Doolot Sydykov - Transcription One
Ìý
D1
Doolot Sydykov, 'Birth of Manas', recorded 16 February 2018
Audiovisual recording by Kamila Baimuratova [availableÌý]
Transcription below by Alymkan Jeenbekova
Ìý
| Ìý | Ìý | Ээй Атаң Жакып кайгырып |
| Ìý | Ìý | Кара жандын өзүнөн |
| Ìý | Ìý | Кетүүчүдөй айрылып |
| Ìý | Ìý | Өөдө болосоң көлөктөп |
| 5 | Ìý | Ылдый болсо жөлөктөп |
| Ìý | Ìý | Ала сакал калганда |
| Ìý | Ìý | Алтымышка чукулап |
| Ìý | Ìý | Атакең Жакып барганда |
| Ìý | Ìý | Артында туяк жок болуп |
| 10 | Ìý | Мына ошондо атакең |
| Ìý | Ìý | Көпкө капа топтолуп |
| Ìý | Ìý | Көп кайгырып бөлүнүп |
| Ìý | Ìý | Эрдемсинген атаңдын |
| Ìý | Ìý | Көзүнөн жашы төгүлүп |
| 15 | Ìý | Көрүнгөндөн кеп угуп |
| Ìý | Ìý | Куу баш тагып деп угуп |
| Ìý | Ìý | Ар кимден айың кеп угуп |
| Ìý | Ìý | Ушул эки карыганда |
| Ìý | Ìý | Туяксыз болду деп угуп |
| 20 | Ìý | Атаңдын көрү бу дүйнө |
| Ìý | Ìý | Оо жараткан бу дүйнө |
| Ìý | Ìý | Кай жериңден жаздым деп |
| Ìý | Ìý | Жараткандын өзүнөн |
| Ìý | Ìý | Не күнө кылып салдым деп |
| 25 | Ìý | Жан-жаныбар макулук |
| Ìý | Ìý | Текши бала бердиң деп |
| Ìý | Ìý | Ушул эки жараткан |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо чоң үшкүл |
| Ìý | Ìý | Бу дүйнөдөн көрдүм деп |
| 30 | Ìý | Эсепсиз жыйган сан кара |
| Ìý | Ìý | Айдаса бүгүн дд |
| Ìý | Ìý | Жыйылып жаткан сан кара |
| Ìý | Ìý | Кыйкырса бир күн жолу ку |
| Ìý | Ìý | Аталап эми чыгарга |
| 35 | Ìý | Малды айдап жыйарга |
| Ìý | Ìý | Жалгыз туяк жок болду |
| Ìý | Ìý | Көңүл оору шок болду |
| Ìý | Ìý | Алоолонуп курган жан |
| Ìý | Ìý | Күйүп жүрө от болду |
| 40 | Ìý | Оо жараткан кудурет! |
| Ìý | Ìý | Кай жерден жаздым бул ирет |
| Ìý | Ìý | Айланайын жараткан |
| Ìý | Ìý | Бар экениң чын болсо |
| Ìý | Ìý | Он сегиз миң ааламга |
| 45 | Ìý | Кан экениң чын болсо |
| Ìý | Ìý | Отуз жүз миң опсуздун |
| Ìý | Ìý | Ушул эрки ааламды |
| Ìý | Ìý | Бийлегениң чын болсо |
| Ìý | Ìý | Ушул эрки жараткан |
| 50 | Ìý | Кара мүртөз жаманга |
| Ìý | Ìý | Ага да бала бердиң деп |
| Ìý | Ìý | Жамандык кылган жерим жок |
| Ìý | Ìý | Айланайын жараткан |
| Ìý | Ìý | Мага да бала бергин деп |
| 55 | Ìý | Өзөлөнүп көп ыйлап |
| Ìý | Ìý | Өзгөчө Жакып бек ыйлап |
| Ìý | Ìý | Топту көрсө баралбай |
| Ìý | Ìý | Додолонгон тобуна |
| Ìý | Ìý | Толукшуп кебин сала албай |
| 60 | Ìý | Жыйынды көрсө баралбай |
| Ìý | Ìý | Жыйылып турган жыйынга |
| Ìý | Ìý | Жылдыздуу кебин сала албай |
| Ìý | Ìý | Айла кетип үмөрүп |
| Ìý | Ìý | Акыл кетип түгөнүп |
| 65 | Ìý | Ошондо Жакып туруптур |
| Ìý | Ìý | Амалы кетип куруптур |
| Ìý | Ìý | Эрен Жакып атаңыз |
| Ìý | Ìý | Капаланып кайгырып |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо байбиче |
| 70 | Ìý | Атты токуп берчи деп |
| Ìý | Ìý | Канаң эми Бакдөөлөт |
| Ìý | Ìý | Экинчи ушул катыны |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо сурасаң |
| Ìý | Ìý | Эр Жакыптын жакыны |
| 75 | Ìý | Кымыз алып келчи деп |
| Ìý | Ìý | Экөөнү жумшап калыптыр |
| Ìý | Ìý | Айтып кебин салыптыр |
| Ìý | Ìý | Экөөң бир балага жарабай |
| Ìý | Ìý | Согончогуң канабай |
| 80 | Ìý | Кордук кылдың аябай |
| Ìý | Ìý | Өөдө болсом бүгүлүп |
| Ìý | Ìý | Карылык көзгө көрүнүп |
| Ìý | Ìý | Атанын жолун улантып |
| Ìý | Ìý | Аталар чыгар кубантып |
| 85 | Ìý | Мында туяк жок болду |
| Ìý | Ìý | - деп ошондо Жакыптын |
| Ìý | Ìý | Көңүлү күйүп от болду |
| Ìý | Ìý | Айтып кебин чунаңдап |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| 90 | Ìý | Экөөнү бирдей жемелеп |
| Ìý | Ìý | Кара жерди тебелеп |
| Ìý | Ìý | Эми жолго салыптыр |
| Ìý | Ìý | Жылкыга жүрүп алыптыр |
| Ìý | Ìý | Жылкыга бара жатканда |
| 95 | Ìý | Как ошондо сурасаң |
| Ìý | Ìý | Аземил суунун боюнда |
| Ìý | Ìý | А саздын берин боюнда |
| Ìý | Ìý | Үбүл токой жегинде |
| Ìý | Ìý | Үрмө суунун белинде |
| 100 | Ìý | Ошол кезде караса |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Түшүндө эмес өңүндө |
| Ìý | Ìý | Эр Жакыптын өзүнө |
| Ìý | Ìý | Көрүнгөн экен кырк бала |
| 105 | Ìý | Кырк баланы караса |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо сурасаң |
| Ìý | Ìý | Жайдак айгыр коштогон |
| Ìý | Ìý | Жал арыстан окшогон |
| Ìý | Ìý | Жаалданып киргенде |
| 110 | Ìý | Алдынан пенде тоспогон |
| Ìý | Ìý | Жалаң өңчөй тон кийген |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо тулпары |
| Ìý | Ìý | Жалаң бээ дөө ат минген |
| Ìý | Ìý | Азыр колдорунда шумкары |
| 115 | Ìý | Мына ошондо Жакыптын |
| Ìý | Ìý | Бара жаткан жолунда |
| Ìý | Ìý | Ордо атышып ойношуп |
| Ìý | Ìý | Ата кокуй кызыкты |
| Ìý | Ìý | Булар минтип салыптыр |
| 120 | Ìý | Жыйырмадан бөлүнүп |
| Ìý | Ìý | Кырктама чийип ордо атып |
| Ìý | Ìý | Эр Жакыптын көзүнө |
| Ìý | Ìý | Турган экен көрүнүп |
| Ìý | Ìý | Ал аңгыча караса |
| 125 | Ìý | Алтындан кылган тактада |
| Ìý | Ìý | Такты үстүндө пактада |
| Ìý | Ìý | Как ошондо сураса |
| Ìý | Ìý | Аю талпа как үстөн |
| Ìý | Ìý | Так ошонун үстүндө |
| 130 | Ìý | Мына ошондо зор бала |
| Ìý | Ìý | Кырк баладан чоң бала |
| Ìý | Ìý | Эки жагын каранып |
| Ìý | Ìý | Эрди мурду жаланып |
| Ìý | Ìý | Бир жагында караса |
| 135 | Ìý | Кара чаар кабылан |
| Ìý | Ìý | Капталында чамынат |
| Ìý | Ìý | Чоло көк жал арсылан |
| Ìý | Ìý | Жайнай басып бөлүнөт |
| Ìý | Ìý | Колдогону кырк бөөрү |
| 140 | Ìý | Аркасында көрүнөт |
| Ìý | Ìý | Алп кара куш зымырык |
| Ìý | Ìý | Төбөдөн бутун салыптыр |
| Ìý | Ìý | Ажыдаары маржылдан |
| Ìý | Ìý | Алды жакты тактанын |
| 145 | Ìý | Оролуп жатып алыптыр |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Ордо аткан оюнга |
| Ìý | Ìý | Как ошондо атакең |
| Ìý | Ìý | Эми келип кезикти |
| 150 | Ìý | Ошо кезде жанагы |
| Ìý | Ìý | Өз Жакыпты көргөндө |
| Ìý | Ìý | Кырк балаң оюн таштады |
| Ìý | Ìý | Аталап айтып баштады |
| Ìý | Ìý | Арыбаңыз ата деп |
| 155 | Ìý | Жалпы салам бергени |
| Ìý | Ìý | Жанына басып келди эми |
| Ìý | Ìý | Так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Бар болгула балдарым |
| Ìý | Ìý | - деп ошондо эр Жакып |
| 160 | Ìý | Булардын көзүн көргөнү |
| Ìý | Ìý | Балам деп айтып алыптыр |
| Ìý | Ìý | Как ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде эр Жакып |
| Ìý | Ìý | Балам менин жок эле |
| 165 | Ìý | - деп ошондо ойлонуп |
| Ìý | Ìý | Эми оюна Жакып алыптыр |
| Ìý | Ìý | Ал аңгыча караса |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Төөдөй болгон алтын так |
| 170 | Ìý | Алтын тактын үстүнөн |
| Ìý | Ìý | Ошондо бала жанагы |
| Ìý | Ìý | Түшкөн экен жүгүрүп |
| Ìý | Ìý | Алдына келди Жакыптын |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо сүйүндөп |
| 175 | Ìý | Азыркысын күлүңдөп |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо караса |
| Ìý | Ìý | Эми туруп кеп айтат |
| Ìý | Ìý | Ой атаке деп айтат |
| Ìý | Ìý | Ата десе Жакыптын |
| 180 | Ìý | Эт жүрөгү эзилип |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Эбегейиң эзилип |
| Ìý | Ìý | Эт жүрөгү кесилип |
| Ìý | Ìý | Эми не деп турат деп |
| 185 | Ìý | Жакып оюн жыйгыча |
| Ìý | Ìý | Жана кепти куруптур |
| Ìý | Ìý | Аталап айтып туруптур |
| Ìý | Ìý | Айланайын атаке! |
| Ìý | Ìý | Көп кайгыра бербеңиз |
| 190 | Ìý | Мына ошондо атаке |
| Ìý | Ìý | Тогуз айы толгондо |
| Ìý | Ìý | Тогуз күндүү болгондо |
| Ìý | Ìý | Үйүңдүн келем төрүнө |
| Ìý | Ìý | Төрөлүп ата келемин |
| 195 | Ìý | Ушуреки калкыңа |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо атаке |
| Ìý | Ìý | Эп этпей жардам беремин |
| Ìý | Ìý | Ушуреки кыргыздын |
| Ìý | Ìý | Аккан жашын тыямын |
| 200 | Ìý | Чачылганын жыямын |
| Ìý | Ìý | Айланайын атаке! |
| Ìý | Ìý | Ата болом өзүңө |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Бата болом сөзүңө |
| 205 | Ìý | Бала болом өзүңө |
| Ìý | Ìý | Айланайын атаке! |
| Ìý | Ìý | Көп кайгыга салбаңыз |
| Ìý | Ìý | Так ошондо бере көр |
| Ìý | Ìý | Азыр өзүңүздү кармаңыз |
| 210 | Ìý | Кайрылып үйгө барыңыз |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Көргөн менен билгенди |
| Ìý | Ìý | Жан кишиге билгизбей |
| Ìý | Ìý | Ата курмандыкты чалыңыз |
| 215 | Ìý | - деп ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Балаң айтып калыптыр |
| Ìý | Ìý | Аны көрүп алганда |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо эр Жакып |
| Ìý | Ìý | Акылынан таныптыр |
| 220 | Ìý | Эмне деп айтып жатат деп |
| Ìý | Ìý | Как ошондо караса |
| Ìý | Ìý | Эки көздөн аккан жаш |
| Ìý | Ìý | Ителгидей кайран күч |
| Ìý | Ìý | Жакыбың ирмебей көзгө жаш алып |
| 225 | Ìý | Сан санаага мат алып |
| Ìý | Ìý | Айтар көздөн такалып |
| Ìý | Ìý | Так ошондо сурасаң |
| Ìý | Ìý | Эми мындай кылып турганда |
| Ìý | Ìý | Амал кетип курганда |
| 230 | Ìý | Караса көзгө илинбей |
| Ìý | Ìý | Кайда экени билинбей |
| Ìý | Ìý | Кайып болду кырк бала |
| Ìý | Ìý | Кайып болуп кеткени |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| 235 | Ìý | Жылкыга эми барбастан |
| Ìý | Ìý | Үйүнө жакын кетти эми |
| Ìý | Ìý | Как ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Күгүм кире күн бата |
| Ìý | Ìý | Үйүнө барып жетти эми |
| 240 | Ìý | Как ошондо караса |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Кара карыш салынып |
| Ìý | Ìý | Жаратканга жалынып |
| Ìý | Ìý | Жайнай басып бөлүнүп |
| 245 | Ìý | Көзүнүн жашы төгүлүп |
| Ìý | Ìý | Эми жете барыптыр |
| Ìý | Ìý | Эми жете барганда |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Эки бирдей байбиче |
| 250 | Ìý | Чылбырынан алыптыр |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Атын байлай салыптыр |
| Ìý | Ìý | Үйүнө Жакып кириптир |
| Ìý | Ìý | Капаланып келгени |
| 255 | Ìý | Мына ошондо байбиче |
| Ìý | Ìý | Азыркысын билиптир |
| Ìý | Ìý | Сурабастан сурасаң |
| Ìý | Ìý | Как ошондо сурасаң |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо көлдөлөң |
| 260 | Ìý | Тура кантып абаңды |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо тушуна |
| Ìý | Ìý | Эми салып берди эле |
| Ìý | Ìý | Көлдөлөңдүн өзүнө |
| Ìý | Ìý | Эрен Жакып келди эле |
| 265 | Ìý | Көбөлөнүп жыгылды |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Жыгылганда Жакыпты |
| Ìý | Ìý | Уйкуга көзү илинди |
| Ìý | Ìý | Уктаганы билинди |
| 270 | Ìý | Уктап атып түш көрдү |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо эр Жакып |
| Ìý | Ìý | Бир көргөнүн үч көрдү |
| Ìý | Ìý | Үч көрбөсө нетиптир |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде береги |
| 275 | Ìý | Эми кайыптан гана аялы жетиптир уу |
| Ìý | Ìý | Ээ байбичем эмне болду деп |
| Ìý | Ìý | Уу как ошондо карасаң |
| Ìý | Ìý | Ээ кайдагары эр Жакып |
| Ìý | Ìý | Ойлоп койгон жери жок |
| 280 | Ìý | Оюн эми булары |
| Ìý | Ìý | Ээ толгоп койгон жери жок |
| Ìý | Ìý | Уйкуга көзү илинип |
| Ìý | Ìý | Уктаганы билинип |
| Ìý | Ìý | Как ошондо карасаң |
| 285 | Ìý | Ошо көргөн түшүндө |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо эр Жакып |
| Ìý | Ìý | Ээ чөлдө ара жатыптыр |
| Ìý | Ìý | Чөлдө ара жатканда |
| Ìý | Ìý | Как ошондо сурасаң |
| 290 | Ìý | Өрдөп ара жатыптыр |
| Ìý | Ìý | Өрдөп ара жаткканда |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо чоң чоку |
| Ìý | Ìý | Чолубайдан оң чоку |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 295 | Ìý | Кошкондо эми он чоку |
| Ìý | Ìý | Ааламга учу илинген |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Ааламда жок чокусу |
| Ìý | Ìý | Ошо жерден билинген |
| 300 | Ìý | Азыркысын караса |
| Ìý | Ìý | Чокунун эми үстүнө |
| Ìý | Ìý | Тайылбай Жакып барды эле |
| Ìý | Ìý | Эми чыгып алды эле |
| Ìý | Ìý | Чыгып барса жанагы |
| 305 | Ìý | Булуттан башы өтүптүр |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо Жакыптын |
| Ìý | Ìý | Күнгө башы жетиптир |
| Ìý | Ìý | Аягы жерде болуптур |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде береги |
| 310 | Ìý | Ээ так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Ааламга көзүн салыптыр |
| Ìý | Ìý | Бүтүн аалам баарысы |
| Ìý | Ìý | Эми Жакып көрүп алыптыр |
| Ìý | Ìý | Жакып көрүп алганда |
| 315 | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө |
| Ìý | Ìý | Жазып ийсе кучагы |
| Ìý | Ìý | Ааламды ороп жетиптир |
| Ìý | Ìý | Тоголоп бүткөн жер бети |
| Ìý | Ìý | Бүтүн курчап алыптыр |
| 320 | Ìý | Аны менен эр Жакып |
| Ìý | Ìý | Коюнуна салыптыр |
| Ìý | Ìý | Ал аңгыча караса |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Кайдан келди билбеймин |
| 325 | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Алтың көлдүн жээгинде |
| Ìý | Ìý | Кең Алтайдын бегинде |
| Ìý | Ìý | Так ошондо сурасаң |
| Ìý | Ìý | Алтың көлдүн беп жагы |
| 330 | Ìý | Бер жагы эмес мен жагы |
| Ìý | Ìý | Мен жагы эмес сен жагы |
| Ìý | Ìý | Так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү коюлган |
| Ìý | Ìý | Эре бериш чоюлган |
| 335 | Ìý | Маңжылынын мазарга |
| Ìý | Ìý | Так ошондо барыптыр |
| Ìý | Ìý | Экөөнү эми ээрчитип |
| Ìý | Ìý | Эми жолго салыптыр |
| Ìý | Ìý | Маңжылынын мазарга |
| 340 | Ìý | Ак боз менен алдырып |
| Ìý | Ìý | Ай туягын чалдырып |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Ата-бабаң арбакка |
| Ìý | Ìý | Ырым кылып койдуруп |
| 345 | Ìý | Ошо кезде береги |
| Ìý | Ìý | Тура колдуу болор деп |
| Ìý | Ìý | Кечээ күнү жолунда |
| Ìý | Ìý | Так ошондо кабылып |
| Ìý | Ìý | Кайыбынан табылып |
| 350 | Ìý | Эмне болуп кетти деп |
| Ìý | Ìý | Өңүмбү же түшүмбү |
| Ìý | Ìý | Көрүп аткан ишимби |
| Ìý | Ìý | Эмне болду кызык деп |
| Ìý | Ìý | Же болбосо ааламда |
| 355 | Ìý | Арта турган бузук деп |
| Ìý | Ìý | Же болбосо береги |
| Ìý | Ìý | Адамдын акылы жетпейт деп |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Пендеден эми момундай |
| 360 | Ìý | Айткан менен өтпөйт деп |
| Ìý | Ìý | Жан кишиге билгизбей |
| Ìý | Ìý | Курмандыкты чалды эле |
| Ìý | Ìý | Аны менен караса |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 365 | Ìý | Азыркысын моюнга |
| Ìý | Ìý | Так ошондо ал деген |
| Ìý | Ìý | Курмандыгын чал деген |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде ырымы |
| Ìý | Ìý | Эми Жакып кылыптыр |
| 370 | Ìý | Маңжылыны мазарга |
| Ìý | Ìý | Бала тилеп туруптур |
| Ìý | Ìý | Так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Жана тилеп туруптур |
| Ìý | Ìý | Жана эми кылыптыр |
| 375 | Ìý | Ата-бабаң арбагы |
| Ìý | Ìý | Ээ жараткан кудурет |
| Ìý | Ìý | деп ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Алты атабыз кан өткөн |
| Ìý | Ìý | Аалам журтка даң өткөн |
| 380 | Ìý | Жети атабыз кан өткөн |
| Ìý | Ìý | Жерге журтка даң өткөн |
| Ìý | Ìý | Тогуз атам кан өткөн |
| Ìý | Ìý | Толгон журтка даң өткөн |
| Ìý | Ìý | Ошолордун арбагы |
| 385 | Ìý | Жакшылыкка жолосо |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Эптеп тукумдарга уулу журтуу ушулар |
| Ìý | Ìý | Эми жалгыз эле туяк берсечи ууу |
| Ìý | Ìý | Тилегим эми келсечи |
| 390 | Ìý | Эээ деп ошондо ойлонуп |
| Ìý | Ìý | Албан түрлүү ой жооруп |
| Ìý | Ìý | Эми жолго салыптыр |
| Ìý | Ìý | Эми жолго салганда |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 395 | Ìý | Так ошондо караса |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү ордодо |
| Ìý | Ìý | Күгүм кире күн бата |
| Ìý | Ìý | Эки бирдей байбиче |
| Ìý | Ìý | Аян көрүп алыптыр |
| 400 | Ìý | Аян көрсө момундай |
| Ìý | Ìý | Аян көрүп алыптыр |
| Ìý | Ìý | Так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Таң агарып атканда |
| 405 | Ìý | Чыйырды туруп кеп айтат |
| Ìý | Ìý | Ооо байым деп айтат |
| Ìý | Ìý | Мен көргөндү көрдүңбү? |
| Ìý | Ìý | Мен билгенди билдиңби? |
| Ìý | Ìý | Мен туйганды туйдуңбу? |
| 410 | Ìý | Түндө жатып түш көрдүм |
| Ìý | Ìý | Ошондо кызык иш көрдүм |
| Ìý | Ìý | Ошо көргөн түшүмдө |
| Ìý | Ìý | Так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Аргай болгон ак боз үй |
| 415 | Ìý | Атаңдын көрү ак ордо |
| Ìý | Ìý | Ак ордонун ичине |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо көтөрүп |
| Ìý | Ìý | Эми кирип барыпмын |
| Ìý | Ìý | Ак өргөөнү жасадым |
| 420 | Ìý | Тогуз айы жасадым |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Ууктарын кынаптап |
| Ìý | Ìý | Алтын менен баталып |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 425 | Ìý | Ээй күмүш менен сырдаган |
| Ìý | Ìý | Көргөн адам ырдаган |
| Ìý | Ìý | Кирген адам жыргаган |
| Ìý | Ìý | Ошорээкин өргөөгө |
| Ìý | Ìý | Эми кирип мен барсам |
| 430 | Ìý | Тууруна кондурган |
| Ìý | Ìý | айдегесин болтурган |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Алп каракуш зымырык |
| Ìý | Ìý | Турган экен байланып |
| 435 | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Ошону кетпей айланып |
| Ìý | Ìý | Колума кондуруп |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү алыпмын |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| 440 | Ìý | Жакын көрүп калыпмын |
| Ìý | Ìý | Айланайын жарыктык |
| Ìý | Ìý | Алтымыш кулач коозу |
| Ìý | Ìý | Так ошондо тагыпмын |
| Ìý | Ìý | Эээ бул эмине болучу? |
| 445 | Ìý | деп ошондо калганы |
| Ìý | Ìý | Айтып эми салганы |
| Ìý | Ìý | Ал аңгыча карасам |
| Ìý | Ìý | Эшикке чыгып момундай |
| Ìý | Ìý | Ата кызык тамаша |
| 450 | Ìý | Жети бирдей момундай |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо боз үйдү |
| Ìý | Ìý | Азыр көрүп алгамын |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде береги |
| Ìý | Ìý | Ар бириндн кушу бар |
| 455 | Ìý | Көрүп турган ушу бар |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Төөрдөгү боз үйдү |
| Ìý | Ìý | Алп каракуш момундай |
| 460 | Ìý | Талпынып эми койгондо |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Башын ийет ушулар |
| Ìý | Ìý | Бөпөлөктөп үндөбөй |
| Ìý | Ìý | Так ошондо жанагы |
| 465 | Ìý | Жакшылыкка карасаң |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Эми жоруп койгомун |
| Ìý | Ìý | Ал эмине болучу? |
| Ìý | Ìý | - деп ошондо калганы |
| 470 | Ìý | Айтып кебин салганы |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Анда Жакып кеп айтат |
| Ìý | Ìý | Айланайын байбиче |
| Ìý | Ìý | Кызык экен деп айтат |
| 475 | Ìý | Канча күндөн бер карай |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Өңүмдө да түшүмдө |
| Ìý | Ìý | Аралашып ишимде |
| Ìý | Ìý | Эң кызыктуу иш көрдүм |
| 480 | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Мындан бир күн мурдараак |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо түш көрдүм |
| Ìý | Ìý | Бир көргөндү үч көрдүм |
| Ìý | Ìý | Бул эмине болчу деп |
| 485 | Ìý | Азыркысын бир куудай |
| Ìý | Ìý | Берейин деп калганбы? |
| Ìý | Ìý | Чоң кудайдан тилеген |
| Ìý | Ìý | Келейин деп калганбы? |
| Ìý | Ìý | Так ошондо барагы |
| 490 | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Калайыктын өзүнө |
| Ìý | Ìý | Айтып кепти салалы |
| Ìý | Ìý | - деп ошентип калыптыр |
| Ìý | Ìý | Айтып кебин салыптыр |
| 495 | Ìý | Ал аңгыча караса |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Ырас айтат байым деп |
| Ìý | Ìý | Түшүндүрдүр жайын деп |
| Ìý | Ìý | Так ошондо сурасаң |
| 500 | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Эми байбиче буйрук берди эле |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде жанагы |
| Ìý | Ìý | Тогуз бирдей жылкыны |
| Ìý | Ìý | Азыркысын алдыр деп |
| 505 | Ìý | Ай туягын чалдыр деп |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде жанагы |
| Ìý | Ìý | Ат улуунун баарысын |
| Ìý | Ìý | Аксакалдап жыйдыр деп |
| Ìý | Ìý | Калаганын кылдыр деп |
| 510 | Ìý | Ошо кезде жанагы |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Жетим менен жесирди |
| Ìý | Ìý | Бир тойгузуп салгың деп |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| 515 | Ìý | Азыркысын карасаң |
| Ìý | Ìý | Аксакалдын баарына |
| Ìý | Ìý | Кээ бирөөнүн сөзүндө |
| Ìý | Ìý | Кээ бирөөнүн оозунда |
| Ìý | Ìý | Кээ бирөөнүн деминде |
| 520 | Ìý | Кээ бирөөнүн кеминде |
| Ìý | Ìý | Так ошондо сурасаң |
| Ìý | Ìý | Айтып эми берели |
| Ìý | Ìý | Жакшылыкка жоруса |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде тилеги |
| 525 | Ìý | Оңдоп чыгып калар деп |
| Ìý | Ìý | Жакшылыкка ушуну |
| Ìý | Ìý | Жолдоп чыгып алар деп |
| Ìý | Ìý | Айтып кебин салыптыр |
| Ìý | Ìý | Айтып аны калыптыр |
| 530 | Ìý | Ал аңгыча караса |
| Ìý | Ìý | Бадалбайга чаптырып |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо айттырып |
| Ìý | Ìý | Тогуз бирдей жылкыны |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү алдырып |
| 535 | Ìý | Ай туягын чалдырып |
| Ìý | Ìý | Кызыл канга малдырып |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Ошолрээки жанагы |
| Ìý | Ìý | Алтайлыкка барганда |
| 540 | Ìý | Кырк уруу кыргыз эл эле |
| Ìý | Ìý | Кырк түтүн эми кем эле |
| Ìý | Ìý | Азыркысын сурасаң |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Аксакалдын баарынан |
| 545 | Ìý | Ак аксакал карыдан |
| Ìý | Ìý | Эми жыйылткан экен ушундан уу |
| Ìý | Ìý | Ак сакалдын эр келип |
| Ìý | Ìý | Ээй эчендеген шер келип |
| Ìý | Ìý | Ак аксакал бөлүнгөн |
| 550 | Ìý | Көк аксакал көрүнгөн |
| Ìý | Ìý | Узун кулак карыдан |
| Ìý | Ìý | Узун сакал баарынан |
| Ìý | Ìý | Ак сакалдуу демдүүдөн |
| Ìý | Ìý | Жазы жаак жалпак тил |
| 555 | Ìý | Жумуру баштуу чеченден |
| Ìý | Ìý | Көптү көргөн көсөмдөн |
| Ìý | Ìý | Жеке чыгаар жарыштан |
| Ìý | Ìý | Көптү билген даанышман |
| Ìý | Ìý | Так ошондо карыдан |
| 560 | Ìý | Эрениң Жакып жыйдырды |
| Ìý | Ìý | Жыйдырганын кылдырды |
| Ìý | Ìý | Как ошондо туруптур |
| Ìý | Ìý | Эми мындай кылыптыр |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 565 | Ìý | Ылайыктуу иш болду |
| Ìý | Ìý | Түндө көргөн түш болду |
| Ìý | Ìý | - деп ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Ашын тартып болтуруп |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| 570 | Ìý | Оюн айтып олтуруп |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Айтар кептен шашпады |
| Ìý | Ìý | Сарпайыдан кийгизип |
| Ìý | Ìý | Жер кетпеген жоргодон |
| 575 | Ìý | Ар бирине мингизип |
| Ìý | Ìý | Ок өтпөгөн торкодон |
| Ìý | Ìý | Ар бирине кийгизип |
| Ìý | Ìý | Андан кийин сурасаң |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| 580 | Ìý | Ай туяк эми Жамбыдан |
| Ìý | Ìý | Колуна кармап бердирип |
| Ìý | Ìý | Ойдогусун келтирип |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Кызый-кызый кеп чыгып |
| 585 | Ìý | Сылый-сылай сөз чыгып |
| Ìý | Ìý | Андан кийин олтуруп |
| Ìý | Ìý | Ой бойуна толтуруп |
| Ìý | Ìý | Сызылтып кымыз ичишип |
| Ìý | Ìý | Так ошондо жанагы |
| 590 | Ìý | Кийген ичип чечишип |
| Ìý | Ìý | Кеп кызыгып калганда |
| Ìý | Ìý | Кадимкидей тамылжып |
| Ìý | Ìý | Эт ысышып калганда |
| Ìý | Ìý | Айтар кептен шашпады |
| 595 | Ìý | Эми Жакып баштады |
| Ìý | Ìý | Айланайын карылар |
| Ìý | Ìý | Калк бийлеген баарыңар |
| Ìý | Ìý | Айта турган кебим бар |
| Ìý | Ìý | Келтире турган эбим бар |
| 600 | Ìý | Эки бирде байбиче |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо түш көрдү |
| Ìý | Ìý | Ага чейин эр Жакып |
| Ìý | Ìý | Бир көргөнүн үч көрдү |
| Ìý | Ìý | Ошону жооруп бергиле |
| 605 | Ìý | Ынайыктуу түш болсо |
| Ìý | Ìý | Дегениңе көнөйүн |
| Ìý | Ìý | Сураганың берейин |
| Ìý | Ìý | Түштүн башы казандай |
| Ìý | Ìý | Мойнуң ичке кылдай дейт |
| 610 | Ìý | Кайсы жакка жоруса |
| Ìý | Ìý | Ошол жакка кетичү |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Ылайыктуу түш кылып |
| Ìý | Ìý | Ошо жакшы иш кылып |
| 615 | Ìý | Эми жоруп бергиле |
| Ìý | Ìý | - деп ошондо калганы |
| Ìý | Ìý | Айтып кебин салганы |
| Ìý | Ìý | Ырас айтат макул деп |
| Ìý | Ìý | Ушунукун акыл деп |
| 620 | Ìý | Как ошондо сурасаң |
| Ìý | Ìý | Ак Балта баштап кары бар |
| Ìý | Ìý | Так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Ногойдон чалы дагы бар |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү Ошпурбай |
| 625 | Ìý | Жылкычысы Бадалбай |
| Ìý | Ìý | Ары жагын сурасаң |
| Ìý | Ìý | Эчендеген кары бар |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү Жамагат |
| 630 | Ìý | Жамагаттан Саламат |
| Ìý | Ìý | Ошол келген чагы бар |
| Ìý | Ìý | Эним баары дагы бар |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Биз билбеген канча бар |
| 635 | Ìý | Отурган экен аксакал |
| Ìý | Ìý | Ак сакалдуу баарыдан |
| Ìý | Ìý | Ошол кезде эр Жакып |
| Ìý | Ìý | Түшүн айтып таштады |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| 640 | Ìý | Жорур киши жок болуп |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо баарысы |
| Ìý | Ìý | Калган экен токтолуп |
| Ìý | Ìý | Токтолуп турган кезинде |
| Ìý | Ìý | Аш бышымдай аңгырап |
| 645 | Ìý | Кеп табалбай каңгырап |
| Ìý | Ìý | Канаке эми айтчы деп |
| Ìý | Ìý | Бирин-бири жөлөшүп |
| Ìý | Ìý | Бирин-бири сөздөшүп |
| Ìý | Ìý | Бирин-бири көздөшүп |
| 650 | Ìý | Турган экен момундай |
| Ìý | Ìý | Амал кетип алдырап |
| Ìý | Ìý | Турган экен момундай |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде береги |
| Ìý | Ìý | Оозуна кеп келип |
| 655 | Ìý | Оо сөз кайыптын иши деп |
| Ìý | Ìý | Жараткандын күчү деп |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо дем берип |
| Ìý | Ìý | Ак Балта сөзүн баштады |
| Ìý | Ìý | Айтар кептен шашпады |
| 660 | Ìý | Айланайын калайык |
| Ìý | Ìý | Ылайыктуу кеп болсо |
| Ìý | Ìý | Калайыкка эп болсо |
| Ìý | Ìý | Ушу түштү жоруюн |
| Ìý | Ìý | Оңдоптур кудай ишиңди |
| 665 | Ìý | Бериптир оңду түшүңдү |
| Ìý | Ìý | Мындай түштү жанагы |
| Ìý | Ìý | Адамзат жаралып |
| Ìý | Ìý | Көрбөсө керек мындайды |
| Ìý | Ìý | Тартпа Жакып муң кайгы |
| 670 | Ìý | Так ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Ошол кезде чөл бүтүп |
| Ìý | Ìý | Чөл бүткөндө өр бүтүп |
| Ìý | Ìý | Андан чыгып барыңыз |
| Ìý | Ìý | Андан чыгып барганда |
| 675 | Ìý | Чокуга чыгып алганда |
| Ìý | Ìý | Жоболоңуз өсөт кен |
| Ìý | Ìý | Тилегениң бек көктөп |
| Ìý | Ìý | Жаратканга жетет кен |
| Ìý | Ìý | Айланайын чокуга |
| 680 | Ìý | Так ошондо барганда |
| Ìý | Ìý | Жерди эми алганда |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо эр Жакып |
| Ìý | Ìý | Бериптир кудай түшүңдү |
| Ìý | Ìý | Келтириптир момундай |
| 685 | Ìý | Оңунан эми ишиңди |
| Ìý | Ìý | Ай ааламдын өзүнөн |
| Ìý | Ìý | Арта турган эр келет |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Жер ааламдын өзүнөн |
| 690 | Ìý | Артыгыраак шер келет |
| Ìý | Ìý | Ушулэрек балаңыз |
| Ìý | Ìý | Жакшылап эми караңыз |
| Ìý | Ìý | Так ошондо сурасаң |
| Ìý | Ìý | Тогуз кабат асмандан |
| 695 | Ìý | Толуп түшкөн жанагы |
| Ìý | Ìý | Ойдогунун баарысы |
| Ìý | Ìý | Болуп түшкөн береги |
| Ìý | Ìý | Алп каракуш зымырык |
| Ìý | Ìý | Айланып учуп алганы |
| 700 | Ìý | Айды жаап калганы |
| Ìý | Ìý | Сол канаты күндү жаап |
| Ìý | Ìý | Аягы жерге жеткени |
| Ìý | Ìý | Башы көккө кеткени |
| Ìý | Ìý | Айың менен күнүңдүн |
| 705 | Ìý | Бир өзүнөн бүткөндөй |
| Ìý | Ìý | Асман менен жериңдин |
| Ìý | Ìý | Тиресинен бүткөндөй |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Ата кокуй дүнүйө! |
| 710 | Ìý | Арта турган эр келет |
| Ìý | Ìý | Ааламдын өзүнөн |
| Ìý | Ìý | Артыгыраак шер келет |
| Ìý | Ìý | Айланайын кулунум |
| Ìý | Ìý | Ээ бериптир кудай ишиңди |
| 715 | Ìý | Келтириптир оңунан |
| Ìý | Ìý | Так ошондо түшүңдү |
| Ìý | Ìý | Тогуз кабат асманда |
| Ìý | Ìý | Так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Толгон күчтүн баарысы |
| 720 | Ìý | Колдоп түшөт турбайбы |
| Ìý | Ìý | Ажыдаар чыгып жериңден |
| Ìý | Ìý | Жети кабат тегиңден |
| Ìý | Ìý | Так ошондо келгени |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 725 | Ìý | Жети кабат кара жер |
| Ìý | Ìý | Кара жердин өзүнө |
| Ìý | Ìý | Кайыбынын баарысы |
| Ìý | Ìý | Каптап чыгат турбайбы |
| Ìý | Ìý | Ата кокуй дүнүйө! |
| 730 | Ìý | Жети кабат кара жер |
| Ìý | Ìý | Астындагы алп эрлер |
| Ìý | Ìý | Колдоп чыгат турбайбы |
| Ìý | Ìý | Жакшылыкка ушуну |
| Ìý | Ìý | Жолдоп чыгат турбайбы |
| 735 | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Ажыдаар үстүнө |
| Ìý | Ìý | Колдоп эми калганы |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Ушу кезде береги |
| 740 | Ìý | Кара чаар кабылан |
| Ìý | Ìý | Чолок көр жар арыслан |
| Ìý | Ìý | Ушул жел кайыптын баарынан |
| Ìý | Ìý | Колдоп жүргөн улуу күч |
| Ìý | Ìý | Эми жакшылыкка бурулар |
| 745 | Ìý | Ааламга гана даңкың угулаар уу |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо кырк бөрү |
| Ìý | Ìý | Ушу кырк атаң өткөн кыргыздын |
| Ìý | Ìý | Колдогонуң эмеспи |
| Ìý | Ìý | Жакшылыкка кырк атаң |
| 750 | Ìý | Жолдогонуң эмеспи |
| Ìý | Ìý | Кырк уруу кыргыз мура журт |
| Ìý | Ìý | Сыйынып келет турбайбы |
| Ìý | Ìý | Бир өзүңдүн артыңдан |
| Ìý | Ìý | Жыйылып келет турбайбы |
| 755 | Ìý | Айланайын Жакыбым! |
| Ìý | Ìý | Мындай түштү жанагы |
| Ìý | Ìý | Аалам пенде жаралып |
| Ìý | Ìý | Көрбөсө керек адамдан |
| Ìý | Ìý | Ото кокуй дүнүйө! |
| 760 | Ìý | Улуулата кеп салсаң |
| Ìý | Ìý | Уламалуу кеп салсаң |
| Ìý | Ìý | Так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Так ошондо сураса |
| 765 | Ìý | Көкө теңир жараткан |
| Ìý | Ìý | Адам болуп кубулуп |
| Ìý | Ìý | Көктөн жерге куюлуп |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо сурасаң |
| Ìý | Ìý | Маналуу болуп келүүчү |
| 770 | Ìý | Бир өзүңө берүүчү |
| Ìý | Ìý | Жараткандын ар белги |
| Ìý | Ìý | Жакшылыкка жолдоптур |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Отуз үч жүз миң ааламда |
| 775 | Ìý | Ошо кезде береги |
| Ìý | Ìý | Кайып үстү баарысы |
| Ìý | Ìý | Эми бул баланы колдоп |
| Ìý | Ìý | Туулалек кезинде |
| Ìý | Ìý | Туура чыгат жолунан |
| 780 | Ìý | Төрөлөлек кезинде |
| Ìý | Ìý | Как ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Арта чыгат оюңдан |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Айланайын эр Жакып |
| 785 | Ìý | Ошол чыгат боюңдан |
| Ìý | Ìý | - деп ошондо Ак Балта |
| Ìý | Ìý | Кебин айтып эңгиреп |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде береги |
| Ìý | Ìý | Эс табалбай кеңгиреп |
| 790 | Ìý | Оо булуң туруп калыптыр |
| Ìý | Ìý | Ал аңгыча Бердике |
| Ìý | Ìý | Сөзүн улап салыптыр |
| Ìý | Ìý | Маңдайында көрүнүп |
| Ìý | Ìý | Эми элеси кетсе бөлүнүп |
| 795 | Ìý | Мына ошондо Чыйырды |
| Ìý | Ìý | Ушурээки байбиче |
| Ìý | Ìý | Ошол тууйт баланы |
| Ìý | Ìý | Ата кокуй дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Көрүнгөнү момундай |
| 800 | Ìý | Ошонун эми карааны |
| Ìý | Ìý | Так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Байбичеңдин түшү экен |
| Ìý | Ìý | Ээ так ошондо сурасаң |
| Ìý | Ìý | Ээ көрүп аткан иш экен |
| 805 | Ìý | Андан кийин карасаң |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Алп каракуш болгону |
| Ìý | Ìý | Ата кокуй дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Ак өргөөнүн ичине |
| 810 | Ìý | Желпингенде толгону |
| Ìý | Ìý | Ушу байбиченин баласы |
| Ìý | Ìý | Арта тулуп эр болот |
| Ìý | Ìý | Телегейи тең болот |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо береги |
| 815 | Ìý | Азыркысын карасаң |
| Ìý | Ìý | Андан кийин жанагы |
| Ìý | Ìý | Кардай болгон ак боз үй |
| Ìý | Ìý | Жетөө бирдей тигилип |
| Ìý | Ìý | Ар бирине куш конгон |
| 820 | Ìý | Так ошондо туш болгон |
| Ìý | Ìý | Андан кийин жанагы |
| Ìý | Ìý | Бакдөөлөт тууйт жети уул |
| Ìý | Ìý | Так ошондо келер деп |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| 825 | Ìý | Тилегенин берер деп |
| Ìý | Ìý | Азыркысын карасаң |
| Ìý | Ìý | Аганын жолун улантаар |
| Ìý | Ìý | Баскан жерин кубантаар |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо береги |
| 830 | Ìý | Жети уул болор деп |
| Ìý | Ìý | Жергеси менен толор деп |
| Ìý | Ìý | Айтып эми калыптыр |
| Ìý | Ìý | Азыркынын баарысы |
| Ìý | Ìý | Бата кылып калыптыр |
| 835 | Ìý | Оңдоптур кудай ишиңди |
| Ìý | Ìý | Келтириптир түшүңдү |
| Ìý | Ìý | Жараткан эми жар болсо |
| Ìý | Ìý | Ата-бабаң арбагы |
| Ìý | Ìý | Көз алдыңда колдосо |
| 840 | Ìý | Оңдоп берсин оңунан |
| Ìý | Ìý | Мына эми берсин чоңунан |
| Ìý | Ìý | Так ошондо тилеги |
| Ìý | Ìý | Муң зарыңар келсин деп |
| Ìý | Ìý | Тилекти эми берсин деп |
| 845 | Ìý | Жалгыз болсо шер болсун |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Ааламдан артыкча |
| Ìý | Ìý | Арта турган эр болсун |
| Ìý | Ìý | - деп ошондо баарысы |
| 850 | Ìý | Бата кылып калыптыр |
| Ìý | Ìý | Аркан жазып алыптыр |
| Ìý | Ìý | Аны менен караса |
| Ìý | Ìý | Сүйүнүшүп калыптыр |
| Ìý | Ìý | Жооруп эми берди деп |
| 855 | Ìý | Ылайыгы келди деп |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде карасаң |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Жаагың эми момундай |
| Ìý | Ìý | Жербеген жорго мингизип |
| 860 | Ìý | Мына ошондо эр Жакып |
| Ìý | Ìý | Сый урматын билгизип |
| Ìý | Ìý | Жетиден жамбы бериптир |
| Ìý | Ìý | Так ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Алтындаган сарпайын |
| 865 | Ìý | Эми алып келиптир |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде жанагы |
| Ìý | Ìý | Түшүңөр эми түш келсин |
| Ìý | Ìý | Түш болбой эми түш болсун! |
| Ìý | Ìý | Оңунан чыккан иш болсун |
| 870 | Ìý | - деп ошондо баарысы |
| Ìý | Ìý | Батасын кылып салганы |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Эми Жакып мында калганы |
| Ìý | Ìý | Ай артынан күн өтүп |
| 875 | Ìý | Ай караңгы түн өтүп |
| Ìý | Ìý | Күн артынан күн өтүп |
| Ìý | Ìý | Күн караңгы түн өтүп |
| Ìý | Ìý | Так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Байбиченин боюна |
| 880 | Ìý | Как ошондо караса |
| Ìý | Ìý | Бала кирип калыптыр |
| Ìý | Ìý | Бала кирсе момундай |
| Ìý | Ìý | Даана кирип калыптыр |
| Ìý | Ìý | Тар курсагы чоюлуп |
| 885 | Ìý | Баскан сайын чоюлуп |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Баскан жериң оюлуп |
| Ìý | Ìý | Ата кокуй дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Үч айга эми толуптур |
| 890 | Ìý | Төрт ай алык болуптур |
| Ìý | Ìý | Байбиченин өзүнө |
| Ìý | Ìý | Толгоо кирип калыптыр |
| Ìý | Ìý | Толгоо кирсе неткени |
| Ìý | Ìý | Как ошондо жанагы |
| 895 | Ìý | Талгак болуп кетти эми |
| Ìý | Ìý | Азыркысын караса |
| Ìý | Ìý | Күсөгөнү табылбай |
| Ìý | Ìý | Ойлогону кабылбай |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 900 | Ìý | Эмине болуп кетер деп |
| Ìý | Ìý | Аш тамагын жайлатып |
| Ìý | Ìý | Дасторконун жайнатып |
| Ìý | Ìý | Бал шекерге карабай |
| Ìý | Ìý | Башка тамак жарабайт |
| 905 | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Жесем деп жолборс жүрөгүн |
| Ìý | Ìý | Андан бөлөк самабай |
| Ìý | Ìý | Так ошондо байбиче |
| Ìý | Ìý | Ээ адаланып басыптыр |
| 910 | Ìý | Как ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Чалкасынан жатыптыр |
| Ìý | Ìý | Өйдө болуп жүрө албай |
| Ìý | Ìý | Өйдөп жолгот кире албай |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 915 | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Өңүнөн азып байбиче |
| Ìý | Ìý | Так ошондо сурасаң |
| Ìý | Ìý | Бүбү менен бакшынын |
| Ìý | Ìý | Жаман менен жакшынын |
| 920 | Ìý | Алып келип койдуруп |
| Ìý | Ìý | Ойдогусун болдуруп |
| Ìý | Ìý | Алар эсин табалбай |
| Ìý | Ìý | Амал кетип алдырап |
| Ìý | Ìý | Айла түгөп шалдырап |
| 925 | Ìý | Как ошондо туруптур |
| Ìý | Ìý | Амалы кетип куруптур |
| Ìý | Ìý | Ал аңгыча караса |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо чоң мерген |
| 930 | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде береги |
| Ìý | Ìý | Эрениң эми эр Жакып |
| Ìý | Ìý | Жетимишин жыйдырды |
| Ìý | Ìý | Каалаганын кылдырды |
| 935 | Ìý | Ар биринен сурасаң |
| Ìý | Ìý | Сураганын берем деп |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде жанагы |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде Жакыптын |
| Ìý | Ìý | Алтыны алты там болгон |
| 940 | Ìý | Эсепсиз мунуң бай болгон |
| Ìý | Ìý | Жерге батпай момундай |
| Ìý | Ìý | Төр түүлүгү жайнаган |
| Ìý | Ìý | Как ошондо сурасаң |
| Ìý | Ìý | Жетимиш эми мергенди |
| 945 | Ìý | Туш-тушуна чаптырып |
| Ìý | Ìý | Как ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Жолборс атып алгын деп |
| Ìý | Ìý | Как ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Атып келе калгын деп |
| 950 | Ìý | Эми кабар айттырды |
| Ìý | Ìý | Как ошондо барыптыр |
| Ìý | Ìý | Жети күнгө жетпестен |
| Ìý | Ìý | Жети жолборс жүрөгүн |
| Ìý | Ìý | Атып келе калыптыр |
| 955 | Ìý | Как ошондо неткени |
| Ìý | Ìý | Азыркысын кеткеми |
| Ìý | Ìý | Жолборсттун эми жүрөгүн |
| Ìý | Ìý | Байбичең эми жалмады |
| Ìý | Ìý | Жеп эми калыптыр |
| 960 | Ìý | Анда дагы талгагы |
| Ìý | Ìý | Талгагы кайдан канганы |
| Ìý | Ìý | Талгагың эми канбады |
| Ìý | Ìý | Жети күнү толгондо |
| Ìý | Ìý | Как ушундай болгондо |
| 965 | Ìý | Жолборсттун жүрөгүн |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Байбиченин башталды |
| Ìý | Ìý | Боюндагы күмөнү |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо байбиче |
| 970 | Ìý | Кайра жаман жүдөдү |
| Ìý | Ìý | Амал кетип алдырап |
| Ìý | Ìý | Как ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Амал кетип шалдырап |
| Ìý | Ìý | Как ошондо неткени |
| 975 | Ìý | Азыркысын берени |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Кайран эми эр Жакып |
| Ìý | Ìý | Казына оозун ачтырып |
| Ìý | Ìý | Карк алтынын чачтырып |
| 980 | Ìý | Бая жетимиш миңдей мергенди |
| Ìý | Ìý | Кайра жыйып келди эми |
| Ìý | Ìý | Сурагандын баарысын |
| Ìý | Ìý | Так ошондо берди эми |
| Ìý | Ìý | Баргылаң эми дагы да |
| 985 | Ìý | Так ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Бирден атып келгин деп |
| Ìý | Ìý | Таап алып момундай |
| Ìý | Ìý | Көк жалынан аткын деп |
| Ìý | Ìý | Жетөөсү эми барыптыр |
| 990 | Ìý | Тогуз көк жал бөөрүнүн |
| Ìý | Ìý | Эмиң атып алыптыр |
| Ìý | Ìý | Алып келип жүрөгүн |
| Ìý | Ìý | Байбиченин өзүнө |
| Ìý | Ìý | Эми берип салыптыр |
| 995 | Ìý | Аны дагы жегени |
| Ìý | Ìý | Как ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Эми талгагы мынтип каныптыр |
| Ìý | Ìý | Жети күнгө барганда |
| Ìý | Ìý | Талгагы кайра жаныптыр |
| 1000 | Ìý | Как ошондо неткени |
| Ìý | Ìý | Балакет басып кетти эми |
| Ìý | Ìý | Жинди болуп байбиче |
| Ìý | Ìý | Жеригенден жүдөдү |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо береги |
| 1005 | Ìý | Жарылчуудай жүрөгү |
| Ìý | Ìý | Азыркысын Жакыптын |
| Ìý | Ìý | Алы кетти алдырап |
| Ìý | Ìý | Эси кетти шалдырап |
| Ìý | Ìý | Жолборсттун жүрөгүн |
| 1010 | Ìý | Как ошондо күсөгөн |
| Ìý | Ìý | Жомокчунун кебинен |
| Ìý | Ìý | Санжыранын эбинен |
| Ìý | Ìý | Угуп эми жүрчү элем |
| Ìý | Ìý | Жолборсттун жүрөгүн |
| 1015 | Ìý | Жесең эми талгагы |
| Ìý | Ìý | Так ошондо басылат |
| Ìý | Ìý | Кабагың эми ачылат |
| Ìý | Ìý | Деп ошондо билчи элем |
| Ìý | Ìý | Жеген сайын ушунун |
| 1020 | Ìý | Талгагы жаман жанбастан |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Жалагыч жутуп алганбы |
| Ìý | Ìý | Же болбосо балакет |
| Ìý | Ìý | Ажалга эми калганбы |
| 1025 | Ìý | Келе электе бул бала |
| Ìý | Ìý | Так ошондо нетти деп |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде байбичем |
| Ìý | Ìý | Эбинен жаман кетти деп |
| Ìý | Ìý | Минте берип байбиче |
| 1030 | Ìý | Ажалы жетер бекен деп |
| Ìý | Ìý | Өлүп кетсе бекер деп |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде эр Жакып |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Балчылардын өзүнө |
| 1035 | Ìý | Балын эми тарттырып |
| Ìý | Ìý | Төлгөчүнүн өзүнө |
| Ìý | Ìý | Кабарын эми айттырып |
| Ìý | Ìý | Так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Далычы далы көрүшүп |
| 1040 | Ìý | Көралбай көзү союлуп |
| Ìý | Ìý | Кармагандын баарысы |
| Ìý | Ìý | Колу кетип чоюлуп |
| Ìý | Ìý | Амал кетип алдырап |
| Ìý | Ìý | Көралышпай жалдырап |
| 1045 | Ìý | Так ошондо турганда |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Амалы кетип курганда |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде сурасаң |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 1050 | Ìý | Капчалдын Ала-Тоосунда |
| Ìý | Ìý | Как ошондо сурасаң |
| Ìý | Ìý | Кайыпчынын оозунда |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Ата кокуй дүнүйө! |
| 1055 | Ìý | Ошо кезде Бадалбай |
| Ìý | Ìý | Бадалбайга барыптыр |
| Ìý | Ìý | Ак сакалчан думана |
| Ìý | Ìý | Как ошону сураба |
| Ìý | Ìý | Асмандан түшкөн чоң кыдыр |
| 1060 | Ìý | Эми келип алыптыр |
| Ìý | Ìý | Эбин таппай калды деп |
| Ìý | Ìý | Эби менен сурасаң |
| Ìý | Ìý | Кебин таппай калды деп |
| Ìý | Ìý | Так ошондо Жакыптын |
| 1065 | Ìý | Амалы кетип алдырап |
| Ìý | Ìý | Как ошондо бир өзү |
| Ìý | Ìý | Кеткен эле жалдырап |
| Ìý | Ìý | Эртерээк эми барсын деп |
| Ìý | Ìý | Азыркысын сураса |
| 1070 | Ìý | Ажыдаардын жүрөгүн |
| Ìý | Ìý | Таап алып келсин деп |
| Ìý | Ìý | Ошону менен сураса |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Ажыдаардын жүрөгүн |
| 1075 | Ìý | Жегенден эми талгагы |
| Ìý | Ìý | Так ошондо канат деп |
| Ìý | Ìý | Күсөөгөнү жанат деп |
| Ìý | Ìý | Мынтип айтып калыптыр |
| Ìý | Ìý | Айтып эми салыптыр |
| 1080 | Ìý | Как ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Ажыдаар кайдан табам деп |
| Ìý | Ìý | Эми кайда барам деп |
| Ìý | Ìý | Ажыдаар издеп тутулуп |
| Ìý | Ìý | Ажалга минтип момундай |
| 1085 | Ìý | Кете албай эми кутулуп |
| Ìý | Ìý | Балакетке каламбы |
| Ìý | Ìý | Эми кайдан табамбы |
| Ìý | Ìý | Же болбосо байбиче |
| Ìý | Ìý | Ажырап мындан каламбы |
| 1090 | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Байбиченин ичинде |
| Ìý | Ìý | Төрөлелек баласы |
| Ìý | Ìý | Жин шайтанбы адамбы |
| Ìý | Ìý | Эмине болгон шумдук деп |
| 1095 | Ìý | Эми кандай кылдык деп |
| Ìý | Ìý | Периден келген өзүбү |
| Ìý | Ìý | Же болбосо береги |
| Ìý | Ìý | Балакеттин көзүбү |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 1100 | Ìý | Эмине болгон шумдук деп |
| Ìý | Ìý | Эми кандай кылдык деп |
| Ìý | Ìý | Издей албай таба албай |
| Ìý | Ìý | Амалы кетип алдырап |
| Ìý | Ìý | Эси кетип жалдырап |
| 1105 | Ìý | Баягы жетимиш миңдей мергенчи |
| Ìý | Ìý | Баарың бирдей бери келчи |
| Ìý | Ìý | - деп ошондо жыйыптыр |
| Ìý | Ìý | Каалаганын кылыптыр |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 1110 | Ìý | Аз болгондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Алты аттан бериптир |
| Ìý | Ìý | Дегенине көнүптүр |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо алтындан |
| Ìý | Ìý | Жакалуу тондон кийгизип |
| 1115 | Ìý | Сый урматын билгизип |
| Ìý | Ìý | Не болсо да жанагы |
| Ìý | Ìý | Өлсөң дагы талсаң да |
| Ìý | Ìý | Өөдө жерге барсаң да |
| Ìý | Ìý | Арга жолдо калсаң да |
| 1120 | Ìý | Ажыдаар атып келгиле |
| Ìý | Ìý | Таап алып жүрөгүн |
| Ìý | Ìý | Байбичеге бергиле |
| Ìý | Ìý | - деп ошондо издетип |
| Ìý | Ìý | Басар жолун түздөтүп |
| 1125 | Ìý | Эми жолго салыптыр |
| Ìý | Ìý | Жетимиши жанагы |
| Ìý | Ìý | Олжого мындай тулдук деп |
| Ìý | Ìý | Эми кандай кылдык деп |
| Ìý | Ìý | Эми кайда барабыз |
| 1130 | Ìý | Ажыдаарды биз издеп |
| Ìý | Ìý | Эми кайдан табабыз |
| Ìý | Ìý | - деп ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Чөлдүн үстүн кыдырып |
| Ìý | Ìý | Жердин үстүн сыдырып |
| 1135 | Ìý | Тоонун үстүн кыдырып |
| Ìý | Ìý | Түзөңгү жерди кыдырып |
| Ìý | Ìý | Так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Ат боройлоп сыдырып |
| Ìý | Ìý | Ааламдын жүзүн кыдырып |
| 1140 | Ìý | Эчендеген жер чалып |
| Ìý | Ìý | Эчендеген бел чалып |
| Ìý | Ìý | Ашууң ашып таш басып |
| Ìý | Ìý | Оролдун бери тоосуна |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде жанагы |
| 1145 | Ìý | Кайыптуу тоонун оозуна |
| Ìý | Ìý | Ошо жерге барыптыр |
| Ìý | Ìý | Канча күндө билбеймин |
| Ìý | Ìý | Так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 1150 | Ìý | Барган адам дүрбөгөн |
| Ìý | Ìý | Кирип адам жүрбөгөн |
| Ìý | Ìý | Тирүү пенде барбаган |
| Ìý | Ìý | Барган аман калбаган |
| Ìý | Ìý | Так ошондо жанагы |
| 1155 | Ìý | Жети баштуу ажыдаар |
| Ìý | Ìý | Жалгыз баштуу арам бар |
| Ìý | Ìý | Балакеттүү шор деген |
| Ìý | Ìý | Казып койгон нор деген |
| Ìý | Ìý | Так ошонун өзүнө |
| 1160 | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Оролдун бери тоосунда |
| Ìý | Ìý | Айлампалуу Ала-Тоо |
| Ìý | Ìý | Так ошонун оозунда |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 1165 | Ìý | Түнөктөп гана жаткан ажыдаар ооо |
| Ìý | Ìý | Уламадан угуптур |
| Ìý | Ìý | Билгичтерден бек сурап |
| Ìý | Ìý | Ошондон кабар угушуп |
| Ìý | Ìý | Эми барсаң ажыдаар |
| 1170 | Ìý | Ок тартып коёр бекен деп |
| Ìý | Ìý | Жети баштуу ажыдаар |
| Ìý | Ìý | Жеп эми мындан сорор деп |
| Ìý | Ìý | Как ошондо сурасаң |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 1175 | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Басар жолун издешип |
| Ìý | Ìý | Ажыдаардын тоосуна |
| Ìý | Ìý | Эми жолун түздөшүп |
| Ìý | Ìý | Ошо жердин өзүндө |
| 1180 | Ìý | Мына ошондо кабылып |
| Ìý | Ìý | Так ошондо табылып |
| Ìý | Ìý | Жаткан жери момундай |
| Ìý | Ìý | Так ошондо кородой |
| Ìý | Ìý | Конгон жери ородой |
| 1185 | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Баскан изи шородой |
| Ìý | Ìý | Балакеттүү чоң дүмүк |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Канча кыйын эр жүрөк |
| 1190 | Ìý | Барып аман тутулуп |
| Ìý | Ìý | Кете албастан кутулуп |
| Ìý | Ìý | Ажал таап өлүшкөн |
| Ìý | Ìý | Оо дүйнөнү көрүшкөн |
| Ìý | Ìý | Ошо жерде жанагы |
| 1195 | Ìý | Жетимиш мерген бөлүнүп |
| Ìý | Ìý | Жабалактап барыптыр |
| Ìý | Ìý | Айлампа сонун бурчукка |
| Ìý | Ìý | Оңурайган жанагы |
| Ìý | Ìý | Айламта тоонун тумшукка |
| 1200 | Ìý | Как ошшондо конуптур |
| Ìý | Ìý | Ажыдаар келип конуптур |
| Ìý | Ìý | Ажыдаар келип болуптур |
| Ìý | Ìý | Болгонунда жанагы |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 1205 | Ìý | Жетимиши залп атып |
| Ìý | Ìý | Как ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Жетимиши жалпы атып |
| Ìý | Ìý | Аз болгондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 1210 | Ìý | Жети жолдон атышты |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Эми карап жатышты |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде ажыдаар |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 1215 | Ìý | Атканында жанагы |
| Ìý | Ìý | Оозунан от чыгып |
| Ìý | Ìý | Илебинен чок чыгып |
| Ìý | Ìý | Как ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Жаман тоңдон ажырап |
| 1220 | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Ушу кезде куралы |
| Ìý | Ìý | Бүтүн күйүп өлүптүр |
| Ìý | Ìý | Ажыдаар кайдан өлгөнү |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| 1225 | Ìý | Атаңдын көрү шумдукту |
| Ìý | Ìý | Мергендер эми көргөнү |
| Ìý | Ìý | Ажыдаардын өзүнө |
| Ìý | Ìý | Өлө турган болгондо |
| Ìý | Ìý | Ажыдаарга тутулуп |
| 1230 | Ìý | Чын дүнүйө момундай |
| Ìý | Ìý | Көрө турган болгондо |
| Ìý | Ìý | Как ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Ал жол жолуна табылган |
| Ìý | Ìý | Бадалбайдын өзүнө |
| 1235 | Ìý | Кайыбынан кабылган |
| Ìý | Ìý | Ажыдаар таап алсын деп |
| Ìý | Ìý | Айтып барган жанагы |
| Ìý | Ìý | Дубана пайда болуптур |
| Ìý | Ìý | Өзү кыдыр чоң кыдыр |
| 1240 | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Көктөн эми имерип |
| Ìý | Ìý | Чагылган отун жиберип |
| Ìý | Ìý | Чагылган менен аткылап |
| Ìý | Ìý | Найзагай менен таш буулап |
| 1245 | Ìý | Как ошондо карасаң |
| Ìý | Ìý | Ажыдаар минтип өлүптүр |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Өлгөнүн эми мергендер |
| Ìý | Ìý | Анык баалап көрүптүр |
| 1250 | Ìý | Жарып эми алыптыр |
| Ìý | Ìý | Жанына жакын баралбай |
| Ìý | Ìý | Жети күнү момундай |
| Ìý | Ìý | Уусу тарап кетсин деп |
| Ìý | Ìý | Алысыраак калыптыр |
| 1255 | Ìý | Так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Жети күнү болгондо |
| Ìý | Ìý | Ичин жарып алыптыр |
| Ìý | Ìý | Жүрөгүн алып алышып |
| Ìý | Ìý | Как ошондо жанагы |
| 1260 | Ìý | Отуз күнү болгондо |
| Ìý | Ìý | Аман кайра барышып |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Ажыдаардын жүрөгүн |
| Ìý | Ìý | Алып келип жанагы |
| 1265 | Ìý | Байбичеге бериптир |
| Ìý | Ìý | Өңдөн азып байбиче |
| Ìý | Ìý | Жинди болгон эмедей |
| Ìý | Ìý | Байлап балдуу көзү ачык |
| Ìý | Ìý | Билги болгон эмедей |
| 1270 | Ìý | Өңдөн азган байбиче |
| Ìý | Ìý | Так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Ажыдаардын жүрөгүн |
| Ìý | Ìý | Эми жээп алганда |
| Ìý | Ìý | Талгагы кетип басылып |
| 1275 | Ìý | Өңүнө чыкты байбиче |
| Ìý | Ìý | Так ошондо кулпурум |
| Ìý | Ìý | Жүзүнө келди байбиче |
| Ìý | Ìý | Как ошондо сурасаң |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 1280 | Ìý | Көргөн адам кеп айтып |
| Ìý | Ìý | Көрүнгөн адам бек айтып |
| Ìý | Ìý | Эмине болгон шумдук деп |
| Ìý | Ìý | Мунун туур баласы |
| Ìý | Ìý | Балакетти дүмөктөп |
| 1285 | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Табылбай эми жүрөк деп |
| Ìý | Ìý | Өлүп кала таштадык |
| Ìý | Ìý | - деп ошондо мергендер |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 1290 | Ìý | Аман-эсен келгендер |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде жанагы |
| Ìý | Ìý | Уламалуу кеп кылып |
| Ìý | Ìý | Кыдырдын эми көргөнүн |
| Ìý | Ìý | Узун сабаа кеп кылып |
| 1295 | Ìý | Улап-улап айтышып |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Эне бою балкышып |
| Ìý | Ìý | Байбиче качан тууйт деп |
| Ìý | Ìý | Аны күтүп жатышты |
| 1300 | Ìý | Так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Чоң үчкүгө батышты |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде сурасаң |
| Ìý | Ìý | Тогуз айы толуптур |
| Ìý | Ìý | Тогуз күнү болуптур |
| 1305 | Ìý | Ошо кезде байбиче |
| Ìý | Ìý | Туур күнү болуптур |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Туур күнү болгондо |
| Ìý | Ìý | Тогосу эми башталды |
| 1310 | Ìý | Так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Өйдө болсо бели ооруп |
| Ìý | Ìý | Эки кара саны ооруп |
| Ìý | Ìý | Бүткөн бойдун баары ооруп |
| Ìý | Ìý | Кыймылдаса жанагы |
| 1315 | Ìý | Эне бою былкылдап |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Өөдө бойдун баарысы |
| Ìý | Ìý | Ажырап эми кетти дейт |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 1320 | Ìý | Устаканы бөлүнүп |
| Ìý | Ìý | Чыга жаалы жетчидей |
| Ìý | Ìý | Так ошондо байбиче |
| Ìý | Ìý | Көзүнүн жашы төгүлүп |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 1325 | Ìý | Табылгы түбүн карманып |
| Ìý | Ìý | Жаратканга жалбарып |
| Ìý | Ìý | Дооло түбүн карманып |
| Ìý | Ìý | Так ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Ата-бабаң арбагы |
| 1330 | Ìý | Колдой көр деп жалбарып |
| Ìý | Ìý | Дабылгы түбүн кармаса |
| Ìý | Ìý | Бекемирээк болор деп |
| Ìý | Ìý | Тоодо түргүн кармаса |
| Ìý | Ìý | Күчтүү бала туар деп |
| 1335 | Ìý | Аны менен караса |
| Ìý | Ìý | Ырымын мындай кылдырды |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Эки күнү болгондо |
| Ìý | Ìý | Эби кетип байбичең |
| 1340 | Ìý | Эстен танып алдырап |
| Ìý | Ìý | Кеби кетип байбиче |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Балада курсак чирелсе |
| Ìý | Ìý | Курсактагы баласы |
| 1345 | Ìý | Кадимкидей тирелсе |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Белдемчинин тигиши |
| Ìý | Ìý | Беш жеринен үзүлүп |
| Ìý | Ìý | Байбиче көзү сүзүлүп |
| 1350 | Ìý | Анан сайын анталап |
| Ìý | Ìý | Жаратканга санталап |
| Ìý | Ìý | Так ошондо жалбарып |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Менин жанымды жээчү балабы? |
| 1355 | Ìý | Жарып ичтен алабы |
| Ìý | Ìý | Же жарып жесир калабы |
| Ìý | Ìý | - деп ошентип жанагы |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо эр Жакып |
| 1360 | Ìý | Байбичени көргөндө |
| Ìý | Ìý | Ак өргөөнү көтөрүп |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Көтөргөндө киргизип |
| Ìý | Ìý | Сый урматын билгизип |
| 1365 | Ìý | Бүбү менен бакшыны |
| Ìý | Ìý | Жаман менен жакшыны |
| Ìý | Ìý | Жыйып эми турду эле |
| Ìý | Ìý | Аралаш ырым кылды эле |
| Ìý | Ìý | Ырымын кылып жалбарып |
| 1370 | Ìý | Так ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Аз да жараткандын өзүнө |
| Ìý | Ìý | Арызын айтып турушту |
| Ìý | Ìý | Ырымын мындай кылышты |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 1375 | Ìý | Так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Кыз келиндин баарысы |
| Ìý | Ìý | Эми минтип барышып |
| Ìý | Ìý | Жандалбастап суу үркүп |
| Ìý | Ìý | Азыркысын калышып |
| 1380 | Ìý | Үчүнчү күнү болгондо |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Айкайын укса байбиче |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Анча мынча жүнү бош |
| 1385 | Ìý | Эми жанда түңүлдү |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Кыз келиндин баарысы |
| Ìý | Ìý | Өөдө-төмөн жүгүрүп |
| Ìý | Ìý | Ээси кетип алдырап |
| 1390 | Ìý | Эс табалбай жалдырап |
| Ìý | Ìý | Как ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Төртүнчү күнү болгондо |
| Ìý | Ìý | Так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Кереге түбүн карманып |
| 1395 | Ìý | Мына ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Келиштире жарбарып |
| Ìý | Ìý | Умай эне Улукман |
| Ìý | Ìý | Уялбай ичин оңдотуп |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо байбиче |
| 1400 | Ìý | Жакшылыкка жолдотуп |
| Ìý | Ìý | Бешинчи күнү болгондо |
| Ìý | Ìý | Так ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Ата кокуй белим деп |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо береги |
| 1405 | Ìý | Көзгө ажал көрүнүп |
| Ìý | Ìý | Көөңүлү бөлүнүп |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Эс табалбай алдырап |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 1410 | Ìý | Бакаңды бермап? бакырды |
| Ìý | Ìý | Бүбү менен бакшыны |
| Ìý | Ìý | Эми эсин койбой чакырды |
| Ìý | Ìý | Ата түндүктү кармап түйүлдү |
| Ìý | Ìý | Эми көргөндөр жандан түңүлдү |
| 1415 | Ìý | Алтынчы күнү болгондо |
| Ìý | Ìý | Ай аябай толгондо |
| Ìý | Ìý | Айланайын байбиче |
| Ìý | Ìý | Алдан сайын жанагы |
| Ìý | Ìý | Ай кайы катуу дуу болду |
| 1420 | Ìý | Так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Баскан жери чуу болду |
| Ìý | Ìý | Как ошондо нетти деп |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Айлы калбай энтелеп |
| 1425 | Ìý | Ээси кетип жалдырап |
| Ìý | Ìý | Эс табалбай алдырап |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Жетинчи күнү болгондо |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде эр Жакып |
| 1430 | Ìý | Ак сар башы төө айтып |
| Ìý | Ìý | Ай туякка бээ айтып |
| Ìý | Ìý | Айракөчтөн төө айтып |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Ай эми деп? уй айтып |
| 1435 | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | А Чолпон Ата тукуму |
| Ìý | Ìý | Ак сар башы кой айтып |
| Ìý | Ìý | Как ошондо жанагы |
| 1440 | Ìý | Курман кылып ушуну |
| Ìý | Ìý | Жетим менен жесирге |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо мискинге |
| Ìý | Ìý | Садага кылып таратып |
| Ìý | Ìý | Жан жанына каратып |
| 1445 | Ìý | Садагасын тарттырып |
| Ìý | Ìý | Сар улагын чаптырып |
| Ìý | Ìý | Ырымын эми кылдырып |
| Ìý | Ìý | Так ошондо турду эле |
| Ìý | Ìý | Амалы кетип курду эле |
| 1450 | Ìý | Ошо кезде береги |
| Ìý | Ìý | Сегизинчи күнү толуптур |
| Ìý | Ìý | Мына мындай болуптур |
| Ìý | Ìý | Байбичени караса |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 1455 | Ìý | Баскан жери оюлуп |
| Ìý | Ìý | Кармаганы чоюлуп |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Жандан эми тоюнуп |
| Ìý | Ìý | Өлө турган болуптур |
| 1460 | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Ажалы келип чоң мүшкүл |
| Ìý | Ìý | Көрө турган болуптур |
| Ìý | Ìý | Мына ошону көргөндө |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 1465 | Ìý | Ээ кырк сегиз катын жабылды |
| Ìý | Ìý | Жанагы чыдай камынды |
| Ìý | Ìý | Жыйырма төрттөн бөлүндү |
| Ìý | Ìý | Кызыгы мындай көрүндү |
| Ìý | Ìý | Кыл арканын артышып |
| 1470 | Ìý | Басаң эми курсактан |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо тартышып |
| Ìý | Ìý | Тарткын эми тарткын деп |
| Ìý | Ìý | Как ошондо сурасаң |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 1475 | Ìý | Минтип эми жан бөлүп |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Абалы кетип алдырап |
| Ìý | Ìý | Ээси кетип жалдырап |
| Ìý | Ìý | Тогузунчу күнүндө |
| 1480 | Ìý | Атаңдын көрү эр Жакып |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Токсон бирдей мергенди |
| Ìý | Ìý | Азыркысын жыйдыйрды |
| Ìý | Ìý | Ырымын мындай кылдырды |
| 1485 | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде береги |
| Ìý | Ìý | Көккө эми сундуруп |
| Ìý | Ìý | Тосону бирдей залп атып |
| Ìý | Ìý | Как ошондо сурасаң |
| 1490 | Ìý | Тогуз жолу жанагы |
| Ìý | Ìý | Асманды көздөй аттырып |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Жыкаранын баары чачылсын |
| Ìý | Ìý | Агы кетип ачылсын |
| 1495 | Ìý | Так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо будалап? |
| Ìý | Ìý | Каранын баарын кубалап |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| 1500 | Ìý | Жакшылыкка берсин деп |
| Ìý | Ìý | Эми жараткан бала берсин деп |
| Ìý | Ìý | Как ошондо сурасаң |
| Ìý | Ìý | Кырк кара боз быштыны |
| Ìý | Ìý | Кыдырата байлатып |
| 1505 | Ìý | Кыракан эми шайлатып |
| Ìý | Ìý | Азыркысын сурасаң |
| Ìý | Ìý | Кыз болсоң үйдө калгыла |
| Ìý | Ìý | Кыймылдабай момунда |
| Ìý | Ìý | Эркек болсо баргыла |
| 1510 | Ìý | Талаадан мени тапкыла |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Эртерээк эми жеткиле |
| Ìý | Ìý | Сүйүнчү деп кеткиле |
| 1515 | Ìý | Атаңдын көрү курган жан |
| Ìý | Ìý | Эркек бекен кыз бекен |
| Ìý | Ìý | Аныгын билип алгыла |
| Ìý | Ìý | Андан кийин баргыла |
| Ìý | Ìý | Эркек тууса момундай |
| 1520 | Ìý | Анда Кудай бергениң |
| Ìý | Ìý | Эгер эми кыз тууса |
| Ìý | Ìý | Балакет гана башка да келген уу |
| Ìý | Ìý | Башка чукак мен элем |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| 1525 | Ìý | Эркек тууп койсо эгер |
| Ìý | Ìý | Ээ мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Кулап кетип жүрбөйүн |
| Ìý | Ìý | Кулап кетсем эгерде |
| Ìý | Ìý | Ар ким шылдың кылбасын |
| 1530 | Ìý | Атакебиз куулап калды деп |
| Ìý | Ìý | Кыз келиндин баарысы |
| Ìý | Ìý | Шылдың кылып турбасын |
| Ìý | Ìý | Өлсөм дагы талсам да |
| Ìý | Ìý | Жыгылсам да калсам да |
| 1535 | Ìý | Ээн жерге барайын |
| Ìý | Ìý | Эмне болсо анысын |
| Ìý | Ìý | Ошондон угуп алайын |
| Ìý | Ìý | деп ошондо эр Жакып |
| Ìý | Ìý | Тоону көздөй салыптыр |
| 1540 | Ìý | Камбар боздун үйрүнө |
| Ìý | Ìý | Аттанып үйрүп алыптыр |
| Ìý | Ìý | Ал аңгыча жанагы |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо айылы |
| Ìý | Ìý | Ошо жерде калыптыр |
| 1545 | Ìý | Кыз-келиндин баарысы |
| Ìý | Ìý | Кырк-сегизи жабылып |
| Ìý | Ìý | Сууну бүркүп камынып |
| Ìý | Ìý | Ал да Кудай берсин деп |
| Ìý | Ìý | Оо жараткан Теңирим |
| 1550 | Ìý | Мына ошондо жардамга |
| Ìý | Ìý | Өзүң эми келсин деп |
| Ìý | Ìý | Тогуз кабат асмандын |
| Ìý | Ìý | Күчү колдоп турсун деп |
| Ìý | Ìý | Жети кабат кара жер |
| 1555 | Ìý | Бүтү колдоп турсун деп |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жел кайып |
| Ìý | Ìý | Булу татф буруккан ? |
| Ìý | Ìý | Аның колдоп турсун деп |
| Ìý | Ìý | Ата кокуй дүнүйө! |
| 1560 | Ìý | Ырымын мындай кылышты |
| Ìý | Ìý | Ырым кылып турушту |
| Ìý | Ìý | Ал аңгыча караса |
| Ìý | Ìý | Умай эне Улукман |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо сурасаң |
| 1565 | Ìý | Эми келдиң улуктан |
| Ìý | Ìý | Азыркысын караса |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Жантууда жаткан балага |
| Ìý | Ìý | Жанына жакын барганы |
| 1570 | Ìý | Карында жаткан баланын |
| Ìý | Ìý | Как ошондо камыны |
| Ìý | Ìý | Чыгарылбай калганы |
| Ìý | Ìý | Чыккын эми баланы |
| Ìý | Ìý | - деп ошондо баланы |
| 1575 | Ìý | Мына ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Урутту көздөй уруптур |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо баланы |
| Ìý | Ìý | Тышты көздөй кууптур |
| Ìý | Ìý | Анда бала кеп айтат |
| 1580 | Ìý | Барбаймын эми талаага |
| Ìý | Ìý | Так ошондо өзүмдүн |
| Ìý | Ìý | Ырысым кайда деп айтат |
| Ìý | Ìý | Ырысың сенин элде деп |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо береги |
| 1585 | Ìý | Кыйнай бербей энеңди |
| Ìý | Ìý | Так ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Эртерээк эми чыккын деп |
| Ìý | Ìý | Айтканымды уккун деп |
| Ìý | Ìý | Как ошондо калганы |
| 1590 | Ìý | Калкым менин кайда деп |
| Ìý | Ìý | Балаң айтып салганы |
| Ìý | Ìý | Калкың сенин калкта деп |
| Ìý | Ìý | Элиң сенин элде деп |
| Ìý | Ìý | Элиң сенин жерде деп |
| 1595 | Ìý | Как ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Ушуреки турмушка |
| Ìý | Ìý | Келгин эми кыргызга |
| Ìý | Ìý | Деп ошондо калганы |
| Ìý | Ìý | Айтып эми салганы |
| 1600 | Ìý | Ал аңгыча жанагы |
| Ìý | Ìý | Урутту барып уруптур |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Азыркысын бул бала |
| Ìý | Ìý | Карынды катуу сүзгөнү |
| 1605 | Ìý | Мына ошондо түшкөнү |
| Ìý | Ìý | Азыркысын карасаң |
| Ìý | Ìý | Эки колун толтура |
| Ìý | Ìý | Кан чеңгелдеп түшкөнү |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо карасаң |
| 1610 | Ìý | Атаңдын көрү байбиче |
| Ìý | Ìý | Эстен ооп кетиптир |
| Ìý | Ìý | Ажалың эми жетиптир |
| Ìý | Ìý | Как ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Марту басып кетти деп |
| 1615 | Ìý | Байбичеге нетти деп |
| Ìý | Ìý | Катындын баары жабылып |
| Ìý | Ìý | Жаны калбай камынып |
| Ìý | Ìý | Сууну алып бүркүшүп |
| Ìý | Ìý | Так ошондо дүрбүшүп |
| 1620 | Ìý | Мына булар минтип калганы |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде береги |
| Ìý | Ìý | Эсине эми байбиче |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде алганы |
| 1625 | Ìý | Ал аңгыча караса |
| Ìý | Ìý | Бала жерде калыптыр |
| Ìý | Ìý | Аркасында баланын |
| Ìý | Ìý | Айдай кара жалы бар |
| Ìý | Ìý | Оң далынын астында |
| 1630 | Ìý | Алакандай калы бар |
| Ìý | Ìý | Оозун ачып караса |
| Ìý | Ìý | Эки чыккан азуу бар |
| Ìý | Ìý | Так ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Маңдайы жазы башы кууш |
| 1635 | Ìý | Бар боюнда турат туш |
| Ìý | Ìý | Кочкор тумшук кош кирпик |
| Ìý | Ìý | Көркү калча көзү тик |
| Ìý | Ìý | Жалаяк ооз жар кабак |
| Ìý | Ìý | Жаагы жазы ээги узун |
| 1640 | Ìý | Бил мүчөлүү бадырек |
| Ìý | Ìý | Эр мүнөзү көрүнөт |
| Ìý | Ìý | Алакан жазып кол ачып |
| Ìý | Ìý | Шер мүнөзү көрүнөт |
| Ìý | Ìý | Так ошондо жанагы |
| 1645 | Ìý | Оозунда Манастын |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Эки чыккан азуу бар |
| Ìý | Ìý | Оң бөлтөктүн астында |
| Ìý | Ìý | Манас деген жазуу бар |
| 1650 | Ìý | Аны көрүп алыптыр |
| Ìý | Ìý | Айран азыр калыптыр |
| Ìý | Ìý | Так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Иши кетип оңолду |
| Ìý | Ìý | Оң бөлтөктүн астында |
| 1655 | Ìý | Манас деген жазуусу |
| Ìý | Ìý | Азыркысын жоголду |
| Ìý | Ìý | Так ошондо неткени |
| Ìý | Ìý | Байбичеге момундай |
| Ìý | Ìý | Эс-акыл кирип жетти эми |
| 1660 | Ìý | Балам кайда экен деп |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Сөзүн салып кетти эми |
| Ìý | Ìý | Ал аңгыча баланы |
| Ìý | Ìý | Как ошондо карасаң |
| 1665 | Ìý | Чочогу жатат чормоюп |
| Ìý | Ìý | Как ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Өзү жатат болтоюп |
| Ìý | Ìý | Баркырап бала ыйласа |
| Ìý | Ìý | Тай чабым жерге уулду |
| 1670 | Ìý | Анча-мынча катындар |
| Ìý | Ìý | Эси кетип жыгылды |
| Ìý | Ìý | Ээ так ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Баланы алып бергин деп |
| Ìý | Ìý | Эми айтып калганы |
| 1675 | Ìý | Бердикенин катыны |
| Ìý | Ìý | Безилдеп баса барганы |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо баланы |
| Ìý | Ìý | Эми жерден алганы |
| Ìý | Ìý | Көтөрө албай ошондо |
| 1680 | Ìý | Көлтөктөп чочуп калганы |
| Ìý | Ìý | Ал аңгыча карасаң |
| Ìý | Ìý | Ак Балтанын катыны |
| Ìý | Ìý | Ал да жетип барганы |
| Ìý | Ìý | Экөө бирдей момундай |
| 1685 | Ìý | Ал алышпай калганы |
| Ìý | Ìý | Ээ көзү тийип кетет деп |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде катындар |
| Ìý | Ìý | Ээ сөзү тийип кетет деп |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| 1690 | Ìý | Бакдөөлөт басып барыптыр |
| Ìý | Ìý | Этегине салыптыр |
| Ìý | Ìý | Этегине салганда |
| Ìý | Ìý | Таманынан эки ээли |
| Ìý | Ìý | Жерге кирип калыптыр |
| 1695 | Ìý | Как ошондо билдирбей |
| Ìý | Ìý | Азыркысын барагы |
| Ìý | Ìý | Жамандарга сездирбей |
| Ìý | Ìý | Бакдөөлөт алып барганы |
| Ìý | Ìý | Как ошондо жанагы |
| 1700 | Ìý | Кайран энең Чыйырды |
| Ìý | Ìý | Өзүнө бере салганы |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо Чыйырды |
| Ìý | Ìý | Азыркысын карасаң |
| Ìý | Ìý | Майдан алып келгин деп |
| 1705 | Ìý | Мына ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Үч карынды момундай |
| Ìý | Ìý | Үч кайтара салыптыр |
| Ìý | Ìý | Ошол кезде бул бала |
| Ìý | Ìý | Үч карындын майларын |
| 1710 | Ìý | Чай кайнам калбай момундай |
| Ìý | Ìý | Эми соруп алыптыр |
| Ìý | Ìý | Ошо кезде береги |
| Ìý | Ìý | Кайран энең момундай |
| Ìý | Ìý | Ырымын мындай кылган соң |
| 1715 | Ìý | Оң эмчегин салганы |
| Ìý | Ìý | Адегенде уз чыкты |
| Ìý | Ìý | Андан кийин сүт чыкты |
| Ìý | Ìý | Андан кийин кан чыкты |
| Ìý | Ìý | Чыдай албай энеңден |
| 1720 | Ìý | Кадимкидей жан чыкты |
| Ìý | Ìý | Так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Айланайын энекең |
| Ìý | Ìý | Ошондо союп жентекке |
| Ìý | Ìý | Ээ мына ошондо береги |
| 1725 | Ìý | Эркелетип тентекти |
| Ìý | Ìý | Азыркысын карасаң |
| Ìý | Ìý | Атаңдын көрү дүнүйө! |
| Ìý | Ìý | Жетим менен жесирге |
| Ìý | Ìý | Ачык менен мискинге |
| 1730 | Ìý | Таратып эми салганы |
| Ìý | Ìý | Ырымын мындай кылыптыр |
| Ìý | Ìý | Так ошондо жанагы |
| Ìý | Ìý | Азыркысын караса |
| Ìý | Ìý | Ээ колдогондун баарысы |
| 1735 | Ìý | Колтугунда чамынат |
| Ìý | Ìý | Жөлөгөндүн баарысы |
| Ìý | Ìý | Жайнай салып камынат |
| Ìý | Ìý | Колдогону кырк-тогуз |
| Ìý | Ìý | Жайнай басып билинет |
| 1740 | Ìý | Так ошондо баланын |
| Ìý | Ìý | Сүрү мынча көрүнөт |
| Ìý | Ìý | Анча-мынча катындар |
| Ìý | Ìý | Ичи бузук жамандар |
| Ìý | Ìý | Көрө албаган арамдар |
| 1745 | Ìý | Жанына эми баралбай |
| Ìý | Ìý | Азыркысын карасаң |
| Ìý | Ìý | Баланы эми алалбай |
| Ìý | Ìý | Ээ чекесинен сүйө албай |
| Ìý | Ìý | Так ошондо баланы |
| 1750 | Ìý | Үстүнө басып кире албай |
| Ìý | Ìý | Так ошондо коркоктор |
| Ìý | Ìý | Үч төмөндөп жыгылды |
| Ìý | Ìý | Мына ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Эси чыгып момундай |
| 1755 | Ìý | Азыркысын карасаң |
| Ìý | Ìý | Мындай болду кылыгы |
| Ìý | Ìý | Так ошондо туруптур |
| Ìý | Ìý | Ээ мына ошондо береги |
| Ìý | Ìý | Баласы мындай болуптур |
| 1760 | Ìý | Эми айтылып оозго толуптур уу |