында ойрот бар,
Ìý Ìý Оой оңдурбай ойрот келдиби?
145 Ìý Сол жагында солоң бар,
Ìý Ìý Оой соолутуп солоң келдиби?
Ìý Ìý Айланайын кудурет,
Ìý Ìý Кандай шумдук болду? – деп,
Ìý Ìý Мына ошондо Акбалта,
150 Ìý Сообол салса Жакыпка,
Ìý Ìý Мына ошондо бай Жакып,
Ìý Ìý Айтып турат Балтага:
Ìý Ìý «Айланайын Акбалта,
Ìý Ìý Ооо карыганда катынды
155 Ìý Ооо кудай урду кантейин?
Ìý Ìý Оой эптеп тапкан малымдын,
Ìý Ìý Эсебин эми табабы?
Ìý Ìý Ооо катынымды жин урду,
Ìý Ìý Жин урганда дин урду,
160 Ìý Атаганат дүнүйө,
Ìý Ìý Эптеп тапкан малымды,
Ìý Ìý Оой курмандыкка чалгын»,— деп,
Ìý Ìý Азабыңды берди,— дейт,
Ìý Ìý Атаганат дүнүйө,
165 Ìý Арды мээнет күнүгө,
Ìý Ìý Эми кокуй кантем деп,
Ìý Ìý Мына ошондо бай Жакып,
Ìý Ìý Жакып жайын сураба,
Ìý Ìý Жакып жайын сурасаң,
170 Ìý Ошо кезде бай Жакып,
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө,
Ìý Ìý Оой сараңдыгы болжосуз,
Ìý Ìý Саар эсеп жан экен,
Ìý Ìý Оой жетим менен жесирге,
175 Ìý Оой чычкак улак бербеген,
Ìý Ìý Сараңдыгы болжосуз,
Ìý Ìý Мына ошондой жан экен.
Ìý Ìý Ошо кезде Акбалта,
Ìý Ìý Айланайын кудурет,
180 Ìý Эми кандай кылам? — деп,
Ìý Ìý Мына ошентип алганда,
Ìý Ìý Бай Жакып айтат мындай деп:
Ìý Ìý «Оой Карагырдын ойунда,
Ìý Ìý Оой кара аладан канча бар?
185 Ìý Сары аладан сандан бар,
Ìý Ìý Камбар-Ата даарыган,
Ìý Ìý Касиеттүү малдан бар,
Ìý Ìý Айланайын Акбалта,
Ìý Ìý Курмандыкка чалууга,
190 Ìý Ай туякка чалууга,
Ìý Ìý Оой айланайын Акбалта,
Ìý Ìý Алып келгиң малды деп,
Ìý Ìý Мына ошентип айтканда,
Ìý Ìý Макул, макул, макул,— деп,
195 Ìý Бул айтканың акыл деп,
Ìý Ìý Айтканыңдай кылам! – деп,
Ìý Ìý Ошо кезде Акбалта,
Ìý Ìý Атаганат дүнүйө,
Ìý Ìý Кудай бетин көргөзбө,
200 Ìý Астындагы минери,
Ìý Ìý Өзүң көргөн баягы,
Ìý Ìý Көкчолокту алкынтып,
Ìý Ìý Аркы-терки камчы уруп,
Ìý Ìý Оң-тетири теминип,
205 Ìý Мына ошондо жарыктык,
Ìý Ìý Күнү жүрдү күйүгүп,
Ìý Ìý Түнү жүрдү түйүлүп,
Ìý Ìý Күн эки күн жол жүрүп,
Ìý Ìý Ат аябай мол жүрүп,
210 Ìý Мына ошондо Акбалта,
Ìý Ìý Атаганат дүнүйө,
Ìý Ìý Кудай бетин салбай кал,
Ìý Ìý Карагырдын ойуна,
Ìý Ìý Күн эки күн жол жүрүп,
215 Ìý Күгүм кирип калганда,
Ìý Ìý Эми жетип барганда,
Ìý Ìý Ошо кезде баягы
Ìý Ìý Жылкычы башы Ыйман дейт
Ìý Ìý Ой Ыйман, Ыйман, Ыйманым!
220 Ìý Ыйман кайда кеттиң? - деп
Ìý Ìý Кайра бери тарткың атты! – деп
Ìý Ìý Мына ошентип турганда
Ìý Ìý Ошо кезде баягы,
Ìý Ìý Өзүң көргөн Ыйманың
225 Ìý Кандай шумдук болду? – деп,
Ìý Ìý Кирип келген жоо барбы?
Ìý Ìý Каптап келген доо барбы?
Ìý Ìý Айланайын Акбалта,
Ìý Ìý Деп ошентип турганда,
230 Ìý Ошо кезде Акбалта,
Ìý Ìý Айтып турат Ыйманга,
Ìý Ìý Айланайын Ыйманым,
Ìý Ìý Оой бай Жакыптын ой айтканы,
Ìý Ìý Кан буйругу ай бир болот, эй,
235 Ìý Эки гана кылар ар барбы?
Ìý Ìý Айтарым гана ушул угуп кой,
Ìý Ìý Сан жылкынын гана ой ичинде,
Ìý Ìý Камбар-Ата гана даарыган,
Ìý Ìý Касиеттүү гана Балта,
240 Ìý Деп,— ошентип айтканда,
Ìý Ìý Ошо кезде Ыйманың,
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө,
Ìý Ìý Кудай бетин көргөзбө,
Ìý Ìý Калың жылкы аралап,
245 Ìý Издеп тандап жүрдү дейт,
Ìý Ìý Ал аңгыча болгон жок,
Ìý Ìý Жылкы четте турган дейт,
Ìý Ìý Айланайын Акбалта,
Ìý Ìý Ыйманды эми чакырып,
250 Ìý Кагылайын Ыйманым,
Ìý Ìý Кайсы бирин айтайын,
Ìý Ìý Тетиги жылкынын четинде,
Ìý Ìý Атаганат дүнүйө,
Ìý Ìý Байтал бар бекен,
255 Ìý Курмандыкка чалууга,
Ìý Ìý Ылайыктуу мал экен,
Ìý Ìý Деп ошентип айтканда,
Ìý Ìý Ошол кезде Ыйманың,
Ìý Ìý Койгун, койгун, койгун,— дейт,
260 Ìý Айланайын Акбалта,
Ìý Ìý Ой мунуң жилине карыш болгон,— дейт,
Ìý Ìý Тууй турган малы,— дейт,
Ìý Ìý Оой тууп калса кула бээ,
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө,
265 Ìý Ооо өзүң көргөн Чыйырды,
Ìý Ìý Ошонун уулуна ээнчилеп койгон мал эле,
Ìý Ìý Деп,— ошентип айтканда,
Ìý Ìý Ошо кезде жарыктык,
Ìý Ìý Өзүң көргөн Чыйырды,
270 Ìý Эми аны койуп туралы,
Ìý Ìý Ошондон кабар алалы.
Ìý Ìý Кайран энең Чыйырды,
Ìý Ìý Чымындай жаны чыркырап,
Ìý Ìý Иий белим кокуй белим,— деп,
275 Ìý Белимди кокуй жеди,— деп,
Ìý Ìý Иий балтырым кокуй балтырым,
Ìý Ìý Балтырым кетти союлуп,
Ìý Ìý Оой соогончогум оюлуп,
Ìý Ìý Иий башым кокуй башым,— деп,
280 Ìý Иий төбөм кокуй төбөм,— деп,
Ìý Ìý Төбөмдү кокуй жээди,— деп,
Ìý Ìý Оой кокуй эми кантем,— деп,
Ìý Ìý Мына ошондо Чыйырды,
Ìý Ìý Толгоо тартып калган,— дейт,
285 Ìý Толгоосу канча күн болду?
Ìý Ìý Оой жанында жүргөн бир жан жок,
Ìý Ìý Мына ошондо энекең,
Ìý Ìý Оой деп кыйналып алган,— дейт,
Ìý Ìý Атаганат дүнүйө,
290 Ìý Ооо бери кел! — деп чакырды,
Ìý Ìý Багып алган кызы,— дейт,
Ìý Ìý Оой билген адам кеп айтат,
Ìý Ìý Асырап бакан кызы эле,
Ìý Ìý Анын аты Каракыз,
295 Ìý Айта берсең ушундай,
Ìý Ìý Атаганат дүнүйө,
Ìý Ìý Билбеген адам кеп айтат,
Ìý Ìý Ушу турган Каракыз,
Ìý Ìý Карлыгач экен,— деп айтат,
300 Ìý Мына ошондо Чыйырды,
Ìý Ìý Каракыз! – деп чакырды,
Ìý Ìý Бери кел! – деп бакырды,
Ìý Ìý Айланайын Каракыз,
Ìý Ìý Айта турган кебим бар,
305 Ìý Укчу кокуй кызым,— деп,
Ìý Ìý «Атаганат дүнүйө,
Ìý Ìý Тээтигинде көрдүңбү?
Ìý Ìý Кечээ мен жаңы Алтайга келгенде,
Ìý Ìý Ошо кезде жарыктык,
310 Ìý Ооо Ала-Тоого келгенде,
Ìý Ìý Ошо кезде сурасаң,
Ìý Ìý Жалгыз чырпык сайгамын,
Ìý Ìý Ошо чырпак Чынар болуптур,
Ìý Ìý Ал Чынардын түбүндө,
315 Ìý Атаганат дүнүйө,
Ìý Ìý Буркулдаган булак бар,
Ìý Ìý Ал булакка барып кел.
Ìý Ìý Чоң торпоктун чоң чанач,
Ìý Ìý Керегеде илинген,
320 Ìý Толтура сууну куюп кел,
Ìý Ìý Кырк чырпыкты кыйып кел,
Ìý Ìý Айтарым ушул угуп кой»
Ìý Ìý Деп ошондо баягы,
Ìý Ìý Өзүң берген энекең,
325 Ìý Айтып турса бу кызга,
Ìý Ìý Ошо кезде Каракыз,
Ìý Ìý Соогончогу так этип,
Ìý Ìý Май куйрукка шак этип,
Ìý Ìý Таң, таң, таң, таң, таң, таң,— деп,
330 Ìý Мына ошондо жарыктык,
Ìý Ìý Керегеде илинген,
Ìý Ìý Чоң торпоктун чоң чанач,
Ìý Ìý Аны алып колуна,
Ìý Ìý Чоң өгүздү койгулап,
335 Ìý Жөнөп калды көрдүңбү?
Ìý Ìý Энеси айткан булакка,
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө,
Ìý Ìý Каракыз жайын сураба,
Ìý Ìý Каракыз жайын сурасаң,
340 Ìý Ошо кезде Каракыз,
Ìý Ìý Он экиде кыз экен,
Ìý Ìý Он экиде кыздар бар,
Ìý Ìý Эшикке чыгып сийе албайт,
Ìý Ìý Этегин тыңдап жаба албайт,
345 Ìý Эки сөздү кошо албайт,
Ìý Ìý Мына ошондо Каракыз,
Ìý Ìý Айланайын кудурет,
Ìý Ìý Мунун жайын сурасаң,
Ìý Ìý Бүбүлүгү бар экен,
350 Ìý Бүлүн күндө бүтөгөн,
Ìý Ìý Үзүлгөндү улаган,
Ìý Ìý Касиети бар экен.
Ìý Ìý Мунун жайын сурасаң,
Ìý Ìý Мунун жайын байкасаң,
355 Ìý Өзүң көргөн энекең,
Ìý Ìý Жаңы Алтайга келгенде,
Ìý Ìý Калмактын эски журтунан,
Ìý Ìý Таап алган кыз экен.
Ìý Ìý Алты айлык кезинде,
360 Ìý Асырап баккан кыз экен,
Ìý Ìý Ырымы болсо ушундай,
Ìý Ìý Артынан бала келсин деп,
Ìý Ìý Аласынан өткөрүп,
Ìý Ìý Мына ошондо энекең,
365 Ìý «Каракыз» деп ат койуп,
Ìý Ìý Ырым кылды ушундай.
Ìý Ìý Айланайын кудурет,
Ìý Ìý Маңдайга жазган ушу,— деп,
Ìý Ìý Артынан бала келсе,— деп,
370 Ìý Ырым кылган момундай.
Ìý Ìý Айланайын кудурет,
Ìý Ìý Ошол күндөн ушул күн,
Ìý Ìý Он эки жыл өтүптүр,
Ìý Ìý Баягы өзүң көргөн,
375 Ìý Балтыр бешик Каракыз,
Ìý Ìý Эми боконоң эти толуптур,
Ìý Ìý Айланайын кудурет,
Ìý Ìý Кудай бетин салбай кал,
Ìý Ìý Ошо кезде Каракыз,
380 Ìý Чоң торпоктун чоң чанач,
Ìý Ìý Алып алып колуна,
Ìý Ìý Чоң өгүздү койгулап,
Ìý Ìý Жөнөп калды Чынарга,
Ìý Ìý Айланайын кудурет,
385 Ìý Колдой көргүн бул ирет,
Ìý Ìý Эми аны коюп туралы,
Ìý Ìý Өзүң көргөн баягы,
Ìý Ìý Акбалтанын өзүнөн,
Ìý Ìý Ошондон кабар алалы.
390 Ìý Ошо кезде Акбалта,
Ìý Ìý Айланайын кудай, – деп,
Ìý Ìý Жаратканга жалынып,
Ìý Ìý Камбар-Ата караган,
Ìý Ìý Касиеттүү мал эле,
395 Ìý Кайыбынан кабылган,
Ìý Ìý Деп ошентип Акбалта,
Ìý Ìý Калың жылкы ичинен,
Ìý Ìý Айланайын кудурет,
Ìý Ìý Аа кунан бышты тандады,
400 Ìý Курмандыкка чалам деп,
Ìý Ìý Башына нокто салды,— дейт,
Ìý Ìý Аркы-терки койгулап,
Ìý Ìý Айланайын кудурет,
Ìý Ìý Күн эки күн жол жүрүп,
405 Ìý Ат аябай мол жүрүп,
Ìý Ìý Мына ошондо жарыктык,
Ìý Ìý Эми жете калганда,
Ìý Ìý Эми аны койуп туралы,
Ìý Ìý Бай Жакыптын өзүнөн,
410 Ìý Ошонон кабар алалы.
Ìý Ìý Ошо кезде бай Жакып,
Ìý Ìý Кеткени эки күн болду,
Ìý Ìý Качан келет Балта деп,
Ìý Ìý Капталында калмак бар,
415 Ìý Калмактар кармап алган кезиби?
Ìý Ìý Айланайын кудурет,
Ìý Ìý Каранымда кытай бар,
Ìý Ìý Кытайга кире качтыбы?
Ìý Ìý Балта качан келет? – деп,
420 Ìý Качан кабар берет? – деп,
Ìý Ìý Айланайын кудурет,
Ìý Ìý Өзүң көргөн бай Жакып,
Ìý Ìý Өөдө-төмөн көп басып,
Ìý Ìý Күңкүрөнүп күүлөнүп,
425 Ìý Ичинен Жакып сүйлөнүп,
Ìý Ìý Мына ошентип турганда,
Ìý Ìý Айланайын кудурет,
Ìý Ìý Ошо кезде баягы,
Ìý Ìý Өзүң көргөн Акбалта
430 Ìý Карап келди оолуга.
Ìý Ìý Айланайын байым,— деп,
Ìý Ìý «Атаганат дүнүйө,
Ìý Ìý Издегениң кабылды,
Ìý Ìý Издегениң табылды».
435 Ìý Деп ошентип айтканда,
Ìý Ìý Ошо кезде бай Жакып, эй,
Ìý Ìý Оо кудайдын гана кылган иши экен,
Ìý Ìý Жазатайып гана албасам,
Ìý Ìý Жаңылып айтып салбасам,
440 Ìý Ооо жараткандын бергени,
Ìý Ìý Жарыя гана кылып кетейин,
Ìý Ìý Мына ошондо баягы,
Ìý Ìý Өзүң көргөн гана бай Жакып,
Ìý Ìý Атадан калган актинте,
445 Ìý Актинтени гана колго алып,
Ìý Ìý Баягы жетеке келген кунанды,
Ìý Ìý Төрт аягын гана тең байлап,
Ìý Ìý Курмандыкка гана эми чалууга,
Ìý Ìý Күн батышты каратып,
450 Ìý Ошондо атадан калган гана Актинте,
Ìý Ìý Эми моюнга урарда,
Ìý Ìý Ошо гана кезде бу кунан ой,
Ìý Ìý Кайып болду көрдүңбү?
Ìý Ìý Кайда экени көрүнбөй,
455 Ìý Ооо көп түтүн болду көрдүңбү,
Ìý Ìý Кашыңда турган кара айгыр,
Ìý Ìý Оо кайда экени билинбей.
Ìý Ìý Караса көзгө илинбей,
Ìý Ìý Жерге гана танган каны жок,
460 Ìý Кармай турган жаны жок.
Ìý Ìý Мына ошондо кара айгыр,
Ìý Ìý Кайда экени билинбей,
Ìý Ìý Кайып болду көрдүңбү?
Ìý Ìý Ошо кезде бай Жакып
465 Ìý Бармак тиштеп баш чайкап,
Ìý Ìý Аң-таң болуп турду,— дейт,
Ìý Ìý Айланайын кудай ай,
Ìý Ìý Ой жараткан ий кудай ай,
Ìý Ìý Маңдайга жазган ушу экен,
470 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө,
Ìý Ìý Кудайдын кылгын иши экен,
Ìý Ìý Мына ошондо баягы,
Ìý Ìý Өзүң көргөн Чыйырды,
Ìý Ìý Айланайын кудурет,
475 Ìý Толгоосу тогуз күн болуп,
Ìý Ìý Толготкон мындай күн болуп,
Ìý Ìý Ал аңгыча баягы,
Ìý Ìý Өзүң көргөн Каракыз,
Ìý Ìý Кирип келди оолуга,
480 Ìý Айланайын эне,— деп,
Ìý Ìý Айтканыңды кылам,— деп,
Ìý Ìý Кагылайын эне,— деп,
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө,
Ìý Ìý Кырк чырпыкты кыйдым,— деп,
485 Ìý Булактын суусун алдым,— деп,
Ìý Ìý Кагылайын энеке,
Ìý Ìý Эми кандай кылам? – деп,
Ìý Ìý Мына ошентип турганда,
Ìý Ìý Ошо кезде Чыйырды,
490 Ìý Айтып турду кызына,
Ìý Ìý Кээде эске кел алса,
Ìý Ìý Кээде эске кел албай,
Ìý Ìý Кээде тилге кел алса,
Ìý Ìý Кээде тилге кел албай,
495 Ìý Мына ошондо энекең,
Ìý Ìý Айтып турду кызына:
Ìý Ìý Мээнетиңден алайын,
Ìý Ìý Касиетиң ушундай,
Ìý Ìý Балекетиң алайын,
500 Ìý Садагаң кетип калайын,
Ìý Ìý Айланайын кызым» – деп,
Ìý Ìý «Тээтиги турган тай казан,
Ìý Ìý Тай казанга куйгун,— деп,
Ìý Ìý «Кырк чырпыкты салгын,— деп,
505 Ìý Тутандырып от койуп,
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө,
Ìý Ìý Суу кайната салгын,— деп,
Ìý Ìý Мына ошентип айтканда,
Ìý Ìý Ошо кезде Каракыз,
510 Ìý Күл-пүл ала болду,— дейт, ?
Ìý Ìý Көңдү калап калды,— дейт, ?
Ìý Ìý Ал аңгыча болгон жок,
Ìý Ìý Өзүң көргөн энекең,
Ìý Ìý Айланайын кудурет,
515 Ìý Эми кокуй кантем - деп,
Ìý Ìý “Кандай айла табам?”- деп
Ìý Ìý Отуруп калса тура албай,
Ìý Ìý Туруп калса жата албай,
Ìý Ìý Иий белим кокуй белим,— деп,
520 Ìý Белимди кокуй жеди,— деп,
Ìý Ìý Балаң эмес балэ,— деп,
Ìý Ìý Оой башымды кокуй жутабы?
Ìý Ìý Кантем кокуй кантем деп,
Ìý Ìý Ооо тоолго тарттым тогуз күн,
525 Ìý Токтоло турган күнүм,— деп,
Ìý Ìý Оой кантем эми кантем,— деп,
Ìý Ìý Оой өлө турган күнүм,— деп,
Ìý Ìý Мына ошентип тургуча,
Ìý Ìý Айтып оозун жыйгыча,
530 Ìý Ошо кезде баягы,
Ìý Ìý Өзүң көргөн энекең,
Ìý Ìý Ак бакаңды кучактап,
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө,
Ìý Ìý Ооо чарадай болгон көзүнөн,
535 Ìý Бөлөк-бөлөк жаш кетип,
Ìý Ìý Оой айланайын кудурет,
Ìý Ìý Оой каканак суусу шар этип,
Ìý Ìý Оой баланын үнү бар этип,
Ìý Ìý Ошо кезде баягы,
540 Ìý Бакырыгы баш жарып,
Ìý Ìý Ошо кезде бу бала,
Ìý Ìý Аягы менен тик түшүп,
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө,
Ìý Ìý Оой энекең бүк түшүп,
545 Ìý Кокуй эми кантем деп,
Ìý Ìý Оой жараткандын бергени,
Ìý Ìý Ошо кезде Чыйырды,
Ìý Ìý Кээде эске келалса,
Ìý Ìý Кээде эске келалбай,
550 Ìý Нары туруп гана басып кетти,— дейт,
Ìý Ìý Эки көзү сүзүлүп,
Ìý Ìý Оо жаны гана кетип барат үзүлүп,
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө,
Ìý Ìý Оо бир баланын гана айынан,
555 Ìý Энең гана кетип барат гана, аа дүйнөң ой,
Ìý Ìý Аны көргөн баягы,
Ìý Ìý Өзүң көргөн гана Каракыз,
Ìý Ìý Өөдө-төмөн жүгүрүп,
Ìý Ìý Керегеде илинген,
560 Ìý Доолбасын колго алып,
Ìý Ìý Койгулап гана калды көрдүңбү?
Ìý Ìý «Ой энекең, энекең, энеке биздин береке,
Ìý Ìý Кокуй өлбөй кал, энем өлбөй кал,
Ìý Ìý Ой кыямат гана жайды көрбөй кал,
565 Ìý Мендей шордуу бар бекен?
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө,
Ìý Ìý Оо жетим калар гана күнүм барбы»,— деп,
Ìý Ìý Айланайын кудурет,
Ìý Ìý Мына ошондо Каракыз,
570 Ìý Өөдө-төмөн жүгүрүп,
Ìý Ìý Оо калбай бетин салбай кал
Ìý Ìý Бүүлүгүн кылган,— дейт,
Ìý Ìý Ооо күңгүрөнүп күүлөнүп,
Ìý Ìý Каракыз турду сүйлөнүп,
575 Ìý Аман-эсен калсын,— деп,
Ìý Ìý Умай энем ула,— деп,
Ìý Ìý Жаратканым жалга,— деп,
Ìý Ìý Ооо Көкө-Теңир колдо,— деп,
Ìý Ìý Ооо ата-баба арбагы,
580 Ìý Бүгүн бир мени колдо!— деп,
Ìý Ìý Оой энекемди жолдо,— деп,
Ìý Ìý Оой айланайын кудурет,
Ìý Ìý Оой жер-суу ээси колдосун,
Ìý Ìý Суу атасы — суу мерген,
585 Ìý Тоо атасы — тоо мерген,
Ìý Ìý От энеси — от эне,
Ìý Ìý Жер энеси — жер эне,
Ìý Ìý Бүгүн бир мени жалга,— деп,
Ìý Ìý Оо энекемди колдо,— деп,
590 Ìý Оо аман-эсен сууруп алгын,— деп,
Ìý Ìý Оо шум ажалдын оозунан,
Ìý Ìý Деп,— ошондо Каракыз,
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө,
Ìý Ìý Кудай бетин көргөзбө,
595 Ìý Оой чай кайнатым ошентип,
Ìý Ìý Ары-бери жүгүрсө,
Ìý Ìý Ошо кезде энекең,
Ìý Ìý Эсине келип калган,— дейт,
Ìý Ìý Сунган буту тартылып,
600 Ìý Жумган көзү ачылып,
Ìý Ìý Оой Каракызды караса,
Ìý Ìý Ошо кезде Каракыз,
Ìý Ìý Көзүнүн жашы он талаа,
Ìý Ìý Айланайын эне,— деп,
605 Ìý Ооо кантем кокуй кантем,— деп,
Ìý Ìý Энекей кокуй аман калгың,— деп,
Ìý Ìý Ой балаң менен балакет,
Ìý Ìý Оой энем аман калса,— деп,
Ìý Ìý Оой өзүң көргөн Каракыз,
610 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө,
Ìý Ìý Кудай бетин көргөзбө,
Ìý Ìý Мына ошентип тургуча,
Ìý Ìý Айтып оозун жыйгыча,
Ìý Ìý Кайдан келди билбеймин,
615 Ìý Кайыбынан кабылып,
Ìý Ìý Карачаар кабылан,
Ìý Ìý Капталында камынып,
Ìý Ìý Көсө куйрук көк арстан,
Ìý Ìý Көт жагында чамынып,
620 Ìý Алп каракуш зумурук,
Ìý Ìý Ой ченгелин сунган арбайтып,
Ìý Ìý Канатын жайган калдайтып,
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө,
Ìý Ìý Кудай бетин көргөзбө,
625 Ìý Жети дөбөт, көк бөрү,
Ìý Ìý Тегеректеп курчаптыр,
Ìý Ìý Кырк чилтен кызыр Ильяз,
Ìý Ìý Ошо маал баарысы,
Ìý Ìý Оой тегеректеп калыптыр,
630 Ìý Муну көрүп Каракыз,
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө,
Ìý Ìý Кудай бетин көргөзбө,
Ìý Ìý Акыл-эстен таныптыр,
Ìý Ìý Оо өзүң көргөн баягы,
635 Ìý Өзүң көргөн энекең,
Ìý Ìý Ала калып колуна,
Ìý Ìý Тогуз кездей оромол,
Ìý Ìý Орой салды баланы.
Ìý Ìý Оң эмчегин салганда,
640 Ìý Оболкусу сүт чыгып,
Ìý Ìý Андан кийин суу чыгып,
Ìý Ìý Үчүнчүдө кан чыгып,
Ìý Ìý Байбичеден жан чыгып,
Ìý Ìý Ошо кезде энекең,
645 Ìý Айтып турду мындай деп:
Ìý Ìý «Айланайын кудай,— деп,
Ìý Ìý Чоң кайнатам Орозду,
Ìý Ìý Ошондон калган күмүш ок,
Ìý Ìý Күмүш октон колго алып,
650 Ìý Оозантмакка баланы,
Ìý Ìý Оозуна окту салганы,
Ìý Ìý «Тиштегениң ок болсун,
Ìý Ìý Тиктегени жок болсун,
Ìý Ìý Караганың ок болсун,
655 Ìý Катылганы жок болсун,
Ìý Ìý Жалаганы ок болсун,
Ìý Ìý Жандаганы жок болсун»
Ìý Ìý Деп,— ошондо энекең,
Ìý Ìý Ала калып колуна,
660 Ìý Атаганат дүнүйө,
Ìý Ìý Ушу турган баланы,
Ìý Ìý Мойнуна тумар гана кылып таккан,— дейт,
Ìý Ìý Ооо жараткан буйругу,
Ìý Ìý Мына ошондо баягы,
665 Ìý Өзүң көргөн Каракыз,
Ìý Ìý Эми эске келгени,
Ìý Ìý Эки аягын караса,
Ìý Ìý Энесин бала, эме кучактап,
Ìý Ìý Эркелетип турганы.
670 Ìý Ой энекең, энеке,
Ìý Ìý Энеке биздин береке,
Ìý Ìý Аман-эсен барсыңбы?
Ìý Ìý Мээнетиңди алайын,
Ìý Ìý Касиеттүү жан элең,
675 Ìý «Айланайын кызым,— деп,
Ìý Ìý Кызым аман барсыңбы?»
Ìý Ìý Деп ошентип Чыйырды,
Ìý Ìý Эркелетип бу кызды,
Ìý Ìý Алдына алып алды,— дейт,
680 Ìý Атаганат дүнүйө,
Ìý Ìý Эми анны койуп туралы,
Ìý Ìý Өзүң көргөн бай Жакып,
Ìý Ìý Ошондон кабар алалы.
Ìý Ìý Мына ошондо бай Жакып,
685 Ìý Айтып турган Балтага:
Ìý Ìý «Айланайын Акбалта,
Ìý Ìý Катыным кыз тууса,
Ìý Ìý Кабар бербей койгун,— деп,
Ìý Ìý Катыным кокус эр тууса,
690 Ìý Кабар кылып сүйүнчү,
Ìý Ìý Сүйүнчүңдү беремин,
Ìý Ìý Кабарлап айткын өзүмө,
Ìý Ìý Карарган кара көзүмө,
Ìý Ìý Бу жерге туруп нетейин,
695 Ìý Жылкыны көздөй кетейин,
Ìý Ìý Кара-Кырдын оюна,
Ìý Ìý Калың жылкы ичине,
Ìý Ìý Барып жатып алайын,
Ìý Ìý Качан келет кабар,— деп,
700 Ìý Сенден кабар күтүп турайын.
Ìý Ìý Деп ошондо бай Жакып,
Ìý Ìý Астындагы минээри,
Ìý Ìý Торучаарды койгулап,
Ìý Ìý Үзөнгүсүн ургулап,
705 Ìý Атаганат дүнүйө,
Ìý Ìý Басмайылы бош коюп,
Ìý Ìý Ошо куюшканын тартыптыр,
Ìý Ìý Мына ошондо жарыктык,
Ìý Ìý Күн эки күн жол жүрүп,
710 Ìý Ат аябай мол жүрүп,
Ìý Ìý Кара-Кырдын ойуна,
Ìý Ìý Кетип калган эмеспи.
Ìý Ìý Өзүң көргөн бай Жакып,
Ìý Ìý Өзүң көргөн Акбалта,
715 Ìý Ордодо калды көрдүңбү?
Ìý Ìý Атаганат дүнүйө,
Ìý Ìý Качан туат катын,— деп,
Ìý Ìý Атаганат дүнүйө,
Ìý Ìý Кудай бетин көргөзбө,
720 Ìý Жакшылыктан кабар деп,
Ìý Ìý Качан болор эми деп,
Ìý Ìý Мына ошондо Акбалта,
Ìý Ìý Күтүп жаты көрдүңбү?
Ìý Ìý Муну койуп туралы,
725 Ìý Үй ичинде баягы,
Ìý Ìý Чыйырды менен Каракыз,
Ìý Ìý Ошондон кабар алалы,
Ìý Ìý Өзүң көргөн Чыйырды,
Ìý Ìý Каракызга муну айтат:
730 Ìý Адам укус шумду айтат,
Ìý Ìý «Айланайын ардагым,
Ìý Ìý Мээнетиңди алайын,
Ìý Ìý Калага катын койбогун,
Ìý Ìý Айылга аял койбогун,
735 Ìý Көрө албаган көз жаман,
Ìý Ìý Сүйлөп койсо сөз жаман,
Ìý Ìý Айланайын кызым,— деп,
Ìý Ìý Айылдагы аялды,
Ìý Ìý Токойду көздөй айда,— деп,
740 Ìý Мына ошондо жарыктык,
Ìý Ìý Муну минтип айтканда,
Ìý Ìý Ошо кезде Каракыз,
Ìý Ìý Аттап-буттап чыккан,— дейт,
Ìý Ìý Айланайын айымдар,
745 Ìý Айылдагы катындар,
Ìý Ìý Бул жерге турбаңар,
Ìý Ìý Токойду көздөй кеткиң,— деп,
Ìý Ìý Мына ошентип турганда,
Ìý Ìý Атаганат дүнүйө,
750 Ìý Кудай бетин көргөзбө,
Ìý Ìý Ыңаалаган үн чыгып,
Ìý Ìý Тууй турган кези деп,
Ìý Ìý Атаганат дүнүйө,
Ìý Ìý Көз жарып алдың аман,— деп,
755 Ìý Мына ошондо катындар,
Ìý Ìý Күңкүрөнүп күүлөнүп,
Ìý Ìý Бир-бирине сүйлөнүп,
Ìý Ìý Катын эсен тууду деп,
Ìý Ìý Эркек бекен, кыз бекен?
760 Ìý Качан бизге айтат деп,
Ìý Ìý Мына ошентип турганда,
Ìý Ìý Ал аңгыча болгон жок,
Ìý Ìý Өзүң көргөн Каракыз,
Ìý Ìý Сүйүнчүлөп баягы,
765 Ìý Акбалтанын зайыбы,
Ìý Ìý Акчайымга муну айтат:
Ìý Ìý «Оой Акчайым эжеке,
Ìý Ìý Оой эжекең, эжеке,
Ìý Ìý Акчайым эжеке,
770 Ìý Укчу айткан сөзүмдү,
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө,
Ìý Ìý Оо сүйүнчү, сүйүнчү,
Ìý Ìý Жоо душманга күйүнчү,
Ìý Ìý Ой энекең кокуй эр тууду,
775 Ìý Ээр тууду, шер тууду»,
Ìý Ìý Деп,— ошентип айтканда,
Ìý Ìý Ээриккенде энекең,
Ìý Ìý Эркек тууду кантейин?
Ìý Ìý Жоголоордо энекем,
780 Ìý Жолдош тапты кантейин?
Ìý Ìý Айланайын эжеке,
Ìý Ìý Оой эжекең, эжеке»,
Ìý Ìý Деп ошентип айтканда,
Ìý Ìý Ошол кезде Акчайым,
785 Ìý Уктап жаткан Балтаны,
Ìý Ìý Атаганат дүнүйө,
Ìý Ìý Сен кандай байсың? — деп,
Ìý Ìý Коңурукту кош тартып,
Ìý Ìý Эчтеме менен ишиң жок,
790 Ìý Сыртың жалын ичиң чок,
Ìý Ìý Оой байдын катыны ээр тууду,
Ìý Ìý Оой сүйүнчү, сүйүнчү!
Ìý Ìý Деп ошентип Акчайым,
Ìý Ìý Акбалтага муну айтса,
795 Ìý Ошо кезде Акбалта,
Ìý Ìý Акыл-эске келе албай,
Ìý Ìý Тура калды ордунан,
Ìý Ìý Кандай шумдук болду? — деп,
Ìý Ìý Эмне болду кандай? – деп,
800 Ìý «Айтчы кайра кайталап,
Ìý Ìý Угуп турам сөзүңдү»,
Ìý Ìý Деп ошентип айтканда,
Ìý Ìý Ошо кезде Акчайым,
Ìý Ìý Акбалтага муну айтат:
805 Ìý «Бу жерге туруп нетесиң?
Ìý Ìý Бай Жакыпка баргын»,— деп,
Ìý Ìý Сүйүнчүлөп жетесиң,
Ìý Ìý Айтып баргын кабарды,
Ìý Ìý «Байбичеси Чыйырды,
810 Ìý Аман-эсен тууду де,
Ìý Ìý Тууганда да ээр тууду,
Ìý Ìý Аябаган шер тууду,
Ìý Ìý Колдогону кырк тогуз,
Ìý Ìý Жөлөгөнү кырк тогуз,
815 Ìý Жөнөттүрөр ар дайым,
Ìý Ìý Колдоп жүрөр ар дайым»,
Ìý Ìý Деп,— ошентип баягы,
Ìý Ìý Өзүң көргөн Акчайым,
Ìý Ìý Акбалтага муну айтса,
820 Ìý Ошол кезде Акбалта,
Ìý Ìý «Макул, макул, макул» — деп,
Ìý Ìý Айтканыңдай кылам,— деп,
Ìý Ìý Аманат кылган кеп эле
Ìý Ìý «Бай Жакыптын өзүнө,
825 Ìý Барып кабар берейин,
Ìý Ìý Бу жерге туруп нетейин?
Ìý Ìý Барса барып келейин»,
Ìý Ìý Деп,— ошондо баягы,
Ìý Ìý Өзүң көргөн Акбалта,
830 Ìý Атаганат дүнүйө,
Ìý Ìý Кудай бетин көргөзбө,
Ìý Ìý Маңдайга жазган ушу экен,
Ìý Ìý Ооо жараткан кудурет,
Ìý Ìý Көкчологун койгулап,
835 Ìý Үзөнгүсүн ургулап,
Ìý Ìý Айланайын кудурет,
Ìý Ìý Күн эки күн жол жүрүп,
Ìý Ìý Ат аябай мол жүрүп,
Ìý Ìý Жетип барды баягы,
840 Ìý Өзүң көргөн бай Жакып,
Ìý Ìý Бай Жакыптын өзүнө,
Ìý Ìý Оой айланыйын кудурет,
Ìý Ìý Колдой көргүн бул ирет,
Ìý Ìý Оо сенин карыганда байбичең,
845 Ìý Оо кабылан тапты, сүйүнчү,
Ìý Ìý Оо ээриккенде байбичең,
Ìý Ìý Эрмек тапты, сүйүнчү,
Ìý Ìý Оо атаганат дүнүйө,
Ìý Ìý Оо байым кокуй байым,— деп,
850 Ìý Байбичең эркек тууду кантейин?»
Ìý Ìý Деп ошентип айтканда,
Ìý Ìý Ооо сүйүнчү, сүйүнчү
Ìý Ìý Жоо душманга күйүнчү.
Ìý Ìý Деп,— ошондо Акбалта,
855 Ìý Бай Жакыпка муну айтса,
Ìý Ìý Ошо кезде бай Жакып,
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө,
Ìý Ìý Кудай бетин көргөзбө,
Ìý Ìý Ошо кезде жарыктык,
860 Ìý Баягы өзүң көргөн Кула бээ,
Ìý Ìý Кулун тууп коюптур,
Ìý Ìý Ары-бери телчитип,
Ìý Ìý Жетекең алган кези экен,
Ìý Ìý Жетелетип эрмектеп,
865 Ìý Мына ошондо бай Жакып,
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө,
Ìý Ìý Катыным эркек туулса деп,
Ìý Ìý Оой энчилеп койчу кулун деп,
Ìý Ìý Мына ошентип ыроолоп,
870 Ìý Койгон экен баягы,
Ìý Ìý Өзүң көргөн бай Жакып,
Ìý Ìý Айланайын кудурет,
Ìý Ìý Колдой көргүн бул ирет,
Ìý Ìý Ал аңгыча баягы,
875 Ìý Акбалтадан кабарды,
Ìý Ìý Эми угуп алганда,
Ìý Ìý Кайталачы сөзүң деп,
Ìý Ìý Жалган эмес чынбы? — деп,
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө,
880 Ìý Карыганда мен шоордуу,
Ìý Ìý Каралды таптым кудайым,
Ìý Ìý Жанды неге жараттың?
Ìý Ìý Жан кейитип жанымды,
Ìý Ìý Жаманаттык кылба деп,
885 Ìý Кул баш кылып атакка,
Ìý Ìý Кондурбагын өзүң деп,
Ìý Ìý Айланайын кудайым,
Ìý Ìý Жанды берет аманат,
Ìý Ìý Керек болгон учурда,
890 Ìý Ал жаныңды кайта алат,
Ìý Ìý Айланайын кудайым,
Ìý Ìý Көкө-Теңир колдо! — деп,
Ìý Ìý Ошо кезде жарыктык,
Ìý Ìý Умай энем ула,— деп,
895 Ìý Жер-Суу ээси колдо,— деп,
Ìý Ìý Өзүң көргөн бай Жакып,
Ìý Ìý Ошо кезде баягы,
Ìý Ìý Акбалтага кайрылып,
Ìý Ìý Кана айтчы кайта деп,
900 Ìý Мына ошентип турганда,
Ìý Ìý Ошо кезде Акбалта,
Ìý Ìý Ооо сенин жоголоордо байбичең,
Ìý Ìý Жолборс тапты, сүйүнчү!
Ìý Ìý Оо карыганда байбичең,
905 Ìý Оо кабылан тапты, сүйүнчү!
Ìý Ìý Оо ээриккенде байбичең,
Ìý Ìý Оо эрен тапты, сүйүнчү!
Ìý Ìý Оо Жакып кокуй кантесиң?
Ìý Ìý «Атаңдын көрү дүнүйө,
910 Ìý Кайталатып сөзүмдү,
Ìý Ìý Кудайга койдум өзүңдү»,
Ìý Ìý Деп,— ошентип жарыктык,
Ìý Ìý Өзүң көргөн Акбалта,
Ìý Ìý Кайталап айтып салганда,
915 Ìý Ошо кезде баягы,
Ìý Ìý Айтканыңдай болсун! — деп,
Ìý Ìý Айланайын Акбалта,
Ìý Ìý Ушу жерде баягы,
Ìý Ìý «Жадыбал жеткис жылкым бар,
920 Ìý Ошол жылкынын үчтөн бирин өзүң ал»,
Ìý Ìý Деп ошентип айтканда,
Ìý Ìý Ошол кезде Акбалта,
Ìý Ìý Бек сүйүнүп алган,— дейт,
Ìý Ìý Астындагы баягы,
925 Ìý Көкчологун койгулап,
Ìý Ìý Аркасынан бай Жакып,
Ìý Ìý Торучаарды ургулап,
Ìý Ìý «Айланайын кудурет,
Ìý Ìý Колдой көргүн бул ирет,
930 Ìý Аздык кылып баратса,
Ìý Ìý Айланайын Акбалта,
Ìý Ìý Тоо башында топоз бар,
Ìý Ìý Коолотумда коюм бар,
Ìý Ìý Аа жылгаамда жылкым бар,
935 Ìý Айланайын Акбалта,
Ìý Ìý Аздык кылып баратса,
Ìý Ìý Курмандыкка чалгын,— деп,
Ìý Ìý Ушу турган башымды,
Ìý Ìý Канымды төгүп берейин,
940 Ìý Канды ичип алгын,— деп.
Ìý Ìý Аздык кылып баратса,
Ìý Ìý Айланайын Акбалта,
Ìý Ìý Кантейин кокуй кантейин?
Ìý Ìý Карыганда мен шоордуу,
945 Ìý Каралды таптым, сүйүнчү!
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө,
Ìý Ìý Оо жараткан кудай ай,
Ìý Ìý Оо кудайым сага сүйүнчү»,
Ìý Ìý Деп,— ошентип айтканда,
950 Ìý Ошо кезде жарыктык,
Ìý Ìý Күн эки күн жол жүрүп,
Ìý Ìý Ат аябай мол жүрүп,
Ìý Ìý Күгүм кире күн бата,
Ìý Ìý Элдин аты дым жата,
955 Ìý Ошо кезде Ак Чийдинин төрүнө,
Ìý Ìý Эми жетип келгенде,
Ìý Ìý Өзүң көргөн баягы,
Ìý Ìý Чыйырдыдай энекең,
Ìý Ìý Чымындай жаны чыркырап,
960 Ìý Атаганат дүнүйө,
Ìý Ìý Эки бети тамылжып,
Ìý Ìý Нур чачылып калыптыр,
Ìý Ìý Төрөгөнүн көрдүңбү?
Ìý Ìý Көзөл энең Чыйырды,
965 Ìý Көз жарганын көрдүңбү?
Ìý Ìý Жаза тайып албасам,
Ìý Ìý Жараткандын бергени,
Ìý Ìý Жазбай айтып берейин.
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
970 Ìý Маңдайга гана жазган ушу экен,
Ìý Ìý Ошону менен дүйнөгө,
Ìý Ìý Айкөл гана Манас кабылан,
Ìý Ìý Келгендиги ушу экен.