̹½ÊÓƵ

̹½ÊÓƵ/ RESEARCH/ RESEARCH INSTITUTES/TEAMS/ Faculty research teams/ Analyzing Kyrgyz Narratives (AKYN)/ Transcriptions/ Doolot Sydykov/ Transcription 2

Doolot Sydykov - Transcription Two

Ìý

D2

Doolot Sydykov, 'Birth of Manas', recorded 22 February 2018

Audiovisual recording by Kamila Baimuratova [available]

Transcription below by Alymkan Jeenbekova

Ìý

Ìý Ìý Ээ жасабаса жараткан
Ìý Ìý Бүтүнүндө чара жок
Ìý Ìý Жараткан бүтүн берген соң
Ìý Ìý Бөлөрүнө ала жак
5 Ìý Кечээ күнү эр Жакып
Ìý Ìý Кырк сегизге барса да
Ìý Ìý Аталап чыгар бала жок
Ìý Ìý Эки катын алыптыр
Ìý Ìý Эки катын түп туубай
10 Ìý Бала көрбөй калыптыр
Ìý Ìý Как ошондо кайгырып
Ìý Ìý Капаланып туралбай
Ìý Ìý Өөдө ооп эр Жакып
Ìý Ìý Эми ишке чыгалбай
15 Ìý Өөдө болсо бүгүлүп
Ìý Ìý Мына ошондо Жакыпка
Ìý Ìý Кыямат жакын көрүнүп
Ìý Ìý Өлгө барса көбү айтат
Ìý Ìý Куу баш болду деп айтат
20 Ìý Эки бирдей катыны
Ìý Ìý Туубас болду деп айтат
Ìý Ìý Баланы көрсө жашыптыр
Ìý Ìý Элди көрсө эр Жакып
Ìý Ìý Жашынып үйдө жатыптыр
25 Ìý Наалыш кылып курушум
Ìý Ìý Кудай менен урушуп
Ìý Ìý Наалыш сөзүн айтыптыр
Ìý Ìý Как ошондо эр Жакып
Ìý Ìý Үнү бою балкыптыр
30 Ìý Чыйпылдатып чымчыкка
Ìý Ìý Эми бала бердиң деп
Ìý Ìý Коркулдаган доңузга
Ìý Ìý Бугада бала бердиң деп
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
35 Ìý Төрт түлүктү макулук
Ìý Ìý Жыланда болсо жырткычтыр
Ìý Ìý Ага да бала бердиң деп
Ìý Ìý Мына ошонун баарынан
Ìý Ìý Мен курган Жакып киммин деп
40 Ìý Неликтен жазып койдум деп
Ìý Ìý Айланайын жараткан!
Ìý Ìý Тирүүлөй кыйнап сойдуң деп
Ìý Ìý Эртең көзүм жумулса
Ìý Ìý Аталап мени жокторго
45 Ìý Артымда дүйнө топторго
Ìý Ìý Уулу жолун уларга
Ìý Ìý Изим басып сурарга
Ìý Ìý Зыйнатыма турарга
Ìý Ìý Чымчып топо саларга
50 Ìý Жалгыз туяк болсо деп
Ìý Ìý Ата кокуй бу дүйнө!
Ìý Ìý Ата деген ушундай
Ìý Ìý - деп ошентип аларга
Ìý Ìý Артыман улап каларга
55 Ìý Эл ичинде жүрөргө
Ìý Ìý Элдир-селдир эс берип
Ìý Ìý Мына ошондо жараткан
Ìý Ìý Бир туяктан кем кылдың
Ìý Ìý Тирүү жүрсөң сандалып
60 Ìý Бир баладан кем кылдың
Ìý Ìý Айланайын жараткан
Ìý Ìý Ушунун баарын сен кылдың
Ìý Ìý Болбосо неден жаздым деп
Ìý Ìý Атанын жолу бүтөбү
65 Ìý Ээсиз калган сан кара
Ìý Ìý Кара кытай Чымачын
Ìý Ìý Ушуреки көп адам
Ìý Ìý Бардык менен түтөбү
Ìý Ìý Артыңда туяк болбосо
70 Ìý Тумшугуңдун катканы
Ìý Ìý Туураланып жатканы
Ìý Ìý Артыңда туяк жок болсо
Ìý Ìý Адырда жылкы алты сан
Ìý Ìý Айдаса бир күн доолуку
75 Ìý Кыйкырса бир күн жоолуку
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Ээсиз алган малымды
Ìý Ìý Эл айдатып түгөтөр
Ìý Ìý Муну менен күн өтөр
80 Ìý Күн өткөн соң ушунча
Ìý Ìý Дүнүйөнү ким күтөр
Ìý Ìý - деп ошондо эр Жакып
Ìý Ìý Как ошондо кайгырып
Ìý Ìý Тураланып алыптыр
85 Ìý Тукумду туура күтө албай
Ìý Ìý Как ошондо наалыптыр
Ìý Ìý Өөдө болуп коп албай
Ìý Ìý Эми Жакып туралбай
Ìý Ìý Тумшугу туура катыптыр
90 Ìý Туйгуну Жакып момундай
Ìý Ìý Ээ баладан көзү катканы
Ìý Ìý Ошо кезде Жакыбың
Ìý Ìý Наалыш кылып Теңирге
Ìý Ìý Теңдеп датын айтканы
95 Ìý Как ошондо эр Жакып
Ìý Ìý Ошо кезде сурасаң
Ìý Ìý Буру токой белинде
Ìý Ìý Бураган тоонун кээгинде
Ìý Ìý Үч эмбек тоонун оюна
100 Ìý Азыркысын караса
Ìý Ìý Ошо кезде Жакыптын
Ìý Ìý Алтыны алты там болгон
Ìý Ìý Эсепсиз Жакып бай болгон
Ìý Ìý Мына ошондо күмүшү
105 Ìý Туура жети там болгон
Ìý Ìý Кураган Жакып бай болгон
Ìý Ìý Эсепсиз калган санкара
Ìý Ìý Так ошондо жылкысы
Ìý Ìý Кырк миңге барып толуптур
110 Ìý Кыйраталык болуптур
Ìý Ìý Ошол кезде жылкынын
Ìý Ìý Эсебин барып алыптыр
Ìý Ìý Эстеп жолго салыптыр
Ìý Ìý Как ошондо эр Жакып
115 Ìý Эми келип калды деп
Ìý Ìý Жылкычысы Балдабай
Ìý Ìý Кысыр эмди тай союп
Ìý Ìý Мына ошондо бай коюп
Ìý Ìý Этин тартып олтуруп
120 Ìý Тамагын тартып олтуруп
Ìý Ìý Улуу сөздөн куурашып
Ìý Ìý Аңгемелүү кеп кылып
Ìý Ìý Санжыралуу кеп кылып
Ìý Ìý Эми жолго салды эле
125 Ìý Күүгүм кире күн бата
Ìý Ìý Аттанып жүрүп алды эле
Ìý Ìý Аттанып жүрүп алганда
Ìý Ìý Кайра үйүнө салганда
Ìý Ìý Мына ошондо береги
130 Ìý Күн эңкейген бешимде
Ìý Ìý Күүгүм кире кечинде
Ìý Ìý Алды жагын сураса
Ìý Ìý Как ошондо бурул токой өзүндө
Ìý Ìý Мына ошондо эр Жакып
135 Ìý Келе жатса кечинде
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Асмандан добуш угулду
Ìý Ìý Добушун угуп эр Жакып
Ìý Ìý Тура кетип жыгылды
140 Ìý Баш айланып көз чыгып
Ìý Ìý Кеткениндей болду эми
Ìý Ìý Эми ажал Жакыпка
Ìý Ìý Жеткениндей болду эми
Ìý Ìý Асмандан добуш үн чыкты
145 Ìý Айланайын эр Жакып
Ìý Ìý Алдыгы жерге тура тур
Ìý Ìý Айтканымды уга тур
Ìý Ìý - деп ошондо Жакыбың
Ìý Ìý Азыркысын караса
150 Ìý Кээде эске келе алса
Ìý Ìý Кээде эске келе албай
Ìý Ìý Кээде тилге келе алса
Ìý Ìý Кээде тилге келе албай
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
155 Ìý Мына ошондо Жакыптын
Ìý Ìý Бурул токой маңдайдан
Ìý Ìý Как ошондо караса
Ìý Ìý Ак чубалып көрүндү
Ìý Ìý Ак чубалып көрүнсө
160 Ìý Үстү жагы дөө келет
Ìý Ìý Жер бетине не келет
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Абалкысын сурасаң
Ìý Ìý Так ошондо кыргыз кан
165 Ìý Мына ошондо угуз кан
Ìý Ìý Сактан, Түмөн атаңыз
Ìý Ìý Мына ошондо атаңыз
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Бастырып жолго салыптыр
170 Ìý б/дэр атаңдын алдынан
Ìý Ìý Эми чыга калыптыр
Ìý Ìý Ошолордун баарысы
Ìý Ìý Алдына келди Жакыптын
Ìý Ìý Андан кийин артынан
175 Ìý Эр Жакыптын момундай
Ìý Ìý Өтүп кеткен жанагы
Ìý Ìý Ороздун эми атасы
Ìý Ìý Андан кийин береги
Ìý Ìý Караган болгон бабасы
180 Ìý Ногой болуп момундай
Ìý Ìý Как ошондо бубасы
Ìý Ìý Ары жагын сурасаң
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Мына ошондо Балакан
185 Ìý Ошол экен кубасы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Ак Жолтой экен жетеси
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө!
Ìý Ìý Сан колдой экен түбү деп
190 Ìý Мына ошондо Бөйөкан
Ìý Ìý Азыркысын Чаякан
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Тараган ушу кыргыздан
Ìý Ìý Тогуз бирдей атасы
195 Ìý Келген экен Жакыпка
Ìý Ìý Эч жерде жок катасы
Ìý Ìý Баары атасы кан өткөн
Ìý Ìý Баары журтка даң өткөн
Ìý Ìý Түп атасы кан өткөн
200 Ìý Түгүл журтка даң өткөн
Ìý Ìý Эринин баары ээлигип
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Эрдин баары желигип
Ìý Ìý Эми келип туруптур
205 Ìý Ошол кезде эр Жакып
Ìý Ìý Барып салам кылыптыр
Ìý Ìý Арыбаңыз аталар
Ìý Ìý - деп ошентип калганы
Ìý Ìý Саламын эми алганы
210 Ìý Бар бол эми балам деп
Ìý Ìý Баары алкап калганы
Ìý Ìý Айланайын эр Жакып
Ìý Ìý Жараткандын өзүнө
Ìý Ìý Даатың барып өттү деп
215 Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Бир Теңирдин өзүнө
Ìý Ìý Мууңуң барып жетти деп
Ìý Ìý Ушу кезде сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
220 Ìý Мына ошондо жараткан
Ìý Ìý Даатыңды угуп алды деп
Ìý Ìý Бизди жолго салды деп
Ìý Ìý Ушуреки береги
Ìý Ìý Түп атаң болот Түмөн деп
225 Ìý Башка атаң болот баары деп
Ìý Ìý Жакшылап таанып алгын деп
Ìý Ìý Мына ошондо Угуз деп
Ìý Ìý Аркы атаң болот Кыргыз деп
Ìý Ìý Берки атаң болот Угуз деп
230 Ìý Как ошондо карасаң
Ìý Ìý Сактан, Түмөн атаң деп
Ìý Ìý Ушулардан башталып
Ìý Ìý Күн тукумуң уланып
Ìý Ìý Как ошондо куралып
235 Ìý Узун кыргыз эл болгон
Ìý Ìý Ушулардын баарысы
Ìý Ìý Жалгыз башын сурасаң
Ìý Ìý Сан элине тең болгон
Ìý Ìý Как ошондо береги
240 Ìý Алышкан душман кем болгон
Ìý Ìý Жараткандын нурунан
Ìý Ìý Жаралган ушул эл болгон
Ìý Ìý Нур тукуму аталып
Ìý Ìý Жараткандан баш алып
245 Ìý Көчкөн элден экенбиз
Ìý Ìý Уланып эми бул күнгө
Ìý Ìý Жеткен элден экенбиз
Ìý Ìý Ат үстүндө ойногон
Ìý Ìý Көчмөн элден экенбиз
250 Ìý Ак карлуу тоону жердеген
Ìý Ìý Арстан элден экенбиз
Ìý Ìý Так ошондо момундай
Ìý Ìý Айтылса оозго тоолуучу
Ìý Ìý Дастан элден экенбиз
255 Ìý Айланайын эр Жакып
Ìý Ìý Жараткандын буйругу
Ìý Ìý Эки болбойт өзүңө
Ìý Ìý Көрүндү эми көзүңө
Ìý Ìý Ушуреки баарыбыз
260 Ìý Баталап атып бүттү деп
Ìý Ìý Бир өзүңдөн сурасаң
Ìý Ìý Аталап атып бүттү деп
Ìý Ìý Айланайын көк Теңир
Ìý Ìý Бизге ыраа көрдү деп
265 Ìý Өзүңө бала берди деп
Ìý Ìý Мына ошондо сурасаң
Ìý Ìý Тогуз кабат асмандын
Ìý Ìý Ушу кезде сурасаң
Ìý Ìý Төбөсүнөн түшөт деп
270 Ìý Жети кабат кара жер
Ìý Ìý Ыйыгынан бүтөт деп
Ìý Ìý Ушуреки жел кайып
Ìý Ìý Бир өзүнөн бүтөт деп
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
275 Ìý Баары ырдаса кыргыз эл
Ìý Ìý Барлык менен күтөт деп
Ìý Ìý Айланайын эр Жакып
Ìý Ìý Ырайымды кылдык деп
Ìý Ìý Жүзүбүздү бурдук деп
280 Ìý Аткарып эми турдук деп
Ìý Ìý Ушуреки кыргызга
Ìý Ìý Бир өйүңдө кут келет
Ìý Ìý Бу кыргызга туш келет
Ìý Ìý Кыргызга эми келгени
285 Ìý Ааламга эми дем деди
Ìý Ìý Ушуреки ааламдын
Ìý Ìý Калыстыгын орнотуп
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Жалпы адамзат пендеге
290 Ìý Жаралган бала болот деп
Ìý Ìý Айтылып оозго толот деп
Ìý Ìý Ушуреки жараткан
Ìý Ìý Жарлыгы менен келет деп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
295 Ìý Түгөнөрдө кыргызды
Ìý Ìý Түптөп чыгат бул бала
Ìý Ìý Чачылганда кыргызды
Ìý Ìý Жыйнап чыгат бул бала
Ìý Ìý Дем бүткөндө кыргызды
300 Ìý Күчтөп чыгат бул бала
Ìý Ìý Кубатың артып өтөт деп
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Отуз жүз миң ааламга
Ìý Ìý К/ойбой салып кетет деп
305 Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Жакшылап эми күтүп ал
Ìý Ìý - деп ошондо жанагы
Ìý Ìý Алакан жазып калыптыр
Ìý Ìý Баталап эми алыптыр
310 Ìý Алакан жазып кол берип
Ìý Ìý Айланайын жараткан
Ìý Ìý Мына ошондо берсин деп
Ìý Ìý Ошореки бул бала
Ìý Ìý Тогуз айдын өзүндө
315 Ìý Үйүнө эми келсин деп
Ìý Ìý Аккан жашын кыргыздын
Ìý Ìý Тыйган бала болсун деп
Ìý Ìý Чачылганда кыргызды
Ìý Ìý Жыйган бала болсун деп
320 Ìý Как ошондо карасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Этегиңди тос деди
Ìý Ìý Этегин Жакып тосуптур
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
325 Ìý Аталарды сураса
Ìý Ìý Көккө колун созуптур
Ìý Ìý Көктөн эми жанагы
Ìý Ìý Чагылган түшүп бүркүрөп
Ìý Ìý Күн чайкалып ачылып
330 Ìý Асмандан эми нур түштү
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Нурду эми алганы
Ìý Ìý Этегине Жакыптын
Ìý Ìý Как ошондо салганы
335 Ìý Ырымы болсун кыргыз туу
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý - деп ошондо баарысы
Ìý Ìý Баталап туруп калганы
Ìý Ìý Мына ошондо эр Жакып
340 Ìý Этегине салганы
Ìý Ìý Боюна сиңип кетти эми
Ìý Ìý Мына ошондо неткени
Ìý Ìý Азыркысын эр Жакып
Ìý Ìý Батасын алып калыптыр
345 Ìý Как ошондо караса
Ìý Ìý Караса көзгө илинбей
Ìý Ìý Кайда экени билинбей
Ìý Ìý Мына ошондо сурасаң
Ìý Ìý Кайып болду баарысы
350 Ìý Кайып болуп кеткени
Ìý Ìý Жер жарылып закымдап
Ìý Ìý Жерге жарык жетти эми
Ìý Ìý Ошо кезде эр Жакып
Ìý Ìý Буулоолонуп буу чыгып
355 Ìý Таманынан суу чыгып
Ìý Ìý Так маңдайдан бөлүнүп
Ìý Ìý Мына ошондо көрүнүп
Ìý Ìý Турган жерде катыптыр
Ìý Ìý Как ошондо эр Жакып
360 Ìý Ошол кезде таңында
Ìý Ìý Эсине келип басыптыр
Ìý Ìý Эс-бас болгон эмедей
Ìý Ìý Как ошондо кеңгиреп
Ìý Ìý Эми Жакып эңгиреп
365 Ìý Туура жолго салды эле
Ìý Ìý Аттанып жүрүп алды эле
Ìý Ìý Үйүнө Жакып барды эле
Ìý Ìý Мына ошондо сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
370 Ìý Ошо кезде неткени
Ìý Ìý Азыркысын жанагы
Ìý Ìý Жүр байбиче баралы
Ìý Ìý Барып жолго салалы
Ìý Ìý - деп ошондо жанагы
375 Ìý Тилек кылып алалы
Ìý Ìý Канча жылдан бер карай
Ìý Ìý Көрүнбөгөн көзүмө
Ìý Ìý Билинбеген өзүмө
Ìý Ìý Өңүн эми көрбөгөм
380 Ìý Мына ошондо баарысы
Ìý Ìý Көк Теңирдин буйругун
Ìý Ìý Аткарып эми келди деп
Ìý Ìý Жүр байбиче баралы
Ìý Ìý Курмандыкты чалалы
385 Ìý - деп ошондо жанагы
Ìý Ìý Улуусу экен Чыйырды
Ìý Ìý Кичүү катын дегени
Ìý Ìý Как ошондо Бакдөөлөт
Ìý Ìý Экөөнү эми алыптыр
390 Ìý Алтын Көлдүн жээгинде
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө!
Ìý Ìý Манжылынын мазарга
Ìý Ìý Как ошондо барганы
Ìý Ìý Курмандыгын чалганы
395 Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Ырымын мындай кылыптыр
Ìý Ìý Ошо кезде момундай
Ìý Ìý Ата-бабаң арбактан
400 Ìý Как ошондо жан жактан
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө!
Ìý Ìý Көк Теңирдин өзүнөн
Ìý Ìý Бала сурап туруптур
Ìý Ìý Бала эми бергин деп
405 Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Ырымын эми кылыптыр
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө!
Ìý Ìý Кырчасын кылдан эштирген
Ìý Ìý Бүтүн жердин кыргызга
410 Ìý Ырым кылып кестирген
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Атаңдан калган чоң тулу
Ìý Ìý Ырым кылып момундай
Ìý Ìý Ошо кезде жайганы
415 Ìý Бата тилеп калганы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Ал күнү антип жатыптыр
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Мазарды мынтип басыптыр
420 Ìý Мазар көрсө сыйынып
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Топту көрсө момундай
Ìý Ìý Кайран Жакып ыйынып
Ìý Ìý Мына ошондо береги
425 Ìý Кайра кайтып келди эми
Ìý Ìý Ошо кезде сурасаң
Ìý Ìý Дүнүйө бүткөн Дүйшөмбү
Ìý Ìý Дүйшөмбүнүн күнүндө
Ìý Ìý Мына ошондо сурасаң
430 Ìý Эрениң Жакып түш көрүп
Ìý Ìý Бир көргөнүн үч көрүп
Ìý Ìý Как ошондо сурасаң
Ìý Ìý Ошо көргөн түшүндө
Ìý Ìý Мына ошондо эр Жакып
435 Ìý Азыркысы момундай
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Асмандаган чоң чоку
Ìý Ìý Чоң чокунун өзүнө
Ìý Ìý Эми чыгып барды эле
440 Ìý Ал ан сайын Жакыптын
Ìý Ìý Алтымыш кулач узарып
Ìý Ìý Бою кетип барды эле
Ìý Ìý Бою эми узарды
Ìý Ìý Айлананы караса
445 Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Тогуз кабат асманга
Ìý Ìý Жакыптын көзү жетиптир
Ìý Ìý Же кара жерди караса
Ìý Ìý Жети кабат кара жер
450 Ìý Мына ошондо эр Жакып
Ìý Ìý Эми көзү өтүптүр
Ìý Ìý Айлананы караса
Ìý Ìý Как ошондо сан жылдыз
Ìý Ìý Отуз жүз миң ааламга
455 Ìý Мына ошондо Жакыбың
Ìý Ìý Азыркысы момундай
Ìý Ìý Көзү жетип турду эле
Ìý Ìý Эне бою кулачтуу
Ìý Ìý Өзү жетип турду эле
460 Ìý Колун сунса жанагы
Ìý Ìý Жерди кармап турду эле
Ìý Ìý Мына ошондо эр Жакып
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Эр Жакыпты сураса
465 Ìý Оң ийинде күн конду
Ìý Ìý Сол ийинге ай конду
Ìý Ìý Ай конбосо неткени
Ìý Ìý Мына ошондо эр Жакып
Ìý Ìý Азыркысы момундай
470 Ìý Ааламга башы кеткени
Ìý Ìý Буту жерде болгону
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Айы менен күнүсү
Ìý Ìý Мына ошондо ийинге
475 Ìý Эми Жакыптын келип конгону
Ìý Ìý Ошо кезде эр Жакып
Ìý Ìý Мына ошондо толгонуп
Ìý Ìý Азыркысын оңдонуп
Ìý Ìý Мына ошондо сураса
480 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Арта кызык тамаша
Ìý Ìý Так ошондо караса
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Бою кетип узарып
485 Ìý Көзү кетип кызарып
Ìý Ìý Ойгонуп гана Жакып да кеткени эээ
Ìý Ìý Кетпегенде неткени
Ìý Ìý Азыркысын сураса
Ìý Ìý Аңгеме үкчө кураса
490 Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Эшикке чыгып барыптыр
Ìý Ìý Таң агарып атканда
Ìý Ìý Тараза жылдыз батканча
Ìý Ìý Эми басып момундай
495 Ìý Булоолонуп буу болуп
Ìý Ìý Эне бою суу болуп
Ìý Ìý Үйгө басып кире албай
Ìý Ìý Мына ошондо жүрүптүр
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
500 Ìý Байбичелер нетти деп
Ìý Ìý Уктап эми кетти деп
Ìý Ìý Как ошондо караса
Ìý Ìý Суусап Жакып момундай
Ìý Ìý Ичке кирип барганы
505 Ìý Азыркысы момундай
Ìý Ìý Ойгонуп эми момундай
Ìý Ìý Бакдөөлөт эми калганы
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө!
Ìý Ìý Байтал бээнин бал кымыз
510 Ìý Асый аяк өзүндө
Ìý Ìý Чайкап-чайкап куйгуну
Ìý Ìý Оң бүлкөнү бүлкүлдөп
Ìý Ìý Сол тизеси бүлкүлдөп
Ìý Ìý Как ошондо Жакыпка
515 Ìý Эми сунуп туруптур
Ìý Ìý Ишааратын кылыптыр
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Олтуй басып бүгүлүп
Ìý Ìý Оң тизеден жүгүнүп
520 Ìý Солтуй басып бүгүлүп
Ìý Ìý Сол тизеден жүгүнүп
Ìý Ìý Эр Жакыпка сунганы
Ìý Ìý Как ошондо эр Жакып
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
525 Ìý Кымызын ичип алган соң
Ìý Ìý Андан кийин момундай
Ìý Ìý Алкышын айтып туруптур
Ìý Ìý Азыркысын караса
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
530 Ìý Бети-колун жуунуп
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Кыңгырап эми буунуп
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Эр Жакыптын гана доор туду
535 Ìý Ошондо кабырга тоонун этинде
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө!
Ìý Ìý Ак саздын бери четинде
Ìý Ìý Аземел суунун боюнда
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
540 Ìý Ар нерсе бар оюнда
Ìý Ìý Как ошондо карасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү неткени
Ìý Ìý Ордосуна момундай
Ìý Ìý Эми гана Жакып да жетти эми
545 Ìý Ал аңгыча байбиче
Ìý Ìý Мына ошондо чоюлуп
Ìý Ìý Ордунан туруп ойгонуп
Ìý Ìý Как ошондо байбиче
Ìý Ìý Эми туруп кеп айтат
550 Ìý Эй айып этпей байым деп
Ìý Ìý Уктап эми кетипмин
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Ээ түштөн эми түш көрдүм
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
555 Ìý Мында кызык иш көрдүм
Ìý Ìý Айланайын байым деп
Ìý Ìý Как ошондо калганы
Ìý Ìý Анда байы кеп айтат
Ìý Ìý Ырас болду байбиче
560 Ìý Мен да көрдүм деп айтат
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Ошо кезде түштөрүн
Ìý Ìý Ушу көргөн иштерин
Ìý Ìý Как ошондо караса
565 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Айланайын байым деп
Ìý Ìý Уруксат болсо эгер деп
Ìý Ìý Түшүмдү айтып берейин
Ìý Ìý - деп ошондо калганы
570 Ìý Андай болсо айткын деп
Ìý Ìý Жакып угуп калганы
Ìý Ìý Ээ ошо кезде караса
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Ээ ушу көргөн түшүмдү
575 Ìý Мына ошондо ишимди
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Текери алтын тегичи?
Ìý Ìý Тегереги эки
Ìý Ìý Көзү кара көк шалпан?
580 Ìý Көргөндөн кайра тартпаган
Ìý Ìý Көлөктөй жемден кайтпаган
Ìý Ìý Салганын кайра тарпаган
Ìý Ìý Табактай жемден кайтпаган
Ìý Ìý Көзү кара көк шалбын
585 Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү ак шумкар
Ìý Ìý Эми колдон алыптыр
590 Ìý Албаганда неткени
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Ошо кезде чоң боз үй
Ìý Ìý Чоң боз үйү тигилип
Ìý Ìý Ошо кезде ичинде
595 Ìý Турган экен билинип
Ìý Ìý Мына ошондо карасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Аркасында момундай
Ìý Ìý Жети бирдей боз үйү
600 Ìý Турган экен момундай
Ìý Ìý Так ошондо тигилип
Ìý Ìý Ар кайсысын караса
Ìý Ìý Ар кайсында кушу бар
Ìý Ìý Көрүп турган ушулар
605 Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Ошо кезде неткени
Ìý Ìý Куш төрөсү Буудайык?
Ìý Ìý Азыркысы момундай
610 Ìý Үнүн эми чыгарса
Ìý Ìý Жаңырып эми ааламга
Ìý Ìý Үнү эми өткөнү
Ìý Ìý Үнүнөн эми караса
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
615 Ìý Жылып чыккан жылан жок
Ìý Ìý Ойноп чыккан кулан жок
Ìý Ìý Сойлоп чыккан жылан жок
Ìý Ìý Ал аңгыча караса
Ìý Ìý Канатын күүлөп ийгени
620 Ìý Канатын күүлөп ийгенде
Ìý Ìý Ошо кезде жанагы
Ìý Ìý Күүсүнөн момундай
Ìý Ìý Туурдугу түрүлүп
Ìý Ìý Атаңдын көрү боз үйү
625 Ìý Кеткен экен сүрүлүп
Ìý Ìý Как ошондо неткени
Ìý Ìý Азыркысын жетөөсү
Ìý Ìý Жаны чыга кетти эми
Ìý Ìý Жаны чыгып далбастап
630 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Ары-бери калдастап
Ìý Ìý Өлүп кала таштады
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
635 Ìý Куш төрөсү Буудайык
Ìý Ìý Муну кармап алыпмын
Ìý Ìý Ал эмине болуучу?
Ìý Ìý Ал түшүмдү жоруучу
Ìý Ìý - деп ошондо калганы
640 Ìý Айтып кебин салганы
Ìý Ìý Ал аңгыча караса
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Ак сакалдуу дубана
Ìý Ìý Эшиктен басып кирди эми
645 Ìý Саламын эми берди эми
Ìý Ìý Кызыл алма берди эле
Ìý Ìý Кызыл алма бергенде
Ìý Ìý Оозума тиштеп салыпмын
Ìý Ìý Аны менен карасам
650 Ìý Аягымдан ажыдаар
Ìý Ìý Буулуп эми ышкырып
Ìý Ìý Мына чыгып алыптыр
Ìý Ìý Ал эмине болуучу?
Ìý Ìý - деп ошондо калганы
655 Ìý Мына ошондо Жакыптын
Ìý Ìý Өзүнө айта салганы
Ìý Ìý Ал аңгыча караса
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Ошо кезде эр Жакып
660 Ìý Эси ооп эңгиреп
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Берейин деп бир Кудай
Ìý Ìý Дал ошондо калганбы
Ìý Ìý Башыбызда чоң убай
665 Ìý Кетейин деп калганбы
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө!
Ìý Ìý Ээ Тилегибиз ар убак
Ìý Ìý Эми жетейин деп калганбы уу
Ìý Ìý - деп ошондо эр Жакып
670 Ìý Ээ мына минтип калганы
Ìý Ìý Байбиче кебин салганы
Ìý Ìý Түштүн башы казандай
Ìý Ìý Мойнуң ичке кылдай дейт
Ìý Ìý Ак сакалдуу баарыдан
675 Ìý Эс билгендин баарыдан
Ìý Ìý Ээ чакырып байым алсакпы
Ìý Ìý Курмандыкты чалсакпы
Ìý Ìý - деп ошондо алдагы
Ìý Ìý Айтып эми салганы
680 Ìý Ырас айттың байбиче
Ìý Ìý - деп ошондо жанагы
Ìý Ìý Мына ошондо сурасаң
Ìý Ìý Тогуз бээни алдырып
Ìý Ìý Бир жеринде ала жок
685 Ìý Оо бир жеринде кара жок
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө!
Ìý Ìý Ак боз бээни алдырып
Ìý Ìý Ата-бабаң арбакка
Ìý Ìý Атап туруп чалдырып
690 Ìý Оо так ошондо эр Жакып
Ìý Ìý Ат уулунун барынан
Ìý Ìý Сакалдуулап чакырып
Ìý Ìý Жетим менен жесирге
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
695 Ìý Садагасын чаптырып
Ìý Ìý Сары улагын тарттырып
Ìý Ìý Ата бир момундай кылдырып
Ìý Ìý Бир тойгузуп салдырып
Ìý Ìý Ат уулдуулап баарысын
700 Ìý Как ошондо ордого
Ìý Ìý Киргизип эми турду эле
Ìý Ìý Ак сакал менен көк сакал
Ìý Ìý Ээ көптү көргөн даанышман
Ìý Ìý Жеке чыгаар жарышты
705 Ìý Ошол элдин ичинде
Ìý Ìý Эрин тууган Ак Балта
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Жилигиң каздай каркылдап
Ìý Ìý Аксакалы жаркылдап
710 Ìý Эрениң Балта дагы бар
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Жылкы башы Бадалбай
Ìý Ìý Ээ ногойдон чалы кары бар
Ìý Ìý Как ошондо көрүп ал
715 Ìý Эрин тууган эри бар
Ìý Ìý Мына ошонда Саламат
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Так ошондо түп атасы Камбаркан
Ìý Ìý Ошо кезде Айдаркан
720 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Ээ аның келген чагы бар
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Ошолордун баарысы
Ìý Ìý Чакырткан экен сураса
725 Ìý Калмактардын карысы
Ìý Ìý Аралаш конгон баарысы
Ìý Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Эрен Ошпур байы бар
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
730 Ìý Ээ мына ошондо көрүп ал
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө!
Ìý Ìý Биз билбеген канча бар
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Ак сакалдап жанагы
735 Ìý Устаканын тарттырып
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө!
Ìý Ìý Ырымын мындай кылды эле
Ìý Ìý Ырым кылып турду эле
Ìý Ìý Андан кийин кеп айтат
740 Ìý Айланайын карылар
Ìý Ìý Ылайыктуу кеп болсо
Ìý Ìý Айтар эми кеп болсо
Ìý Ìý Ылайыктуу сөз болсо
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
745 Ìý Ээ мына ошондо береги
Ìý Ìý Баарыбыз бирдей түш көрдүк
Ìý Ìý Түш көргөндүн үч көрдүк
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Ырымы бар ырыстуу
750 Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Кылганы бар кылыктуу
Ìý Ìý Ошону жоруп бергиле
Ìý Ìý Ылайыктуу момундай
Ìý Ìý Жоруп берсең нетейин
755 Ìý Дегениңе көнөйүн
Ìý Ìý Ушуреки күбө тон
Ìý Ìý Күбө тонду чечейин
Ìý Ìý Ылайыктуу түш болсо
Ìý Ìý Так ошондо мен өзүм
760 Ìý Кара жандан кечейин
Ìý Ìý Ылайыктуу түш болсо
Ìý Ìý Эми ылдам жоруп бергиле
Ìý Ìý Барган эми келгиле
Ìý Ìý Дегениме көнгүлө
765 Ìý Түштөн жоруп бергиле
Ìý Ìý Түштүн башы казандай
Ìý Ìý Тетир жоруп ийбегин
Ìý Ìý Оңго жоруп бергиле
Ìý Ìý Оңго эми оодарып
770 Ìý Чоңго жоруп бергиле
Ìý Ìý - деп ошендо турганы
Ìý Ìý Мындай кебин курганы
Ìý Ìý Андай болсо айткын деп
Ìý Ìý Так ошондо береги
775 Ìý Бетке айтып калыптыр
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Байжигит эми айтчы деп
Ìý Ìý Коштоп улап калыптыр
780 Ìý Ошолордун баарысы
Ìý Ìý Улап угуп түрүнүп
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Кандай эми кеби деп
Ìý Ìý Мына ошондо береги
785 Ìý Эр Жакыптын жөнү деп
Ìý Ìý Ээ канчаң эми сан кара
Ìý Ìý Айнап жүрүп эр Жакып
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Тамак ашка чакырып
790 Ìý Так ошондо койбогур
Ìý Ìý Азыркысын бул түшүн
Ìý Ìý Эмине болуп кетти деп
Ìý Ìý Мына ошондо баарысы
Ìý Ìý Кулагын угуп түрүнүп
795 Ìý Этек жеңин момундай
Ìý Ìý Кымтыланып калыптыр
Ìý Ìý Аны менен эр Жакып
Ìý Ìý Айтып кебин салыптыр
Ìý Ìý Так ошондо караса
800 Ìý Эми Жакып кеп айтат
Ìý Ìý Ээ түндө жатып түш көрдүм
Ìý Ìý Бир көргөнүм үч көрдүм
Ìý Ìý Ошо көргөн түшүмдө
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
805 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Башы уулу чийиптир
Ìý Ìý Ээ мына ошондо чоң чоку
Ìý Ìý Чоң чокунун өзүнө
Ìý Ìý Эми чыгып баргамын
810 Ìý Барган сайын момундай
Ìý Ìý Алтымыш кулач узарып
Ìý Ìý Эми боюм кетиптир
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
815 Ìý Боюм кетти узарып
Ìý Ìý Андан кийин караса
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Тогуз кабат асмандын
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
820 Ìý Тагын көрүп турдум деп
Ìý Ìý Так үстүндө жайнаган
Ìý Ìý Баарын көрүп турдум деп
Ìý Ìý Жети кабат кара жер
Ìý Ìý Түбүн көрүп турдум деп
825 Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Өнүп-өскөн бул жердин
Ìý Ìý Гүлүн көрүп турдум деп
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Ааламда момундай
830 Ìý Отуз жүз миң ааламдын
Ìý Ìý Жылдызын көрүп турдум деп
Ìý Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Жер үстүндө жайнаган
Ìý Ìý Турмушун көрүп турдум деп
835 Ìý Аны менен көңүлдү
Ìý Ìý Как ошондо бурдум деп
Ìý Ìý Ушуреки жер бетин
Ìý Ìý Кучагына алдым деп
Ìý Ìý Аны менен караса
840 Ìý Айран азыр калдым деп
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Айран калган себеби
Ìý Ìý Асмандагы жанагы
Ìý Ìý Жараткандын буйругу
845 Ìý Оң ийинден күн чыгып
Ìý Ìý Сол ийинден ай чыгып
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Ошо келип конду деп
Ìý Ìý Аягым жерде болду деп
850 Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Төбөм көккө кетти деп
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Эки бирдей колума
Ìý Ìý Мына ошондо береги
855 Ìý Оо ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Минтип эми караса
Ìý Ìý Эки бирдей ийинге
Ìý Ìý Ай менен күнү конду деп
Ìý Ìý Ал эмине болучу
860 Ìý Ал түшүмдү жоручу
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Деп ошондо калганы
Ìý Ìý Айтып кебин салганы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
865 Ìý Байбичем дагы түш көрүп
Ìý Ìý Ал дагы эми үч көрүп
Ìý Ìý Как ошондо байбичем
Ìý Ìý Каргайы болгон боз үйгө
Ìý Ìý Эми кирип барыптыр
870 Ìý Он эки канат чоң ордо
Ìý Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Аркасында береги
Ìý Ìý Жети ордо бар экен
Ìý Ìý Аны менен сурасаң
875 Ìý Албан түрлүү жан экен
Ìý Ìý Кудай бетин салбай кал
Ìý Ìý Ошо кезде жанагы
Ìý Ìý Туш тереси Будайык
Ìý Ìý Чоң боз үйгө кириптир
880 Ìý Ошо кезде байбичем
Ìý Ìý Ыйыктыгын билиптир
Ìý Ìý Колуна алып көрүтүр
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Боруна басып өбүптүр
885 Ìý Өппөгөндө неткени
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Шаңшып ийсе Будайык
Ìý Ìý Кудай бетин салбай кал
Ìý Ìý Жырылып чыккан жылан жок
890 Ìý Ойноп чыккан кулан жок
Ìý Ìý Жан-жаныбар макулук
Ìý Ìý Кырылып кала таштаган
Ìý Ìý Добушу эми момундай
Ìý Ìý Ай ааламдын өзүнө
895 Ìý Жаңырып мынча баштаган
Ìý Ìý Желпилип койсоң эгерде
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Жердин бети дуу болуп
Ìý Ìý Жердин үстү чуу болуп
900 Ìý Желпингенде жанагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Жети бирдей боз үйдө
Ìý Ìý Албан түрлүү куштары
905 Ìý Байланып эми турганы
Ìý Ìý Ошолордун баарысы
Ìý Ìý Кукулуктап үн чыкпай
Ìý Ìý Өлүп кала таштаптыр
Ìý Ìý Калайманды баштаптыр
910 Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Жети бирдей боз үйдү
Ìý Ìý Как ошондо караса
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Уурдугу үзүлүп
915 Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Кереге жиби сүзүлүп
Ìý Ìý Мына мындай болуптур
Ìý Ìý Ал аңгыча байбиче
Ìý Ìý Ошо кезде таңданып
920 Ìý Айран калып таң калып
Ìý Ìý Так ошондо турганда
Ìý Ìý Ак сакал кызыр кириптир
Ìý Ìý Эшиктен эми кирген соң
Ìý Ìý Саламын эми бериптир
925 Ìý Саламын алса жанагы
Ìý Ìý Жараткандын белеги
Ìý Ìý Деп ошондо жанагы
Ìý Ìý Кызыл алма бериптир
Ìý Ìý Кызыл алма алыптыр
930 Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Кызыгып эми байбиче
Ìý Ìý Жээп аны салыптыр
Ìý Ìý Аягынан ышкырып
Ìý Ìý Ажыдаар болуп чыгыптыр
935 Ìý Ал эмине болучу?
Ìý Ìý Ал түшүмдү жоруучу
Ìý Ìý Деп ошондо калганы
Ìý Ìý Азыркысын караса
Ìý Ìý Түшүн айтып салганы
940 Ìý Айраңданып таңданып
Ìý Ìý Баары бирдей таң калып
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Сакалдарын сылашып
Ìý Ìý Аңгемени курашып
945 Ìý Каныке эми айтчы деп
Ìý Ìý Ылайыктуу түшпү деп
Ìý Ìý Эмине кылып жоруйбуз
Ìý Ìý Кылымда мындай түш болбойт
Ìý Ìý Как ошондо Жакыпта
950 Ìý Мына мындай иш болбойт
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Бул эмине кызык деп
Ìý Ìý Как ошондо таңданып
Ìý Ìý Жалпылары таң калып
955 Ìý Эми карап чарданып
Ìý Ìý Как ошондо туруптур
Ìý Ìý Атаңдын көрү эр Жакып
Ìý Ìý Бериптир эми түштү деп
Ìý Ìý Келиптир эми момундай
960 Ìý Адамга келбес түшү деп
Ìý Ìý Болуптур мындай иши деп
Ìý Ìý Как ошондо турганы
Ìý Ìý Айран калып таңданып
Ìý Ìý Мына ошондо турганда
965 Ìý Ошо кезде сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Байжигит кепти баштады
Ìý Ìý Айтаар кептен шашпады
970 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Бериптир Кудай түшүңдү
Ìý Ìý Оңдоптур Кудай ишиңди
Ìý Ìý Айланайын Көк Теңир
Ìý Ìý Көктөн эми сурасаң
975 Ìý Жерден келет турбайбы
Ìý Ìý Караламан калайык
Ìý Ìý Элден келет турбайбы
Ìý Ìý Көктөн эми Кыргыздын
Ìý Ìý Тилегенин баарысы
980 Ìý О Жакып сенден келет турбайбы
Ìý Ìý Айланайын эр Жакып
Ìý Ìý Ушул көргөн түшүңдү
Ìý Ìý Ушул көргөн ишиңди
Ìý Ìý Как ошондо карасаң
985 Ìý Чокуга чыгып барганың
Ìý Ìý Ошо кезде чоң чоку
Ìý Ìý Башы булут тийгени
Ìý Ìý Как ошондо Жакыбым
Ìý Ìý Зоболоңдун өскөнү
990 Ìý Чокуга чыгып барганың
Ìý Ìý Касиетиң дагы арбып
Ìý Ìý Мынданда өөдө кеткени
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Тогуз кабат асманың
995 Ìý Чеги болот эмеспи
Ìý Ìý Жараткандын ал жерде
Ìý Ìý Деми болот эмеспи
Ìý Ìý Жараткан көкө Теңирдин
Ìý Ìý Өзү болот эмеспи
1000 Ìý Жараткандын өзүнөн
Ìý Ìý Жалгыз бала келеткен
Ìý Ìý Жараткан өзү момундай
Ìý Ìý Адам болуп кубулуп
Ìý Ìý Көктөн жерге куюлуп
1005 Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Кубатын сага береткен
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Адамга бүтчү момундай
Ìý Ìý Кулачын сага береткен
1010 Ìý Бир жараткан адамга
Ìý Ìý Ырысын сага береткен
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Жараткандын дөөлөтү
Ìý Ìý Эми сага келеткен
1015 Ìý Жети кабат кара жер
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Арккы дүйнө арбагы
Ìý Ìý Сени колдоп тураткен
1020 Ìý Ошолордун баарысы
Ìý Ìý Мына ошондо Жакыбым
Ìý Ìý Сага колун сунаткен
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Келе турган балаңды
1025 Ìý Колдоп турат турбайбы
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Жакшылыкка ырысын
Ìý Ìý Жолдоп турат турбайбы
Ìý Ìý Отуз жүз миң ааламдан
1030 Ìý Эми көрсөң ырыскы
Ìý Ìý Жылдыздын баары жандырып
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Ошолордун баарысы
Ìý Ìý Оңдоп гана берет да ишиңди уу
1035 Ìý Оңунан берет түшүңдү
Ìý Ìý Ошолордун баарына
Ìý Ìý Атаң этип айтылып
Ìý Ìý Дайының этип тарачу
Ìý Ìý Мына ошондо береги
1040 Ìý Ат жеткен эрдин баарысы
Ìý Ìý Ысымыңа карачу
Ìý Ìý Ээ айланайын эр Жакып
Ìý Ìý Ээ канча кылым кошсо да
Ìý Ìý Келбей турган түш экен
1045 Ìý Ээ пенде жалпы тиленсе
Ìý Ìý Бербей турган иш экен
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Боюн кессең узарып
1050 Ìý Ошончо жашка жанагы
Ìý Ìý Балаң эми чыгуучу
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ошончо жашка чыкканча
Ìý Ìý Элге кызмат кылуучу
1055 Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Эми Жакып угуп ал
Ìý Ìý Айтканыма кулак сал
Ìý Ìý Деп ошондо жанагы
Ìý Ìý Ээ жараткандын бир өзү
1060 Ìý Адам болуп кубулуп
Ìý Ìý Көк Теңирге куюлуп
Ìý Ìý Өзүнүн атын таанытып
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Адамзаат пендени
1065 Ìý Оңдоп жолго салаткен
Ìý Ìý Как ошондо карасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Атагы менен алаткен
Ìý Ìý Деп ошондо жанагы
1070 Ìý Оо айланайын жарыктык
Ìý Ìý Жалпы Кыргыз тилесе
Ìý Ìý Жалпың эми адамзат
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
1075 Ìý Жараткандын өзүнөн
Ìý Ìý Атын айтып жиберсе
Ìý Ìý Эми келбейт турган балакен ууу
Ìý Ìý Ошонун гана барында эр Жакып
Ìý Ìý Эми бир өзүңө буйруптур
1080 Ìý Бул да сага келген буйрукту
Ìý Ìý Налый бербей Жакыбым
Ìý Ìý Барлык менен күтүп ал
Ìý Ìý Казынаң оозун ачыңыз
Ìý Ìý Ушуреки түш үчүн
1085 Ìý Карк алтынды чачыңыз
Ìý Ìý Дүнүйө көзүн караба
Ìý Ìý Келе турган бала үчүн
Ìý Ìý Так ошондон аяба
Ìý Ìý Деп ошентип калганы
1090 Ìý Ыраазымын сага деп
Ìý Ìý Оңдоп эми берсин деп
Ìý Ìý Оңунан ишим келсин деп
Ìý Ìý Эр Жакып айтып калганы
Ìý Ìý Ал аңгыча Ак Балта
1095 Ìý Кебин айта салганы
Ìý Ìý Байбиченин түшү деп
Ìý Ìý Ырас болду иши деп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Оңдоп берсең эгерде
1100 Ìý Анысын эми жоруюн
Ìý Ìý Ушуреки байбиче
Ìý Ìý Ак өргөөгө барганы
Ìý Ìý Куш төрөсү Будайык
Ìý Ìý Эми колго алганы
1105 Ìý Турунда конуп калганы
Ìý Ìý Ушуреки береги
Ìý Ìý Кайып пирлер колдогон
Ìý Ìý Жакшылыкка жолдогон
Ìý Ìý Айтканы эки болбогон
1110 Ìý Касиеттүү эр келет
Ìý Ìý Ааламдан ашыкча
Ìý Ìý Арта турган шер келет
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Ушуреки жер бетин
1115 Ìý Алар бала болот деп
Ìý Ìý Арбытарга дүмөктү
Ìý Ìý Салар бала болот деп
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
1120 Ìý Өкүмүң эки болбогон
Ìý Ìý Өзүн Теңир колдогон
Ìý Ìý Айтканың эки болбогон
Ìý Ìý Жараткан өзү колдогон
Ìý Ìý Мына ошондо береги
1125 Ìý Жалгыз тумаң эр келет
Ìý Ìý Жалдуу көк жал шер келет
Ìý Ìý Ошолерки баланы
Ìý Ìý Байбиче ттуйт экен деп
Ìý Ìý Мына ошондо байбиче
1130 Ìý Кер күнү жок бекер деп
Ìý Ìý Аны айтып салганы
Ìý Ìý Андан кийин чоң кыдыр
Ìý Ìý Жараткандын буйругу
Ìý Ìý Алып эми келгени
1135 Ìý Кызыл алма бергени
Ìý Ìý Андай кийин кыз тулат
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Кызыл алма кыз деди
1140 Ìý Кыздан чыккан ууз деди
Ìý Ìý Эркектен бирди эр туулат
Ìý Ìý Эрден туулат момундай
Ìý Ìý Кара көк жал шер туулат
Ìý Ìý Кыздан бирди эр туулат
1145 Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Кыйыныраак шер туулат
Ìý Ìý Деп ошондо калганы
Ìý Ìý Айтып эми салганы
Ìý Ìý Андан кийин сурасаң
1150 Ìý Жети бирдей боз үйдө
Ìý Ìý Жети иниси келет деп
Ìý Ìý Мына ошондо Бакдөөлөт
Ìý Ìý Өзү төрөп берет деп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
1155 Ìý Ак жолтой бала болот деп
Ìý Ìý Алдыга чыксаң ак жолтой
Ìý Ìý Артта жүрсө сан колдой
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Эрен бала болот деп
1160 Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Берен бала болот деп
Ìý Ìý Айтып аны салганы
Ìý Ìý Азыр айтып калганы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
1165 Ìý Оомин деп кол жайып
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Оңдоп эми берсин деп
Ìý Ìý Оңунан эми келсин деп
Ìý Ìý Ушуреки кыргызга
1170 Ìý Так ошондо баш болуп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Жалпы журттун баарына
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Кубаттуу бала болсун деп
1175 Ìý Ай ааламдан ашыкча
Ìý Ìý Кулачтуу бала болсун деп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Тилегин эми келтирген
1180 Ìý Тилегине жеткирген
Ìý Ìý Демдүү бала болсун деп
Ìý Ìý Элге келсе момундай
Ìý Ìý Элдүү бала болсун деп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
1185 Ìý Ошо кезде баарысы
Ìý Ìý Как ошондо сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Жалпы бүткөн пендеге
Ìý Ìý Жалдуу бала болсун деп
1190 Ìý Ата даңшаган эми душманга
Ìý Ìý Каардуу бала болсун деп
Ìý Ìý Өзгө өздөй болсун деп
Ìý Ìý Сөзгө сөздөй болсун деп
Ìý Ìý Башына бакыттын кушу консун деп
1195 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Оңдоптур Кудай ишиңди
Ìý Ìý Бериптир Кудай түшүңдү
Ìý Ìý Деп ошондо баарысы
Ìý Ìý Оңдоп жоруп калганы
1200 Ìý Батасын бере салганы
Ìý Ìý Ыраазы болуп эр Жакып
Ìý Ìý Казына оозун ачыптыр
Ìý Ìý Карк алтынын чачыптыр
Ìý Ìý Ат туягын алтындан
1205 Ìý Алып келип берди эми
Ìý Ìý Мына ошондо дийилде
Ìý Ìý Алтындан кылган чоң чапан
Ìý Ìý Ар бирине кийгизип
Ìý Ìý Жер жерилтпеген жоргодон
1210 Ìý Ар бирине мингизип
Ìý Ìý Ырымын мындай кылыптыр
Ìý Ìý Ыраазымын элге деп
Ìý Ìý Ыраазы болуп туруптур
Ìý Ìý Түшүң эми келсин деп
1215 Ìý Жараткан оңду берсин деп
Ìý Ìý Баарысы бата кылыптыр
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Түшүң оңдуу болду деп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
1220 Ìý Олжолуу Жакып болот деп
Ìý Ìý Башына бакыттын кушу конот деп
Ìý Ìý Ар кимиси кеп айтып
Ìý Ìý Мына ошондо бек айтып
Ìý Ìý Оңдоп эми түш жоруп
1225 Ìý Как ошондо нетиптир
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ээ кечээ күнү сурасаң
Ìý Ìý Эрен Жакып эр ушу
Ìý Ìý Ээ телегейи тең ушу
1230 Ìý Как ошондо сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Эми качан берет деп
Ìý Ìý Басса турса жабылып
Ìý Ìý Жаратканга жалынып
1235 Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Жакып минтип калыптыр
Ìý Ìý Ал аңгыча караса
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ай артынан күн өтүп
1240 Ìý Ай караңгы түн өтүп
Ìý Ìý Ээ күн артынан күн өтүп
Ìý Ìý Күн караңгы түн өтүп
Ìý Ìý Мына ошондо байбиче
Ìý Ìý Ошо боюндагы баласы
1245 Ìý Азыр төрт ай болуп калыптыр
Ìý Ìý Талгагы келип калыптыр
Ìý Ìý Как ошондо неткени
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Байбиченин өзүнө
1250 Ìý Балакет эми жеткени
Ìý Ìý Аз тамакка карабай
Ìý Ìý Башка тамак жарабай
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Багылаң козу шидим баш
1255 Ìý Бур кайнатып таштатып
Ìý Ìý Кызык оюн баштатып
Ìý Ìý Кызыкты мындай кылдырат
Ìý Ìý Анысына карабай
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
1260 Ìý Алтын комуз домбура
Ìý Ìý Эми колго алдырып
Ìý Ìý Акындарга чалдырып
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
1265 Ìý Мистеси бар жаңгагы
Ìý Ìý Мына ошондо алчасы
Ìý Ìý Анжыр, курма бар дагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Биз көрбөгөн дүйүмдө
1270 Ìý Канча бири жайнады
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Мына ошондо кант койуп
Ìý Ìý Сарымайын топуруп
Ìý Ìý Как ошондо береги
1275 Ìý Казы эритип жал койуп
Ìý Ìý Мына ошондо жайадал
Ìý Ìý Жайман атып алдырып
Ìý Ìý Аш тамагын салдырып
Ìý Ìý Анысына карабай
1280 Ìý Башка тамак жарабай
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Жесем деп жолборс жүрөгүн
Ìý Ìý Андан бөлөк самабай
Ìý Ìý Ошо кезде неткени
1285 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Мына ошондо карасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ач тамакка карабай
Ìý Ìý Как ошондо турганда
1290 Ìý Амалы кетип курганда
Ìý Ìý Ал аңгыча караса
Ìý Ìý Атаңдын көрү эр Жакып
Ìý Ìý Жетимиш бирдей бергенди
Ìý Ìý Тизип эми алыптыр
1295 Ìý Айтып эми момундай
Ìý Ìý Аңгемени салыптыр
Ìý Ìý Айланайын берендер
Ìý Ìý Кагылайын эрендер
Ìý Ìý Как ошондо сурасаң
1300 Ìý Как ошондо баргыла
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ошо кезде сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү жолборстту
Ìý Ìý Атып келе калгыла
1305 Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Атып эми келбесең
Ìý Ìý Мына ошондо нетет деп
Ìý Ìý Балакеттүү чоң үшкүл
Ìý Ìý Эми мында нетет деп
1310 Ìý Байбичем өтүп кетет деп
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Балакеттүү момундай
Ìý Ìý Тууйт беле байбиче
Ìý Ìý Үйдөн эми береги
1315 Ìý Жолборсттун жүрөгүн
Ìý Ìý Таап алып келгин деп
Ìý Ìý Кууйт беле байбиче
Ìý Ìý Эмине болгон шумдук деп
Ìý Ìý Кечээ көрбөгөнмүн укканмын
1320 Ìý Жомокчунун кебинен
Ìý Ìý Угуп атып чыкканмын
Ìý Ìý Аталардын деминен
Ìý Ìý Ушундай болуп жаралат
Ìý Ìý Деп ошондон укчу элем
1325 Ìý Башыман өтүп жатат деп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Байбиченин кыялы
Ìý Ìý Болуп кетти чатак деп
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
1330 Ìý Ач тамакты карабайт
Ìý Ìý Минте берсе байбиче
Ìý Ìý Ачкадан өлөр бекен деп
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Как ошондо сурасаң
1335 Ìý Айтып эми калыптыр
Ìý Ìý Айтып эми барыптыр
Ìý Ìý Мына ошондо сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ошо кезде жетимиш
1340 Ìý Жер жерине тарады
Ìý Ìý Жолборс издеп момундай
Ìý Ìý Көрүнгөн жерди карады
Ìý Ìý Ээ как ошондо неткени
Ìý Ìý Жетимиши жабылып
1345 Ìý Эми жолборс издеп кетти эми ууу
Ìý Ìý Арадан тогуз күн өттү
Ìý Ìý Мына ошондо байбиче
Ìý Ìý Эр Жакыпты жүдөттү
Ìý Ìý Өңүнөн эми азыптыр
1350 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Мына ошондо нетет деп
Ìý Ìý Мергендер качан жетет деп
Ìý Ìý Как ошондо эр Жакып
Ìý Ìý Көрүнгөн эрди каранып
1355 Ìý Мына ошондо эр Жакып
Ìý Ìý Ээрди, мурдун жаланып
Ìý Ìý Үйгө эми туралбай
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Үйдөн алыс чыгалбай
1360 Ìý Амалы кетип үбүлүп
Ìý Ìý Акылы кетип түгөнүп
Ìý Ìý Так ошондо турганда
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Мына ошондо сурасаң
1365 Ìý Ээ жетимиши келиптир
Ìý Ìý Кээ бирөөнү сурасаң
Ìý Ìý Шерди атып алыптыр
Ìý Ìý Кээ бирөөсү кабылып
Ìý Ìý Кабылан атып алыптыр
1370 Ìý Кээ бирөөсүн сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Мына ошондо жолборс
Ìý Ìý Анысын атып алыптыр
Ìý Ìý Кээ бирөөнү сурасаң
1375 Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Каман атып алыптыр
Ìý Ìý Кээ бирөөнү сурасаң
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Кулжа атып алыптыр
1380 Ìý Как ошондо момундай
Ìý Ìý Таппай койдук эми деп
Ìý Ìý Аларыңды сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ар кимиси момундай
1385 Ìý Ар кайсындай жаныбар
Ìý Ìý Атып эми алганы
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Алып келип момундай
Ìý Ìý Байбиченин өзүнө
1390 Ìý Берип эми салганы
Ìý Ìý Ошо кезде байбиче
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Пирден атып келиптир
1395 Ìý Ошо кезде ар бири
Ìý Ìý Бирден эми атыптыр
Ìý Ìý Аны менен сурасаң
Ìý Ìý Жан-жаныбар дегенден
Ìý Ìý Пирден атып келиптир
1400 Ìý Муну менен сурасаң
Ìý Ìý Ар бириси жөн калбай
Ìý Ìý Бирден атып келиптир
Ìý Ìý Муну менен сурасаң
Ìý Ìý Байбиченин өзүнө
1405 Ìý Алып келип бериптир
Ìý Ìý Жолборсттун жүрөгүн
Ìý Ìý Бөлүп эми бергин деп
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Жакып айтып салганы
1410 Ìý Анысына карабай
Ìý Ìý Ырымы бар ырыстуу
Ìý Ìý Ырымын эми кылайын
Ìý Ìý Баарысын эми бергин деп
Ìý Ìý Атайын эми барган соң
1415 Ìý Алып эми келгин деп
Ìý Ìý Баарысынын жүрөгүн
Ìý Ìý Бирдей эми жегени
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Талгагым канды дегени
1420 Ìý Талгагым канып калды деп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Басаң айтып белгилеп
Ìý Ìý Байбичеге бере калыптыр
Ìý Ìý Арадан отуз күн өтүп
1425 Ìý Кайра талгак салыптыр
Ìý Ìý Балакеттүү чоң дүбөк
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Барган сайын ичинде
Ìý Ìý Баласы эми жүдөтөт
1430 Ìý Анан сайын күн өтөт
Ìý Ìý Ошо кезде неткени
Ìý Ìý Жакыптын акыл кеттиби
Ìý Ìý Как ошондо эр Жакып
Ìý Ìý Амалы кетип үбөлүп
1435 Ìý Айла кетип түгөлүп
Ìý Ìý Эми эми нетем деп
Ìý Ìý Эми кандай күнгө жетем деп
Ìý Ìý Как ошондо калыптыр
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
1440 Ìý Ошо күнү сурасаң
Ìý Ìý Күмүш булак мазарга
Ìý Ìý Эрен тууган Ак Балта
Ìý Ìý Эми жете барыптыр
Ìý Ìý Ак Балтаң эми барганда
1445 Ìý Как ошондо караса
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Ак күлөөлү дубана
Ìý Ìý Алдына чыгып калыптыр
Ìý Ìý Ээ дубана жайын сурасаң
1450 Ìý Өзү кыдыр өзү экен
Ìý Ìý Мына ошондо кыдырдын
Ìý Ìý Карарган кара көзү экен
Ìý Ìý Жерди кезип жол чалып
Ìý Ìý Ак Балта качан келет деп
1455 Ìý Күтүп жүргөн кези экен
Ìý Ìý Барлык менен момундай
Ìý Ìý Түтүп жүргөн кези экен
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
1460 Ìý Ийининде куржуну
Ìý Ìý Куржунунун көзүнө
Ìý Ìý Эми колун салганы
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Ошо кезде момундай
1465 Ìý Байбиченин өзүнө
Ìý Ìý Берип эми койгун деп
Ìý Ìý Чыйырдыга баргын деп
Ìý Ìý Эми бере салгын деп
Ìý Ìý Айтып эми калганы
1470 Ìý Жараткандын буйругу
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Ээ Будайыктын момундай
Ìý Ìý Как ошондо сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
1475 Ìý Өтүнөн эми кошулуп
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Ажыдаардын зарынан
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Ажыдаардын жүрөгү
1480 Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Көзүн оюп койдук деп
Ìý Ìý Аны менен сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ошо кезде береги
1485 Ìý Жан-жаныбар баарынын
Ìý Ìý Пиринен эми алдык деп
Ìý Ìý Албан түрлүү жаныбар
Ìý Ìý Тилинен эми алдык деп
Ìý Ìý Ажыдаардын момундай
1490 Ìý Уусунан эми алдык деп
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Атаңдын көрү деңиздин
Ìý Ìý Суусунан эми алдык деп
Ìý Ìý Как ошондо деңизде
1495 Ìý Ошо кезде жаяндын
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Каарынан эми алдык деп
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
1500 Ìý Ушуга ай ааламда бүткөндөй
Ìý Ìý Баарынан эми алдык деп
Ìý Ìý Аны менен сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Минтип жасап салдык деп
1505 Ìý Ушуну эми байбиче
Ìý Ìý Өзүнө алып бергин деп
Ìý Ìý Алып барып берген соң
Ìý Ìý Байбичең эми жеген соң
Ìý Ìý Талгагың эми канат деп
1510 Ìý Как ошондо карасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Муну айтып калыптыр
Ìý Ìý Аны менен сурасаң
Ìý Ìý Сүйүнгөндөн Ак Балта
1515 Ìý Ыраазы болуп алыптыр
Ìý Ìý Ыраазы болуп билгизип
Ìý Ìý Мына ошондо сурасаң
Ìý Ìý Эми жолго салганы
Ìý Ìý Атаңдын көрү акырып
1520 Ìý Байбичени ордого
Ìý Ìý Эми жете барганы
Ìý Ìý Ээ жараткандын буйругун
Ìý Ìý Аткарганы келдим деп
Ìý Ìý Мына ошондо береги
1525 Ìý Көргөн менен билгенин
Ìý Ìý Баарын айтып салганы
Ìý Ìý Ошо кезде байбиче
Ìý Ìý Мунусун жээп алганы
Ìý Ìý Талгагы эми калганы
1530 Ìý Эмине чыкты кулпуруп
Ìý Ìý Мына ошондо сурасаң
Ìý Ìý Кызыл өңү нурданып
Ìý Ìý Тал теректей ыргалып
Ìý Ìý Байбичени сурасаң
1535 Ìý Кубаты ойго жаныптыр
Ìý Ìý Аны менен сурасаң
Ìý Ìý Кубаттанып калыптыр
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
1540 Ìý Кечээ күнү байбиче
Ìý Ìý Ай артынан күн өтүп
Ìý Ìý Ай караңгы түн өтүп
Ìý Ìý Күн артынан күн өтүп
Ìý Ìý Мына ошондо нетели
1545 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Кара кытай какандын
Ìý Ìý Каарын айта кетели
Ìý Ìý Кечээ кара кытай каканчыл
Ìý Ìý Бичигиндей чийилген
1550 Ìý Даңзасында билинген
Ìý Ìý Мына ошондо буруттан
Ìý Ìý Ушуреки бурут деп
Ìý Ìý Бурут деген бу журттан
Ìý Ìý Эрен туулат эр туулат
1555 Ìý Телегейи тең туулат
Ìý Ìý Шай колдогон шер туулат
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Заарын чачып кетет деп
Ìý Ìý Чынмачынын калаага
1560 Ìý Такыр түбү жетет деп
Ìý Ìý Ушуреки береги
Ìý Ìý Атаңдын көрү эр туулат
Ìý Ìý Жайда кайгыр коштогон
Ìý Ìý Жалындуу арстан окшогон
1565 Ìý Жаалданып киргенде
Ìý Ìý Алдына мендеп тоспогон
Ìý Ìý Эми кара көк жал эр туулат ууу
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Деп ошондо чыммачын
1570 Ìý Такыр бүлүк салыптыр
Ìý Ìý Аны менен сурасаң
Ìý Ìý Кара кытай какандан
Ìý Ìý Аттанып чыгып алыптыр
Ìý Ìý Ошо кезде кыргыздын
1575 Ìý Кыз келиндин баарысын
Ìý Ìý Эми ичтен жарыптыр
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Найзага салып сүйрөтүп
Ìý Ìý Айгырга салып тептирип
1580 Ìý Кыямына келтирип
Ìý Ìý Кылычтап ичин жарыптыр
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Манас деген эр туулат
Ìý Ìý Телегейи тең туулат
1585 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Элүү жашка барганда
Ìý Ìý Элүү жаштын өзүнөн
Ìý Ìý Ашып эми карыганда
Ìý Ìý Алтын тагын минет деп
1590 Ìý Ушуреки Бээжинде
Ìý Ìý Кыймылдатпай билет деп
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Каяша айткан Кытайдын
Ìý Ìý Тилсегинен илет деп
1595 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ажыдаар болот, шер болот
Ìý Ìý Ай ааламдын өзүнөн
Ìý Ìý Арта турган эр болот
Ìý Ìý Деп ошондо Карыкан
1600 Ìý Каардыгын жаман салыптыр
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Кыз келиндин баарысын
Ìý Ìý Ошондо гана ичин да жарыптыр ууу
Ìý Ìý Кара кытай каканчыл
1605 Ìý Кечээ күнү жанагы
Ìý Ìý Самарканда чоң эшен
Ìý Ìý Чоң эшендин баласы
Ìý Ìý Жар Манас деген баласы
Ìý Ìý Так ошондо бар экен
1610 Ìý Аны кармап алыптыр
Ìý Ìý Аны менен кытайдын
Ìý Ìý Деми сууп калыптыр
Ìý Ìý Манасты кармап алдык деп
Ìý Ìý Чоң мүшкүлдү салдык деп
1615 Ìý Так ошондо сурасаң
Ìý Ìý Деми минтип басылган
Ìý Ìý Кабагы минтип ачылган
Ìý Ìý Кечегине кытайлык
Ìý Ìý Билинип калса кокустан
1620 Ìý Туюнуп калса кокустан
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Заарын чачып кетет деп
Ìý Ìý Союлгур түпкө жетет деп
Ìý Ìý Ошол бурул токой өзүнөн
1625 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Кабырга тоонун этинде
Ìý Ìý Мына ошондо сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ак саздын бери четинде
1630 Ìý Оң бөйрөктүн тушунан
Ìý Ìý Оодара өтчү ушуган
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Байбичени момундай
Ìý Ìý Токойдун эми жээгине
1635 Ìý Оң бөйрөктүн белине
Ìý Ìý Ошондо жашырган экен эр Жакып ууу
Ìý Ìý Айы күнү болду деп
Ìý Ìý Мына ошондо толгоосу
Ìý Ìý Мына ошондо толду деп
1640 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Жыйырма-төрт катын жанында
Ìý Ìý Ат кошчу кылып бериптир
Ìý Ìý Кызматын эми кылсын деп
Ìý Ìý Кошо көчүп келиптир
1645 Ìý Туулган соң баланы
Ìý Ìý Жакшы багып кара деп
Ìý Ìý Андан кийин жанагы
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Туулган соң баланы
1650 Ìý Аман сактап келгин деп
Ìý Ìý Как ошондо белгилеп
Ìý Ìý Эрен Жакып момундай
Ìý Ìý Акысын баарын бериптир
Ìý Ìý Казына оозун ачыптыр
1655 Ìý Карк алтынын чачыптыр
Ìý Ìý Катындардын баарына
Ìý Ìý Ырымын мындай кылыптыр
Ìý Ìý Ошо кезде сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
1660 Ìý Ошо кезде байбиче
Ìý Ìý Ай артынан күн өтүп
Ìý Ìý Тогуз айга толуптур
Ìý Ìý Туур күнү болуптур
Ìý Ìý Толгоосу жаңы кириптир
1665 Ìý Элден бөлөк бөлүнүп
Ìý Ìý Албан түрлүү жанагы
Ìý Ìý Жан көзүнө көрүнүп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ээ бүтүн жерин кестирип
1670 Ìý Мына ошондо кырымга
Ìý Ìý Кырк чоросун кырдан ээрчтирген
Ìý Ìý Бүтүн жерин кыдырса
Ìý Ìý Ырым кылып кестирген
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
1675 Ìý Атаңдын көрү чоң ордо
Ìý Ìý Чоң ордону тиктирип
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Бүтүн жерин бүттүрүп
1680 Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ырымын мындай кылган соң
Ìý Ìý Ырымы минтип турган соң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
1685 Ìý Ошо кезде жанагы
Ìý Ìý Байбиченин толгоосу
Ìý Ìý Кирип эле калган кез экен ууу
Ìý Ìý Так ошондо сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
1690 Ìý Ошо кезде эр Жакып
Ìý Ìý Кыларкан элбе шайлатып
Ìý Ìý Кырк кара козу быштырып
Ìý Ìý Кыдырата байлатып
Ìý Ìý Кабарын алып тургула
1695 Ìý Айткан сөздү кылгыла
Ìý Ìý Эркек болсо баарыңар
Ìý Ìý Талаадан мени табыңар
Ìý Ìý Ата кокуй сүйүнчү
Ìý Ìý Эртерээк жетип алыңар
1700 Ìý Кыз болсо үйгө калыңар
Ìý Ìý Кыйылдаба баарыңар
Ìý Ìý Эркек болсо чабыңар
Ìý Ìý Деп ошондо жанагы
Ìý Ìý Кырк кара коз быштыны
1705 Ìý Кыдырата байлатып
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Малга жакын эр Жакып
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Жыгылсам да талсам да
1710 Ìý Өлсөм дагы калсам да
Ìý Ìý Ээн жерге барайын
Ìý Ìý Балага чукак жан элем
Ìý Ìý Баланын үнү жыгылса/угулса
Ìý Ìý Жыгылып эми кетпейин
1715 Ìý Жыгылып акем калды деп
Ìý Ìý Ар ким шылдың кылбасын
Ìý Ìý Муну менен жанагы
Ìý Ìý Ылакап болуп эр Жакып
Ìý Ìý Кылым эми журтуна
1720 Ìý Шылдың болуп турбасын
Ìý Ìý Деп ошондо эр Жакып
Ìý Ìý Кеткен экен аттанып
Ìý Ìý Жүргөн экен шаттанып
Ìý Ìý Ошо кезде сурасаң
1725 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Кайран энең Чыйырды
Ìý Ìý Илкий басып ийилип
Ìý Ìý Оң тизеден бүгүлүп
1730 Ìý Солкуй басып ийилип
Ìý Ìý Сол тизеден бүгүлүп
Ìý Ìý Толгоосу эми кириптир
Ìý Ìý Карагай түбүн карманып
Ìý Ìý Кайыптарга жалбарып
1735 Ìý Долоно түбүн карманып
Ìý Ìý Жаратканга жалбаарып
Ìý Ìý Оо табылгы түбүн карманып
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
1740 Ìý Табылгыдай момундай
Ìý Ìý Бекем болсун дегени
Ìý Ìý Көптү билген даанышман
Ìý Ìý Көсөм болсун дегени
Ìý Ìý Карагайдай момундай
1745 Ìý Кайраттуу болсун дегени
Ìý Ìý Ажыдаардай бул бала
Ìý Ìý Айбаттуу болсун дегени
Ìý Ìý Азыркысын энекең
Ìý Ìý Ырымын мындай кылыптыр
1750 Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Умай энең улукка
Ìý Ìý Уялбай ичин оңдотуп
Ìý Ìý Кайра кайра оңдотуп
1755 Ìý Так ошондо туруптур
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Оңдоп салып бериптир
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
1760 Ìý Тогуз күнү толготуп
Ìý Ìý Так ошондо сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Кыймылдаса бул бала
Ìý Ìý Белдемчинин тигиши
1765 Ìý Беш жеринен үзүлүп
Ìý Ìý Энеңдин көзү сүзүлүп
Ìý Ìý Бел жагымды жечип алабы
Ìý Ìý Жарып ичтен алабы
Ìý Ìý Же бай Жакып жесир калабы
1770 Ìý Деп ошондо жанагы
Ìý Ìý Айланайын энекең
Ìý Ìý Энекең эми момундай
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Улутту көздөй жыгылып
1775 Ìý Так ошондо энеңиз
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Чаңга башы тыгылып
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Кээде эске келалса
1780 Ìý Кээде эске келалбай
Ìý Ìý Ак өргөөгө киргизип
Ìý Ìý Баканды кармап бакырып
Ìý Ìý Бүбү менен бакшынын
Ìý Ìý Немесин койбой чакырып
1785 Ìý Түндүктү карап түбүлүп
Ìý Ìý Көргөндөр жандан түңүлүп
Ìý Ìý Кереге түбүн карманып
Ìý Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Бекемирээк тарткын деп
1790 Ìý Келиндерге жалбарып
Ìý Ìý Кайран энең Чыйырды
Ìý Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Ээ толгосу мынча болуптур
Ìý Ìý Ошо кезде жанагы
1795 Ìý Толгосу эми дүң болду
Ìý Ìý Толготкон мындай ким болду?
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Бай Жакыптын байбиче
Ìý Ìý Балакеттүү тууйбу
1800 Ìý Эмине болгон шумдук деп
Ìý Ìý Тогуз күндөн бери карай
Ìý Ìý Толготуп эле жатат деп
Ìý Ìý Умай эне улукман
Ìý Ìý Так ошонун өзүнө
1805 Ìý Курсагын эми сурасаң
Ìý Ìý Оңдотуп эми жатат деп
Ìý Ìý Кайыптардын баарысы
Ìý Ìý Аралашып калды деп
Ìý Ìý Аны менен сурасаң
1810 Ìý Аралашып алды деп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Периштенин баарысы
Ìý Ìý Оңдоп жүрөт безилдеп
Ìý Ìý Эмине болгон шумдук деп
1815 Ìý Эми кандай кылдык деп
Ìý Ìý Так ошондо сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Аңгемени курасаң
Ìý Ìý Баарысы бирдей жалбарып
1820 Ìý Жакасын кармап кудайлап
Ìý Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Айланайын жарыктык
Ìý Ìý Айлы бүтүн убайлап
Ìý Ìý Убайга минтип түшүптүр
1825 Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Толготкону отуз күн
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Күтүп атып бүтүпүр
Ìý Ìý Эмине болуп кетти деп
1830 Ìý Эми кандай күн жетип
Ìý Ìý Деп ошондо жанагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Бир жагында он эки
1835 Ìý Бир жагында он эки
Ìý Ìý Жыйырма түп катын жабылып
Ìý Ìý Кыларканын бек тартып
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Бошураак тартып койдуң деп
1840 Ìý Бекемирээк тарткын деп
Ìý Ìý Дал ошондо турганда
Ìý Ìý Мына мындай кылганда эээ
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ырысы гана мындайда болгондо ууу
1845 Ìý Жуманын күнү толгондо
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Тараза жылдыз бөлүнүп
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Чолпон жылдыз көрүнүп
1850 Ìý Чачырап эми жатканда
Ìý Ìý Айланайын энеңдин
Ìý Ìý Мына ошондо сураса
Ìý Ìý Ошо кезде жанагы
Ìý Ìý Кырк периште жабылып
1855 Ìý Эми келдиң энеңе
Ìý Ìý Умай эне, Улукман
Ìý Ìý Ал да келдиң энеңе
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ошо кезде балага
1860 Ìý Оң жамбаштын өзүнө
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Алакан менен койгону
Ìý Ìý Мына мунуң болгону
Ìý Ìý Ошо кезде сурасаң
1865 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ошо кезде баланын
Ìý Ìý Оң жамбаштын өзүндө
Ìý Ìý Алакандын изи бар
Ìý Ìý Көгөрүп эми калыптыр
1870 Ìý Ошол күндөн ушул күн
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Умай эне колдогон
Ìý Ìý Ушулардын баарына
1875 Ìý Жакшылыкка жолдогон
Ìý Ìý Ырымы мындай калыптыр
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Жамбашка эми согуптур
Ìý Ìý Так ошондо түшкүн деп
1880 Ìý Ата кокуй энеңди
Ìý Ìý Кыйнап эми бүттүң деп
Ìý Ìý Эртерээк эми баргын деп
Ìý Ìý Ырысың эми алгын деп
Ìý Ìý Так ошондо калганы
1885 Ìý Эми кайда барам деп
Ìý Ìý Эми кайда коном деп
Ìý Ìý Эми кайда болом деп
Ìý Ìý Ырысым менин кайда деп
Ìý Ìý Эми мени айда деп
1890 Ìý Каяша айтып бул бала
Ìý Ìý Чыкпай жүрөт ичинен
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ырысың сенин элде деп
Ìý Ìý Ырысың сенин жерде деп
1895 Ìý Эртерээк эми баргын деп
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Уруктуу бактуу сүздүрүп
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Ата кокуй баланы
1900 Ìý Жамбашка койуп сүрдүрүп
Ìý Ìý Как ошондо калганы
Ìý Ìý Мына ошондо баргын деп
Ìý Ìý Эртерээк эми элиңди
Ìý Ìý Таап эми алгын деп
1905 Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Жараткандын өзүнөн
Ìý Ìý Мына ошондо келгин деп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Элге гана жардам да бергин деп ууу
1910 Ìý Умай эне, Улукман
Ìý Ìý Айтып эми калганы
Ìý Ìý Андай болсо барам деп
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Улутту бакты сүзгөнү
1915 Ìý Муну менен карасаң
Ìý Ìý Жерге бала түшкөнү
Ìý Ìý Карынды каттуу сүзгөнү
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Кайрылып бала түшкөнү
1920 Ìý Азыркысын караса
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Эки колун толтура
Ìý Ìý Кан чиңгелдеп түшкөнү
Ìý Ìý Как ошондо караса
1925 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Оозунда кылы бар
Ìý Ìý Атаңдын көрү баланын
Ìý Ìý Айта турган сыры бар
Ìý Ìý Аркасында баланын
1930 Ìý Айдай кара жалы бар
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Оң далынын астында
Ìý Ìý Эми муштумдай гана кара да калы бар ууу
Ìý Ìý Ээ так ошондо сурасаң
1935 Ìý Чочогу чыкты чормоюп
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Өзү чыкты болтоюп
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Кыйнап түштү бул бала
1940 Ìý Кадимкидей бул жерге
Ìý Ìý Ыйлап түштү бул бала
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Эки колун караса
Ìý Ìý Караганды момундай
1945 Ìý Уштап түштү бул бала
Ìý Ìý Кара жерди сурасаң
Ìý Ìý Туштап түштү бул бала
Ìý Ìý Эми бала түшкөнү
Ìý Ìý Кармашамын дегендин
1950 Ìý Канын жутам дегени
Ìý Ìý Кан ичкирип сойом деп
Ìý Ìý Аны менен карасаң
Ìý Ìý Оозунда кылы бар
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
1955 Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Чечишемин дегенди
Ìý Ìý Кылдай жандан момундай
Ìý Ìý Чайнашып эми кара жан
Ìý Ìý Кечишемин дегени
1960 Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Аркасында баланын
Ìý Ìý Айдай гана жалы бар
Ìý Ìý Оозун ачып караса
1965 Ìý Ошондо эки чыккан азуу бар ууу
Ìý Ìý Бир караса бир киши
Ìý Ìý Бир караса миң киши
Ìý Ìý Бир караса бул бала
Ìý Ìý Көктөн түшө калгандай
1970 Ìý Бир караса бул бала
Ìý Ìý Жерден чыга калгандай
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Жашы өзү каргандай
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
1975 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Баркыраган добушу
Ìý Ìý Ат чабым жерге угулду
Ìý Ìý Алдастаган катындын
Ìý Ìý Алтоосу бирдей жыгылды
1980 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Күнүнө мынча болуптур
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Айланайын энеңди
Ìý Ìý Мартубасып кетти эле
1985 Ìý Мына ошондо катындар
Ìý Ìý Жанына жакын жеткени
Ìý Ìý Мартубасып кетти деп
Ìý Ìý Балакет эми жетти деп
Ìý Ìý Как ошондо калыптыр
1990 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ал аңгыча караса
Ìý Ìý Сууну үркүп алыптыр
Ìý Ìý Эсине энең келиптир
Ìý Ìý Бала кана берчи деп
1995 Ìý Сурап эми калыптыр
Ìý Ìý Баланы алган киши жок
Ìý Ìý Бала менен иши жок
Ìý Ìý Бала жатат бакырып
Ìý Ìý Алты бирдей катыны
2000 Ìý Туралбай жатат калтырап
Ìý Ìý Как ошондо сурасаң
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Баланын сүрүн көргөндө
Ìý Ìý Катындардын баарысы
2005 Ìý Баралышпай жалдырап
Ìý Ìý Так ошону көргөндө
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Баланы алып бергин деп
Ìý Ìý Энекең буйрук салганы
2010 Ìý Мына ошондо Канышбек
Ìý Ìý Эми жете барганы
Ìý Ìý Көтөрө албай баланы
Ìý Ìý Көтөюк деп чочуп калганы
Ìý Ìý Ал аңгыча баарысы
2015 Ìý Ээ Бакдөөлөт басып барганы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Көтөрүп алып баланы
Ìý Ìý Этегине салганы
Ìý Ìý Ээ көзү жаман катын бар
2020 Ìý Мына ошондо катындар
Ìý Ìý Көзү тийип кетет деп
Ìý Ìý Сөзү тийип кетет деп
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Бакдөөлөт басып барганы
2025 Ìý Эки бирдей таманы
Ìý Ìý Оор экен баланын
Ìý Ìý Көтөргөндө салмагы
Ìý Ìý Ээ баркырап мунуң ыйласа
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
2030 Ìý Өйдө бою калтырап
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Эки көзү жалдырап
Ìý Ìý Байбиченин өзүнө
Ìý Ìý Ээ алып барып бергени
2035 Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү байбиче
Ìý Ìý Алып келгин майды деп
Ìý Ìý Как ошондо сарымай
Ìý Ìý Ырымын эми салдырды
2040 Ìý Үч карын май алдырды
Ìý Ìý Үч карындын майларын
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Чай кайнам колго жалмады
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
2045 Ìý Алты карым май салды
Ìý Ìý Аны менен жан салды
Ìý Ìý Алтоосун бирдей жеп салды
Ìý Ìý Тогуз карым май салды
Ìý Ìý Так ошондо береги
2050 Ìý Тобосун билбей жеп салды
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Кандай соргок деп калды
Ìý Ìý Так ошондо караса
Ìý Ìý Андан кийин байбиче
2055 Ìý Ырым кылып момундай
Ìý Ìý Оң эмчегин салганы
Ìý Ìý Оңдоп колго алганы
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý А дегенде ууз чыкты
2060 Ìý Андан кийин сүт чыкты
Ìý Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Үчүнчүсү энеңден
Ìý Ìý Мына ошондо кан чыкты
Ìý Ìý Энеңден чыдай албай жан чыкты ууу
2065 Ìý Баланы эми карасса
Ìý Ìý Баладан башка сүрү бар
Ìý Ìý Ажыдаардай түрү бар
Ìý Ìý Аркасында сурасаң
Ìý Ìý Айгыр аттай түрү бар
2070 Ìý Как ошондо көрүп ал
Ìý Ìý Барар жолду бөлүп ал
Ìý Ìý Билими чөлдү адырек
Ìý Ìý Эрими чөлүң эр жүрөк
Ìý Ìý Отуздагы кишидей
2075 Ìý Отурганда салмагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Азыр айран калганы
Ìý Ìý Как ошондо сурасаң
Ìý Ìý Колдогону кырк тогуз
2080 Ìý Колтугунда чамынат
Ìý Ìý Жөлөгөнү кырк тогуз
Ìý Ìý Жайдай басып камынат
Ìý Ìý Алп каракуш зумурук
Ìý Ìý Түндүгүнө конуптур
2085 Ìý Как ошондо сурасаң
Ìý Ìý Ажыдаар мал жылан
Ìý Ìý Алды жакта болуптур
Ìý Ìý Кара чаар кар жылан
Ìý Ìý Капталында чамынат
2090 Ìý Чолок көк жал арсылан
Ìý Ìý Жандай салып камынат
Ìý Ìý Көсө куйрук кырк бөрү
Ìý Ìý Арт жагында камынат
Ìý Ìý Ээ колдогону кырк тогуз
2095 Ìý Чөлдөй басып жөлүптүр ы
Ìý Ìý Ээ мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Жалпы баары келиптир
Ìý Ìý Ээ катындардын баарысы
Ìý Ìý Көргөндөрү таңданып
2100 Ìý Ээ карап эми жарланып
Ìý Ìý Баралышпай аң карап
Ìý Ìý Как ошондо турганы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ээ энекең ырымын мындай кылганы
2105 Ìý Көзү жаман катындын
Ìý Ìý Көзү тийип кетет деп
Ìý Ìý Сөзү жаман катындын
Ìý Ìý Сөзү тийип кетет деп
Ìý Ìý Так ошондо балага
2110 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Мунусу мындай өтөт деп
Ìý Ìý Азыркысын караса
Ìý Ìý Төө баштаган төрт тобу
Ìý Ìý Садагасын чаптырып
2115 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Артсар башыл кой айтып
Ìý Ìý Ай туйакка бээ айтып
Ìý Ìý Айы мүздөн уй айтып
Ìý Ìý Ай дөлкөчтөн төө айтып
2120 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Садаганын баарысын
Ìý Ìý Ырымын мындай кылды эле
Ìý Ìý Жетим менен жесирге
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
2125 Ìý Ай туйак эми алтыны
Ìý Ìý Таратып гана мындайда турду эле ууу
Ìý Ìý Ошо кезде жанагы
Ìý Ìý Так ошондо сурасаң
Ìý Ìý Ээ толгону мынча болуптур
2130 Ìý Бакыттын кушу башына
Ìý Ìý Конгону мынча болуптур
Ìý Ìý Өткөндөн алар өчтү деп
Ìý Ìý Кеткенден алар кетти деп
Ìý Ìý Кайрып берер гөштү деп
2135 Ìý Ээ так ошондо сурасаң
Ìý Ìý Аккан жашын кыргыздын
Ìý Ìý Ээ тыйган бала болот деп
Ìý Ìý Чачылганда кыгызды
Ìý Ìý Жыйган бала болот деп
2140 Ìý Үзүлгөндү улайт деп
Ìý Ìý Чачылганды жыйнайт деп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Эми кеткени эми толоор деп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
2145 Ìý Көксөгөнүм болоор деп
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Оң бөлтөктүн астында
Ìý Ìý Манас деген жазуу бар
Ìý Ìý Эки чыккан азуу бар
2150 Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Аш бышымдай болгон оң бөлтөк
Ìý Ìý Оң бөлтөктүн астында
Ìý Ìý Манас деген жазуусу
Ìý Ìý Мына ошондо жоюлду
2155 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Көрүп алып энеңдин
Ìý Ìý Эми көзү гана мынча тоюнду ууу