Talantaaly Bakchiev - Transcription Two
Ìý
T2
Talantaaly Bakchiev, 'Birth of Manas', recorded 12 December 2017
Audiovisual recording by Kamila Baimuratova [available]
Transcription below by Alymkan Jeenbekova
Ìý
| Ìý | Ìý | Ээ төрө Манас көк жалдын, |
| Ìý | Ìý | Төрөлгөнүн айтайын, |
| Ìý | Ìý | Көзөл энең Чыйырды, |
| Ìý | Ìý | Көз жарганын айтайын, |
| 5 | Ìý | Айтпай кантип турайын, |
| Ìý | Ìý | Жараткан билет ким билет, |
| Ìý | Ìý | Жанынан келген бир жан жок, |
| Ìý | Ìý | Жаза тайып албасам, |
| Ìý | Ìý | Жаңылып айтып салбасам, |
| 10 | Ìý | Жараткандын бергенин, |
| Ìý | Ìý | Жаңылбай айтып берейин. |
| Ìý | Ìý | Кудай билет ким билет, |
| Ìý | Ìý | Куруң айтып койбосом, |
| Ìý | Ìý | Көк жал Манас баатырдын, |
| 15 | Ìý | Бу дүйнөгө келгенин, |
| Ìý | Ìý | Эмиң айтып кетейин. |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жарыктык, |
| Ìý | Ìý | Миң күндөрдүн бири экен, |
| Ìý | Ìý | Бейшембинин түнү экен. |
| 20 | Ìý | Жуманын кадыр күнү экен, |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо Чыйырды, |
| Ìý | Ìý | Чымындай жаны чыркырап, |
| Ìý | Ìý | Ыйлап турду буркурап, |
| Ìý | Ìý | Обун таппай уйкунун, |
| 25 | Ìý | Оң жагына обдулуп, |
| Ìý | Ìý | Сообун таппай уйкунун, |
| Ìý | Ìý | Сол жагына толгонуп, |
| Ìý | Ìý | Кайран энең Чыйырды, |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жарыктык, |
| 30 | Ìý | Оң жагында бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | Бай Жакыпты ойготуп, |
| Ìý | Ìý | Ообун таппай жарыктык, |
| Ìý | Ìý | Ошондо оң колунан тарткан,— дейт, |
| Ìý | Ìý | Ойгонбой койду бай Жакып. |
| 35 | Ìý | Сол колунан тарткан,— дейт, |
| Ìý | Ìý | Турбай койду бай Жакып. |
| Ìý | Ìý | Айласы кетип түгөнгүр, |
| Ìý | Ìý | Олдо-бүлдө, дүнүйө ай. |
| Ìý | Ìý | Оргуштаган жалган ай, |
| 40 | Ìý | Айланайын байым,— деп, |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо энекең, |
| Ìý | Ìý | Айтып турду Жакыпка, |
| Ìý | Ìý | Укчуң айткан сөзүмдү, |
| Ìý | Ìý | Жана байкаң өзүмдү, |
| 45 | Ìý | Азыр жатып түш көрдүм, |
| Ìý | Ìý | Адам көргүс иш көрдүм, |
| Ìý | Ìý | Түндө жатып түш көрдүм, |
| Ìý | Ìý | Түйшүккө салаар иш көрдүм. |
| Ìý | Ìý | Таңга маал түш көрдүм, |
| 50 | Ìý | Таңгала турган иш көрдүм. |
| Ìý | Ìý | Бул эмине болучу? |
| Ìý | Ìý | Бул түшүмдү жооруучу, |
| Ìý | Ìý | Айланайын байым,— деп, |
| Ìý | Ìý | Менин атам — Бакберген, |
| 55 | Ìý | Өзү кудай жолунда, |
| Ìý | Ìý | Аса таяк колунда, |
| Ìý | Ìý | Атаганат дүнүйө, |
| Ìý | Ìý | Кашыма келип атакем, |
| Ìý | Ìý | Көз жарып алгын аман,— деп, |
| 60 | Ìý | Сол колунда алма бар, |
| Ìý | Ìý | Мага сунуп турганда, |
| Ìý | Ìý | Эми кокуй кантейин, |
| Ìý | Ìý | Айланайын атакем, |
| Ìý | Ìý | Бу дүйнөдөн өткөнү, |
| 65 | Ìý | Жети жылдай болду эле, |
| Ìý | Ìý | Жети жылдан бер карай, |
| Ìý | Ìý | Атакемдин алдына, |
| Ìý | Ìý | Арбагына багыштап, |
| Ìý | Ìý | Курмандыкка мал чалып, |
| 70 | Ìý | Дуба кылбай мен акмак, |
| Ìý | Ìý | Айланайын байым,— деп, |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо Чыйырды, |
| Ìý | Ìý | Бай Жакыпка муну айтса, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде бай Жакып, |
| 75 | Ìý | Оңдолуп обдулуп, |
| Ìý | Ìý | Оң жагына толгонуп, |
| Ìý | Ìý | Атаганат дүнүйө, |
| Ìý | Ìý | Арбыды мээнет күнүгө, |
| Ìý | Ìý | Кандай шумдук болду деп, |
| 80 | Ìý | Ушу турган катынды, |
| Ìý | Ìý | Жин урганда жин урду, |
| Ìý | Ìý | Дин урганда дин урду, |
| Ìý | Ìý | Качан болсоң ушундай, |
| Ìý | Ìý | Кантейин кокуй кантейин? |
| 85 | Ìý | Деп,— ошентип курган жан, |
| Ìý | Ìý | Эптеп тапкан малымдын, |
| Ìý | Ìý | Эсебин эми табабы? |
| Ìý | Ìý | Зордоп тапкан малыма, |
| Ìý | Ìý | Зордук эми салабы? |
| 90 | Ìý | Деп,— ошентип бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | Ичинен ойлоп мындай кеп, |
| Ìý | Ìý | Түшүң жакшы иш болсун, |
| Ìý | Ìý | Түш эмес, туш болсун, |
| Ìý | Ìý | Айланайын байбиче! |
| 95 | Ìý | Деп,— ошентип жарыктык, |
| Ìý | Ìý | Ак дамбалчаң дардактап, |
| Ìý | Ìý | Ордунан турду тартактап, |
| Ìý | Ìý | Он эки кабат төшөктөн, |
| Ìý | Ìý | Он эки канат өргөөдөн, |
| 100 | Ìý | Чыга калып бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жарыктык, |
| Ìý | Ìý | Акбалталап чакырып, |
| Ìý | Ìý | Кокуй, кокуй Акбалта, |
| Ìý | Ìý | Бери кел деп гана бакырып, ооой |
| 105 | Ìý | Ой Балта, кокуй, Акбалта, |
| Ìý | Ìý | Менин катынымды жин урду, |
| Ìý | Ìý | Жин урганда дин урду, |
| Ìý | Ìý | Болду десем болбойт, ээ, |
| Ìý | Ìý | Болбогон кепти козгойт, ээ, |
| 110 | Ìý | Айланайын Акбалта, |
| Ìý | Ìý | Менин катынымды кокуй жин урду, |
| Ìý | Ìý | Карыганда курган жан, |
| Ìý | Ìý | Азыр жатып түш көрдү, |
| Ìý | Ìý | Түшүндө жакшы иш көрдү, |
| 115 | Ìý | Менин кайнатам эле Бакберген, ооо, |
| Ìý | Ìý | Түндө жатып гана ммм эээ байбиче, |
| Ìý | Ìý | Аян берди кантейин, |
| Ìý | Ìý | Аман-эсен көз жар,— деп, |
| Ìý | Ìý | Бышкан алма сунуптур, |
| 120 | Ìý | Бу жакшылыктын гана кокуй белгиси, |
| Ìý | Ìý | Жараткандын пендеси, |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | Акбалтага муну айтып: |
| Ìý | Ìý | Ошо кездең Акбалта: |
| 125 | Ìý | «Атаганат дүнүйө, |
| Ìý | Ìý | Айланайын байым,— деп, |
| Ìý | Ìý | Кандай айла табам,— деп, |
| Ìý | Ìý | Кокуй байым кантесиң? |
| Ìý | Ìý | Кирип келген жоо барбы? |
| 130 | Ìý | Каптап келген доо барбы? |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Таң агарып атканда, |
| Ìý | Ìý | Тараза жылдыз батканда, |
| Ìý | Ìý | Эл уйкуда жатканда, |
| 135 | Ìý | Мени ойготуп чоочутуп, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Кандай шумдук болду деп, |
| Ìý | Ìý | Угуп турам өзүңдү, |
| Ìý | Ìý | Канаң айтчы сөзүңдү» |
| 140 | Ìý | Деп,— ошентип Акбалта, |
| Ìý | Ìý | Собол салса Жакыпка, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | Айтып турду дагы кеп. |
| Ìý | Ìý | Азыр жатып байбичем, |
| 145 | Ìý | Таңга маал турганда, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Батасыз Бакберген, |
| Ìý | Ìý | Түшүнө кирип мындай дейт: |
| Ìý | Ìý | «Айланайын кудурет, |
| 150 | Ìý | Атаганат дүнүйө, |
| Ìý | Ìý | Минте берсе байбиче, |
| Ìý | Ìý | Эптеп тапкан малымдын, |
| Ìý | Ìý | Эсебин кокуй табабы? |
| Ìý | Ìý | Түйшүктөп тапкан малымдын, |
| 155 | Ìý | Түбүнө кокуй жетип алабы? |
| Ìý | Ìý | Минте берсе болбойт, ээ, |
| Ìý | Ìý | Менин түбүмө кокуй жетет, ээ» |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошентип бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | Акбалтага гана муну айтып, |
| 160 | Ìý | Тетиги Карагырдын ойунда, |
| Ìý | Ìý | Кара-Аладан гана канчоо бар, уу, |
| Ìý | Ìý | Сары-Аладан сандан бар, |
| Ìý | Ìý | Көк-Аладан гана көптөн бар, |
| Ìý | Ìý | Сан жылкыдан канча бар? |
| 165 | Ìý | Айланайын гана Акбалта, |
| Ìý | Ìý | Курмандыкка чалууга, |
| Ìý | Ìý | Ылайыктуу гана мал алып кел» |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошентип турганда, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде жарыктык, |
| 170 | Ìý | Өзүң көргөн Акбалта, |
| Ìý | Ìý | Ордунан эми тура албай, |
| Ìý | Ìý | Айтканыңдай кылам,— деп, |
| Ìý | Ìý | Кагылайын байым,— деп, |
| Ìý | Ìý | Астындагы минери, |
| 175 | Ìý | Көк тулпар сындуу ат экен. |
| Ìý | Ìý | Аркы-терки камчы уруп, |
| Ìý | Ìý | Үзөнгүнү теминип, |
| Ìý | Ìý | Жөнөп кетти көрдүңбү? |
| Ìý | Ìý | Эми аны коюп туралы, |
| 180 | Ìý | Үйдө калган Чыйырды, |
| Ìý | Ìý | Ошондон кабар алалы. |
| Ìý | Ìý | Өзүң көргөн энекең, |
| Ìý | Ìý | Бакырыгы баш жарып, |
| Ìý | Ìý | Кыйкырыгы таш жарып, |
| 185 | Ìý | Айланайын балам,— деп, |
| Ìý | Ìý | Кайда кетти кызым,— деп, |
| Ìý | Ìý | Карагызды чакырып, |
| Ìý | Ìý | Балакетиң алайын, |
| Ìý | Ìý | Кагылайын каралдым, |
| 190 | Ìý | Мээнетиңди алайын, |
| Ìý | Ìý | Каракыз бери келчи,— деп, |
| Ìý | Ìý | Айта турган кебим бар, |
| Ìý | Ìý | «Тетигинде көрдүңбү? |
| Ìý | Ìý | Жалгыз өскөн чынар бар, |
| 195 | Ìý | Ал чынардын түбүндө, |
| Ìý | Ìý | Жалгыз чыккан булак бар, |
| Ìý | Ìý | Ошол чынарга барып кел, |
| Ìý | Ìý | Кырк чырпыгын кыйып кел, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кызым,— деп, |
| 200 | Ìý | Ал булакка барып кел, |
| Ìý | Ìý | Ошо булактын суусун куюп кел, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кызым,— деп, |
| Ìý | Ìý | Аманат айттым ушул кеп» |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошентип айтканда, |
| 205 | Ìý | Ошо кезде Каракыз, |
| Ìý | Ìý | Эки күндүк жол экен, |
| Ìý | Ìý | Керегеде илинген, |
| Ìý | Ìý | Чоң торпоктун чоң чанач, |
| Ìý | Ìý | Чоң чаначты алды дейт, |
| 210 | Ìý | Атаганат дүнүйө, |
| Ìý | Ìý | Чоң өгүздү минген,— дейт, |
| Ìý | Ìý | Ушуң айткан энеси, |
| Ìý | Ìý | Жалгыз өскөн чынарга, |
| Ìý | Ìý | Ошого жөнөп кетти,— дейт, |
| 215 | Ìý | Эми аны коюп туралы, |
| Ìý | Ìý | Кечээ кеткен Акбалта, |
| Ìý | Ìý | Ошондон кабар алалы. |
| Ìý | Ìý | Өзүң көргөн Акбалта, |
| Ìý | Ìý | Бай Жакыптын буйругу, |
| 220 | Ìý | Эки кылар ал барбы? |
| Ìý | Ìý | Жокерчилик заманда, |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошентип Акбалта, |
| Ìý | Ìý | Аркы-терки камчы уруп, |
| Ìý | Ìý | Астындагы көк тулпар, |
| 225 | Ìý | Желгенине жел жетпей, |
| Ìý | Ìý | Жетип чуркап алыптыр. |
| Ìý | Ìý | Басканына бал жетпей, |
| Ìý | Ìý | Башкача арыш алыптыр, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| 230 | Ìý | Аман койгун жаным,— деп, |
| Ìý | Ìý | Жолобосун жоом,— деп, |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо Акбалта, |
| Ìý | Ìý | Күнү жүрдү күйүгүп, |
| Ìý | Ìý | Түнү жүрдү түйүлүп, |
| 235 | Ìý | Таң кашкайып сүрөрдө, |
| Ìý | Ìý | Жерге жарык кирерде, |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо Акбалта, |
| Ìý | Ìý | Карагырга жеткен,— дейт. |
| Ìý | Ìý | Ал Карагырдын оюнда, |
| 240 | Ìý | Жайнап жаткан жылкы бар, |
| Ìý | Ìý | Жадыбал жеткис жылкы экен, |
| Ìý | Ìý | Жетимиштей жылкычы, |
| Ìý | Ìý | Ал жылкыны кайтарган, |
| Ìý | Ìý | Жакын келип Акбалта, |
| 245 | Ìý | Бакырыгы баш жарып, |
| Ìý | Ìý | Кыйкырыгы таш жарып, |
| Ìý | Ìý | Бери кел деп бастырып, |
| Ìý | Ìý | Эр Ыйманды чакырып, |
| Ìý | Ìý | Айланайын Ыйманым, |
| 250 | Ìý | Жылкычынын башчысы, |
| Ìý | Ìý | «Бери кел»,— деп чакырып, |
| Ìý | Ìý | «Кагылайын Ыйманым, |
| Ìý | Ìý | Курмандыкка чалууга, |
| Ìý | Ìý | Ушул турган жылкынын, |
| 255 | Ìý | Ичинен бир малды тандап бер», |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошентип айтканда, |
| Ìý | Ìý | Ал аңгыча болгон жок, |
| Ìý | Ìý | Жылкынын четинен, |
| Ìý | Ìý | Тандап көрдү Акбалта. |
| 260 | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Желени карыш болуптур, |
| Ìý | Ìý | Кула бээни көрүптүр, |
| Ìý | Ìý | «Айланайын Ыйманым, |
| Ìý | Ìý | Тетиги Кула бээни алып кел, |
| 265 | Ìý | Ай-туякка чалууга, |
| Ìý | Ìý | Ылайыктуу мал экен», |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошентип айтканда, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде Ыйманың, |
| Ìý | Ìý | Элүүдөн өткөн жашы бар, |
| 270 | Ìý | Көрбөгөнү көр болгон, |
| Ìý | Ìý | Азапты жаман көргөн дейт, |
| Ìý | Ìý | Кезегинде Ыйманың, |
| Ìý | Ìý | Жалынгандан жалбарып, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде жарыктык, |
| 275 | Ìý | Акбалтага муну айтат: |
| Ìý | Ìý | «Айланайын Балтам»,— деп, |
| Ìý | Ìý | «Ушу турган Кула бээ, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Тууй турган маалы»,— деп, |
| 280 | Ìý | Желине карыш болду,— деп, |
| Ìý | Ìý | Тууп калса Кула бээ, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Чыйырды аман-эсен көз жарса, |
| Ìý | Ìý | Ошогоң тартууга гана берсем деп, ммм |
| 285 | Ìý | Энчилей гана турган малым,— деп, |
| Ìý | Ìý | Көздөп жүргөн жаным,— деп, |
| Ìý | Ìý | Айланайын гана Акбалтаң, ооой! |
| Ìý | Ìý | Жаза гана тайып албасам, |
| Ìý | Ìý | Жаңылып айтып салбасам, |
| 290 | Ìý | Тетигинде гана көрдүңбү? Уу, |
| Ìý | Ìý | Жайнап гана жаткан жылкынын, |
| Ìý | Ìý | Аркы жаккы четинде, |
| Ìý | Ìý | Ошондо Камбар-Ата гана дарыган, |
| Ìý | Ìý | Кайыбынан карылган, |
| 295 | Ìý | Касиеттүү ганаң, мм ээй, мал ошо, |
| Ìý | Ìý | Ай-туякка жарачуу, |
| Ìý | Ìý | Ылайыктуу гана мала ошоң, ууй», |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошондо Ыйманың, |
| Ìý | Ìý | Жакын келип бастырып, |
| 300 | Ìý | Ошо кезде жарыктык, |
| Ìý | Ìý | Укурукту бек салып, |
| Ìý | Ìý | Баягы турган Кара-Айгыр, |
| Ìý | Ìý | Кара-Айгырды жетелеп, |
| Ìý | Ìý | Башына нокто салды,— дейт, |
| 305 | Ìý | Ушу турган Балтага, |
| Ìý | Ìý | Жетелеп келип бастырып, |
| Ìý | Ìý | Колуна нокто тапшырып, |
| Ìý | Ìý | Айтып турду Балтага: |
| Ìý | Ìý | «Айланайын Акбалта, |
| 310 | Ìý | Жаза тайып албасам, |
| Ìý | Ìý | Касиеттүү мал ушул, |
| Ìý | Ìý | Курмандыкка чалууга», |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошентип айтканда, |
| Ìý | Ìý | Ошо кездең Акбалта, |
| 315 | Ìý | «Макул, макул, макул,— деп, |
| Ìý | Ìý | «Бул айтканың акыл деп, |
| Ìý | Ìý | Айтканыңдай кылайын, |
| Ìý | Ìý | Бай Жакыптын өзүнө, |
| Ìý | Ìý | Буйрук экен айтайын», |
| 320 | Ìý | Деп,— ошентип турганда, |
| Ìý | Ìý | Эми аны коюп туралы, |
| Ìý | Ìý | Айылда калган бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | Ошондон кабар алалы. |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде бай Жакып, |
| 325 | Ìý | Өөдө-төмөн көп басып, |
| Ìý | Ìý | Кандай шумдук болду деп, |
| Ìý | Ìý | Кеткениң эки күн болду, |
| Ìý | Ìý | Качан келет Балта деп, |
| Ìý | Ìý | Капталымда калмак бар, |
| 330 | Ìý | Калмактар кармап алдыбы? |
| Ìý | Ìý | Кыр жагымда кытай бар, |
| Ìý | Ìý | Кытайга кире качтыбы? |
| Ìý | Ìý | Маңдайымда манжуу бар, |
| Ìý | Ìý | Манжуулар топтошуп, |
| 335 | Ìý | Байлап алдыбы Балтаны, |
| Ìý | Ìý | Кандай шумдук болду,— деп, |
| Ìý | Ìý | Менин башымды азапка салдыбы? |
| Ìý | Ìý | Эми кокуй кантейин? |
| Ìý | Ìý | Кандай айла терейин? |
| 340 | Ìý | Кайда кеттиң Акбалта? |
| Ìý | Ìý | Келе турган маалы деп, |
| Ìý | Ìý | Мына ошентип тургуча, |
| Ìý | Ìý | Ал аңгыча болгон жок, |
| Ìý | Ìý | Ошо кездең Акбалта, |
| 345 | Ìý | Аркы-терки камчы уруп, |
| Ìý | Ìý | Үзөнгүнү теминип, |
| Ìý | Ìý | Кирип келди айылга. |
| Ìý | Ìý | «Айланайын бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | Издегениң табылды, |
| 350 | Ìý | Курмандыкка чалууга, |
| Ìý | Ìý | Ушу турган Кара-Айгыр, |
| Ìý | Ìý | Кайыбынан кабылган, |
| Ìý | Ìý | Камбар-Ата даарыган, |
| Ìý | Ìý | Касиеттүү мал экен, |
| 355 | Ìý | Айтып берди Ыйманым», |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошентип айткыча, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | Атадан калган Актинте, |
| Ìý | Ìý | Актинтени колго алып, |
| 360 | Ìý | Актинте жайын сураба, |
| Ìý | Ìý | Актинтени сурасаң, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде сураба, |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө, |
| Ìý | Ìý | Өз атасы Орозду, |
| 365 | Ìý | Бай Жакыптын колуна, |
| Ìý | Ìý | Берген экен тапшырып. |
| Ìý | Ìý | Аманатым ушул,— деп, |
| Ìý | Ìý | Айланайын байым,— деп, |
| Ìý | Ìý | Кагылайын Жакып,— деп, |
| 370 | Ìý | Укчу балам сөзүм,— деп, |
| Ìý | Ìý | Ушу турган Актинте, |
| Ìý | Ìý | Абалкы атаң Арыстан, |
| Ìý | Ìý | Арыстандан калган зат, |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошентип береги, |
| 375 | Ìý | Өз атасы Орозду, |
| Ìý | Ìý | Жакыпка берген тартууга, |
| Ìý | Ìý | Мына ошондон Актинте, |
| Ìý | Ìý | Ала калып колуна, |
| Ìý | Ìý | Өзүң көргөн бай Жакып, |
| 380 | Ìý | Ушул турган жылкыны, |
| Ìý | Ìý | Ыйык жалдан бек кармап, |
| Ìý | Ìý | Чөгөрүп чөк түшүп, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Төрт аягын бек байлап, |
| 385 | Ìý | Эми курмандыкка чалууга, |
| Ìý | Ìý | Камданып калган чагында, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде сураба, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде сурасаң, |
| Ìý | Ìý | Сага жалган, мага чын, |
| 390 | Ìý | Көрүп келген бир жан жок. |
| Ìý | Ìý | Атаганат дүнүйө, |
| Ìý | Ìý | Кудай бетин көргөзбө, |
| Ìý | Ìý | Өзүң көргөн гана бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | Актинтени баягы, |
| 395 | Ìý | Кокого гана бир урса, |
| Ìý | Ìý | Кайыбына кабылып, |
| Ìý | Ìý | Кайда экени гана уу көрүнбөй, |
| Ìý | Ìý | Жерге гана тамган каны жок, |
| Ìý | Ìý | Мунун учуп кеткен гана жаны жок, |
| 400 | Ìý | Кайда экени билинбей, |
| Ìý | Ìý | Караса гана көзгө илинбей, ууу |
| Ìý | Ìý | Кайып гана болду кара айгыр, |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө, |
| Ìý | Ìý | Арбыды мээнет күнүгө. |
| 405 | Ìý | Айласы гана кетип бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | Бул эминенин белгиси, |
| Ìý | Ìý | Ооо жараткандын гана, ммм, бергени ой, |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошентип турганда, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде жарыктык, |
| 410 | Ìý | Ал аңгыча болгон жок, |
| Ìý | Ìý | Өзүң көргөн энекең, |
| Ìý | Ìý | Ий белим кокуй белим,— деп, |
| Ìý | Ìý | Белимди кокуй жеди,— деп, |
| Ìý | Ìý | Толгоо тартып алган дейт, |
| 415 | Ìý | Ошо кезде энекең, |
| Ìý | Ìý | Каракызды чакырып, |
| Ìý | Ìý | Бай Жакыпка айткың деп, |
| Ìý | Ìý | Атакеңе муну айткың, |
| Ìý | Ìý | Айланайын байым,— деп, |
| 420 | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө, |
| Ìý | Ìý | Көз жарып калсам кокустан, |
| Ìý | Ìý | Ушу турган бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | Жанында турса кандай деп, |
| Ìý | Ìý | Кыргызда мындай салты жок, |
| 425 | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Элге кеп болуп, |
| Ìý | Ìý | Уят болсок кандай деп, |
| Ìý | Ìý | Мына ошентип турганда, |
| Ìý | Ìý | Айтып оозун жыйганда, |
| 430 | Ìý | Ошо кезде Каракыз: |
| Ìý | Ìý | “Энемдин айткан сөзү” - деп, |
| Ìý | Ìý | Бай Жакыпка муну айтса: |
| Ìý | Ìý | “Зайыбым толгоо тартып калыптыр, |
| Ìý | Ìý | Көз жара турган күнү окшойт. |
| 435 | Ìý | Бу жерге туруп нетейин? |
| Ìý | Ìý | Мен жылкыны көздөй кетейин” |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошентип бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Астындагы мингени, |
| 440 | Ìý | Торучаар сындуу ат экен, |
| Ìý | Ìý | Томуктай болгон мал экен, |
| Ìý | Ìý | Үстүнө минип бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | Аркы-терки камчы уруп, |
| Ìý | Ìý | Кара жаак булдурсун, |
| 445 | Ìý | Кармай колго имерип, |
| Ìý | Ìý | «Каң» дегизе Торуну, |
| Ìý | Ìý | Ошондо капталга тартып жиберип, |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жарыктык, |
| Ìý | Ìý | Алкынтып миниптир, |
| 450 | Ìý | Ушу турган Карагыр, |
| Ìý | Ìý | Калың жылкы жайначу, |
| Ìý | Ìý | Ошого жетип барыптыр. |
| Ìý | Ìý | Эми аны коюп туралы, |
| Ìý | Ìý | Үйдө калган Чыйырды, |
| 455 | Ìý | Ошондон кабар алалы. |
| Ìý | Ìý | Ошо кездең энекең, |
| Ìý | Ìý | Төбөм кокуй төбөм,— деп, |
| Ìý | Ìý | Төбөмдү кокуй жээди,— деп, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| 460 | Ìý | Мени бу жээй турган балабы? |
| Ìý | Ìý | Балаң эмес балеби? |
| Ìý | Ìý | Кантейин кокуй кантейин? |
| Ìý | Ìý | Кандай айла терейин? |
| Ìý | Ìý | Бу көрөкчө өлөйүн |
| 465 | Ìý | Кыямат жайды көрөйүн. |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Жаным аман болсо деп, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Кокуй, кокуй каран күн, |
| 470 | Ìý | Жараткан жалгыз мен жалгыз, |
| Ìý | Ìý | Менден калар бу жалгыз, |
| Ìý | Ìý | Ушу курсагымда бала деп, |
| Ìý | Ìý | Өзүң көргөн Чыйырды, |
| Ìý | Ìý | Чымындай жаны чыркырап, |
| 475 | Ìý | Канчалык кыйын болсо да, |
| Ìý | Ìý | Катын эмеспи Чыйырды, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Катуураак ыйлап алды дейт, |
| Ìý | Ìý | Карагызды чакырып, |
| 480 | Ìý | Ал аңгыча болгон жок, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде жарыктык, |
| Ìý | Ìý | Айланайын Каракыз, |
| Ìý | Ìý | Калаадагы катынды, |
| Ìý | Ìý | Кокуй үйгө жакын койбостон, |
| 485 | Ìý | Токой көздөй айдагын, |
| Ìý | Ìý | Айылдагы аялды, |
| Ìý | Ìý | Айылга кокуй койбостон, |
| Ìý | Ìý | Алысыраак айдагын. |
| Ìý | Ìý | Көрө албаган көз жаман, |
| 490 | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Сүйлөп койсо сөз жаман. |
| Ìý | Ìý | Балама көзү тийеби, |
| Ìý | Ìý | Балама сөзү тийеби, |
| Ìý | Ìý | Айылга аял койбогун, |
| 495 | Ìý | Айланайын Каракыз, |
| Ìý | Ìý | Мээнетиңди алайын, |
| Ìý | Ìý | Укчуң айткан сөзүмдү, |
| Ìý | Ìý | Байкадың го өзүмдү, |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошентип Чыйырды. |
| 500 | Ìý | Толгоо тартып тогуз күн, |
| Ìý | Ìý | Тогузунчу күнүндө, |
| Ìý | Ìý | Күнүндө эмес бешимде, |
| Ìý | Ìý | Кеч кирип калган мезгилде, |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жарыктык, |
| 505 | Ìý | Жер силкинип термелди, |
| Ìý | Ìý | Кудай бетин салбай кал, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде сураба, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде сурасаң, |
| Ìý | Ìý | Өзүң көргөн энекең, |
| 510 | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Жатып алса туралбайт, |
| Ìý | Ìý | Туруп алса жаталбайт, |
| Ìý | Ìý | Белим кокуй ий белим,— деп, |
| Ìý | Ìý | Балтырымды жээди,— деп, |
| 515 | Ìý | Кантейин кокуй кантейин, |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошондо энекең. |
| Ìý | Ìý | Көзүнүн жашы оңталаа, |
| Ìý | Ìý | Мурдунун суусун тарталбай, |
| Ìý | Ìý | Көзүнүн жашын арталбай, |
| 520 | Ìý | Ыйлап турду буркурап. |
| Ìý | Ìý | Кантейин кокуй кантейин? |
| Ìý | Ìý | Кандай айла терейин? |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошентип турганда, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде сураба, |
| 525 | Ìý | Ошо кезде сурасаң, |
| Ìý | Ìý | Ал аңгыча болгон жок, |
| Ìý | Ìý | Каканак суусу шар этип, |
| Ìý | Ìý | Ммм, баягы турган энекең, |
| Ìý | Ìý | Кудай бетин көргөзбө, |
| 530 | Ìý | Баканды турду кучактап, |
| Ìý | Ìý | Каканак суусу шар этип, |
| Ìý | Ìý | Баланын үнү бар этип, |
| Ìý | Ìý | Аягы менен тик түшүп, |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо бу бала, |
| 535 | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Бакырыгы баш жарып, |
| Ìý | Ìý | Кыйкырыгы таш жарып, |
| Ìý | Ìý | Муну көрбөй калдың энекең, |
| Ìý | Ìý | Марту басып карасаң, |
| 540 | Ìý | Эки көзү сүзүлүп, |
| Ìý | Ìý | Ошо жаны кетип барат үзүлүп, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Кара басты энеңди, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде Каракыз, |
| 545 | Ìý | Бала эмеспи энеңе, |
| Ìý | Ìý | Өөдө-төмөн жүгүрүп, |
| Ìý | Ìý | Доолбасын колго алып, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Күңгүрөнүп күүлөнүп, |
| 550 | Ìý | Ичинен кызың сүйлөнүп, |
| Ìý | Ìý | Мунун бүбүлүгү бар эле. |
| Ìý | Ìý | Бүүлүнгөндү бүтөгөн, |
| Ìý | Ìý | Үзүлгөндү уулаган, |
| Ìý | Ìý | Чачылганды жыйнаган, |
| 555 | Ìý | Кайран энең Чыйырды, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Эки көзү ачылбай, |
| Ìý | Ìý | Сунган буту тартылбай, |
| Ìý | Ìý | Жатып алсаң Каракыз, |
| 560 | Ìý | Кантейин кокуй кантейин, |
| Ìý | Ìý | Энекемден айрылсам, |
| Ìý | Ìý | Бу дүйнөдөн кантип турайын, |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошондо Каракыз, |
| Ìý | Ìý | Аа дүйнө көздөй безейин, |
| 565 | Ìý | Бу жерге кантип турайын, |
| Ìý | Ìý | Айланайын энеке, |
| Ìý | Ìý | Ой энекең, энеке, |
| Ìý | Ìý | Энеке биздин береке, |
| Ìý | Ìý | Аман жаның кыла көр, |
| 570 | Ìý | Деп,— ошентип Каракыз, |
| Ìý | Ìý | Жаратканга жалынып, |
| Ìý | Ìý | Көкө Теңир колдо,— деп, |
| Ìý | Ìý | Умай энем ула,— деп, |
| Ìý | Ìý | Жаратканым жалга,— деп, |
| 575 | Ìý | Суу атасы суу мерген, |
| Ìý | Ìý | Суу мерген өзүң колдо,— деп, |
| Ìý | Ìý | Тоо атасы тоо мерген, |
| Ìý | Ìý | Тоо мерген өзүң жалга,— деп, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| 580 | Ìý | Кантейин кокуй кантейин? |
| Ìý | Ìý | Энелүү адам зор экен, |
| Ìý | Ìý | Энемди жутуп алсам мен кор экен, |
| Ìý | Ìý | Кантейин кокуй кантейин? |
| Ìý | Ìý | Ой энеке, энеке! |
| 585 | Ìý | Энемдин жаны аман калса деп, |
| Ìý | Ìý | Атаганат дүнүйө, |
| Ìý | Ìý | Балаң эмне болсо, аа болсун, |
| Ìý | Ìý | А дүйнө сапар тартсын деп, |
| Ìý | Ìý | Энем аман калсын деп, |
| 590 | Ìý | Мына ошондо Каракыз, |
| Ìý | Ìý | Ойлогону ушундай. |
| Ìý | Ìý | Энекесин ойлоду, |
| Ìý | Ìý | Каалаганы момундай. |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| 595 | Ìý | Бүбүлүгүң ушундай, |
| Ìý | Ìý | Күңгүрөнүп күүлөнүп, |
| Ìý | Ìý | Ичинен байкуш сүйлөнүп, |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жарыктык, |
| Ìý | Ìý | Бир жерге такыр туралбай. |
| 600 | Ìý | Айланайын энеке, |
| Ìý | Ìý | Ой энекең, энеке, |
| Ìý | Ìý | Жаныңды аман кала көр, |
| Ìý | Ìý | Жаның аман калсын деп, |
| Ìý | Ìý | Жаратканга жалынып, |
| 605 | Ìý | Ата-бабаң арбагын, |
| Ìý | Ìý | Атын айтып чакырып. |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Энемдин жанын аман сактай көр, |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошентип тургуча, |
| 610 | Ìý | Айтып оозун жыйгыча, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде энекең, |
| Ìý | Ìý | Эки көзү ачылып, |
| Ìý | Ìý | Умаштай көзү ачылып, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| 615 | Ìý | Сага жалган мага чын, |
| Ìý | Ìý | Жараткандын иши экен. |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде энекең, |
| Ìý | Ìý | Күңгүрөнүп күүлөнүп, |
| Ìý | Ìý | Айтып турду сүйлөнүп. |
| 620 | Ìý | Баламды алып келчи деп, |
| Ìý | Ìý | Эркек бекен, кыз бекен? |
| Ìý | Ìý | Айтып ийчи тез деп, |
| Ìý | Ìý | Мына ошентип айтканда, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде баягы, |
| 625 | Ìý | Өзүң көргөн Каракыз, |
| Ìý | Ìý | Тогуз кездей оромол, |
| Ìý | Ìý | Оромолду колго алып, |
| Ìý | Ìý | Орой салды баланы. |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жарыктык, |
| 630 | Ìý | Энесине тапшырып, |
| Ìý | Ìý | Ой энеке койчу,— деп, |
| Ìý | Ìý | Балаң менен балэ кал! |
| Ìý | Ìý | Ушу турган жаның,— деп, |
| Ìý | Ìý | Жаның аман калса,— деп, |
| 635 | Ìý | Тилегеним момундай |
| Ìý | Ìý | Өз камын жеп ыйлап, |
| Ìý | Ìý | Өзүң көргөн Каракыз, |
| Ìý | Ìý | Мунуң минтип турганда, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде энекең, |
| 640 | Ìý | Ала калып баланы, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет! |
| Ìý | Ìý | Чормоюп турган чочогун, |
| Ìý | Ìý | Эми көрүп алды эми, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет! |
| 645 | Ìý | Жаратканым колдо,— деп, |
| Ìý | Ìý | Берген экен өзү,— деп, |
| Ìý | Ìý | Оң эмчегин салганы, |
| Ìý | Ìý | Оң эмчегин салганда, |
| Ìý | Ìý | Оболкусу сүт чыгып, |
| 650 | Ìý | Экинчиси суу чыгып, |
| Ìý | Ìý | Үчүнчүсү кан чыгып, |
| Ìý | Ìý | Байбичеден жан чыгып, |
| Ìý | Ìý | Ий кокуй кантет деп, |
| Ìý | Ìý | Кандай айла терем деп, |
| 655 | Ìý | Жанымды кокуй алабы? |
| Ìý | Ìý | Ушу турган бу бала, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Жанымды кокуй кыябы? |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошондо сураба, |
| 660 | Ìý | Мына ошондо сурасаң, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде Чыйырды, |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө, |
| Ìý | Ìý | Жараткандын кылган иши экен, |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо байкасаң, |
| 665 | Ìý | Эки күнү ай чыкпай, |
| Ìý | Ìý | Алты күнү күн чыкпай, |
| Ìý | Ìý | Жердин үстү термелди, |
| Ìý | Ìý | Ал аңгыча болгон жок, |
| Ìý | Ìý | Оң жагынан баланын, |
| 670 | Ìý | Кара чаар кабылан, |
| Ìý | Ìý | Капталында камынды, |
| Ìý | Ìý | Көсө куйрук көк арстан, |
| Ìý | Ìý | Көт жагында чамынды, |
| Ìý | Ìý | Жети дөбөт көк бөрү, |
| 675 | Ìý | Тегеректеп курчады, |
| Ìý | Ìý | Төбө жагын карасаң, |
| Ìý | Ìý | Бу баланы байкасаң, |
| Ìý | Ìý | Төбө жактан баягы, |
| Ìý | Ìý | Куш төрөсү будайык, |
| 680 | Ìý | Чеңгелин сунган арбайтып, |
| Ìý | Ìý | Канатын жайган калдайтып, |
| Ìý | Ìý | Ач ажыдаар айлантып, |
| Ìý | Ìý | Алты айланып алыптыр, |
| Ìý | Ìý | Муну көрүп баягы, |
| 685 | Ìý | Өзүң көргөн Каракыз, |
| Ìý | Ìý | Бүбүлүгү бар эле, |
| Ìý | Ìý | Көз ачыктык жайы бар, |
| Ìý | Ìý | Муну көрүп Каракыз, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде жарыктык, |
| 690 | Ìý | Жантасилим болду эле, |
| Ìý | Ìý | Атаганат дүнүйө, |
| Ìý | Ìý | Кудай бетин көргөзбө, |
| Ìý | Ìý | Маңдайга жазган ушу экен, |
| Ìý | Ìý | Чече албады көп ойлоп, |
| 695 | Ìý | Өзүң көргөн баягы, |
| Ìý | Ìý | Өзүң көргөн энекең, |
| Ìý | Ìý | Каракызды козгоду, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кызым,— деп, |
| Ìý | Ìý | Мээнетиңди гана алайын, ооо, |
| 700 | Ìý | Койгун кызым, койгун,— деп, |
| Ìý | Ìý | Бу жалганга мени калтырба, |
| Ìý | Ìý | Куу баш кылып атыкпа, |
| Ìý | Ìý | Кантейин гана балам кантейин? |
| Ìý | Ìý | Койгун балам, койгун деп, |
| 705 | Ìý | Айта турган гана кебим бар, ооо, |
| Ìý | Ìý | Акбалтанын зайыбы, |
| Ìý | Ìý | Актинтени гана чакыр деп, |
| Ìý | Ìý | Акчайымды чакыр деп, |
| Ìý | Ìý | Акчайым деп гана бакырып, |
| 710 | Ìý | Үйдөн чыкты Каракыз, |
| Ìý | Ìý | Эсине келип жарыктык, |
| Ìý | Ìý | Согончогу шак этип, |
| Ìý | Ìý | Май куйрукка так этип, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде Акчайым, |
| 715 | Ìý | Атаганат дүнүйө, |
| Ìý | Ìý | Кандай гана шумдук болду деп, |
| Ìý | Ìý | Атаганат дүнүйө, |
| Ìý | Ìý | Арбыды мээнет күнүгө, |
| Ìý | Ìý | Оо байбичең гана аман калдыбы? |
| 720 | Ìý | Балаң менен опат кал, |
| Ìý | Ìý | А байбиче гана аман барбы,— деп, |
| Ìý | Ìý | Акчайым собул салганда, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде Каракыз, |
| Ìý | Ìý | Айланайын жеңеке, |
| 725 | Ìý | Ой жеңеке, жеңеке, |
| Ìý | Ìý | Энем аман калды,— деп, |
| Ìý | Ìý | Оой айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Оой баланы тапкан энем,— деп, |
| Ìý | Ìý | Оой баладан аман калды,— деп, |
| 730 | Ìý | Кагылайын жеңеке, |
| Ìý | Ìý | Ой жеңеке, жеңеке, |
| Ìý | Ìý | Энекемдин буйругу, |
| Ìý | Ìý | Ой Акбалта абамды чакыр,— деп, |
| Ìý | Ìý | Балта абамды чакыр,— деп, |
| 735 | Ìý | Айта турган кеби бул, |
| Ìý | Ìý | «Бай Жакыпка барсын,— дейт, |
| Ìý | Ìý | Сүйүнчүлөп айтсын,— дейт, |
| Ìý | Ìý | Байбичең эркек тууду,— деп, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| 740 | Ìý | Ээриккенде байбиче, |
| Ìý | Ìý | Эркек тапты сүйүнчү», |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошентип айтсын деп, |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө, |
| Ìý | Ìý | Кудай бетин көргөзбө, |
| 745 | Ìý | Ошо кезде Акчайым, |
| Ìý | Ìý | Аттап-буттап үйүнө, |
| Ìý | Ìý | Кирип барды төрүнө, |
| Ìý | Ìý | Төрдө жаткан баягы, |
| Ìý | Ìý | Эчтеме менен иши жок, |
| 750 | Ìý | Өзүң көргөн Акбалта, |
| Ìý | Ìý | Куш жаздыкты жазданып, |
| Ìý | Ìý | Жаткан экен жарыктык, |
| Ìý | Ìý | Акчайым айтат мындай,— деп, |
| Ìý | Ìý | «Айланайын Акбалта, |
| 755 | Ìý | Ой байбичең эркек тууду,— деп, |
| Ìý | Ìý | Сүйүнчүлөп баргын,— дейт, |
| Ìý | Ìý | Бай Жакыптын өзүнө, |
| Ìý | Ìý | Барып айткын кабарды, |
| Ìý | Ìý | Сүйүнчүсүн алгын,— деп, |
| 760 | Ìý | Сүйүнчүсүн берет,— деп, |
| Ìý | Ìý | Калыңдап берет сүйүнчү». |
| Ìý | Ìý | Ошонун бирин калтырбай, |
| Ìý | Ìý | Айланайын Балта,— деп, |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо Акчайым, |
| 765 | Ìý | Акбалтага муну айтса, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде Акбалта |
| Ìý | Ìý | Макул, макул, макул,— деп, |
| Ìý | Ìý | Айтканыңдай кылам,— деп, |
| Ìý | Ìý | Кудай бетин салбай кал, |
| 770 | Ìý | Өзүң көргөн баягы, |
| Ìý | Ìý | Көк Тулпарды токунуп, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Карагыр көздөй бет алып, |
| Ìý | Ìý | Күн эки күн жол жүрүп, |
| 775 | Ìý | Ат аябай мол жүрүп, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде Акбалта, |
| Ìý | Ìý | Жетип барды кырына, |
| Ìý | Ìý | Айтып турду мындай деп: |
| Ìý | Ìý | «Ой сүйүнчү, сүйүнчү, |
| 780 | Ìý | Бакырыгы баш жарып, |
| Ìý | Ìý | Кыйкырыгы таш жарып, |
| Ìý | Ìý | Колундагы баягы, |
| Ìý | Ìý | Доолбосту бир уруп, |
| Ìý | Ìý | Айланайын байым,— деп, |
| 785 | Ìý | Ой жоголордо байбичең, |
| Ìý | Ìý | Жолборс тапты сүйүнчү! |
| Ìý | Ìý | Эриккенде байбичең, |
| Ìý | Ìý | Эркек тапты сүйүнчү! |
| Ìý | Ìý | Каарыганда байбичең, |
| 790 | Ìý | Каралды тапты сүйүнчү! |
| Ìý | Ìý | Ой сүйүнчү, сүйүнчү! |
| Ìý | Ìý | Сүйүнчүм гана»,— деп, |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо Акбалта |
| Ìý | Ìý | Бай Жакыпка муну айтса, |
| 795 | Ìý | Ошо кезде бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | Карыш тартып кулагы, |
| Ìý | Ìý | Кана кайталачы дагы,— деп, |
| Ìý | Ìý | Мына ошентип алганда, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде Акбалта, |
| 800 | Ìý | Жакын келди бастырып, |
| Ìý | Ìý | А бай Жакыпка муну айтат: |
| Ìý | Ìý | «Айланайын байым,— деп, |
| Ìý | Ìý | Жоголоордо байбичең, |
| Ìý | Ìý | Жолборс тапты сүйүнчү! |
| 805 | Ìý | Каарыганда байбичең, |
| Ìý | Ìý | Кабылан тапты сүйүнчү! |
| Ìý | Ìý | Эриккенде байбичең, |
| Ìý | Ìý | Эрмек тапты сүйүнчү! |
| Ìý | Ìý | Айланайын байым»,— деп, |
| 810 | Ìý | Мына ошондо Акбалта, |
| Ìý | Ìý | Айтып турса Жакыпка, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Кудайымдын бергени, |
| 815 | Ìý | Жаратканым жалга,— деп, |
| Ìý | Ìý | Жараткан жалгыз мен жалгыз, |
| Ìý | Ìý | Менден калган бул жалгыз, |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошондо кудайым, |
| Ìý | Ìý | Өзү Кудай жалында, |
| 820 | Ìý | Ошо кезде бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Атадан калган тулпары, |
| Ìý | Ìý | Тору-Чаарды минген дейт, |
| Ìý | Ìý | Томуктай болгон булдурсун, |
| 825 | Ìý | Эми Томукту көздөй урду,— дейт, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде жарыктык, |
| Ìý | Ìý | Тоо аралап жүрдү,— дейт, |
| Ìý | Ìý | Өзү турган айылы, |
| Ìý | Ìý | Айылына келди,— дейт, |
| 830 | Ìý | Күн эки күн жол жүрүп, |
| Ìý | Ìý | Ат аябай мол жүрүп, |
| Ìý | Ìý | Жакын келип айылга, |
| Ìý | Ìý | Бакырыгы баш жарды, |
| Ìý | Ìý | Айланайын балам,— деп, |
| 835 | Ìý | Аман берсең бэргин,— деп, |
| Ìý | Ìý | Мына ошентип айтканда, |
| Ìý | Ìý | Үйдөн чыгып Акчайым, |
| Ìý | Ìý | Сүйүнчүңүз канаке, |
| Ìý | Ìý | Ой сүйүнчү, сүйүнчү, |
| 840 | Ìý | Ээриккенде байбичең, |
| Ìý | Ìý | Эркек тапты сүйүнчү! |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошентип турганда, |
| Ìý | Ìý | Жоо душманга күйүнчү, |
| Ìý | Ìý | Жакындарга сүйүнчү! |
| 845 | Ìý | Деп,— ошентип турганда, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | Үстүндөгү баягы атынын, |
| Ìý | Ìý | Күмүш каңкы ээр токумду, |
| Ìý | Ìý | Ошону гана чечип берди эми, |
| 850 | Ìý | Сүйүнчүңө ушул,— деп, |
| Ìý | Ìý | Арты гана болсун тулпар,— деп, ооо, |
| Ìý | Ìý | Жакын келип бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | Он эки канат өөргөгө, |
| Ìý | Ìý | Кирбей баш багып, |
| 855 | Ìý | Ошо кезде караса, |
| Ìý | Ìý | Кайран энең Чыйырды, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Чыйырды жайын сураба, |
| Ìý | Ìý | Чыйырды жайын сурасаң, |
| 860 | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Айласын таппай кыйналып, |
| Ìý | Ìý | Жаткан экен бул ирет, |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо Чыйырды, |
| Ìý | Ìý | Баласын бекем кучактап, |
| 865 | Ìý | Сол эмчегин салганы, |
| Ìý | Ìý | Сол эмчегин салганда, |
| Ìý | Ìý | Оболкусу сүт чыгып, |
| Ìý | Ìý | Экинчиси суу чыгып, |
| Ìý | Ìý | Үчүнчүсү кан чыгып, |
| 870 | Ìý | Байбичеден кан чыгып, |
| Ìý | Ìý | Жаны кейип турганда, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | Жакын келип кудурет, |
| Ìý | Ìý | Ушу турган баягы, |
| 875 | Ìý | Булдурсунун колго алып, |
| Ìý | Ìý | Чекесине тийгизип, |
| Ìý | Ìý | Коркурата бир жыттап, |
| Ìý | Ìý | Аман болсун бала,— деп, |
| Ìý | Ìý | Оо жараткан кудурет, |
| 880 | Ìý | Өмүрүң узун болсун,— деп, |
| Ìý | Ìý | Ушул узун өмүрдө, |
| Ìý | Ìý | Бакыт-таалай болсун,— деп, |
| Ìý | Ìý | Астына так болуп, |
| Ìý | Ìý | Кылган иши ак болуп, |
| 885 | Ìý | Жаратканым жалгасын, |
| Ìý | Ìý | Умай эне уласын, |
| Ìý | Ìý | Алтай ээси колдосун, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Жол атасы Жол Акмат, |
| 890 | Ìý | Жол Акмат дайым жолдосун, |
| Ìý | Ìý | Кол атасы Кол Акмат, |
| Ìý | Ìý | Дайым муну колдосун, |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошентип айтканда, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде сураба, |
| 895 | Ìý | Ошо кезде сурасаң, |
| Ìý | Ìý | Өзүң көргөн Чыйырды, |
| Ìý | Ìý | Айланайын байым,— деп, |
| Ìý | Ìý | Тоюна токсон соёлу, |
| Ìý | Ìý | Тоо башында топоз бар, |
| 900 | Ìý | Топоздон токсонду алдыртып, |
| Ìý | Ìý | Тоюна эми соёлу, |
| Ìý | Ìý | Жылгада жаткан жылкыдан, |
| Ìý | Ìý | Жетимишти соёлу, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| 905 | Ìý | Жэнтекти мыктап берели, |
| Ìý | Ìý | Айланайын байым,— деп, |
| Ìý | Ìý | Айтканындай болсун,— деп, |
| Ìý | Ìý | Жакын менен алысты, |
| Ìý | Ìý | Бери кел,— деп чакырып, |
| 910 | Ìý | Бай Жакып уулду болду,— деп, |
| Ìý | Ìý | Атын кандай коём,— деп, |
| Ìý | Ìý | Айласы кетип түгөнгөн, |
| Ìý | Ìý | Жаман менен жакшыны, |
| Ìý | Ìý | Алыс менен жакынды, |
| 915 | Ìý | Баарын бирдей чакырып, |
| Ìý | Ìý | Тогуз күнү той кылып, |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | Тогузунчу күнүндө, |
| Ìý | Ìý | Токтоналбай түгөнгүр, |
| 920 | Ìý | Эми кокуй кантем,— деп, |
| Ìý | Ìý | Баламдын аты кандай,— деп, |
| Ìý | Ìý | Атын кандай койсом,— деп, |
| Ìý | Ìý | Айласы кетип бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | Өөдө-төмөн көп басып, |
| 925 | Ìý | Мына ошентип турганда, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде сураба, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде сурасаң, |
| Ìý | Ìý | Өзүң көргөн баягы, |
| Ìý | Ìý | Кайыбынан кабылып, |
| 930 | Ìý | Ак сакалчан думана, |
| Ìý | Ìý | Өзү кудай жолунда, |
| Ìý | Ìý | Аса таяк колунда, |
| Ìý | Ìý | Кайыбынан кабылып, |
| Ìý | Ìý | Кайдан келди билбейбиз, |
| 935 | Ìý | Ошо кезде береги, |
| Ìý | Ìý | Жакын келип Жакыпка, |
| Ìý | Ìý | Берчи балаң колума, |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошентип думана, |
| Ìý | Ìý | Ала калып колуна, |
| 940 | Ìý | Көктү көздөй каратып, |
| Ìý | Ìý | “Аман болсун балаң!” — деп, |
| Ìý | Ìý | “Кундак боосу бек болсун! |
| Ìý | Ìý | Кылган иши ак болсун! |
| Ìý | Ìý | Астына минээр так болсун!” |
| 945 | Ìý | Деп,— ошондо жарыктык |
| Ìý | Ìý | Теңирим өзү тескесин, |
| Ìý | Ìý | Умай эне уласын, |
| Ìý | Ìý | Жаратканы жалгасын, |
| Ìý | Ìý | Узун болсун өмүрү, |
| 950 | Ìý | Ал өмүрдүн ичинде, |
| Ìý | Ìý | Бакыт берсин Кудайым, |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошентип думана, |
| Ìý | Ìý | Аты болсун «Манас» деп, |
| Ìý | Ìý | Кылган иши ак болсун |
| 955 | Ìý | Деп,— ошондо кудайым, |
| Ìý | Ìý | Өзүң көргөн думана, |
| Ìý | Ìý | Кайда экени билинбей, |
| Ìý | Ìý | Караса көзгө илинбей, |
| Ìý | Ìý | Кайып болду көрдүңбү? |
| 960 | Ìý | Муну көрүп бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | Аң-таң болду көрдүңбү? |
| Ìý | Ìý | Бармак тиштеп баш чайкап, |
| Ìý | Ìý | Кандай шумдук болду,— деп, |
| Ìý | Ìý | Аты «Манас» болду деп, |
| 965 | Ìý | «Манас» атка конду деп, |
| Ìý | Ìý | Азан айтып чакырып, |
| Ìý | Ìý | Кулагына шыбырап, |
| Ìý | Ìý | Жаратканга жалынып, |
| Ìý | Ìý | Жетимиш ата арбагын, |
| 970 | Ìý | Атын айтып чакырып, |
| Ìý | Ìý | Ата-бабам арбагы, |
| Ìý | Ìý | Ар качандан бир качан, |
| Ìý | Ìý | Арбагы колдоп жүрсүн,— деп, |
| Ìý | Ìý | Жаратканым жалгасын, |
| 975 | Ìý | Теңирим өзүң теске,— деп, |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | Кудай бетин салбай кал, |
| Ìý | Ìý | Жалпылардын алдына, |
| Ìý | Ìý | Баласын алып көтөрүп, |
| 980 | Ìý | А батаң алып тиледи, |
| Ìý | Ìý | Ооо Кудайым кылган иши экен, |
| Ìý | Ìý | Ошону менен бай Жакып, |
| Ìý | Ìý | «Манас» уулду болду,— деп, |
| Ìý | Ìý | Жакындарга «Манас» деп, |
| 985 | Ìý | Билбегенге аты деп, |
| Ìý | Ìý | Айта турган ушу кеп, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Чоң тентек болсун деп, |
| Ìý | Ìý | Ошону менен бай Жакып, |
| 990 | Ìý | Жарыя кылды жалпыга, |
| Ìý | Ìý | Жалпы кыргыз журтуна, |
| Ìý | Ìý | Кырк үйлүү түтүнгө, |
| Ìý | Ìý | Айтып турду күбүлө, |
| Ìý | Ìý | Айланайын кыргыздар, |
| 995 | Ìý | Айта турган ушу иш, |
| Ìý | Ìý | Ушу турган балам,— деп, |
| Ìý | Ìý | Баламын аты Манас болсун,— деп, |
| Ìý | Ìý | Билбегендин баарына, |
| Ìý | Ìý | Жоо душман касыма, |
| 1000 | Ìý | Аты болсун Тентек, |
| Ìý | Ìý | Деп,— ошентип айтканда, |
| Ìý | Ìý | Ошону менен баардыгы, |
| Ìý | Ìý | Антын берди Жакыпка, |
| Ìý | Ìý | Айтайын макул айтайын, |
| 1005 | Ìý | Айланайын кудурет, |
| Ìý | Ìý | Кол куушуруп баягы, |
| Ìý | Ìý | Кырк үйлүү кыргыз журт, |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде жарыктык, |
| Ìý | Ìý | Солбуй басып жүгүнүп, |
| 1010 | Ìý | Сол тизеден бүгүнүп, |
| Ìý | Ìý | Олбуй басып жүгүнүп, |
| Ìý | Ìý | Оң тизеден бүгүнүп, |
| Ìý | Ìý | Келин болуп жүгүнүп, |
| Ìý | Ìý | Баары берди антын,— дейт, |
| 1015 | Ìý | Бай Жакыптын өзүнө, |
| Ìý | Ìý | Карарган гана кара көзүнө. |