̹½ÊÓƵ

̹½ÊÓƵ/ RESEARCH/ RESEARCH INSTITUTES/TEAMS/ Faculty research teams/ Analyzing Kyrgyz Narratives (AKYN)/ Transcriptions/ Doolot Sydykov/ Transcription 3

Doolot Sydykov - Transcription Three

Ìý

D3

Doolot Sydykov, 'Birth of Manas', recorded 1 March 2018

Audiovisual recording by Kamila Baimuratova [available]

Transcription below by Alymkan Jeenbekova

Ìý

Ìý Ìý Ээй Алтайга Кыргыз барганы
Ìý Ìý Арадан эчен жыл өтүп
Ìý Ìý Эчен деген жыл жетип
Ìý Ìý Ошол эркин эр Жакып
5 Ìý Көк ала сакал карганы
Ìý Ìý Кечээ күнү сурасаң
Ìý Ìý Ал кезекте бала эле
Ìý Ìý Бул кезекте сурасаң
Ìý Ìý Элүүгө чыккан жан эле
10 Ìý Тентик делип Алтайга
Ìý Ìý Кордук көрүп далайга
Ìý Ìý Наалат кылып каңгайга
Ìý Ìý Канча жылга жетиптир
Ìý Ìý Эчен деген убакыт
15 Ìý Токтоосуз өтүп кетиптир
Ìý Ìý Эки катын алганы
Ìý Ìý Эки катын түк туубай
Ìý Ìý Бала көрбөй калганы
Ìý Ìý Бир баланын айынан
20 Ìý Байкуш такыр зарлады
Ìý Ìý Туяксыз кантип өтөм деп
Ìý Ìý Тумшугу жок дүйнөдөн
Ìý Ìý Тура кантип кетем деп
Ìý Ìý Аа дүйнөгө барганда
25 Ìý Тынчып кантип жатам деп
Ìý Ìý Курган башым куркурап
Ìý Ìý Көргө кантип батам деп
Ìý Ìý Мына ошондо эр Жакып
Ìý Ìý Булдуп ыйлап булкулдап
30 Ìý Кайран Жакып сулкулдап
Ìý Ìý Өөдө болсо бүгүлүп
Ìý Ìý Бүгүлсө Жакып абаңдын
Ìý Ìý Башына мүшкүл иши көрүнүп
Ìý Ìý Зарлаганы бир Теңир
35 Ìý Жалынганы көп арбак
Ìý Ìý Арбакка айтып зарлаптыр
Ìý Ìý Как ошондо Жакыптын
Ìý Ìý Арманы башта чамдаптыр
Ìý Ìý Өөдө болсо Жакыпты
40 Ìý Көрүнгөн ушак кылыптыр
Ìý Ìý Эшикке чыкса Жакыпты
Ìý Ìý Ар ким айтып туруптур
Ìý Ìý Эки катын алды деп
Ìý Ìý Тумшугу каткан катындар
45 Ìý Туубай азап салды деп
Ìý Ìý Туяксыз кантип өтөт деп
Ìý Ìý Сайдап жыйган сан кара
Ìý Ìý Кыйкырса бир күн жолукку
Ìý Ìý Айдаса бир күн долукку
50 Ìý Ушул эркин эр Жакып
Ìý Ìý Ак ала сакал кары деп
Ìý Ìý Алтымыштан ар жакка
Ìý Ìý Так ошондо барар деп
Ìý Ìý Арманда өтүп калар деп
55 Ìý Көргөн ушак кылыптыр
Ìý Ìý Күлкүлдөшүп баарысы
Ìý Ìý Көп нерсе айтып туруптур
Ìý Ìý Ошо кезде Жакыптын
Ìý Ìý Заманасы куруптур
60 Ìý Заман акыр чоң үшкүл
Ìý Ìý Салган экен эр Жакып
Ìý Ìý Ошол кезде мойнуна
Ìý Ìý Алган экен эр Жакып
Ìý Ìý Төрт түлүктүү жаны бар
65 Ìý Жанга бала бердиң деп
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Элден чыккан көлсөрү
Ìý Ìý Эл түбүнө жетери
Ìý Ìý Залалга бала бердиң деп
70 Ìý Как ошондо ар кандай
Ìý Ìý Адамга бала бердиң деп
Ìý Ìý Мына ошондо буркурап
Ìý Ìý Бир өзүңө келдим деп
Ìý Ìý Жаратканым бир өзүң
75 Ìý Сыйынайын өзүңө
Ìý Ìý Этек жеңдин баарысын
Ìý Ìý Чача турган болдум деп
Ìý Ìý Абийириңди карганда
Ìý Ìý Ача турган болдум деп
80 Ìý Акыр-такыр чоң үшкүл
Ìý Ìý Көрө турган болдум деп
Ìý Ìý Баласы жок мунканып
Ìý Ìý Өлө турган болдум деп
Ìý Ìý Өзөлөнсөм бир өзүң
85 Ìý Угуп эми койбодуң
Ìý Ìý Тирүү басып саналып
Ìý Ìý Акыры минтип сойлодум
Ìý Ìý Жылан болуп сойлосом
Ìý Ìý Кулан болуп ойносом
90 Ìý Куйрук жалдан ажырап
Ìý Ìý Курган дүйнө жалгандан
Ìý Ìý Өтөрмүн бир күн калжырап
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Ушундай Жакып болду деп
95 Ìý Артымдан айтар киши жок
Ìý Ìý Маана кылып каларга
Ìý Ìý Киши менен кишиңин
Ìý Ìý Ушул күндөн киши жок
Ìý Ìý Ушул дүйнө жалганды
100 Ìý Кимдер келип ким кетпейт
Ìý Ìý Кимдер жашап ким өтпөйт
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө!
Ìý Ìý Атанын жолун улантып
Ìý Ìý Артынан чыгып кубантып
105 Ìý Жалгыз туяк болбосо
Ìý Ìý Жашагандан не пайда?
Ìý Ìý Сансыз жыйган малыңды
Ìý Ìý Ашаганда не пайда?
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
110 Ìý Адаммын деп ардырып
Ìý Ìý Басканында не пайда?
Ìý Ìý Дүнүйө күтүп сан кара
Ìý Ìý Жатканында не пайда?
Ìý Ìý Көрүнгөнгө дүйнөнү
115 Ìý Чатканында не пайда?
Ìý Ìý Тумшугу жок каткансан
Ìý Ìý Тууралыкта не пайда?
Ìý Ìý Айланайын жараткан
Ìý Ìý Кагыласы кендеген
120 Ìý Өзүмө кылгын бир айла
Ìý Ìý Баласы жок курган жан
Ìý Ìý Бакыр болот турбайбы
Ìý Ìý Баласы жок адамзат
Ìý Ìý Жакыр болот турбайбы
125 Ìý Атасы айдап жүрсөң сан кара
Ìý Ìý Топурагы тозгонуп
Ìý Ìý Ушул турган жериңиз
Ìý Ìý Такыр болот турбайбы
Ìý Ìý Антип эми жашадым
130 Ìý Чыйпылдатып чымчыкка
Ìý Ìý Бала бердиң бир Кудай
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Суу түбүндө балыкка
Ìý Ìý Бала бердиң бир Кудай
135 Ìý Как ошондо өзүмө
Ìý Ìý Эми салдың чоң убай
Ìý Ìý Айланайын жараткан
Ìý Ìý Бир Теңир деп жалынып
Ìý Ìý Бир өзүңө сабылып
140 Ìý Көктү карап ыйладың
Ìý Ìý Көрүнгөн жерден кыйнадың
Ìý Ìý Көзүңдүн жашын тыйбадың
Ìý Ìý Ыйлаганды көрбөдүң
Ìý Ìý Канча ыйладым зарланып
145 Ìý Эми туяк бербедиң
Ìý Ìý Айланайын жараткан
Ìý Ìý Көп күнү кылсам алдыңда
Ìý Ìý Кечирлигиң бар беле
Ìý Ìý Күрмөлгөн кибиң бир Кудай
150 Ìý Чечерлигиң бар беле
Ìý Ìý Көп күнөө кылсам момундай
Ìý Ìý Неликтен эми кетирдим
Ìý Ìý Айтып эми койбодуң
Ìý Ìý Ар нерсени ойлодуң
155 Ìý Айланайын жараткан
Ìý Ìý Тактырсыз болсом балага
Ìý Ìý Неге мени жараттың?
Ìý Ìý Адамзат пендени
Ìý Ìý Жер бетине тараттың
160 Ìý Колу шумдук иш билген
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Ар кайсындай шумдуктун
Ìý Ìý Оо тукумун неге үзбөдүң?
Ìý Ìý Айланайын жараткан
165 Ìý Ушул эрки өзүңдү
Ìý Ìý Басар жолго түзбөдүң
Ìý Ìý Берип калар Кудай деп
Ìý Ìý Үмүтүмдү үзбөдүң
Ìý Ìý Үзбөгөн сайын бербедиң
170 Ìý Ал ан сайын дегдейдим
Ìý Ìý Жалгыз туяк көрсөм деп
Ìý Ìý Ата-бабаң арбагын
Ìý Ìý Баскан сайын көп айтып
Ìý Ìý Так ошондо жалындым
175 Ìý Мына ошондо өзүңө
Ìý Ìý Жараткан эми зарладым
Ìý Ìý Зарлаган сайын жанагы
Ìý Ìý Зарымды угуп койбодуң
Ìý Ìý Жараткан нени ойлодуң?
180 Ìý - деп ошондо эр Жакып
Ìý Ìý Элди көрсө карабай
Ìý Ìý Салам айтаар жарабай
Ìý Ìý Как ошондо мунканып
Ìý Ìý Мына ошондо Жакыптын
185 Ìý Муңу баштан өтүтүр
Ìý Ìý Муңу баштан өткөндө
Ìý Ìý Ушул эрки чоң зары
Ìý Ìý Бир Кудайга жетиптир
Ìý Ìý Кечээ күнү эр Жакып
190 Ìý Эми жылкы көрөм деп
Ìý Ìý Көңүлдү барып бөлөм деп
Ìý Ìý Ошо кезде эр Жакып
Ìý Ìý Талаага эми кетиптир
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
195 Ìý Эр Жакыптын конушу
Ìý Ìý Аземил суунун оюнда
Ìý Ìý Ак саздын бери боюнда
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Эрен тууган Жакыбы
200 Ìý Жайлап жаткан жери экен
Ìý Ìý Кабырга тоонун учунда
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Кан тоонун бери тушунда
Ìý Ìý Жерилип жаткан жери экен
205 Ìý Бурул токой ак эмгек
Ìý Ìý Мына ошондо сурасаң
Ìý Ìý Ары жагы алтын көл
Ìý Ìý Ошол жердин баарысын
Ìý Ìý Эр Жакыптын төрт түлүк
210 Ìý Сан карасы жайнагын
Ìý Ìý Мына ошондо канча эр
Ìý Ìý Аркасынан айдаган
Ìý Ìý Сызылтып казы чайнаган
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
215 Ìý Эрен тууган эр Жакып
Ìý Ìý Эми жылкы көрсөм деп
Ìý Ìý Көңүлүмдү бөлсөм деп
Ìý Ìý Жаздын маалы болуптур
Ìý Ìý Жылкыны санап келсем деп
220 Ìý Эми Жакып жолуна
Ìý Ìý Салган экен ар нерсе
Ìý Ìý Алып алып оюна
Ìý Ìý Эсепсиз жыйган сан кара
Ìý Ìý Бир өзүнө карабай
225 Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Жыйган экен аябай
Ìý Ìý Ата кокуй ат алыс
Ìý Ìý Алтыны алты там болуп
Ìý Ìý Мына ошондо атаңдын
230 Ìý Эсепсиз эми бай болуп
Ìý Ìý Жаткандыгы дагычы
Ìý Ìý Ошо кезде момундай
Ìý Ìý Мына ошондо жылкыга
Ìý Ìý Туралап жолго салыптыр
235 Ìý Ат арып жүрүп алыптыр
Ìý Ìý Ошо кезде жанагы
Ìý Ìý Эрен тууган жылкычы
Ìý Ìý Бир өзүнө барыптыр
Ìý Ìý Эр Жакып келип калды деп
240 Ìý Жылкычы башы Бадалбай
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Кысыр эмди тай союп
Ìý Ìý Астына казы эритип жал коюп
Ìý Ìý Төс тирелтип турганда
245 Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Эр Жакыптын өзүнө
Ìý Ìý Эми казы эритип жал коюп
Ìý Ìý Атаң устаканын сунганда
Ìý Ìý Мына ошондо сурасаң
250 Ìý Эрениң Жакып момундай
Ìý Ìý Жылкы эсебин алыптыр
Ìý Ìý Алты күнүң ал жерде
Ìý Ìý Аярлап жатып калыптыр
Ìý Ìý Ар өнөрдүн эр Жакып
255 Ìý Даярлап жатып калыптыр
Ìý Ìý Как ошондо карасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ырымы бар ырыстын
Ìý Ìý Кылымы бар кылыктын
260 Ìý Ошо кезде эр Жакып
Ìý Ìý Бир жеринде ала жүк
Ìý Ìý Бир жеринде кара жүк
Ìý Ìý Как ошондон сураса
Ìý Ìý Ак боз бээни алды эле
265 Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Азыркысын карасаң
Ìý Ìý Кайрылып үйгө салды эле
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Ата бабаң арбакка
270 Ìý Атап туруп сойсом деп
Ìý Ìý Мына ошондо ырымын
Ìý Ìý Эми кылып койсом деп
Ìý Ìý Мына ошондо сурасаң
Ìý Ìý Эзелкилер кеп айткан
275 Ìý Сурасаң эми чоң арбак
Ìý Ìý Берет экен деп айткан
Ìý Ìý Арбак менен жараткан
Ìý Ìý Ортосунда байланыш
Ìý Ìý Жакын экен деп айткан
280 Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Ушулардын баарысы
Ìý Ìý Акыл экен деп айткан
Ìý Ìý Мына ошондо арбакка
Ìý Ìý Аста басып сабылып
285 Ìý Ошол кезде арбакка
Ìý Ìý Үйүнө кайра салмакка
Ìý Ìý Мына ошондо жылкынын
Ìý Ìý Эсебин эми алыптыр
Ìý Ìý Эсебин эми санаса
290 Ìý Аяк башын караса
Ìý Ìý Ошол кезде жылкысы
Ìý Ìý Альтымыш миңге толуптур
Ìý Ìý Аягы мынча болуптур
Ìý Ìý Мына ошондо эр Жакып
295 Ìý Башына бакыттын кушу конуптур
Ìý Ìý Дөөлөттүү бай болуп
Ìý Ìý Тегереги шай болуп
Ìý Ìý Как ошондо Жакыптын
Ìý Ìý Ай ээлегенден болгон кез
300 Ìý Так ошондо толгон кез
Ìý Ìý Эми жолго салды эле
Ìý Ìý Аттанып жүрүп алды эле
Ìý Ìý Күрүң кире күн бата
Ìý Ìý Бурул токой жээгинен
305 Ìý Эми кетип калды эле
Ìý Ìý Жетип барган кезинде
Ìý Ìý Как ошондо сурасаң
Ìý Ìý Көргөн кызык тамаша
Ìý Ìý Көзүн салып караса
310 Ìý Ошо кезде сураса
Ìý Ìý Атаңдын көрү кырк бала
Ìý Ìý Жабыла чаап алдына
Ìý Ìý Чыккан экен жабылып
Ìý Ìý Жан алчуудай камынып
315 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ошонуңду көргөндө
Ìý Ìý Эр Жакыптын өзүнө
Ìý Ìý Акыл кетип эс кетип
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
320 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Биздин элдин түрү эмес
Ìý Ìý Биздин элдин жайы эмес
Ìý Ìý Кытайдан келген доочубу
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
325 Ìý Балакетти жоочубу
Ìý Ìý Сурагын сурап алмакка
Ìý Ìý Минтип эми калмакка
Ìý Ìý Алдыман келип калганбы
Ìý Ìý Же кабылдымбы калмакка
330 Ìý - деп ошондо жанагы
Ìý Ìý Ар нерсе келип ээсине
Ìý Ìý Азыркысын карасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Кийгенине карасаң
335 Ìý Мингенине карасаң
Ìý Ìý Кытайлыктын түрү эмес
Ìý Ìý Калмактардын сүрү эмес
Ìý Ìý Андан келген эл эмес
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
340 Ìý Индистандын элинен
Ìý Ìý Кербен салып билчи элем
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Кийгендердин баарысы
Ìý Ìý Угуп эми жүрчү элем
345 Ìý Ал элдин жайы бул эмес
Ìý Ìý Как ошондо карасам
Ìý Ìý Биздин элдин өңүндөй
Ìý Ìý Мына ошондой өңү бар
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
350 Ìý Маңдайынан карасаң
Ìý Ìý Ажыдаардын сүрү бар
Ìý Ìý Аркасында карасаң
Ìý Ìý Ат минердин сүрү бар
Ìý Ìý Жан алгычтын түрү бар
355 Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Же болбосо жанагы
Ìý Ìý Бүтүн түрктүн ичинен
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Көрбөгөнмүн укканмын
360 Ìý Укмак түгүл береги
Ìý Ìý Бир кумардан чыкканмын
Ìý Ìý Кечээ күнү жанагы
Ìý Ìý Узган атаң баш болуп
Ìý Ìý Күрпөтү мынча болду деп
365 Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Жомокчунун кебине
Ìý Ìý Жоодураган эбине
Ìý Ìý Жомокчунун өзүнө
Ìý Ìý Угуп эми жүрчү элем
370 Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Мунусун кайдан билчи элем
Ìý Ìý Ушул жашка келгени
Ìý Ìý Ушул жашты жараткан
Ìý Ìý Энчи кылып бергени
375 Ìý Мындай элди көрбөдүм
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Бүтүн түрктүн баласы
Ìý Ìý Көрүнгөн жерге тарады
Ìý Ìý Кузгунун көзүн карады
380 Ìý Кара Кытай как канчыл
Ìý Ìý Кармап алып сабады
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Маңдайыңда бараң бар
Ìý Ìý Капталыңда каңгай бар
385 Ìý Кагышаалы далай бар
Ìý Ìý Ошолордун баарысы
Ìý Ìý Баш көтөртпөй тарады
Ìý Ìý Тарап эми кеткенде
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
390 Ìý Көрүнгөн жерге жеткенде
Ìý Ìý Тарап эми момундай
Ìý Ìý Канчасы эми найзанын
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Учунда эми өткөндө
395 Ìý Ушундай эрден чыкпаган
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Көрүп атсам көз тоёт
Ìý Ìý Карап айтсам сөз тоёт
Ìý Ìý Так ошондой эр экен
400 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө!
Ìý Ìý Шай колдогон шер экен
Ìý Ìý Кечээ күнү береги
Ìý Ìý Кербенчиден кеп угуп
Ìý Ìý Көргөндөрдөн көп угуп
405 Ìý Төрт түлүктүү тараага
Ìý Ìý Көрүнгөн жерди караага
Ìý Ìý Атаң кыргыз баласы
Ìý Ìý Ар кайсы жерде чачылып
Ìý Ìý Мына ошондо Кытайдын
410 Ìý Тепсесинде калды деп
Ìý Ìý Азыркысын карасаң
Ìý Ìý Ушул эрки калмактын
Ìý Ìý Кептесинде калды деп
Ìý Ìý Аны менен чоң мүшкүл
415 Ìý Кара Кытай чынмачыл
Ìý Ìý Эми мүшкүл салды деп
Ìý Ìý Чын Кытайдын элинен
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Азыркысын байкасаң
420 Ìý Чыга турган эри жок
Ìý Ìý Белгилүү тууган бели жок
Ìý Ìý Как ошондо момундай
Ìý Ìý Чын кытайдын жерине
Ìý Ìý Кайрат кылып момундай
425 Ìý Каш кайтараар эри жок
Ìý Ìý Эми кайдан келе калды деп
Ìý Ìý Азыркысын таңданып
Ìý Ìý Сүрүн карап жарланып
Ìý Ìý Бир сүрүнө карасаң
430 Ìý Кудай бетин салбай кал
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Ысыгына баталбай
Ìý Ìý Суугуна жаталбай
Ìý Ìý Ошо кезде эр Жакып
435 Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Акылына келе албай
Ìý Ìý Не кылаарын биле албай
Ìý Ìý Азыркысын момундай
Ìý Ìý Качайын деп уялып
440 Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Качайын десе жанагы
Ìý Ìý Качыра турган эр эмес
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Акылына келди эми
445 Ìý Мына ошондо эр Жакып
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Эсин эми жыйгыча
Ìý Ìý Жанына жакын келди эми
Ìý Ìý Ээрчиткени кырк бала
450 Ìý Арыбаңыз ата деп
Ìý Ìý Эми салам бергени
Ìý Ìý Бар бол эми балам деп
Ìý Ìý Жакып эми алыптыр
Ìý Ìý Алик алып калыптыр
455 Ìý Саламдаша салыптыр
Ìý Ìý Мына ошондо карасаң
Ìý Ìý Ата деп үнү чыкканда
Ìý Ìý Ата деген бул үндү
Ìý Ìý Биринчи мүнөт укканда
460 Ìý Эстен кетти эр Жакып
Ìý Ìý Так ошондо карасаң
Ìý Ìý Эбегейиң эзилип
Ìý Ìý Эт жүрөгү кесилип
Ìý Ìý Жибип кете таштады
465 Ìý Мына ошондо эр Жакып
Ìý Ìý Азыркысын карасаң
Ìý Ìý Эт жүрөгү тутанып
Ìý Ìý Күйүп кете таштады
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
470 Ìý Уругуң ким уруң ким
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Белгилеп айтсаң дайның ким
Ìý Ìý Кошо чабар кайниң ким
Ìý Ìý Белгилүү тууган элиң ким
475 Ìý Эли-жери шериң ким
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Тутунарга тууң ким
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Ай кайлашаар чууң ким
480 Ìý Ээрчитип жүргөн эриңди айт
Ìý Ìý Белгилүү тууган белиңди айт
Ìý Ìý Деп ошондо жанагы
Ìý Ìý Аңгемени курады
Ìý Ìý Эми Жакып сурады
485 Ìý Ошо кезде бул бала
Ìý Ìý Эми айтпай турабы
Ìý Ìý Айланайын атаке
Ìý Ìý Менин элим сурасаң
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
490 Ìý Көктөн болот жалыбыз
Ìý Ìý Көөкөрдөй болот каныбыз
Ìý Ìý Эми жайын сурасаң
Ìý Ìý Нурдан болот демибиз
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
495 Ìý Кырдан болот элибиз
Ìý Ìý Ушу кезде момундай
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Ушунда болот жерибиз
Ìý Ìý Айланайын атаке
500 Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Көк Теңирдин өзүнө
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Карарган кара көзүнө
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
505 Ìý Бир жаралып момундай
Ìý Ìý Чабытынан бүттүк деп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ушуреки жараткан
Ìý Ìý Жарышынан бүттүк деп
510 Ìý Как ошондо карасаң
Ìý Ìý Он сегиз миң ааламдын
Ìý Ìý Отуз жүз миң ааламдын
Ìý Ìý Алышынан бүттүк деп
Ìý Ìý Как ошондо береги
515 Ìý Дем учунан бүттүк деп
Ìý Ìý Ушу кезде карасаң
Ìý Ìý Жер учунан бүттүк деп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Желпингенде жанагы
520 Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Алп каракуш ай баатыр
Ìý Ìý Ажыдаардын кайраты
Ìý Ìý Анысынан бүттүк деп
Ìý Ìý Айланайын атаке
525 Ìý Элимдин жайын сурадым
Ìý Ìý Жеримдин жайын сурадым
Ìý Ìý Менин элим менен эл болот
Ìý Ìý Жерим менин жер болот
Ìý Ìý Так ошондо береги
530 Ìý Белгилүү тууган момундай
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Белим менин бел болот
Ìý Ìý Демим менин дем болот
Ìý Ìý Айланайын атаке
535 Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Көк Теңирдин өзүнө
Ìý Ìý Туусун алып жүрөбүз
Ìý Ìý Ай кайлаган момундай
Ìý Ìý Чуусун алып жүрөбүз
540 Ìý Ошо кезде сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Өлүшүнө жайладык
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Көк Теңирдин жарлыгы
545 Ìý Эми колго кармадык
Ìý Ìý Деп ошондо калганы
Ìý Ìý Ансайын эми эр Жакып
Ìý Ìý Артак болуп калганы
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
550 Ìý Ушу кезде береги
Ìý Ìý Аң-таң калып жанагы
Ìý Ìý Жан-жанына караса
Ìý Ìý Жан алгычтай көрүндү
Ìý Ìý Жарлык атып өлүнүп
555 Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Күндөн бүткөн чабылды
Ìý Ìý Айдан бүткөн арышы
Ìý Ìý Жерден бүткөн деми бар
560 Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Белгилүү тууган жери бар
Ìý Ìý Аны карап таңданып
Ìý Ìý Аны карап жарданып
Ìý Ìý Бир караса бир киши
565 Ìý Бир караса миң киши
Ìý Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Желпингени жел бол болуп
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Телегейи тең болуп
570 Ìý Турган экен бул бала
Ìý Ìý Аң-таң калып турганча
Ìý Ìý Аттын оозун жыйганча
Ìý Ìý Анда бала баштады
Ìý Ìý Айтаар кептен шашпады
575 Ìý Айланайын атаке
Ìý Ìý Заарың өтүп кетти деп
Ìý Ìý Жараткандын өзүнө
Ìý Ìý Муңканганың жетти деп
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
580 Ìý Түп атаңыз кан өтүп
Ìý Ìý Түгөл журтка дагы өтүп
Ìý Ìý Башка атаңыз кан өтүп
Ìý Ìý Баары журтка даң өтүп
Ìý Ìý Эл эмгегин кылыптыр
585 Ìý Туу түбүндө туруптур
Ìý Ìý Акыйкаттык калыстык
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Жер бетине орнотуп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
590 Ìý Алсыздарды корготуп
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Калыстыкты кылыптыр
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Даанышмандык бек кылып
595 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Акыйкаттын баарысын
Ìý Ìý Ордотуп эми туруптур
Ìý Ìý Ошон үчүн жараткан
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
600 Ìý Өзүңдү тартып имерди
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Өзгөчө кылып жиберди
Ìý Ìý Атаңыздын алдынан
Ìý Ìý Так ошондо барыңыз
605 Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Учурашып алыңыз
Ìý Ìý Муңканбасын атаңыз
Ìý Ìý Деп ошондо жанагы
Ìý Ìý Жараткандын айтканы
610 Ìý Азыркысын балаңыз
Ìý Ìý Алдыңа келип тартканы
Ìý Ìý Айланайын атаке
Ìý Ìý Көп кайгыра бербе деп
Ìý Ìý Ушу гүлдү береги
615 Ìý Айткан сөздү дегде деп
Ìý Ìý Көңүлгө салып эле деп
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Көрүп турган киши жок
Ìý Ìý Билип турган иши жок
620 Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Башка жанга көрүнбөй
Ìý Ìý Алдыңа келдим атаке
Ìý Ìý Азыркысын карасаң
Ìý Ìý Тогуз айы толгонуп
625 Ìý Тогуз күнү болгондо
Ìý Ìý Төрөлөмүн төрүңдө
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Айланайын атаке
630 Ìý Курмандыкты чалаарсың
Ìý Ìý Аны менен карасаң
Ìý Ìý Ата-бабаң арбагы
Ìý Ìý Атап туруп салаарсың
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
635 Ìý Айткан сөздү кылаарсың
Ìý Ìý Аны менен жараткан
Ìý Ìý Ыйбаа кылып тураарсың
Ìý Ìý Айланайын атаке
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
640 Ìý Тогуз айы толгондо
Ìý Ìý Тогуз күнү болгондо
Ìý Ìý Төрөлөмүн төрүңдө
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Келемин атам эргинде
645 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ушуреки келиндин
Ìý Ìý Ишеничин актаймын
Ìý Ìý Басканы жолду тактаймын
Ìý Ìý Тегиздикти орнотуп
650 Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Тел куш таптап куш кылып
Ìý Ìý Теңтиген кийип журт кылып
Ìý Ìý Кураалы таптап куш кылып
655 Ìý Курама жыйып журт кылып
Ìý Ìý Кете турган күн болот
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ушуреки төрүндө
Ìý Ìý Тогуз айы толгондо
660 Ìý Тогуз күнү болгондо
Ìý Ìý Эми жете турган күн болот
Ìý Ìý Ой атаке кайгырба
Ìý Ìý Деп ошондо турганда
Ìý Ìý Эми сөзүн кылгында
665 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Мына ошондо эр Жакып
Ìý Ìý Кээде эске келе алса
Ìý Ìý Кээде эске келе албай
Ìý Ìý Кээде тилге келе алса
670 Ìý Кээде тилге келе албай
Ìý Ìý Аң-таңдадың эр Жакып
Ìý Ìý Ат үстүндө тура албай
Ìý Ìý Там-тандадың эр Жакып
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
675 Ìý Өлө бойдун боорусу
Ìý Ìý Коро кою чыңдалып
Ìý Ìý Так ошондо тыңданып
Ìý Ìý Жакшылап карап туруптур
Ìý Ìý Бала колун сунуптур
680 Ìý Эми колун сунганы
Ìý Ìý Көп кайгырбаң ата деп
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Ата кокуй бул бала
Ìý Ìý Эми өзүң турганы
685 Ìý Караса көзгө илинбей
Ìý Ìý Кайда экени билинбей
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Кайып болуп кетиптир
690 Ìý Кетпегенде нетиптир
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Аш бышымдай болгондо
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
695 Ìý Эске келдиң эр Жакып
Ìý Ìý Эсине келип алыптыр
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Эсине келсе ата кокуй курган жан
700 Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Эсине келип алганы
Ìý Ìý Эсине келип алганы
Ìý Ìý Эми үйгө салганы
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
705 Ìý Айлы жакын көтөкө
Ìý Ìý Ошо ак саздын бери четине
Ìý Ìý Эми Жакып барганы
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Элди ийип келди эми
710 Ìý Эл тегерек момундай
Ìý Ìý Демди жыйып келди эми
Ìý Ìý Элди жыйып жанагы
Ìý Ìý Бир жеринде кара жок
Ìý Ìý Бир жеринде ала жок
715 Ìý Ак боз бээни чалдырыптыр
Ìý Ìý Ата баба арбагы
Ìý Ìý Ыраазы болсун эми деп
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Колдосун бизди деми деп
720 Ìý Атап туруп чалганы
Ìý Ìý Аны менен карасаң
Ìý Ìý Жетим жесир мискинге
Ìý Ìý Ошо кезде сурасаң
Ìý Ìý Таратып эми салганы
725 Ìý Бөлүп-бөлүп келиптир
Ìý Ìý Так ошондо нетиптир
Ìý Ìý Азыркысын эр Жакып
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Эмине болду аян деп
730 Ìý Айланайын бай Жакып
Ìý Ìý Болдубу сага аян деп
Ìý Ìý Эки бирдей байбиче
Ìý Ìý Эми сурап калыптыр
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
735 Ìý Айтпа деген мага деп
Ìý Ìý Эми ичке даана деп
Ìý Ìý Как ошондо эр Жакып
Ìý Ìý Азыркысын сыр кылды
Ìý Ìý Мына ошондо сурасаң
740 Ìý Сырын сактап эр Жакып
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Муну мундай кылыптыр
Ìý Ìý Жөн эле чалдын муршуну
Ìý Ìý Ата баба арбагын
745 Ìý Эстебей кетип жүрбөйлү
Ìý Ìý Эстеп жүрсөк момундай
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Колдорлугуң аныктыр
Ìý Ìý Жакшылыкка арбагы
750 Ìý Жолдорлугуң аныктыр
Ìý Ìý Деп ошондо жанагы
Ìý Ìý Эрениң Жакып кеп айтып
Ìý Ìý Мына мындай бек айтып
Ìý Ìý Оңолуп эми калганго
755 Ìý Деп ошондо жанагы
Ìý Ìý Эки бирдей байбиче
Ìý Ìý Экөө бирдей кеп кылып
Ìý Ìý Кече күнү момундай
Ìý Ìý Так ошондо сурасаң
760 Ìý Ырымы бар ырыстуу
Ìý Ìý Кылгыры бар кылыктуу
Ìý Ìý Эми Жакып турду эле
Ìý Ìý Эми мындай кылды эле
Ìý Ìý Ошо кезде сурасаң
765 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ээ кече күнү түнүндө
Ìý Ìý Ээ Жуманын кадыр түнүндө
Ìý Ìý Ээ Бейшембинин күнүндө
Ìý Ìý Ээ күгүм кире күн бата
770 Ìý Оо калып уктап тың жатат
Ìý Ìý Ээ так ошондо эр Жакып
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ээ кээде ойу талыкшып
Ìý Ìý Ээ кара бойу балыкшып
775 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Аш тамакка карабай
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Талыкшып келип аябай
Ìý Ìý Эми Жакып жатып калыптыр
780 Ìý Ээ туура жети күн өтүп
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Ай караңгы түн өтүп
Ìý Ìý Арасында момундай
Ìý Ìý Так ошондо болуптур
785 Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Байбиченин ордого
Ìý Ìý Жакып келип конуптур
Ìý Ìý Эми байбиченин ордодо
Ìý Ìý Так ошондо жатыптыр
790 Ìý Уйкуга Жакып батыптыр
Ìý Ìý Уйкуда жатып эр Жакып
Ìý Ìý Ээ как ошондо караса
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Оо арта кызык тамаша
795 Ìý Ошо кезде түш көрдү
Ìý Ìý Ээ түш көргөндө неткени
Ìý Ìý Ээ мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Ээ күндө жолуккан
Ìý Ìý Ошо кезде жанагы
800 Ìý Ээ кырк чилтенин ээрчитип
Ìý Ìý Ээ кырк бала жакын жеткени
Ìý Ìý Алдыдагы чоң бала
Ìý Ìý Кадимкидей зор бала
Ìý Ìý Мына ошондо сурасаң
805 Ìý Ээ кулан эми ат минген
Ìý Ìý Ээ бар жарагын шат үйгөн
Ìý Ìý Ээ мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Жаалданып караган
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
810 Ìý Караган адам оңбогон
Ìý Ìý Эзелиң эки болбогон
Ìý Ìý Ээ өзүн Кудай колдогон
Ìý Ìý Ээ так ошондо сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
815 Ìý Ээ жандай таап бастырып
Ìý Ìý Эр Жакыптын өзүнө
Ìý Ìý Ээ эми жете барыптыр
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ата деп эми калыптыр
820 Ìý Ээ айланайын атаке
Ìý Ìý Деп ошондо кеп айтты
Ìý Ìý Ошо кезде жанагы
Ìý Ìý Ата деген сөзүнө
Ìý Ìý Ээ туралбастан өзүнө
825 Ìý Ээ мына ошондо эр Жакып
Ìý Ìý Ээ угуп гана жашы да төгүлдү үү
Ìý Ìý Ээ ошо кезде береги
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Эми керемети көрүндү үүү
830 Ìý Ошо кезде бул бала
Ìý Ìý Ээ так ошондо сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү атасы
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Жайлак айгыр коштогон
835 Ìý Жал арыстан окшогон
Ìý Ìý Жааланып киргенде
Ìý Ìý Алдына мендей дос болгон
Ìý Ìý Как ошондо сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
840 Ìý Ээ тогуз кабат асманга
Ìý Ìý Атасын эми көтөрүп
Ìý Ìý Алып чыгып алыптыр
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Жараткандын тагына
845 Ìý Эми алып барыптыр
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Ээ сый урматын билгизди
Ìý Ìý Атасына момундай
Ìý Ìý Алтындан кылган сарпайды
850 Ìý Азыр эми кийгизди
Ìý Ìý Ээ чыңалып эрктүү кийгизди
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Кан белгисин кылыптыр
Ìý Ìý Атакесин момундай
855 Ìý Отургузуп туруптур
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Атаң, атаң, ата деп
Ìý Ìý Эми айтып калыптыр
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
860 Ìý Айланайын атасы
Ìý Ìý Ошондо бата бере салыптыр
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Ээ айланайын уулум деп
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
865 Ìý Бооруна салыптыр
Ìý Ìý Болкулдап ыйлап калыптыр
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Ата деген үнүңдөн
Ìý Ìý Айланайын сүрүңдөн
870 Ìý Деп ошондо калганы
Ìý Ìý Азыркысын карасаң
Ìý Ìý Ал аңгыча жанагы
Ìý Ìý Көкө Теңир жараткан
Ìý Ìý Асмандан добуш угулду
875 Ìý Добушуң эми угулса
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ушул сага бала деп
Ìý Ìý Балаңа жакшы кара деп
Ìý Ìý Калыстык менен орнотуп
880 Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Азыркысын карасаң
Ìý Ìý Канаттууга кактырбай
Ìý Ìý Тумшуктууга чокутпай
885 Ìý Ээ баары алына келгенче
Ìý Ìý Бул баланы момундай
Ìý Ìý Жакшы сактап алгын деп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
890 Ìý Ырымын кылып калгын деп
Ìý Ìý Азыркысын карасаң
Ìý Ìý Так ошондо туруптур
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Көк Теңирдин добушун
895 Ìý Эми Жакып угуптур
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Ээ айланайын жараткан
Ìý Ìý Айың менен күнүңдүн
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
900 Ìý Отуз жүз миң ааламдын
Ìý Ìý Кубатынан бүттү деп
Ìý Ìý Жараткан көкө Теңирдин
Ìý Ìý Кулачынан бүттү деп
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
905 Ìý Ээ ааламда момундай
Ìý Ìý Ээ так ошондо сурасаң
Ìý Ìý Топосу каптап кетсе да
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Адамзат түбүнө
910 Ìý Кыяматы жетсе да
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Мындай адам жаралбайт
Ìý Ìý Ошо кезде баланы
Ìý Ìý Бир өзүңө бердик деп
915 Ìý Мына ошондо карасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Жараткандын добушу
Ìý Ìý Мына ошондо угулду
Ìý Ìý Так ошону уккан соң
920 Ìý Эстен танып эр Жакып
Ìý Ìý Азыр эми жыгылды
Ìý Ìý Так ошондо карасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Мына ошондо эр Жакып
925 Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Эсине келип алыптыр
Ìý Ìý Эсине келсе ойгонуп
Ìý Ìý Таң сүрүлүп калыптыр
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
930 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Азыркысын карасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ээ мына ошондо Чыйырды
Ìý Ìý Эр Жакыптын жанагы
935 Ìý Жанында басып туруптур
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Таңдайы кургап такылдап
Ìý Ìý Чекесинен тер чыгып
Ìý Ìý Мына ошондо береги
940 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Эми минтип калыптыр
Ìý Ìý Ошо кезде жанагы
Ìý Ìý Байтал бээнин бал кымыз
Ìý Ìý Чайкап чайкап куйдуртуп
945 Ìý Мына ошондо Жакыпка
Ìý Ìý Эми Чыйырды энең сундурду
Ìý Ìý Сундурганда нетти деп
Ìý Ìý Айланайын байым деп
Ìý Ìý Сага кандай күн мүшкүл жетти деп
950 Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Таңатканча кыйналып
Ìý Ìý Ар нерсени сүйлөнүп
Ìý Ìý Так ошондо чыктың деп
Ìý Ìý Көрүнгөн эми сөзүңдү
955 Ìý Мына ошондо уктум деп
Ìý Ìý Айланайын жарыктык
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Манас дедиң кээ бирде
Ìý Ìý Кээ биринде карасаң
960 Ìý Алаш деп эми жаттың деп
Ìý Ìý Кээ биринде аралаш
Ìý Ìý Манас деп эми жаттың деп
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Нээликтен эми таңдайы
965 Ìý Азыркысын каттың деп
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Талыкшып келип жаттың деп
Ìý Ìý Таң атканча бут серпип
Ìý Ìý Ошо жерде турдуң деп
970 Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Таң атканча сүйлөнүп
Ìý Ìý Ар ким менен аралаш
Ìý Ìý Мына ошондо жүрдүң деп
Ìý Ìý Кандай эми кызыкка
975 Ìý Эми байым кирдиң деп
Ìý Ìý Ошо кезде Чыйырды
Ìý Ìý Эми айтып калыптыр
Ìý Ìý Азыркысын эр Жакып
Ìý Ìý Ак сый аяк кымызды
980 Ìý Эми ичип алыптыр
Ìý Ìý Ичип эми алган соң
Ìý Ìý Азыркысын карасаң
Ìý Ìý Эми кебин салыптыр
Ìý Ìý Айланайын курган жан
985 Ìý Ээ мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Ээ түндө жатып түш көрдүм
Ìý Ìý Ээ мына ошондо береги
Ìý Ìý Кызыгыраак иш көрдүм
Ìý Ìý Айланайын байбиче
990 Ìý Жан жаныңды карачы
Ìý Ìý Жан жаныңда киши жок
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Биз менен эми кишинин
Ìý Ìý Азыркысын иши жок
995 Ìý Бил багайын айынан
Ìý Ìý Мына ошондо зарладым
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Өөдө болсом бүгүлүп
Ìý Ìý Ылдый болсом момундай
1000 Ìý Көзүмдүн жашы төгүлүп
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Жараткандын өзүнө
Ìý Ìý Наалыш кылып кеп айтып
Ìý Ìý Мына ошондо жүрдүм деп
1005 Ìý Азыркысын карасам
Ìý Ìý Кызык эми дүйнөгө
Ìý Ìý Ошо кезде кирдим деп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Кечээ күнү жылкыдан
1010 Ìý Келе жаткан кезимде
Ìý Ìý Мына ошондо эсимде
Ìý Ìý Азыркысын карасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Алдыма чыга калды эле
1015 Ìý Сүрү башка көрүндү
Ìý Ìý Эң эле бөлөк момундай
Ìý Ìý Түрү башка көрүндү
Ìý Ìý Мына ошондо карасам
Ìý Ìý Ата ээрчиткени кырк бала
1020 Ìý Сүрү башка көрүндү
Ìý Ìý Эң эле бөлөк момундай
Ìý Ìý Түрү башка көрүндү
Ìý Ìý Алды жакта бөлүнөт
Ìý Ìý Ак аска тоодой көрүнөт
1025 Ìý Бир караса бир киши
Ìý Ìý Бир караса миң киши
Ìý Ìý Жан алгычтай сүрү бар
Ìý Ìý Ажыдаардай түрү бар
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
1030 Ìý Ата деп келип алганы
Ìý Ìý Саламын айта салганы
Ìý Ìý Кайдан келген эр десем
Ìý Ìý Уругун эми сурадым
Ìý Ìý Аңгемени курадым
1035 Ìý Уругу көктөн экен да
Ìý Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Денеси жерден экен да
Ìý Ìý Мына ошондо баарысы
Ìý Ìý Айтып эми берди деп
1040 Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Жомокчунун өзүнөн
Ìý Ìý Мындай шумдук укпагам
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Эстен танып неттим деп
1045 Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Айланайын ата деп
Ìý Ìý Төрөлөмүн момундай
Ìý Ìý Тогуз айдын өзүндө
Ìý Ìý Деп ошентип кетти эле
1050 Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Жана ак боз бээни алгамын
Ìý Ìý Ошон үчүн момундай
Ìý Ìý Курмандыкка чалгамын
Ìý Ìý Андан кийин жанагы
1055 Ìý Талыкшып келип жатканым
Ìý Ìý Чоңоюп буга батканым
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Айланайын байбиче
Ìý Ìý Түндө жатып түш көрдүм
1060 Ìý Ошол көргөн түшүмдү
Ìý Ìý Мына ошондо бүт көрдүм
Ìý Ìý Ата кокуй жанагы
Ìý Ìý Жол алдымда жолуккан
Ìý Ìý Өңүмдөн эми кабылган
1065 Ìý Кайыбымдан табылган
Ìý Ìý Ошо кезде зор бала
Ìý Ìý Аркасында ээрчитип
Ìý Ìý Как ошондо кырк бала
Ìý Ìý Алдыман чыга калды эле
1070 Ìý Айланайын ата деп
Ìý Ìý Саламын айта салды эле
Ìý Ìý Ээ кечэ көргөн өңүмдө
Ìý Ìý Бүгүн көрдүм түшүмдө
Ìý Ìý Ошо кезде аралаш
1075 Ìý Жүрүп атат тишимде
Ìý Ìý Ата деди момундай
Ìý Ìý Эне боюм балкыды
Ìý Ìý Кызыл бойдун баарысы
Ìý Ìý Асманга чыгып калкыды
1080 Ìý Ошол кезде бул бала
Ìý Ìý Айтып эми турганы
Ìý Ìý Айланайын атаке
Ìý Ìý Жүрүң эми мингин деп
Ìý Ìý Коштогону момундай
1085 Ìý Жал арыстан окшогон
Ìý Ìý Жаагында карасам
Ìý Ìý Жайдак айгыр коштогон
Ìý Ìý Ушу кезде атына
Ìý Ìý Мингизип эми алды эле
1090 Ìý Тогуз кабат көк деген
Ìý Ìý Көк Теңирдин жайгашы
Ìý Ìý Жаткан жериң ал деген
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
1095 Ìý Акылында бек танып
Ìý Ìý Так ошондо ал деген
Ìý Ìý Адамзат пендеси
Ìý Ìý Жетмек беле ал жерге
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
1100 Ìý Тилегениң адамдын
Ìý Ìý Так ошондо баруучу
Ìý Ìý Азыркысы момундай
Ìý Ìý Адам айран калуучу
Ìý Ìý Ишенеби түшүмө
1105 Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Эми келдиң ишиме
Ìý Ìý Тогуз кабат асманга
Ìý Ìý Алып чыктың өзүмдү
Ìý Ìý Мына ошондо Теңирдин
1110 Ìý Тактасынан өзүмдү
Ìý Ìý Отургузуп салганы
Ìý Ìý Азыркысын чыгалуу
Ìý Ìý Бөрүктү эми кийгизип
Ìý Ìý Ата деп мени калганы
1115 Ìý Сый урматын билгизди
Ìý Ìý Алтын такты мингизди
Ìý Ìý Мына ошондо бооруна
Ìý Ìý Басып эми тургамын
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
1120 Ìý Чоң айланы кылгамын
Ìý Ìý Бир Теңирге мен өзүм
Ìý Ìý Ыраазы болуп алгамын
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Ээ жараткан бала берсе да
1125 Ìý Бербесе да момундай
Ìý Ìý Ошо кезде бир боюм
Ìý Ìý Балкып турду момундай
Ìý Ìý Эне боюм асманда
Ìý Ìý Калкып турду момундай
1130 Ìý Тогуз кабат асмандан
Ìý Ìý Как ошондо атаке
Ìý Ìý Деги ошондо жанагы
Ìý Ìý Төрөлөмүн өзүңө
Ìý Ìý Үйүңө эми келем деп
1135 Ìý Айтып эми салганы
Ìý Ìý Ал аңгыча Теңирдин
Ìý Ìý Добушу эми угулуп
Ìý Ìý Как ошондо калганы
Ìý Ìý Ээ ушуреки баланы
1140 Ìý Бардык менен күткүн деп
Ìý Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Адамзат пендеси
Ìý Ìý Доор кыямат өтсө да
1145 Ìý Тоо куланып көчсө да
Ìý Ìý Мындай эми келбейт деп
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Канча адам тиленсе
Ìý Ìý Мындайды эми бербейт деп
1150 Ìý Көк Теңирдин бир өзү
Ìý Ìý Адам болуп кубулуп
Ìý Ìý Жерге түшөт куюлуп
Ìý Ìý Деп ошондо жанагы
Ìý Ìý Асмандан добуш угулду
1155 Ìý Эсине кебей байыңыз
Ìý Ìý Андан кийин жыгылды
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Ошо кезде ойгондум
Ìý Ìý Оң жагыма толгондум
1160 Ìý Айланайын байбиче
Ìý Ìý Мындай түштү жанагы
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Токсон ирет көрсөң да
Ìý Ìý Токсон ирет тилейт
1165 Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Ушуреки береги
Ìý Ìý Тогуз кылым өтсө да
Ìý Ìý Тоо куланып көчсө да
Ìý Ìý Адам мындай көрбөйт го
1170 Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Тилесең эми адамды
Ìý Ìý Мындай наам бербейт го
Ìý Ìý Айланайын жараткан
Ìý Ìý Бул эмине болду деп
1175 Ìý Ары-бери толгонуп
Ìý Ìý Мына ошондо оңдонуп
Ìý Ìý Ээ турса өзүм момундай
Ìý Ìý Карап эми жатыпсың
Ìý Ìý Деп ошондо калганы
1180 Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Аксар башыл алдыр деп
Ìý Ìý Аксар башыл кой айтып
Ìý Ìý Аны мына тоё айтып
Ìý Ìý Азыркысын байбиче
1185 Ìý Кебин айтып кенеңдеп
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Төө баштаган төтр тогул
Ìý Ìý Садагасын чаптырып
Ìý Ìý Сары улагын тарттырып
1190 Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Бир Кудайга айттырып
Ìý Ìý Ата бабаң арбакка
Ìý Ìý Атап туруп чалдырып
Ìý Ìý Как ошондо береги
1195 Ìý Ээ айланайын байым деп
Ìý Ìý Бериптир Кудай ишиңди
Ìý Ìý Оңдоптур Кудай түшүңдү
Ìý Ìý Жанаң өңдө жолукса
Ìý Ìý Ошо кезде береги
1200 Ìý Өңүн элге айтпайлы
Ìý Ìý Ичке муну сактайлы
Ìý Ìý Ата кокуй курган жан
Ìý Ìý Мына ошондо карасаң
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
1205 Ìý Тилегин эми оңунан
Ìý Ìý Бере турган кези го
Ìý Ìý Тилегендин баарысы
Ìý Ìý Келе турган кези го
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
1210 Ìý Ээ каалагандын баарысы
Ìý Ìý Бара турган кези го
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Калк кайрылып момундай
Ìý Ìý Ала турган кези го
1215 Ìý Дөөлөт кутсун башыңа
Ìý Ìý Коно турган кези го
Ìý Ìý Тилегениң канча жыл
Ìý Ìý Боло турган кези го
Ìý Ìý Айланайын байым деп
1220 Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Түшүңдү эми айтыңыз
Ìý Ìý Түштү эми жоорутуп
Ìý Ìý Элге кабар айттырып
Ìý Ìý Так ошондо береги
1225 Ìý Жакшылыкка кылалы
Ìý Ìý Ырым кылып туралы
Ìý Ìý Айланайын байым деп
Ìý Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Оңдуу болор жайың деп
1230 Ìý Азыркысын караса
Ìý Ìý Байбичең айтып салыптыр
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Өңүнө эми көрүнгөн
Ìý Ìý Ошо кезде береги
1235 Ìý Үнүң эми угулган
Ìý Ìý Үндү эстеп алыптыр
Ìý Ìý Ата-бабаң арбакка
Ìý Ìý Ырымын кылып койгун деп
Ìý Ìý Ырымына аяба
1240 Ìý Мал көзүнө караба
Ìý Ìý Деп ошондо жанагы
Ìý Ìý Өңүнө эми жолуккан
Ìý Ìý Үндү угуп алыптыр
Ìý Ìý Албан түрлүү момундай
1245 Ìý Түрдү угуп алыптыр
Ìý Ìý Аны менен карасаң
Ìý Ìý Бадалбайдын өзүнө
Ìý Ìý Эми киши чаптырды
Ìý Ìý Так ошондо береги
1250 Ìý Төө баштаган төрт тогуз/тобу
Ìý Ìý Малдан алып келсин деп
Ìý Ìý Кабарын эми айттырды
Ìý Ìý Малдан айдап келиптир
Ìý Ìý Муну менен сурасаң
1255 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Төө баштагын төтр тогуз
Ìý Ìý Так ошондо сойдуруп
Ìý Ìý Ырымын мындай кылдырып
Ìý Ìý Ошол кезде эл жыйып
1260 Ìý Жетим менен жесирге
Ìý Ìý Так ошондо бөлдүрүп
Ìý Ìý Мына ошондо бердирип
Ìý Ìý Мына ошондо болгон соң
Ìý Ìý Калк жыйылып толгон соң
1265 Ìý Элдин баары момундай
Ìý Ìý Бата кылып тойгон соң
Ìý Ìý Азыркысын карасаң
Ìý Ìý Касы этип жан коюп
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
1270 Ìý Чара-чара май коюп
Ìý Ìý Ырымы мындай болгон соң
Ìý Ìý Атоолдудан жанагы
Ìý Ìý Сакалдуулап калдырды
Ìý Ìý Мына ошондо эр Жакып
1275 Ìý Ак өргөөнүн ичине
Ìý Ìý Азыркысын алдырды
Ìý Ìý Алдырганда неткени
Ìý Ìý Мына ошондо баарысы
Ìý Ìý Улуулашып четти эми
1280 Ìý Орунун эми корушуп
Ìý Ìý Так ошондо ордунда
Ìý Ìý Баарысы эми болушуп
Ìý Ìý Өөдө бою толукшуп
Ìý Ìý Отурганда кеп айтат
1285 Ìý Эми Жакып бек айтат
Ìý Ìý Айланайын аталар
Ìý Ìý Аталарда бата бар
Ìý Ìý Батаңарга момундай
Ìý Ìý Өнүп эми өсөт деп
1290 Ìý Тилегине жетет деп
Ìý Ìý Эзелкилер айткан кеп
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Батаңарды бергиле
Ìý Ìý Муну менен сурасаң
1295 Ìý Азыркысын береги
Ìý Ìý Башка чукак болдум деп
Ìý Ìý Баталап эми келгиле
Ìý Ìý Деп ошондо жанагы
Ìý Ìý Казына оозун ачтырды
1300 Ìý Кара алтынды чачтырды
Ìý Ìý Ар биринин өзүнө
Ìý Ìý Аз болгондо жанагы
Ìý Ìý Алтыдан эми ай туяк
Ìý Ìý Алтынын эми бердирди
1305 Ìý Муну менен сурасаң
Ìý Ìý Как ошондо эбине
Ìý Ìý Баарын эми келтирди
Ìý Ìý Сарыпбайдан чапанды
Ìý Ìý Так ошондо кийгизди
1310 Ìý Сый урматын билгизди
Ìý Ìý Жел жетпеген жоргодон
Ìý Ìý Ар бирине мингизди
Ìý Ìý Ээ отуруп аны ош жерден
Ìý Ìý Отуздан ашык киши бар
1315 Ìý Баарысынын момундай
Ìý Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Кийген эми киши бар
Ìý Ìý Ошо кезде момундай
Ìý Ìý Ичтен жака салдыргын
1320 Ìý Мына ошондо кундуздан
Ìý Ìý Багалекке жардыргын
Ìý Ìý Ар бирине береги
Ìý Ìý Чапанынан кийгизип
Ìý Ìý Сый урматын билгизип
1325 Ìý Булар минтип турган соң
Ìý Ìý Ырымын мындай кылган соң
Ìý Ìý Эми Жакып кеп айтат
Ìý Ìý Айланайын калк
Ìý Ìý Эми сөзүмдү уккун деп айтат уу
1330 Ìý Оо эзелкилер кеп айткан
Ìý Ìý Ээ эмкилер бек айткан
Ìý Ìý Оо байыркылар кеп айткан
Ìý Ìý Ээ баашалуу журттан бек айткан
Ìý Ìý Ээ эзелкиден сурасаң
1335 Ìý Аңгеме дүкөн курасаң
Ìý Ìý Ээ түштүн башы казандай
Ìý Ìý Мойнуң ичке кылдай дейт
Ìý Ìý Ээ кайсыл жака жорулса
Ìý Ìý Ошол жака кетүүчү
1340 Ìý Ээ тилегине жетүүчү
Ìý Ìý Оңдоп жоруп бергиле
Ìý Ìý Ушуреки түшүмдү
Ìý Ìý Чоңдоп жоруп бергиле
Ìý Ìý Ээ мына ошондо береги
1345 Ìý Ээ эптүү жоруп бергиле
Ìý Ìý Ушунуңду сурасаң
Ìý Ìý Ээ кептүү жоруп бергиле
Ìý Ìý Деп ошондо калганы
Ìý Ìý Эми түшүн айта салганы
1350 Ìý Ээ мына ошондо сурасаң
Ìý Ìý Эми түндө жатып түш көрдүм
Ìý Ìý Ошо түш көргөндү момундай
Ìý Ìý Ээ мына ошондо мен көрдүм
Ìý Ìý Ошо көргөн түшүмдү
1355 Ìý Жабыла басып бөлүндүм
Ìý Ìý Жалы аттуу көрүнүп
Ìý Ìý Ошо жерден чыккан кийинди
Ìý Ìý Көктөн түшкөн изиңди
Ìý Ìý Бир караса бир киши
1360 Ìý Бир караса миң киши
Ìý Ìý Бир караса сураса
Ìý Ìý Касиеттүү кан кейжи
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Сүрү башка көрүнөт
1365 Ìý Үлпөтү күндөн жаралган
Ìý Ìý Айдыгын айдай таралган
Ìý Ìý Тирүү башка көрүнөт
Ìý Ìý Ээрчиткени кырк бала
Ìý Ìý Так ошондо сураса
1370 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Алдыман чага калды эле
Ìý Ìý Саламын айта салды эле
Ìý Ìý Саламын айта салганда
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
1375 Ìý Аарыбаңыз ата деп
Ìý Ìý Мени айтып калыптыр
Ìý Ìý Муну менен сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Бар бол эми уулум деп
1380 Ìý Алик алып калгамын
Ìý Ìý Айланайын атаке
Ìý Ìý Заарың гана жетти да Теңирге уу
Ìý Ìý Көп мункана бербеңиз
Ìý Ìý Атакең эми момундай
1385 Ìý Бир эмес эми кырк бала
Ìý Ìý Уулуң болуп берет деп
Ìý Ìý Артынан эми ээрчичү
Ìý Ìý Так ошондо атаке
Ìý Ìý Тууң болуп берет деп
1390 Ìý Айланайын атаке
Ìý Ìý Баарысын эми иреттеп
Ìý Ìý Жөндөп жолго салабыз
Ìý Ìý Эл ишин колго алабыз
Ìý Ìý Деп ошондо калганы
1395 Ìý Жанындагы момундай
Ìý Ìý Коштоп жүргөн аргымак
Ìý Ìý Мингизип мени алганы
Ìý Ìý Ээ тогуз кабат көк деген
Ìý Ìý Оо катмарлары көп деген
1400 Ìý Эзелкиден укканбыз
Ìý Ìý Угуп атып ошону
Ìý Ìý Бир кумардан чыкканбыз
Ìý Ìý Тогуз кабат асманга
Ìý Ìý Алып чыгып барганың
1405 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Жанында турган эр Жакып
Ìý Ìý Айран азыр калганы
Ìý Ìý Көк Теңирдин тактыга
Ìý Ìý Мына мени мингизди
1410 Ìý Сый урматын билгизди
Ìý Ìý Андан кийин сурасаң
Ìý Ìý Жыбалуу өрктүү башыма
Ìý Ìý Кан белгиси ушу деп
Ìý Ìý Мына мени кийгизди
1415 Ìý Ээ айланайын ата деп
Ìý Ìý Сый урматын көргөзүп
Ìý Ìý Как ошондо калганы
Ìý Ìý Асмандан эми Көк Теңир
Ìý Ìý Эми үнүн салганы
1420 Ìý Ой Жакып угуп алгын деп
Ìý Ìý Ушуреки баланы
Ìý Ìý Бардык менен күткүн деп
Ìý Ìý Кеңдик менен баарына
Ìý Ìý Эми Жакып түткүн деп
1425 Ìý Демитпегин баланы
Ìý Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Бир өөзүңө бир өөзүм
Ìý Ìý Берип аткам бала деп
Ìý Ìý Жакшылап эми кара деп
1430 Ìý Айтып эми калганы
Ìý Ìý Айран азыр момундай
Ìý Ìý Ошо кезде Жакыбың
Ìý Ìý Эстен танып калганы
Ìý Ìý Эстен танып неткемин
1435 Ìý Андан кийин ойгонуп
Ìý Ìý Как ошондо кеткемин
Ìý Ìý Айланайын карылар
Ìý Ìý Бул эмине болучу
Ìý Ìý Ээ бул түшүмдү жоручу
1440 Ìý Деп ошондо калганы
Ìý Ìý Мына ошондо эр Жакып
Ìý Ìý Эстеп азыр момундай
Ìý Ìý Эки көзгө жаш алып
Ìý Ìý Сар санаага мат алып
1445 Ìý Турган экен эр Жакып
Ìý Ìý Амалы кетип ошондо
Ìý Ìý Курган экен эр Жакып
Ìý Ìý Ал аңгыча караса
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
1450 Ìý Арта кызык тамаша
Ìý Ìý Ошо кезде жанагы
Ìý Ìý Каарылардан кеп чыкпай
Ìý Ìý Мына ошондо дем чыкпай
Ìý Ìý Баарысы эми жанагы
1455 Ìý Жерди тиктеп калыптыр
Ìý Ìý Акылмандын баарысы
Ìý Ìý Ойлонушуп алыптыр
Ìý Ìý Эчен түрлүү момундай
Ìý Ìý Ой жорушуп алыптыр
1460 Ìý Эчен ирет момундай
Ìý Ìý Толгонушуп калыптыр
Ìý Ìý Мына ошондо сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Комдонушуп алыптыр
1465 Ìý Ээ мына ошондо сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ээ эчен ирет момундай
Ìý Ìý Боз болушуп алыптыр
Ìý Ìý Ошолордун баарысы
1470 Ìý Козголушуп калыптыр
Ìý Ìý Жоруй алат киши жок
Ìý Ìý Мына ошондо баарысы
Ìý Ìý Эчендеген сарпайы
Ìý Ìý Кийип эми турушту
1475 Ìý Ырымын мындай кылышты
Ìý Ìý Алган менен жанагы
Ìý Ìý Кеп табалбай жалдырап
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Отурушат жалдырап
1480 Ìý Тогуз кабат асманда
Ìý Ìý Көк Теңирдин жайы деп
Ìý Ìý Аны менен сурасаң
Ìý Ìý Кандай болот баары деп
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
1485 Ìý Байланышкан киши деп
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Эр Жакыптын ашыкча
Ìý Ìý Болгон экен иши деп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
1490 Ìý Андан бөлөк сөзү жок
Ìý Ìý Как ошондо сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү баарысы
Ìý Ìý Жерди тиктеп калганы
Ìý Ìý Ошо кезде оюна
1495 Ìý Ар нерсени алганы
Ìý Ìý Ээ булар минтип турганда
Ìý Ìý Амалы кетип курганы
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Мына ошондо сурасаң
1500 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ошо кезде эшиктен
Ìý Ìý Ак күлөлүү дубана
Ìý Ìý Ак деп угуп калыптыр
Ìý Ìý Муну менен сурасаң
1505 Ìý Ээ Теңирдин буйругун
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Аткарганы келдим деп
Ìý Ìý Оо Теңирдин актыгын
Ìý Ìý Жайып жүрүп момундай
1510 Ìý Мен силерди көрдүм деп
Ìý Ìý Азыркысын эшиктен
Ìý Ìý Ак угуп эми калыптыр
Ìý Ìý Ак деп айтып эшиктен
Ìý Ìý Аттап өткөн кези экен
1515 Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Далысынан Жакыптын
Ìý Ìý Таптап өткөн кези экен
Ìý Ìý Ошо кезде сурасаң
1520 Ìý Эми кыдыр өзү экен
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Дубанага айланып
Ìý Ìý Кейпин кийип алыптыр
Ìý Ìý Ошо кезде чоң кыдыр
1525 Ìý Эшиктен кирип калыптыр
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Саламын айта салганы
Ìý Ìý Баарысын алып калганы
Ìý Ìý Аттап-буттап төр жакка
1530 Ìý Эми чыгып барганы
Ìý Ìý Эми чыгып кеп айтат
Ìý Ìý Адамдардын акылы
Ìý Ìý Жетээр эмес деп айтат
Ìý Ìý Канчадан бери камалып
1535 Ìý Кой жүнүдө сабалып
Ìý Ìý Албаш бышым өткөнчө
Ìý Ìý Жоруй албай турасың
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Ээ баарын жүздү бурасың
1540 Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Ээ айланайын кишилер
Ìý Ìý Эми кандай ишиңер
Ìý Ìý Пенделерим уккула
Ìý Ìý Азыркысын баарыңар
1545 Ìý Көкүрөккө туткула
Ìý Ìý Ушунуң эми момундай
Ìý Ìý Эшикке чыгып жайбагын
Ìý Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Ушул болот байрагың
1550 Ìý Көкүрөккө сактагын
Ìý Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Бөлөк жанга айтпагын
Ìý Ìý Ичиңе эми сактагын
Ìý Ìý Деп ошондо калганы
1555 Ìý Ак деп колун көтөрүп
Ìý Ìý Көктү карап жөтөлүп
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Менден эмес ушуну
Ìý Ìý Көк Теңирдин өзүнөн
1560 Ìý Өзү мага сөз салса
Ìý Ìý Эми айтып берейин
Ìý Ìý Көкүрөккө эс салса
Ìý Ìý Көрүп айтып көрөйүн
Ìý Ìý Ээ айланайын жараткан
1565 Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Оңдоптур Кудай ишиңди
Ìý Ìý Бериптир Кудай түшүңдү
Ìý Ìý Ээ ушуреки береги
1570 Ìý Жер бетинен жанагы
Ìý Ìý Канча адам өтсө да
Ìý Ìý Канча адам момундай
Ìý Ìý Бизден кийин уланып
Ìý Ìý Как ошондо жетсе да
1575 Ìý Мындай түштү бербейт деп
Ìý Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Тилегени момундай
Ìý Ìý Түшүп эми келбеттеп
Ìý Ìý Айтып эми калыптыр
1580 Ìý Ак оюна эми алыптыр
Ìý Ìý Ушуреки момундай
Ìý Ìý Айланайын эр Жакып
Ìý Ìý Эми айтып берейин
Ìý Ìý Жанагы турган момундай
1585 Ìý Ушуреки сурасаң
Ìý Ìý Эстен келген эмеспи
Ìý Ìý Эстен келсе момундай
Ìý Ìý Көктөн келген эмеспи
Ìý Ìý Жараткандын өзүнөн
1590 Ìý Эми берген эмеспи
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Ошо кезде сурасаң
Ìý Ìý Маңдан келген эмеспи
Ìý Ìý Абалкысын сурасаң
1595 Ìý Жандан келген эмеспи
Ìý Ìý Тээтиги сурасаң
Ìý Ìý Кандан келген эмеспи
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Тогуз кабат асмандан
1600 Ìý Көктөн келген эмеспи
Ìý Ìý Желпингениң жер эне
Ìý Ìý Жерден келген эмеспи
Ìý Ìý Мына ошондо жел кайып
Ìý Ìý Демден келген эмеспи
1605 Ìý Жаары жериң алаш деп
Ìý Ìý Айтылаары Манас деп
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Ошол балаң эмеспи
Ìý Ìý Ээ азыркысын кырк бала
1610 Ìý Ээрчиткени кырк чилте
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Артынан келет кырк бала
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Чоро болот аталып
1615 Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Алышамын дегенин
Ìý Ìý Өпкө жарып баш алып
Ìý Ìý Өткүр тууган эр болот
Ìý Ìý Телегейи тең болот
1620 Ìý Көк Теңирдин өзүнөн
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Ээ буйругу болуп момундай
Ìý Ìý Бир өзүңдө туулат
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
1625 Ìý Алышканын чуулап
Ìý Ìý Кудай бетин салбай кал
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Баарысынан баарысын
Ìý Ìý Курап чыгат бул бала
1630 Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Акыйкатты момундай
Ìý Ìý Улап чыгат бул бала
Ìý Ìý Калыстыкты сурасаң
Ìý Ìý Курап чыгат бул бала
1635 Ìý Ээ эми жайын сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Эми акыл угуп ал
Ìý Ìý Тогуз кабат асманга
Ìý Ìý Сени алып барганы
1640 Ìý Көк Теңирди тактыга
Ìý Ìý Отургузуп салганы
Ìý Ìý Жалыбөркттү кийгизип
Ìý Ìý Сый-урматын билгизип
Ìý Ìý Так ошондо турганы
1645 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Көк Теңирдин өзүнө
Ìý Ìý Мына ошондо илиндиң
Ìý Ìý Эми Жакып көзүнө
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
1650 Ìý Көк Теңирдин буйругун
Ìý Ìý Аткарганы келгени
Ìý Ìý Сага эми жанагы
Ìý Ìý Жер ааламда кандыкты
Ìý Ìý Сага Жакып бергени
1655 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ушуреки бул бала
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Эрен болот эр болот
Ìý Ìý Телегейи тең болот
1660 Ìý Жараткандын өзүнө
Ìý Ìý Атың жакшы угулат
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Отуз жүз миң ааламды
1665 Ìý Басар бала болот деп
Ìý Ìý Адамдын өзүнөн
Ìý Ìý Арбагың эми ашыкча
Ìý Ìý Ашар бала болот деп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
1670 Ìý Ээ мына ошондо береги
Ìý Ìý Таныбаса баланы
Ìý Ìý Ошо кезде адамдар
Ìý Ìý Туураланып кырылып
Ìý Ìý Жер бетинен кетет деп
1675 Ìý Танып калса баланы
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Адамзат пендеси
Ìý Ìý Гүлдөп эми өсөт деп
Ìý Ìý Ушуреки бул бала
1680 Ìý Мына ошондо адамга
Ìý Ìý Аз жаштык берген көчөт деп
Ìý Ìý Ошо кезде сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Турган жери момундай
1685 Ìý Күлпөтү күндөн жаралып
Ìý Ìý Айдыгың айдан таралып
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Адамзат пендени
Ìý Ìý Мына ошондо береги
1690 Ìý Түз жолуна салат деп
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Атагың эми жаят деп
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Бул дүнүйө бирөөгү
1695 Ìý Эки дүйнө баарына
Ìý Ìý Кызматын кылып турат деп
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Таанысаң эми баланы
1700 Ìý Ак кызматын кылат деп
Ìý Ìý Аны менен сурасаң
Ìý Ìý Ошо кезде кеп айтат
Ìý Ìý Албан түрлүү бек айтат
Ìý Ìý Айтып эми калыптыр
1705 Ìý Азыр эми эр Жакып
Ìý Ìý Айран болуп калыптыр
Ìý Ìý Так ошондо сураса
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Тогуз кабат асманга
1710 Ìý Алып эми барганы
Ìý Ìý Же ушу кезде береги
Ìý Ìý Кайыбынын баарысы
Ìý Ìý Колдой турган бала деп
Ìý Ìý Ошо кезде кыйшайса
1715 Ìý Оңдой турган бала деп
Ìý Ìý Тогуз уулду болосуң
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Ошо кезде бир өзү
Ìý Ìý Азыркысын кыз болот
1720 Ìý Кыз болгондо неткени
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Сегизиң эми уул болот
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Аркасынан сегиз уул
1725 Ìý Бир кыз ээрчип келет деп
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Уулу эми байбичең
Ìý Ìý Ошонуң эми тууйт деп
Ìý Ìý Мына ошондо бир кызды
1730 Ìý Кыздан эми эр тууат
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Кыйын тууган шер туулат
Ìý Ìý Уулдан эми эр туулат
Ìý Ìý Мына ошондо береги
1735 Ìý Эрешен тарткан шер туулат
Ìý Ìý Так ошондо сурасаң
Ìý Ìý Экинчи эми катының
Ìý Ìý Ошо кезде сурасаң
Ìý Ìý Ээ жети уул тууйт деп
1740 Ìý Киндигин кесип бууйт деп
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Уулу баалың жанагы
Ìý Ìý Көктүк эми болот деп
Ìý Ìý Калганынын баарысы
1745 Ìý Жерлик эми болот деп
Ìý Ìý Ошо кезде жанагы
Ìý Ìý Айтып эми калыптыр
Ìý Ìý Көк менен жердин момундай
Ìý Ìý Айырмасын сурасаң
1750 Ìý Асман менен жердей деп
Ìý Ìý Сени менен мендей деп
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Букара кара элдей деп
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
1755 Ìý Азыркысын карасаң
Ìý Ìý Букара кара элдей деп
Ìý Ìý Аны менен кандай деп
Ìý Ìý Албан түрлүү жандай деп
Ìý Ìý Айтып эми калганы
1760 Ìý Аны менен сурасаң
Ìý Ìý Азыркысын баталап
Ìý Ìý Эми жоруп салганы
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Мына ошондо карасаң
1765 Ìý Батасын кылып туруптур
Ìý Ìý Эрен болсун, эр болсун
Ìý Ìý Телегейи тең болсун
Ìý Ìý Шай колдогон шер болсун
Ìý Ìý Мына ошондо береги
1770 Ìý Ушуреки кыргызда
Ìý Ìý Так ошондо туулса
Ìý Ìý Жалпы эми адамга
Ìý Ìý Жарыгың эми тийсин деп
Ìý Ìý Ошо кезде жер шаарын
1775 Ìý Бүтүн бала билсин деп
Ìý Ìý Азыркысын карасаң
Ìý Ìý Ээ батаны кылып салыптыр
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Айран азыр калыптыр
1780 Ìý Ошо кезде эр Жакып
Ìý Ìý Алтындан кылган дийилде
Ìý Ìý Как ошондо чапанды
Ìý Ìý Мына ошондо дубана
Ìý Ìý Дубананын өзүнө
1785 Ìý Жооруп эми бердиң деп
Ìý Ìý Кийгизип эми турганы
Ìý Ìý Эми мындай кылганы
Ìý Ìý Ошо кезде жанагы
Ìý Ìý Ырымын эми алдым деп
1790 Ìý Ошо кезде чоң алтын
Ìý Ìý Аз болгондо береги
Ìý Ìý Тогуз жамбы момундай
Ìý Ìý Алып эми барыптыр
Ìý Ìý Ошо кезде береги
1795 Ìý Алдым дагы бердим деп
Ìý Ìý Муну айтып салыптыр
Ìý Ìý Аны менен карасаң
Ìý Ìý Көздөн кайым болуптур
Ìý Ìý Кең ордонун ичинде
1800 Ìý Баарысы көрүп таңданды
Ìý Ìý Баарысы көрүп жар калды
Ìý Ìý Жарданбаса неткени
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Айран болуп кетти эми
1805 Ìý Азыркысын баарысын
Ìý Ìý Айран болуп таңданып
Ìý Ìý Турган экен жарданып
Ìý Ìý Ал аңгыча караса
Ìý Ìý Кудай бетин салбай кал
1810 Ìý Арта кылып тамаша
Ìý Ìý Баарысы бата кылыптыр
Ìý Ìý Айланайын жараткан
Ìý Ìý Оңдоп эми берсин деп
Ìý Ìý Оңдоп берсе кыргызга
1815 Ìý Чоңдоп эми берсин деп
Ìý Ìý Тилегендин баарысы
Ìý Ìý Бул бала менен келсин деп
Ìý Ìý Жакшылык эми консун деп
Ìý Ìý Жалпы эми момундай
1820 Ìý Адамзатка болсун деп
Ìý Ìý Баарысы бата кылыптыр
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Жооруй албай таңданып
Ìý Ìý Мына ошондо береги
1825 Ìý Жооруганга жарданып
Ìý Ìý Эми баарысы жолго салганы
Ìý Ìý Ошо кезде баарысы
Ìý Ìý Эми жүрүп калганы
Ìý Ìý Мына ошондо сурасаң
1830 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ээ ошо кезде эр Жакып
Ìý Ìý Мына ошондо сурасаң
Ìý Ìý Ээ жана адамдан кайтпа деп
Ìý Ìý Ичиңе баарын сакта деп
1835 Ìý Дубанаң айткан кеби деп
Ìý Ìý Мына ошондо калайык
Ìý Ìý Баарына болсун эби деп
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Ошо кезде жанагы
1840 Ìý Атаңдын көрү эр Жакып
Ìý Ìý Баарысынын өзүн-өзүнө
Ìý Ìý Бала сөзүн алыптыр
Ìý Ìý Келген эми жерине
Ìý Ìý Баарысы гана тарап калыптыр уу
1845 Ìý Оо андан бери карата
Ìý Ìý Эчендеген күн өттү
Ìý Ìý Эчендеген түн өттү
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Байбиченин баласы
1850 Ìý Боюна эми бүтүптүр
Ìý Ìý Тар курсагы чоюлуп
Ìý Ìý Эки көзү коюлуп
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Кыймылга бала кириптир
1855 Ìý Ошо кезде сураса
Ìý Ìý Ээ мунусу мындай болуптур
Ìý Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Аны андай коюп тур
Ìý Ìý Ошореки Кытайдын
1860 Ìý Кабарынан угуптур
Ìý Ìý Мына ошондо чын Кытай
Ìý Ìý Анын дайын сурасаң
Ìý Ìý Кечээ күнү жанагы
Ìý Ìý Эчендеген зыйкырчы
1865 Ìý Эчендеген балчылар
Ìý Ìý Эчендеген дарчылар
Ìý Ìý Эчендеген сынчылар
Ìý Ìý Эчендеген ырчылар
Ìý Ìý Баарысы билип алыптыр
1870 Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Тарап кеткен буруттан
Ìý Ìý Бурут деген бу журттун
Ìý Ìý Эрен келет, эр келет
Ìý Ìý Белгилүү тууган шер келет
1875 Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Манас деген бир бала
Ìý Ìý Туулат экен деп угуп
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Ошо кезде сынчылар
1880 Ìý Сынынан билип алыптыр
Ìý Ìý Аны менен сурасаң
Ìý Ìý Айран азыр калыптыр
Ìý Ìý Мына ошондо буруттан
Ìý Ìý Кудай бетин салбай кал
1885 Ìý Алда арышканын куруткан
Ìý Ìý Эрен туулат, эр туулат
Ìý Ìý Белгилүү тууган шер туулат
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Ээ ушуреки Бейжинге
1890 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Көлөкөсүн тийгизет
Ìý Ìý Эми кандыгын келип билгизет уу
Ìý Ìý Өткөндөн аңга түштү деп
Ìý Ìý Кеткенден алат кекти деп
1895 Ìý Так ошондо бул бала
Ìý Ìý Мына ошондо эр болот
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Кара көк жал, шер болот
Ìý Ìý Жалданып киргенде
1900 Ìý Алдынан гана пенде да тоспойт деп уу
Ìý Ìý Жалды арыстан окшойт деп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Эчендеген азамат
Ìý Ìý Аркасынан коштойт деп
1905 Ìý Ошо кезди Бейжиндин
Ìý Ìý Чоң мүшкүлдү салыптыр
Ìý Ìý Кабарын угуп алыптыр
Ìý Ìý Ошо кезде жанагы
Ìý Ìý Аты Манас болот деп
1910 Ìý Алышканын соёт деп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Өз атын өзү чакырып
Ìý Ìý Ураан кылып чыгат деп
Ìý Ìý Ак калпак Кыргыз алашты
1915 Ìý Тууган кылып чыгат деп
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Бардык менен батырып
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Алышканын качырып
1920 Ìý Батыра чаап, баш алган
Ìý Ìý Өпкө жарып, өт алган
Ìý Ìý Кара сууга кан куйган
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Суу ич десең, уу ичкен
1925 Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Кан ордуна жин төккөн
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Бөрк ал десе баш алган
Ìý Ìý Өткүр бала болот деп
1930 Ìý Алышкандын түбүнө
Ìý Ìý Эткир бала болот деп
Ìý Ìý Ошо кезде Бейжинди
Ìý Ìý Кечээ эсебин алдың өзүнөн
Ìý Ìý Барып эми момундай
1935 Ìý Аяр алык айтыптыр
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ошореки аярлар аялардын айынан
Ìý Ìý Эми Кыргыз гана мүшкүл тартыптыр уу
Ìý Ìý Кыргызга мүшкүл салыптыр
1940 Ìý Туутпай эми алам деп
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Боз катындын баарысын
Ìý Ìý Болбой ичин жарам деп
Ìý Ìý Боздоткон экен Кыргызды
1945 Ìý Жаткан жерден ошондо
Ìý Ìý Эми козготкон экен Кыргызды уу
Ìý Ìý Так ошондо Кыргызга
Ìý Ìý Кыямат мүшкүл, чоң мүшкүл
Ìý Ìý Ошо атаң Манас кабылан
1950 Ìý Туулалек кезинде
Ìý Ìý Так ошондо билинген
Ìý Ìý Эл көзүнө илинген
Ìý Ìý Кечээ күнү сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
1955 Ìý Чоң мүшкүлдү салганда
Ìý Ìý Эчен ирет Кытайдын
Ìý Ìý Алдына эми барыптыр
Ìý Ìý Көп жалынып көп Кыргыз
Ìý Ìý Ошол өлгөнүнөн калганы
1960 Ìý Минтип эле аман калыртыр уу
Ìý Ìý Самарканда чоң эшен
Ìý Ìý Чоң эшендин баласы
Ìý Ìý Ошо тогузга келген даанасы
Ìý Ìý Аты Жар Манас деген баланы
1965 Ìý Мына ошондо Бейжиндик
Ìý Ìý Сынчыларга сынатып
Ìý Ìý Кармап алган кези экен
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Туулган ушу Манасың
1970 Ìý Туура кармап алдык деп
Ìý Ìý Мына ошондо кыргызга
Ìý Ìý Чоң мүшкүлдү салдык деп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ошо кезде береги
1975 Ìý Кытайдын жаны басылган
Ìý Ìý Ошондо Кыргыздын күнү ачылган уу
Ìý Ìý Эми жайын сураса
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Аңгемени кураса
1980 Ìý Кечээ ай артынан күн өтүп
Ìý Ìý Түн караңгы түн өтүп
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Байбиченин боюна
Ìý Ìý Талгак кирип алыптыр
1985 Ìý Талгак кирип калганы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ак тасманы жайнатып
Ìý Ìý Багылаң козу, ширин баш
Ìý Ìý Бор кайнатып таштатып
1990 Ìý Кызык оюн баштатып
Ìý Ìý Оюн кылса карабайт
Ìý Ìý Башка тамак жарабайт
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Жесем деп жолборс жүрөгүн
1995 Ìý Андан бөлөк самабай
Ìý Ìý Жетпей жолборс жүрөгү
Ìý Ìý Жинди болуп байбиче
Ìý Ìý Жеригинен жүдөдү
Ìý Ìý Өөдө болсо бүгүлүп
2000 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Эки кара сан ооруп
Ìý Ìý Бүткөн бойдун баары ооруп
Ìý Ìý Кыймылдаса жанагы
Ìý Ìý Тар курсагы чоюлуп
2005 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Белдин баары чоюлуп
Ìý Ìý Ата кокуй нетем деп
Ìý Ìý Жаным чыгып кетем деп
Ìý Ìý Чына жалым жетем деп
2010 Ìý Эмин кандай күн көрөм?
Ìý Ìý Деп ошондо сабылып
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Бар-бардигер Кудайга
Ìý Ìý Ошо кезде жалынып
2015 Ìý Эми байбиче түшүп убайга
Ìý Ìý Ошо кезде туруптур
Ìý Ìý Амалы кетип куруптур
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Айылдагы жандарга
2020 Ìý Тың чыккан ушул балдарга
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Көзгө атар ушул мергенге
Ìý Ìý Эчен деген келгенге
Ìý Ìý Мына ошондо эр Жакып
2025 Ìý Эми жолборс атып келсеңер
Ìý Ìý Каалаганың берем деп
Ìý Ìý Дегениңе көнөм деп
Ìý Ìý Мына ошондо сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
2030 Ìý Азыр түзүн түздөтүп
Ìý Ìý Мына ошондо жолборсту
Ìý Ìý Эми Жакып издетип
Ìý Ìý Издеткен экен момундай
Ìý Ìý Эчен жерди кыдыртып
2035 Ìý Эчен жерди сыдыртып
Ìý Ìý Баскан экен момундай
Ìý Ìý Эчен деген дабанды
Ìý Ìý Ашкан экен момундай
Ìý Ìý Эми ашып жүргөн кезинде
2040 Ìý Ошо кезде кыдыртып
Ìý Ìý Басып жүргөн кезинде
Ìý Ìý Как ошондо сураса
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
2045 Ìý Жолборс гана жолдон да табылбай уу
Ìý Ìý Акыл гана кетип да калды алдырап
Ìý Ìý Амал кетип жалдырап
Ìý Ìý Айласы гана жаман да түңүлгөн
Ìý Ìý Мына ошондо дүнүйө
2050 Ìý Ошо кезде жанагы
Ìý Ìý Жети мерген барыптыр
Ìý Ìý Жетөөң эми жабылып
Ìý Ìý Алтын Көлдүн жээгинен
Ìý Ìý Аярлуу тоонун белинен
2055 Ìý Ошо кезде сурасаң
Ìý Ìý Ошореки чоң ашуу
Ìý Ìý Чоң ашуунун өзүнөн
Ìý Ìý Жалгыз өтмө чубама
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
2060 Ìý Текеликтин белинен
Ìý Ìý Как ошондо сураса
Ìý Ìý Текелүү кара белдеген
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Кайберен басып эрдеген
2065 Ìý Ошо текелүүнү белинен
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Шерди атып алыптыр
Ìý Ìý Шерди атып момундай
Ìý Ìý Алып келип калыптыр
2070 Ìý Шердин этин байбиче
Ìý Ìý Талап-булап жегени
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Эми талгагы канды дегени
Ìý Ìý Анысына караса
2075 Ìý Эрен тууган бай Жакып
Ìý Ìý Жети жорго мингизди
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Ошо кезде эр Жакып
Ìý Ìý Сый урматын билгизди
2080 Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Дилде чапан кийгизди
Ìý Ìý Тай туяктан жамбыдан
Ìý Ìý Жетеле жетип эриптир
Ìý Ìý Минтип сыйлап келиптир
2085 Ìý Ошо кезде сураса
Ìý Ìý Атаңдын көрү байбиче
Ìý Ìý Шердин этин жегенде
Ìý Ìý Мына ошондо сураса
Ìý Ìý Жети күнү болуптур
2090 Ìý Жети күнгө толуптур
Ìý Ìý Жети күнү болгондо
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Баягы ак күлөлүү дубана
2095 Ìý Өзү кызыр эмеспи
Ìý Ìý Байбиченин ордого
Ìý Ìý Келген экен коргоого
Ìý Ìý Эми келип кеп айтат
Ìý Ìý Ой байбиче деп айтат
2100 Ìý Көк Теңирдин буйругу
Ìý Ìý Мына ошону береги
Ìý Ìý Ошо кезде асманга
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Мына ошондо ылдам бат
2105 Ìý Эми түшүп келдим деп
Ìý Ìý Көк Теңирдин буйругу
Ìý Ìý Ошо кезде аткарып
Ìý Ìý Мына ошондо келдим деп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
2110 Ìý Шердин этин жедиң деп
Ìý Ìý Мына ошондо сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Анысы жерден болду деп
Ìý Ìý Аныгың элден болду деп
2115 Ìý Эми Көктөн алгың деп
Ìý Ìý Аны менен талгагың
Ìý Ìý Такыр жоюп салгың деп
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Шер этинен токсондун
2120 Ìý Өзүн атып келсе да
Ìý Ìý Андан эми канча артык
Ìý Ìý Будайыкты жанагы
Ìý Ìý Алп каракуш өтүнөн
Ìý Ìý Андан эми канча артык
2125 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Жетүү башты ажыдаар
Ìý Ìý Ажыдаардын өзүөн
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Токсон тогуз артыкча
2130 Ìý Мына ошондо жаралган
Ìý Ìý Жараткандын бир өзү
Ìý Ìý Так ошондо сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Мына ошондо береги
2135 Ìý Туяш пилдин өзүнө
Ìý Ìý Токсонунун жүрөгү
Ìý Ìý Так ошондо алса да
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ажыдаар, жолборсту
2140 Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Тогуз чызым баарысын
Ìý Ìý Кырып эми салса да
Ìý Ìý Алдыңа келип берсе да
Ìý Ìý Андан эми канча артык
2145 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Баарынан эми артыкча
Ìý Ìý Көк Теңирдин бир өзү
Ìý Ìý Жасап эми берди деп
Ìý Ìý Ак күлөлүү дубана
2150 Ìý Өзү кызыр өзүңө
Ìý Ìý Эми алып келди деп
Ìý Ìý Мына ошондо белгилеп
Ìý Ìý Баса айтып ырымдап
Ìý Ìý Азыркысын карасаң
2155 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Кумбу десең ушуну
Ìý Ìý Эттей болуп дамданат
Ìý Ìý Этпи десең ушуну
Ìý Ìý Как ошондо береги
2160 Ìý Мына ошондо башкача
Ìý Ìý Даамы айран болуучу
Ìý Ìý Бир башкача момундай
Ìý Ìý Как ошондо толуучу
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
2165 Ìý Канбы десе жанагы
Ìý Ìý Бал шириндин өзүндөй
Ìý Ìý Бал ширин десе жанагы
Ìý Ìý Как ошондо береги
Ìý Ìý Тилге келбес даамы бар
2170 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Бозоруп турган алы бар
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Байбиче муну кабылан
Ìý Ìý Деп ошондо жанагы
2175 Ìý Байбичеге бергени
Ìý Ìý Байбиче эми жегени
Ìý Ìý Ошо кезде жанагы
Ìý Ìý Жеген эмес эгери
Ìý Ìý Тогуз күнү жатыптыр
2180 Ìý Уйкугу башы катыптыр
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Он эки күнү болгондо
Ìý Ìý Араң эми байбиче
Ìý Ìý Ойгонгон экен уйкудан
2185 Ìý Ошо кезде жанагы
Ìý Ìý Мына ошондо байбиче
Ìý Ìý Тилге кирип алыптыр
Ìý Ìý Тил күргөлүү момундай
Ìý Ìý Дилге кирип алыптыр
2190 Ìý Ошо кезде байбиче
Ìý Ìý Талгагы эми каныптыр
Ìý Ìý Талгагы канып туруптур
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Ай артынан күн өтүп
2195 Ìý Түн караңгы түн өтүп
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Өөдө болсо бүгүлүп
Ìý Ìý Ата кокуй байбиче
2200 Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Алып жашы төгүлүп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Боюндагы балага
Ìý Ìý Ыраазы болуп момундай
2205 Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Карабай эми санаган
Ìý Ìý Ата-баба арбакка
Ìý Ìý Басып-туруп турганда
Ìý Ìý Так ошондо сабылып
2210 Ìý Колдой көр деп жалынып
Ìý Ìý Жараткандын өзүнө
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Агылып жашы төгүлүп
Ìý Ìý Ошо кезде жанагы
2215 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Тогуз айга толуптур
Ìý Ìý Тогуз күнү болуптур
Ìý Ìý Толгоо кирип калыптыр
Ìý Ìý Курсагына байбиче
2220 Ìý Оңдоо кирип калыптыр
Ìý Ìý Ошо кезде жанагы
Ìý Ìý Кара Кытай чынмачын
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Туюнуп калса бекер деп
2225 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Туюп калса кокустан
Ìý Ìý Түбүнө эми жетээр деп
Ìý Ìý Ошо кезде жанагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
2230 Ìý Кыргырынын баарына
Ìý Ìý Күнчилик жердин өзүнө
Ìý Ìý Тогуз кабат туш тушка
Ìý Ìý Катарлатып байбиче
Ìý Ìý Билип эми ккалганда
2235 Ìý Мына ошондо нетет деп
Ìý Ìý Ата кокуй түгөнгөн
Ìý Ìý Эми түккө жетет деп
Ìý Ìý Айылдагы балдарга
Ìý Ìý Ишеничтүү жандарда
2240 Ìý Как ошондо катарлап
Ìý Ìý Каргоолунан койдурду
Ìý Ìý Карылуу мынча болдурду
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Алыстан эми Кытайлык
2245 Ìý Көрүнүп калса кокустан
Ìý Ìý Чаап айтып келгиле
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Көчө конуп кетпесе
Ìý Ìý Так ошондо аларды
2250 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Түбүнө түгөл жетпесин
Ìý Ìý Түгөл кырып кетпесин
Ìý Ìý Колдон тартып албасын
Ìý Ìý Козголоңду салбасын
2255 Ìý Деп ошондо жанагы
Ìý Ìý Ата аралы мындай койдурду
Ìý Ìý Мунусун мындай болдурду
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Толгоо кирип калыптыр
2260 Ìý Таң агарып атканда
Ìý Ìý Тараза жылдыз батканда
Ìý Ìý Сурпа жылдыз суюлуп
Ìý Ìý Жерге жарык чачканда
Ìý Ìý Байбиченин жанагы
2265 Ìý Ооруган жери басылбай
Ìý Ìý Жумган көзү ачылбай
Ìý Ìý Козголгон сайын ыйынып
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Туралбай тура жыгылып
2270 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Долоно түбүн карманып
Ìý Ìý Жаратканга жалбарып
Ìý Ìý Табылгы түбүн карманып
Ìý Ìý Чын Кудайга жалбарып
2275 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Өөдө болсо бүгүлүп
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Шилбинин түбүн карманып
2280 Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Ата-бабаң арбакка
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Айланайын жараткан
Ìý Ìý Деп ошондо бүгүлүп
2285 Ìý Бүгүлүп жашы төгүлүп
Ìý Ìý Аман-эсен төрөсөм
Ìý Ìý Так ошондо болду деп
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Басаң айтып белгилеп
2290 Ìý Ал ансайын эр Жакып
Ìý Ìý Асар башыл кой айтып
Ìý Ìý Ай туякка бээ айтып
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Мына ошондо береги
2295 Ìý Төө баштаган төрт тогуз
Ìý Ìý Ошондо ырымын айтып турду эми уу
Ìý Ìý Ырымын мындай кылды эле
Ìý Ìý Ээ ошо кезде байбиче
Ìý Ìý Ал ансайын бүгүлүп
2300 Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Бала катуу чиресе
Ìý Ìý Белдемчин бүгүшү
Ìý Ìý Беш жеринен үзүлүп
Ìý Ìý Байбиче келди сүзүлүп
2305 Ìý Ээ умай эне улукман
Ìý Ìý Колдой көр деп улуктан
Ìý Ìý Ээ так ошондо сабылып
Ìý Ìý Жараткандын өзүнө
Ìý Ìý Оо жайдай басып багылып
2310 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ээ бөгүп жашы төгүлүп
Ìý Ìý Мына ошондо көрүнүп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ал ансайын байбиче
2315 Ìý Ээ так ошондо жанагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү чоң ордо
Ìý Ìý Чоң ордонун ичинде
Ìý Ìý Нелер бар, да нелер жок
Ìý Ìý Кара-Суунун үстүндө
2320 Ìý Нелер бар да, нелер жок
Ìý Ìý Ээ бөгүп жашы төгүлөт
Ìý Ìý Мына ошондо байбиче
Ìý Ìý Көздүн жашы көл болуп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
2325 Ìý Ээ көл дарыя сел болуп
Ìý Ìý Атаңдын көрү курган жан
Ìý Ìý Ээ ата-баба да арбагы уу
Ìý Ìý Ушу катының эми төрөтүп
Ìý Ìý Бир ажалы дечи эле
2330 Ìý Ажалым жетип кетпесин
Ìý Ìý Ушу курган жаным өтпөсүн
Ìý Ìý Чымындай жаны чыркырап
Ìý Ìý Кайран энең буркурап
Ìý Ìý Ошо кезде жанагы
2335 Ìý Жыйырма-төрт катын жабылып
Ìý Ìý Как ошондо келиптир
Ìý Ìý Кол аягын алышып
Ìý Ìý Эми жардам бериптир
Ìý Ìý Ээ так ошондо жанагы
2340 Ìý Эки күнгө толгондо
Ìý Ìý Эси кетип байбиче
Ìý Ìý Үчүнчү күнү болгондо
Ìý Ìý Үшү кетти байбиче
Ìý Ìý Төртүнчү күнү болгондо
2345 Ìý Төрдөн кетти байбиче
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Көргө жакын жетиптир
Ìý Ìý Көрөөр күнү бүл болуп
Ìý Ìý Умай эне, улукман
2350 Ìý Уялбай ичин оңдотуп
Ìý Ìý Кайра-кайра комдотуп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ат бериштен ат арбак
Ìý Ìý Деп ошондо жабылып
2355 Ìý Энелердин арбагы
Ìý Ìý Ээ колдой көрө деп сабылып
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Жан арбактын баарысы
Ìý Ìý Так ошондо чакырып
2360 Ìý Уулу тата бурукка
Ìý Ìý Эми колдой көргүн деп
Ìý Ìý Ээ бешиничи күнү болгондо
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Ээ жел кайыптын баарысын
2365 Ìý Козгоп турган кези экен
Ìý Ìý Ээ кайран энең Чыйырды
Ìý Ìý Боздоп турган кези экен
Ìý Ìý Алты күнү болгондо
Ìý Ìý Бул ааламдын баарысын
2370 Ìý Оо мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Байлап турган кези экен
Ìý Ìý Кайран энең Чыйырды
Ìý Ìý Так ошондо береги
Ìý Ìý Ээ үнүн баспай ботодой
2375 Ìý Сайрап турган кези экен
Ìý Ìý Ээ жети күнү болгондо
Ìý Ìý Ээ жер Эне, жел кайып
Ìý Ìý Жел кайыптын баарысы
Ìý Ìý Жетип турган кези экен
2380 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Сегиз күнү болгондо
Ìý Ìý Ээ мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Отуз жүз миң ааламда
Ìý Ìý Оо кайп пирдин баарысы
2385 Ìý Колдоп келип толгондо
Ìý Ìý Тогуз күнү болгондо
Ìý Ìý Тогуз кабат асманда
Ìý Ìý Эми уулу гана күчтөр да толгондо уу
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
2390 Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Он эки катын бир жакта
Ìý Ìý Он эки катын бир жакта
Ìý Ìý Оңдой көргүн Теңир деп
2395 Ìý Оо чоңдоп бергин эми деп
Ìý Ìý Ошо кезде сабылып
Ìý Ìý Кыл арканын тартышып
Ìý Ìý Ээ мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Билген эми ырымын
2400 Ìý Балдырашып айтышып
Ìý Ìý Бүбү менен бакшысы
Ìý Ìý Жаман менен жакшысы
Ìý Ìý Жыйылып келди этине
Ìý Ìý Жарашып келди бетине
2405 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Билген эми ырымын
Ìý Ìý Ошол кезде кылышты
Ìý Ìý Баарысы эми жабылып
Ìý Ìý Мына минтип турушту
2410 Ìý Булар минтип турганда
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Амалы кетип турганда
Ìý Ìý Ошо кезде Кыргыз сурасаң уу
Ìý Ìý Эми Жакып кеп айтат
2415 Ìý Башка чукак жан элем
Ìý Ìý Ээ баланын үнү чыкканда
Ìý Ìý Эстен танып калбайын
Ìý Ìý Эстен тандың акем деп
Ìý Ìý Шылдың болуп албайын
2420 Ìý Деп ошондо эр Жакып
Ìý Ìý Айылдан алыс кетейин
Ìý Ìý Жылкыны көздөй жетейин
Ìý Ìý Бу жерге туруп нетейин?
Ìý Ìý Деп ошондо жанагы
2425 Ìý Кыл аркан керме шарбаты
Ìý Ìý Кырк кара боз быштыны
Ìý Ìý Кыдырата байлатып
Ìý Ìý Эркек болсо жанагы
Ìý Ìý Жылкыдан минип алыңар
2430 Ìý Талааны көздөй чабыңар
Ìý Ìý Талаадан мени табыңар
Ìý Ìý Эртерээк эми барганың
Ìý Ìý Сүйүнчүнү алыңар
Ìý Ìý Кыз болсо үйдө калыңар
2435 Ìý Эми кыймылдаба баарыңар уу
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Деп ошондо нетиптир
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Эми таланы көздөй кетиптир
2440 Ìý Азыркысын караса
Ìý Ìý Тогуз күнү толуптур
Ìý Ìý Туур күнү болуптур
Ìý Ìý Туур күнү болгондо
Ìý Ìý Ай кайын айтып жоюлуп
2445 Ìý Мына ошондо байбиче
Ìý Ìý Тар курсагы чоюлуп
Ìý Ìý Кара жерди чиренип
Ìý Ìý Чиреген жери жанагы
Ìý Ìý Аркан боюу аң болуп
2450 Ìý Көргөндөрдүн баарысы
Ìý Ìý Кадимкидей таң болуп
Ìý Ìý Колтугунан тарткын деп
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Эми бутун карма деп
2455 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Азыркысын жанагы
Ìý Ìý Бар ырымын айткын деп
Ìý Ìý Баркырашып турушту
Ìý Ìý Суу челегин чачкын деп
2460 Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ырымы бар ырыстуу
Ìý Ìý Ээ ырымын мындай кылдырып
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
2465 Ìý Ээ так ошондо турду эле
Ìý Ìý Мына мындай кылды эле
Ìý Ìý Ал аңгыча караса
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ээ толгон кайып толгондо
2470 Ìý Толгоосу мынча болгондо
Ìý Ìý Умай эне, Улукман
Ìý Ìý Ошо кезде сурасаң
Ìý Ìý Уруксат болуп Улуктан
Ìý Ìý Эми жетип келиптир
2475 Ìý Оо жеткенде эми баланы
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Чыккын деп эми жемелеп
Ìý Ìý Айтып эми салганы
Ìý Ìý Баланы эми чапкылап
2480 Ìý Так ошондо калганы
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Жанбашына кол салды
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Улуулукка жол салды
2485 Ìý Аны менен сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Умай эне колу деп
Ìý Ìý Ошо кезде жанагы
2490 Ìý Жанбашта тагы калыптыр
Ìý Ìý Ошо кезде бул бала
Ìý Ìý Мына ошондо жанагы
Ìý Ìý Чыгаарга жакын барыптыр
Ìý Ìý Барып туруп кеп айтат
2495 Ìý Ырысым кайда деп айтат
Ìý Ìý Анда туруп кеп айтат
Ìý Ìý Ырысың сенин элде деп
Ìý Ìý Ырысың эми жерде деп
Ìý Ìý Так ошондо береги
2500 Ìý Элим кайда деп айтат
Ìý Ìý Элиң эми бир өзү
Ìý Ìý Ушу Кыргыз деп айтат
Ìý Ìý Как ошондо сурасаң
Ìý Ìý Эртерээк эми баргын деп
2505 Ìý Энеңди эми кыйнабай
Ìý Ìý Эми чыгып алгын деп
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Урунттун колун сүздүрүп
Ìý Ìý Урунт жакка кеткин деп
2510 Ìý Эртерээк эми жеткин деп
Ìý Ìý Так ошондо неткени
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Чаап айдап кеткеи
Ìý Ìý Чаап айдап алганда
2515 Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Карынды катуу сүзгөнү
Ìý Ìý Эки колун толтура
Ìý Ìý Эми бала кан чеңгелдеп түшкөнү
Ìý Ìý Эми кан чеңгелдеп түшкөндө
2520 Ìý Мына ошондо баланын
Ìý Ìý Чочогу чыкты чормоюп
Ìý Ìý Так ошондо жанагы
Ìý Ìý Ушуну көрүп алганда
Ìý Ìý Байбиче кулап кетти сороюп
2525 Ìý Ал аңгыча караса
Ìý Ìý Аркасында баланын
Ìý Ìý Айдай кара жалы бар
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Баркырап чыккан үнү бар
2530 Ìý Ажыдаардай сүрү бар
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Оозун ачып карасаң
Ìý Ìý Эки чыккан азуу бар
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
2535 Ìý Оң бөлтөктүн астында
Ìý Ìý Алакан ачып карасаң
Ìý Ìý Ошондо Манас деген жазуу бар уу
Ìý Ìý Аш бышымдай туруптур
Ìý Ìý Манас деген жазуусу
2540 Ìý Так ошондо жок болду
Ìý Ìý Катындардын баарысы
Ìý Ìý Чуркурашып токтолду
Ìý Ìý Ал аңгыча караса
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
2545 Ìý Так ошондо неткени
Ìý Ìý Жандалбастап баарысы
Ìý Ìý Байбичеге жеткени
Ìý Ìý Байбичеге барыптыр
Ìý Ìý Марту басып кетти деп
2550 Ìý Эстен танып кетти деп
Ìý Ìý Как ошондо жанагы
Ìý Ìý Эс алдырып алыптыр
Ìý Ìý Азыркысын караса
Ìý Ìý Ырымын айтып баарысы
2555 Ìý Далбырашып калышты
Ìý Ìý Ал антишип турганда
Ìý Ìý Булар мындай кылгында
Ìý Ìý Ээ так ошондо турганда
Ìý Ìý Ырымын мындай кылганда
2560 Ìý Мына ошондо сурасаң
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Байбиче эсин жыйганы
Ìý Ìý Эсин жыйып турганы
Ìý Ìý Кана эми бала деп
2565 Ìý Байбиче колун сунганы
Ìý Ìý Бала менен иши жок
Ìý Ìý Карап койгон киши жок
Ìý Ìý Бала жатат бул жерде
Ìý Ìý Азыркысын караса
2570 Ìý Эмгиче балаң албай деп
Ìý Ìý Как ошондо калганы
Ìý Ìý Балага жакын барганы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Алты катын жабылып
2575 Ìý Көтөрө албай калганы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Көзү тийип кетет деп
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Азыр айтып этектеп
2580 Ìý Ошол кезде Бакдөөлөт
Ìý Ìý Этегине салганы
Ìý Ìý Ата кокуй дүнүйө
Ìý Ìý Баскан жерден момундай
Ìý Ìý Жерге буту кириптир
2585 Ìý Салмагы эми баланын
Ìý Ìý Касиетин билиптир
Ìý Ìý Ошо кезде баланы
Ìý Ìý Как ошондо караса
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
2590 Ìý Жан-жанында жайланып
Ìý Ìý Ажыдаар турат айланып
Ìý Ìý Мына ошондо жолборс
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ошо кезде сур жылан
2595 Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Азыркысын мар жылан
Ìý Ìý Ошолордун баарысы
Ìý Ìý Арыслан, жолборс, шери бар
Ìý Ìý Тегеректеп курчаган
2600 Ìý Мына ошондой жери бар
Ìý Ìý Аркасында кырк бөрү
Ìý Ìý Ээрчип жүргөн кези бар
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Алп каракуш, зымырык
2605 Ìý Төбөдөн бутун салыптыр
Ìý Ìý Колдогону кырк чилтен
Ìý Ìý Кошо колдоп алыптыр
Ìý Ìý Жигиттин пири Шаймерден
Ìý Ìý Баланын эми башына
2610 Ìý Жакын келип алыптыр
Ìý Ìý Баталап эми калыптыр
Ìý Ìý Так ошону көргөндө
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Мына ошондо байбиче
2615 Ìý Баланы эми алганы
Ìý Ìý Майдан алып келгин деп
Ìý Ìý Ырымын эми кылып жасады
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Үч карындын майынан
2620 Ìý Эми үч салгандан ашат уу
Ìý Ìý Оорунан алыптыр
Ìý Ìý Оң эмчегин салыптыр
Ìý Ìý Мына ошондо береги
Ìý Ìý Үзө жаздап байбиче
2625 Ìý Өлө жаздап калыптыр
Ìý Ìý Адегенде уз чыкты
Ìý Ìý Андан кийин сүт чыкты
Ìý Ìý Андан кийин кан чыкты
Ìý Ìý Чыдай албай энеңден
2630 Ìý Так ошондо жан чыкты
Ìý Ìý Чыгарып алып эмчекти
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Чегелмеш союп ошондо
Ìý Ìý Элге гана берди да жентектеп
2635 Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Ошо кезде баланы
Ìý Ìý Колдогону кырк-тогуз
Ìý Ìý Колтугунда чамынат
Ìý Ìý Жөлөгөнү кырк-тогуз
2640 Ìý Жайдай басып камынат
Ìý Ìý Баркырап бала ыйласа
Ìý Ìý Оозун тартып жыйнаса
Ìý Ìý Отуздагы кишидей
Ìý Ìý Оң бутун тартып алганы
2645 Ìý Так кырктагы кишидей
Ìý Ìý Колун тартып алганы
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Мына ошондо баланын
Ìý Ìý Бар экенго салмагы
2650 Ìý Ата кокуй байбиче
Ìý Ìý Кете турган дарманы
Ìý Ìý Ошо кезде береги
Ìý Ìý Маңдайы жазы, башы кууш
Ìý Ìý Бар боюнда турат туш
2655 Ìý Корт-корт тумшук, кош кирпик
Ìý Ìý Көркү калча, көзү тик
Ìý Ìý Дагы аягы, жазы
Ìý Ìý Ээги узун, көзү курч
Ìý Ìý Эримин эми көрүнөт
2660 Ìý Алакан жазык, колу ачык
Ìý Ìý Шеримин өзү көрүнөт
Ìý Ìý Бир мүчөлүү адырек
Ìý Ìý Аттанып чыкса жол ачык
Ìý Ìý Алакан жазык, кол тачык
2665 Ìý Ошондо бар мүчөсү көрүнөт
Ìý Ìý Бил мүчөлүү чоң дене
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Ушундай бала зор беле
Ìý Ìý Аркасында жалы бар
2670 Ìý Оң далынын астында
Ìý Ìý Алакандай калы бар
Ìý Ìý Эки чыккан азуу бар
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Эми баланын жайын билип ал уу
2675 Ìý Жакындап жандар келе албай
Ìý Ìý Жакын келип көрө албай
Ìý Ìý Качкандан нары андан
Ìý Ìý Көп үнү чыкса баркырап
Ìý Ìý Акылынан аң-таңдап
2680 Ìý Эми шашкан жандар андан көп уу
Ìý Ìý Баланын гана жайы момундай мм
Ìý Ìý Оң бөлтөктүн астында
Ìý Ìý Манас деген жазуу бар
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
2685 Ìý Азыркысын билип ал
Ìý Ìý Ушуреки береги
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Көргөндөрдүн баарысы
Ìý Ìý Акыл болду айрандап
2690 Ìý Атаңдын көрү таң болду
Ìý Ìý Мына ошондо топтолгон
Ìý Ìý Кыйла кыйын жан
Ìý Ìý Көргөн катын кеп айтат
Ìý Ìý Мына ошондо береги
2695 Ìý Көмүскө сөзүн эми айтат
Ìý Ìý Өткөндөн өчтү алар деп
Ìý Ìý Кеткенден кетти алар деп
Ìý Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Аккан жашын Кыргыздын
2700 Ìý Тыяр бала болоор деп
Ìý Ìý Чачылганда Кыргызды
Ìý Ìý Жыяр бала болоор деп
Ìý Ìý Топтолгондо Кыргызды
Ìý Ìý Толоор бала болоор деп
2705 Ìý Атаңдын көрү дүнүйө
Ìý Ìý Бары жогун билип
Ìý Ìý Эми болоор бала болоор деп уу
Ìý Ìý Эрен болоор, эр болоор
Ìý Ìý Эми телегейи тең болоор
2710 Ìý Аман бала чоңойсо
Ìý Ìý Эми шай колдогон шер болоор
Ìý Ìý Ааламда мындай жок болоор
Ìý Ìý Айбаттанып киргенде
Ìý Ìý Акпай гана дайра аа токтолоор
2715 Ìý Деп ошондо жанагы
Ìý Ìý Эми баарысын айтып турушту