̹½ÊÓƵ

БААУ/ ИЗИЛДӨӨ/ Университеттик изилдөөлөр/ МУГАЛИМДЕРДИН ИЗИЛДӨӨ ТОПТОРУ/ Кыргыз баяндарын талдоо (АКЫН)

Кыргыз баяндарын талдоо (АКЫН)

Ìý

«Кыргыз баяндарын талдоо» (АКЫН) изилдөө долбоору эки белгилүү заманбап манасчынын («Манас» эпосун салттуу ыр түрүндө аткаруучулардын) алты айтуусун онлайн форматта сунуштайт.

Талантаалы Бакчиев (1971-ж. т.) жана Дөөлөт Сыдыков (1983-ж. т.) өздөрүнүн айтууларын жаздырууга, жалпыга жеткиликтүү кылууга жана илимий изилдөөлөрдө пайдаланууга макулдугун беришкен. Билим берүү жана илимий максаттар үчүн алардын ар бири бир эле эпизодду - легендарлуу баатыр Манастын төрөлүшүн - үч жолудан айтып беришкен.

АКЫН изилдөө долбоору «Манас» эпосунун заманбап варианттарын жыйноо жана электрондук түрдө сактоо максатында иштелип чыккан. Бул сайтта ар бир айтуунун транскрипциялары жайгаштырылган. Ал эми аудио-визуалдык жазууларга шилтемелер Вера жана Дональд Блинкен атындагы Ачык Коом архивинин колдоосу менен берилип, тексттердин үстүндө жайгаштырылган.

Бул корпус бир катар илимий изилдөөлөрдүн негизин түзгөн. Алардын жыйынтыгында даярдалган эмгектер менен жана алардын таасири тууралуу маалымат менен «Басылмалар» бөлүмүнөн тааныша аласыз. Бул материалдарды онлайн жеткиликтүү кылуу аркылуу АКЫН долбоорунун изилдөөчүлөрү мындан аркы изилдөөлөргө жана «Манас» эпосуна болгон кызыгуунун өсүшүнө салым кошот деп ишенишет.

Ìý

Бул долбоор Эндрю У. Меллон фондунун грантынын негизинде ишке ашырылган программасынын каржылык колдоосу менен жүзөгө ашырылган

ÌýÌýÌýÌýÌýÌýÌýÌýÌý

Материалдарды изилдөө БААУнун ички илимий гранттык программасынын колдоосу менен жүргүзүлгөн. Ошондой эле изилдөөчүлөргө Elsevier компаниясынын колдоосу астындагы Скалигер институтунун Digital Scholarship Fellowship программасы көмөк көрсөткөн.